КУРМАНЖАН ДАТКА

article_3451“Күчтүү эркектин артында андан да күчтүү аял турат” деп айткан экен бир акылман. Үй-бүлөсүн эле эмес, бүтүндөй мамлекетти башкарганга күчү да, акылы да жеткен мындай айымдар кыргызда да жок эмес. “Ааламды башкарган айымдар” аттуу рубриканы өзүбүздүн элибизден чыккан чыгаан асылзат менен баштоону чечтик. Ал – Алай ханышасы атка конгон Курманжан датка энебиз.

БАШ АТТАП, БАКТЫСЫН ТААП…
Эчен жылдан бери элинин эсинен чыкпай келе жаткан бул асылзаада аял, чындыгында, ким болгон? Көрсө, карапайым орокчунун кызы болгон экен. Курманжан Ош шаарынын жанындагы Ороке деген айылда муңгуш уруусунун жапалак уругунан чыккан. Жаштайынан тың, акыл-эси, ой-туюму башкалардан өзгөчө эле. Курманжанды карапайым үй-бүлөдөн чыкканына карабай колунда бар Төрөгул бий өзү куда түшүп, Кунсейит деген уулуна алып берет. Эр деп эле этегин кармаган менен өмүрү текке өтөрүн сезген кыз салтка да карабайт. Акыл-парасаты пас, эр көкүрөк деми жок Кунсейиттин «мал» болбосун сезген Курманжан тез эле күйөөсүн чанып, атасынын төрүнө кетип калат. Ал убакта күйөөсүнүн башын аттаган аял жокко эсе болгондуктан, энебиздин бул кылыгы эл оозуна алынып жамандык эмес, эрдик катары бааланган экен. Минтип заманынын катаал мыйзамына ким туруштук бере алган? Курманжандын аңызы ошол кездин таасирдүү адамы Алымбек датканын кулагына угулат. Алымбек зирек акылы, сыпайы мүнөзү менен жаккан Курманжанга жуучу жиберет. Анда Курманжан: «Датка, менин башым байлануу. Никеден шарият боюнча ажыратмайынча сиз эмес, Кокон ханы да мага үйлөнө албайт»,- деп жооп берет. Ошондо Алымбек Курманжандын башын ачуу үчүн никедеги күйөөсү Кунсейитти чакыртып ажыраштырат да, өзүнө нике окутат. Эл тагдыры үчүн жаралган асыл адамдардын тагдыры ушинтип бириккен экен.

АЛГАЧКЫ САЯСАТЧЫ АЯЛ
Адатта ал кезде аял очокту, тиричиликти гана билген. Бирок Курманжан тез эле элге алынып, Алымбек датканын ишенимдүү кеңешчисине айланат. Ордо жана коомдук иштерге аралашып, өз жөндөмүн көрсөткөн Курманжан ошол кездин бийлик саясатын өзгөчө түшүнгөн. Нүзүп өлгөндөн кийин аталыктын ордун кыргыз элинен Алымбек датка талашып чыгат. Даткасынын элди имерип кете аларын сезген Курманжан өзү демилгечи болуп жөнөтөт. Алтургай саткындардан мизи кайтып, тактан баш тартып келе жаткан Алымбектин тизгинин буруп, “элди ээрчиткен эрен баш калкалап кете турган болсо, беш тайпа журттун абалы эмне болот? Жүрөксүй тургандай артыңда эч кимиң болбосо бир жөн. Артыңда беш уулуң, эртеңки беш Алымбек турбайбы” деп кайра жөнөтөт. Мына, аялдын акылынын тунуктугу, кашкөйлүгү. Бул коогалаңдуу так талашта Алымбек датка каза табат. Ал учурда Алымбек датканын ордодогу ордун баса турган Кокон хандыгына таасирлүү адам жок эле. Аял экенине карабай Курманжанга датка атагы берилет. Кыргызстанда эле эмес, бүтүндөй Азиянын тарыхында биринчи жолу аялга саясый титул берилип жатышы эле. Ушундан баштап Курманжан датка кыргыздардын ичинен Кокон хандыгында таасирлүү саясий фигуралардын бирине айланат. Кокон хандыгы кулагандан кийин жер жайнаган орустар бир толкуса кыргыздан тукум калбасын сезген Курманжан генерал Скобелевдин чакыруусуна көнүп шарт наамага, азыркыча айтканда, келишимге мөөр басат. Дал ошондой опурталдуу, айласыз калган учурларда дагы караңгыда көз таап, капилетте сөз таап, кыргызды тарыхтын тар жол, тайгак кечүүлөрүнөн аман-эсен алып чыгып жүрүп отурду.

СӨЗГӨ БЕРГЕН БААСЫ
Кыргыздын башын кошуу үчүн түндүк уруулары ал кездин мыкты чыкмасы, атактуу Шабданды жесир Курманжан датканын колун суроого жиберишет. Даанышман датка айымдан сүрдөп кеткен Шабдан “саламатсызбы, апай” (апай айрым аймактарда эже маанисин берсе, айрым жерлерде апа дегенди билдирет) деп жибергенин билбей калат. Сыпайы жылмайган Курманжан меймандарды коноктоп, алардын мүдөөсүн угуп “сөз – улуу нерсе. Кирип келгенде сиз мени апай деп атадыңыз. Эми экөөбүзгө никеге жол жок. Капачылык болбосун” деп жылуу-жумшак сөз менен кайтарып жиберген экен.

14-006ЭНЕЛИК ТАГДЫРЫ
Аял – жар, аял – эне. Курманжан энебиздин дагы бир эл оозунда калган даңкы уулу Камчыбекке тиешелүү. Жалган жалаа менен орус жазалоочулары уулу Камчыбекти дарга асышат. Эл алдында Курманжан датканын коштошор сөзү “жашыба, балам, душманың сөз кылбайбы. Жашыды, майтарылды деп таба кылбайбы. Сал, сыйыртмакты моюнга!” деген кайрат сөзү болуптур. Байкасаңыз, сөздүн өзүндө канчалык энелик күйүт, сыймык жатат. Уулун дарга асканда аркан үзүлүп кетип, эч качан башы ийилбеген Курманжан: «Жараткан Алла өзү актап жатат! Баламдын күнөөсү жок! Жаза бир, өлүм бир. Баламды бошоткула!» деп чыгат. Бирок талабы орундалбайт. Чыр чыгарчу болсо куралчан орустар аз сандагы кыргызды жайпап кетерин сезген Курманжан элин айланта карап алып айласыз токтогон экен. Бул энебиздин эли үчүн болгон дагы бир курмандыгы эле. Энелик курмандыгы болчу.

КУРМАНЖАН ДАТКАНЫН АКЫНДЫГЫ
Баарынан кызыгы, Курманжан датка акылман, эл башкарган саясатчы гана эмес, акын да болгон экен. Эл оозуна тарап кеткен анын ырларын калк Зыйнат деген айымга тиешелүү деп билишкен. Эмнеге өз атын жашырып, ырларын башка ысым менен таратканы ушуга чейин белгисиз. Балким, «акындык эл башкарган амирге жарашпайт» деген пикирдин жаралышынан кооптонгонбу, ким билсин? Арабча жазууну жакшы өздөштүргөн Курманжан өз эмгектерин араб тилинде жазып калтырганы 1980-жылы айкын болгон. Бул кол жазмалар Кокон шаарында табылып, элге дагы бир жолу Курманжан датканын акындык өнөрү белгилүү болгон. Ошондой эле Молдо Тойчу, Амирбек аттуу акындар менен айтыш өнөрүндө күч сынашкан деген кеп бар.

БЕЛЕККЕ КАМЧЫ…
Бет алган максатынын багыты катуу болорун билген Алымбек датка жубайына камчы тартуулаган экен. Ордого бет алар күнү жанына Курманжанды чакырып камчы сунат. Камчыны колуна кармаган Курманжан “камчы кармаган адам ийинине оор жүктү көтөрөт. Эгерде ошол жүктү көтөрүп кете аларыма ишенсеңиз, мен баш тартпайм, даткам. Болгону, бир өтүнүчүм бар” дейт. “Өтүнүчүңүздү айтыңыз” десе, “ордо оюну кооптуу. Хан ордодо жүрүп үйүңүздү унутпас бекенсиз, даткам? Кандай болсо да, ушул камчы экөөбүздүн ортобузда кабар ташыган белгибиз болсун. Эгерде балдарыңызды кырсык чалып же чамгарагыңызга кара булут жыйналса, мен ушул камчыны чабармандан берип жиберем. Бул камчыны аларыңыз менен ат тизгинин бурбай, улуу тоолорду көздөй багыт алыңыз» деп Алымбек датканын сөзүн алат. Алымбек датка жубайынын айлакерлигине баа берет. Кийин ушул камчы менен белги берип, күйөөсүн көп кырсыктан аман алып калган экен. Ошентип, күмүш саптуу камчы экөөнүн ортосундагы шарттуу белги болуптур.

АКЫРКЫ САПАР
Өмүрүнүн 96-жылында Курманжан датка бул дүйнө менен кош айтышат. Залкар аял! Өз бактысын өзү тапкан, эр көкүрөк жигит эптеп кете албаган коогалаң заманда элин сактап калган, орустардын тилин таап, генерал айым аталган, кокондуктар коркуп турган бул аял cөздүн аныгында бийик инсан болчу. Өлөр алдында эң жакшы көргөн небереси Кадырды өзүнө чакырып, жүзүнө жакшы тиктеп туруп «Камчыбегиме окшош» деген экен. Бул анын акыркы сөзү эле. 1907- жылы Мады кыштагында Курманжан датка көз жумган. Сөөгү Оштогу Сулайман тоосунун этегиндеги Сары-Мазар көрүстөнүнө коюлган.

ТУКУМДАРЫ
Курманжан датка Алымбек датка менен 29 жыл жашап, беш эркек балалуу, 2 кыздуу болгон экен. Кыздары тууралуу эч кандай так маалымат жок. Улуу уулу Абдылдабек орустардын бийлигин кабыл албай, “атадан калган ызаатым тебеленгенче тентип кетем” деп Ооганстанда жүрүп каза болот. Анын сөөгүн өлгөн жеринде калтырып, жүрөгүн тилип келип өз жерине коюшат. Камчыбеги орустардын колунан каза тапканын жогоруда сөз кылып кетик. Маамытбек, Асанбек, Баатырбек ак падышанын бийлигин таанышкан. Камчыбектен калган эки небереси Кадырбек, Жамшидбек Совет бийлигин чыңдоо үчүн күрөшүп бир топ эрдик көрсөтүшкөн. Чөбөрөлөрүнүн бири Кыргызстандагы белгилүү илимпоз академик Муса Адышев болгон.

КЫСКАЧА…

  • Курманжан датканын өмүрү тууралуу 2002-жылы кыргызча, англисче, орусча китептер, ал эми кытайча китеп 2004-жылдары жарык көргөн.
  • 2004-жылы Бишкектеги Эркиндик гүлбагына эстелиги орнотулган.
  • Курманжан датканын урматына орус мамлекети генерал деген наам менен бирге алтын кол саат, бриллиант менен кооздолгон асем буюм тартуулаган. Бул буюмдар ошол кезде 450 рубль турган.
  • Курманжан датка 92 жашында атка чапчаң минип, кээде чаптыра да алган.

Нуржамал Жийдебаева, koom@super.kg, «Супер-инфо»,
№378 29-январь — 4-февраль, 2010-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий