Муратбек БЕГАЛИЕВ: «Мурат Акимович…» деп алдыма конверт коюп кетти»

Кыргыз улуттук консерваториясынын ректору, КР эл артисти, профессор
Муратбек БЕГАЛИЕВ менен азыркы «жылдыз» болуп сахнаны ээлеп алган ырчылар, атак-даңк, наам, чыгармачылыгы боюнча баарлаштык.

Консерваториядагы иште-риңиз менен алаксып, чыгармачылыктан алыстаган жоксузбу?
Учурда чыгармачылыгымдын эң кызык мезгили башталды десем болот. Баланын чоңоюп, тили чыгып келатканы жакшы көрүнүп, жүрөккө жакын болот эмеспи. Мен күндүз кечке ректорлук кызматымды аткарсам, кечинде мени музыка студиямды көздөй сүйрөйт. Ал жактан С.Бекмуратова, Б.Миңжылкыев, К.Турапов, К.Сартбаева, Т.Сейталиев, Л.Бечелова сыяктуу улуу ырчылардын ырларын бир сыйра угам. Ырлардын кайсы жеринде кемчиликтер болсо, аны компьютер менен тазалап, кийинки урпактарга калсын деп аракет кылам. Андан кийин музыка жазып, эргигенден космоско чейин сызып барып, кайра түшөм. Кудай берген талантты жасалма түрдө токтото турсаң, башка жагынан да чыгып кетет экен. Мен илгертен эле адабиятка абдан ынтызар элем. Ошондо акындардын чыгармаларын окуп отуруп, ырга, музыкага ылайыктап оңдоп койчумун. Анткени акын ыр жазып атканда аны атайын обондуу ырга ылайыктабайт. Эмнегедир акыркы үч жылдын ичинде түн ичинде бирөө ойготкондой көзүм чайыттай ачылып, гүл, сүйүү, же болбосо эл-жер жөнүндө патриоттук ырларды жаза баштайм.

— Композитордун ыр жазып калышынын себеби эмнеде?
Мунун башталышы «Үркүндүн 90 жылдыгында» болду окшойт. Ошондо үркүндө кырылган кыргыздардын шагыраган сөөктөрүн көрсөтүп, арбактары ушул жерде жүргөндүр деп телевизордон көрсөткөндө мага катуу таасир бергенби, ошондон кийин түнкүсүн тынч уктай албай, эмне үчүн кыргыздарды биздин жазуучулар байкуш кылып көрсөтөт деген ойго келдим. Мисалы, «Ажарды» окусак, байкуш кыз темселеп жүрүп карышкырга жем болду. Аны окуп кыргыз мүңкүрөйт. Үркүн жөнүндө музыка жазайын десең да муңдуу үн чыккансыйт. Мурунку жазуучулардын жазгандарын эстесем, жалаң гана кошок келет. Ушуларды ойлоп отуруп, ошол кезде кыргыздын эр жүрөк баатыр жигиттери болгондур, эмне үчүн аларды жазышпайт? Мындан 90 жыл мурун тебелендиде калган кыргыз эмдигиче тебелене беребизби деп ойлодум. Чыгармачыл адамдардын фантазиясы күчтүү эмеспи, менин жандүйнөмдө бунт болду окшойт. Музыкада көрсөтө албаганым поэзияда, поэзияда көрсөтө албаганым музыкада чыга баштады. Ошентип, ыр жаза баштадым. Алыска жол жүргөндө, бош убактым болсо эле ыр жазам. Атүгүл кээде ичкен тамагымды да билбей калам. Ошентип жүрүп китеп чыгардым. Үркүн жөнүндөгү ырым чоң поэзияга айланды. Анда орустардын залимдигин, кыргыздарды кырганын, кыргыздын баатырларын, түптүү элдин патриоттуулугун айттым. Бул чыгармада элдин кыйын жашоосу, эки жаштын сүйүүсү, эр жүрөк баатырлары, келечектеги жашоосу да бар. Ушундан кийин ырлар биринин артынан бири оргуштап чыга баштады.

Ал эми музыка жааты кандай болуп атат?
Менин чыгармачылыгымдын 30 пайызын поэзия ээлеп алганы менен музыкадан алыстаган жокмун. Бирок азыр симфонияны эч ким укпайт. Музыка заказ бергендер аз. Мисалы, профессионал ырчыларда романстар жок калды. Жакында Ысманов деген ырчыны Италияга жибердик. Ал кетип атканда Ысык-Көл, Ала-Тоо жөнүндө жаңы романстарды жазып бердим. Италиядан эң биринчи ушул ырдан баштайын деп ал кубанып калды. Акыркы кезде кинолорго, спектаклдерге музыка жазам.
Чыңгыз Айтматов тирүү кезде абдан тыгыз байланышта элек. Бир айда жок дегенде бир жолу жолугушуп, чер жаза сүйлөшчүбүз. Ага жолукканда Чыкемдин энергиясы менен отурам деп тамашаласам, а киши «чыгармачылык менен жүрө берсең эч качан кор болбойсуң» дечү. Бир жолу ыр жазып атканымды айтсам, каткырып күлдү. «Мен өзүмдү акын деп эсептебейм, композитор бойдонмун» десем, ал «жок, сен антип айтпа. Кудай берип атабы, жаза бер. Сен өзүңдү акын эмесмин деп эсептей бер, кийин урпактар жазган ырларыңды окуп, жакшы болсо азамат деп акын кылып салат, жаман болсо кечирип кой, тытып, таштандыга ыргытат» деди. Чындыгында ага жолукканда чыгармачылык отчет бергендей болчумун.

Эл алдында жүргөн адамдар ар кандай ырым-жырымдарды жасап, же бир нерсени тумар тутуп жүрүшөт. Сиздин тумарыңыз барбы?
Улуу ырчы Паваротти колунан ак бет аарчысын такыр түшүргөн эмес. А мен колумдагы күмүш шакегимди түшүрбөйм. Анткени колумдагы күмүш шакегим ар кандай жагымсыз кырдаалдардан сактайт, ал менин тумарым. Эгерде ушул шакекти унутуп калсам, өзүмдү ыңгайсыз сезген учурлар болот. Бул шакекти Парижде жашап жүргөндө мага Африканын эң чоң уруусунун атаманы белек кылган. Аны белек кылган адам шаман сыяктуу, башкача бир касиети бар киши эле. Ал экөөбүз беш-алты жолу жолуккандан кийин мени чайга чакырып, ушул шакекти белек кылган. Шакекти берип атып дуба сыяктуу бир нерсени окуду. Паваротти сахнага чыкканда сол колундагы ак бетаарчысына терин аарчып, жаман нерселердин баары кетсин, жакшы нерселер келсин деген кыязда силкип коер эле.

Көп учурда мага жаңы төрөлгөн ымыркайларды алып келип, «чачын кыркып бериңиз» деп ырымдатышат. Ымыркайдын чачын кыркып бергенден кийин «баланы кантип тарбиялап атасыңар?» десем, кээси ыйлаак десе, кээси ыйлабайт, жоош дешет. Кичинекей балага жай ыргактагы музыканы коюп, бешик ырын ырдап бергиле дейм. Бала чоңойгондо эмне үчүн менин музыкалык табитим жок деп айтат, анткени кичине кезинде ата-энеси ага бешик ырын ырдап берген эмес. Бала чоңойгончо аяр мамиле жасаш керек.

Эл аралык музыкалык сынактарда калыстар тобуна мүчө болуп, кээде төрагалык милдетти да аткарганыңызды көрүп жүрөбүз. Сизге пара берип, байге алгысы келгендер болду беле?
Бир жолу калыстар тобунда отурсам белгилүү эле бир адам акырын келип, «Мурат Акимович…» демиш болуп алдыма конверт коюп кетти. Катышкандардын дараметине баа берип, өзүмчө ойлонуп отургам. Андайга көнбөгөн жаным тигил кишини карап, «бул эмне?» десем, «Мурат Акимович, жанагы…» деп барып эле токтоп калды. Мен «алгының…» десем, ал «жо-жок…» деп артын карабай качып баратат, жиним келип «стоп!» деп кыйкырсам, элдин баары бизди карап калышты. Тиги кишиге «бас бери, алгының момуну!» десем, «келесоо го…» деп коет. Ал жалтактап албай койгондо, конвертти алып анын койнуна салдым да, «коррупционер! Мени ким деп ойлоп атасың? Кайсы бетим менен тээтигиниңе берем! Чык эшикке!» десем бозала болуп чыгып кетти. Азыр ал киши мени алыстан көрсө эле качат. Экинчи жолу да ушул сыяктуу окуя кайталанган. Ал адамдын акчасын чачып туруп, тээп жибергем. Ошондон кийин конверт менен мага жолобой калышты. Мага ар кандай адамдар келет. Кээси миллионер болсо, кээси чөнтөгүндө акчасы жок, кээси акылман болсо, кээси акмак. Карайлап жардам сурап келген адамдар болот. Алардын көздөрүнөн эле канчалык деңгээлде кыйналып турганын көрөм. Колумдан келишинче жардам берем.

Акыркы кезде сахнаны ээлеген «жылдыздар» тууралуу эмне айталасыз?
Комуз, мандолин чертип, гитара ойноп өстүм. Бирок, жек көргөнүм аккордеон эле. Анткени, аккордеон ошол кезде зарыл болчу. Малчыларга концерт койгондо аккордеон чертип бериш керек эле. 1960-жылдары чыккан аккордеончулар деп мактап атышпайбы. Ошол аккордеончулар кыргыз музыкасын бузду деп айтаар элем. Себеби, мен музыканын ийне-жибине чейин окугам. Эгерде биздин аккордеончулар классикалык чыгарманы оркестрдин коштоосу менен, профессионалдуу чет элдик музыканттардай ойносо көрүүчүлөр «дүң» дей түшөт эле. А биздикилер аккордеон менен индиянын, өзбектин, тажиктин, арабдын, орустун кайрыктарын ырдашат.

Ал эми кыргыздын нукура обону Жумамүдүн Шералиевден кийин токтоду. Андан кийин Р.Абдыкадыров, Т.Казаков аны анча-мынча улап барып токтоду, андан кийин таптакыр эле бурулуп кетти. Кыргыздын музыкасы, нукуралыгы өзгөрдү. Азыр ар бир экинчи кыргыз обон жаза баштады. Бул жакшы, бирок, аны профессионалдуу жол менен жазыш керек.

Компьютер чыккандан бери интернет аркылуу музыканы уурдап алышып, ырдап атышат. Мисалы, Майкл Жексондун ырын анча-мынча өзгөртүп, аны сатышат. Ушундай ырларды ырдап чыккан «жылдызчалардын» акыры лампочка болуп калганы ошондон. Андан тышкары элдин да табити бузулду. Жалпы элдин келечегин, маданиятыбыздын түпкүлүгүн бекемдейли десек, жаштарды туура жолго коюш керек. Экономист, сот, адвокат, бажыканачы, МАИ кызматкери болуп иштеген балдар ырчы болуп кетишти. Мен жаштарга сөзсүз музыкалык билим алыш керек деп айтып келем. Быйыл «жылдыз» болуп жүргөн билимсиз ырчылардын көбү «байке, билим албасак болбой калды, бирок, гастролдоп жүрөм, сырттан окусам болобу?» деп келип, бизден билим алып атышат.

Жакында белгилүү бир жаш ырчы келиптир. Жылдыз болуп, көзүн май басып, Мурат Бегалиев агайга келгем, мен аны күтмөк белем дегендей турган экен. Аны киргизип, жай сүйлөштүм. Ага бүгүн барсың, эртең жоксуң, андан көрө профессионалдык деңгээлде музыкалык билим ал деп, акыл-насаатымды айттым. Мен койкойгон клипти жаратсам эле болду деп ойлогом дейт.

Ар бир ырда кыргыздын жыты, руху, сөзү болуш керек. Нота билбей туруп, мен обончумун деп келишет. Азыркы жаш балдардын ырлары адамга эмоция берет, бирок, андан кичинекей да жалын же учкун көрүнбөйт. Биздин ырчылар чет мамлекетке ырдап келди деп аны көкөлөтүп жатып калабыз. Кандай гана фестиваль болбосун, катышуучуларга сөзсүз түрдө сертификат берилет. Ошол сертификатты көрсөтүп, байгеге ээ болдум деп мактанышат. Ал сертификатта эмне деп жазылып турганына кызыккан адамдар жок.

Назгүл КАЛМАМБЕТОВА, nazik@vb.kg, Агым («Кыргыз гезиттер айылы»), 29.01.2010-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий