Салижан агайды эстегенде

salijan_agaiКыргыз сыймыктанаар инсандардын бири болгон Салижан Жигитов агайдын арабыздан кеткенине мына быйыл төрт жыл болот. Анын айтып жана жазып калтырган мурастары арабызда айтылып келет, дагы далай жылдарга аңыз болуп айтыла, жазыла берээринде шек жок.

Төмөндө ошондой, жүрөктө жүргөн эскерүү саптарынан окурмандарга да айтып берсекпи деген ой келди.

«Кыргыздар фолклор эле дешет»
Салижан агай ал кездеги биз иштеген «Бишкек таймс» гезитине көп келип, адаттагыдай эле мазмундуу, грамматикалык жактан катасыз жазылган материалдарды көп алып келээр эле. Алар гезитке байма- бай жарыяланып турчу. Кандай гана материал болбосун, убакыт таап, алдын ала окуп, каталарын текшерип берип турчу. Бир ирет агайдын макаласынын аталышындагы «фольклор» деген сөздүн ичкертүү белгиси түшүп калып, «фолклор» деп жарыяланып кетиптир. Тексттин ичинде болсо да анчалык байкалбай калат беле, аталышындагы сөз болгондуктан, бир караганда эле бадырайып, көзгө дароо урунат экен. Агай келгенде биз аныбыздан уялып, байкоосуздан ушундай басылып калгандыгын айттык. Анда агай (баары бир басылып кетти да дегениби) адаттагыдай эле каткырып:- Ой, эч нерсе болбойт. Мында ката деле жок. Чындыгында кыргызда ичкертүү белги деген болбойт, «фолклор» дегениңер баарынан туура болду, — деп, ал жоругубузга жооп таап, бизди актап койгонуна да жыргап күлүп калдык.

«Кыздардын пальтосун кийип алып…»
Салижан агай башка ойлор менен алек болуп жүрөбү, айтор анча- мынча нерселерди байкабай калаар адатын байкадык. Бир күнү редакциядан кетип баратып, пальтосун киер маалда сөзгө алаксып, бир нерсени айтып берип, пальтосун кийип жөнөгөнү жаткан. Агай кийген пальтону башкы редакторубуз Нуралы Капаров кечке карап калды. Ал пальто белине кыналышып, бир кызыктай, күлкү келерликтей болуп турган.
— Агай, пальто өзүңүздүкү элеби?
— Өзүмкү,- дейт агай.
Анан баарыбыз Салижан агай кийип алган пальтосун карап калдык. Агай жаңылып, өзүнүн пальтосуна өңү окшош менин жашыл түстөгү пальтомду кийип алыптыр, бели тимеле кыналып калганын көрүп, каткырып калдык.

«Лариса, я тебя люблю»
Баялы Исакеевдин кызы Лариса Исакеева эжеден алган интервью гезитке жарыялангандан кийин Салижан агай: — Ларисага кайра байланышып, менден бир сөз айтып койчу,- деди да кулагыма шыбырады:- Салижан сизге «Я тебя люблю деди» деп айтып бар. Агай аны тамаша иретинде айткан болушу керек деп, эжеге айткан эмесмин. Кийинки жолу келгенде агай : — Ларисага айтсаң эмне деди?- деп сурады. — Айта элекмин,- десем. — Ой айт, ал сырды эмне айтпай атасың,- деп күлүп кетип калды. Эжеге телефон чалып, ушунтип айтты десем, каткырып күлүп калды.

Агай дагы келгенде Лариса эженин каткырып күлгөнүн айттым. -Агай, ошол сөз чын болгонбу?- десем, ал: — Кишинин көңүлүн көтөрүп коюш керек да. Каткырып күлдү дечи, көңүлү ачылып, — деп, өзү да каткырып алды.

«Кыргызга төө куш багуу ылайыктуу экен»
Панфилов районунда төө куш багып жүргөн Үркүнбай Жуматаев аксакал тууралуу материал жазганымдан кийин :-Бу кыргызга төө куш багыш керек экен деп ойлоп калдым. Төө кушуң масты көрсө качырып кууса, ууруну жолотпосо, мындан артык кыргызга жакчу жаныбар жок экен да. Төө кушуңдун баасы канча болот экен, бир төө куш сатып алайын, баасын сурай келчи. Же бир барганыңда айтып койчу, чогуу барып, өзүм көрүп, баасын бычып келейин,- деп калды. Агай төө куш чарбасына чын эле барат беле же барбайт беле, билбейм, бирок Үркүнбай аксакалга Салижан агай келем деди десем, эгер ал киши келе турган болсо, төө куш союп берем деп айтты десем, Салижан агай анда да бир каткырып калды, «мен ал төө кушту сойдурбай эле, үйгө алып келип багайын анда» деп.

«Дарыны кочуштап эле берип сал»
Агай ооруп калган мезгилде да редакцияга арбын келип турду. Кутудагы конфеттерин алып келип, «Мен берип атканда байдын ашын байкуш аябай болбой, жеп алгыла. Менден башка силерге ким конфет ташып берип турат дейсиңер» — деп чай койдуруп, биз менен чогуу божурашып олтуруп чай иччү. Өзү дайыма дары ичип калган. Бир дарыны чымчып салып ичип, «Кимия эжеңерди айтып калам, дарынын эмнесин аяйсың, кочуштап эле берип сал, же ары кетейин же бери келейин деп атам» деп сыркоо кезинен да тамаша таап турган Салижан агайды, анын «шуулдаган теректерин» көрүп биздин да ыйлагыбыз келе берет.

«Ишенбайдын костюм- шымын кийгем»
Гезитке достор тууралуу жаңы рубрика ачалы деп Салижан агайга- досу Ишенбай Абдуразаков агай менен достугу тууралуу жазып берүүсүн өтүнүп калдык. Анда да Салижан агай каткырып туруп, «Ишенбай агайыңар тууралуу жаз десеңер жазчу нерсем көп эле. «Ишенбайдын Япониядан келген, анан мамлекеттик катчы болуп турганда толуп кеткендеги сонун-сонун костюмдарын кийип, анын ордуна ага жаңы андан сонун костюм- шымдарды кийгизбедимби….» деп каткырып айтып калды. О-уй достор тууралуу жазчу болсоңор аныңардын аягы суюлбайт.

Төлөгөн Касымбеков агайыңардын «Сынган кылыч» үчүн гонорар алганда «рэкет» болуп КГБдан бери козгогонумду айтып берсем ал өзүнчө аңгеме…» деп күлүп калды.

«Жаңы гезиттерди ар дайым колдойм»
«Бишкек таймска» көп келип, көп жазып жүрүп эле, Салижан агай анда жаңы чыга баштаган «Алас» гезитине жаза баштады. Анан «Аласка» барсам да силерге бир келбесем башым ооруйт» деп айтаар эле. «Мен жаңы чыккан гезиттерди колдоп, материал жазып берип турам. Алар бутуна туруп алгандан кийин, кийинки чыккандарына жаза баштайм. Азыр мен «Аласка» керек боло баштадым, бирок «Бишкек таймска» материалдарымды басып, мени «элге тааныткан» Нуралыны ( Нуралы Капаров) кантип унутайын деп каткырып калчу.

Салижан агайдын редакцияга келген ар бир сааты ошентип майрам эле. Ал келе калганда биз чайыбызды кое салабыз да, аңгемесин күтүп калаар экен.

Айгүл Бакеева, «Назар» («Кыргыз гезиттер айылы»), 29.01.2010-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий