Кыргыздын улуттук баш кийимдери

kalpak20065256ab

Кыргыздар колуна калем алып жазган эмес дешип, кат-сабаты ачылбаган катары далилдеп келишүүдө. Ушул сөздү укканда, ата-бабаларыбыз үчүн кадимкидей уялып кетчүбүз. Көрсө, бул туура келбеген, чындыкка коошпогон көз караш экен. Алар жазышыптыр, болгондо да өздөрүнүн жашоо-турмушуна ылайык көчмөн цивилизациясынын духун чагылдырып турган касиеттеги жазууну пайдаланышыптыр. Албетте, ал жазуулар кагазга түшкөн эмес, бирок, ал жазуулар кыргыздын туш кийиздерине, шырдактарына, боз үйдөгү оюуларда, кийген кийимдердеги оюм-чийимдерде берилип, ошол оюуларды окуу аркылуу кыргыздар бирин бири түшүнүп, сырттан пикир алышып келишкендигин көрөбүз.

Тактап айтканда, кыргыздар өзүнө керектүү жазууну өзү менен кошо дайыма көтөрүп жүрүшкөн. Ал «жазуулар» азыркы биздин жазуулардай жөн салды сөздөр гана болбостон, өтө терең мааниге ээ, өзгөчө көтөрүп жүргөн адамдын коомдогу ордун аныктап берүүчү анын паспорту да болуп саналгандыгын, ал «сөздөрдү» талдай келгенде билебиз. Кыргыздын улуттук жүзүн, маданий турмушунун, көркөм өнөрүнүн ажарын ачып турган кыргыз оюуларын кыргыздын кыз-келиндери жөн эле колу-жо-лу боштугунан эмес, анда чагылып турган маани башка-ларга дал ошол маанисинде жетип туруу үчүн талбай катуу киришкенин байкайбыз…

kalpak

Калпак

Кыргыз калпагы, бир караганда, жөн гана жа-шоо-тиричиликке ыңгайлуу, ысыкта күндөн сактаган, суукта ызгаардан коргогон, жылуу десе жылуу, жеңил жана жайлуу баш кийим катары көрүнөт.

Чынында ушундаи, анда оерилип жаткан ар бир түс жана ар бир оюу өзүнө таандык маанини туюндуруп турат. Эми ошол маанини аныктап, аны кайра элге бергенге аракет кылып көрөлү. Калпак бири-бирине дал келген төрт талаадан куралат, ал төрт талаа байыркы заманда анык-талган адам жашоосунун төрт башталмасы — от, суу, аба, жер болуп саналат. Демек, ал жердеги адам жашоосунун негизи, бир Теңирден келген улуу табылга катары, анын негизги философиялык төрт башталмасын башына көтөрүп жүрүү зарылдыгын айкындап турган баш кийим экендигин, адам акыл-эсинин башаты кайда болорун туюндурган чоң акылман нерсе экендигин көрөбүз.

Ырас, калпактын мазмунуна сиңирилген бул маанини мындай учкай ой менен чектеп коюуга болбойт жана ал өзүнчө терең чечмелөөнү талап кылган көрүнүш., эми калпактын түсү туюндуруп турган мааниге өтөлү. Кыргыздар уул баласы балагатка жеткенге чейин, ага кыюусу жашыл калпак кийгизишкендигин билебиз, мында болсо бала жаңыдан жаздын илебине багынган табияттын символун алып турат, б.а., мындай калпакты кийип турган кыргыз баласы жаңыдан жетилип келе жаткандыгын сырткары кишиге жашыл кыюусу аркылуу туюндуруп бере алган. Мындай калпакты кыргыздар балдарына балагат жашына чейин кийгизишкен да, качан бала балагат жашына келгенде, анын ордун кыюусу кызыл менен бастырылган калпак алмаштырганын көрөбүз.

Бир караганда, анча маанилүү көрүнбөгөнү менен, чынында ал кыргыз арасында көп нерсени туюндуруп тур-ганын, аны талдай келгенде, аныктап алабыз. Чечмелей келсек, кыргыз баласына бел куда же бешик куда болуп койбосо, мына ушул балагат жашына келген мезгилден тартып өзүнө жар издөө мүмкүнчүлүгү берилген. Өз айылында кыюусу кызыл калпак кийип жүрүү анча маанилүү болбосо, башка айылга барганда, ал айылдын адамдарына, өзгөчө кыз качырып, жеңкетай жегиси келип турган жеңелерге ал көп нерсени түшүнүүгө мүмкүнчүлүк түзүп, максаты бир жаштардын өз ара пикир алышуусуна кеңири шарт жараткан. Элестетип көрүңүз, айылына кызыл кыюуланган калпак кийген эки мырзанын келиши (күйөө жана күйөө жолдош) жүк бурчунда отурган кыздарды эмес, биринчи алардын жеңелерин толкундатып, алардын сынынан өткөндө гана жеңелер эки жаштын өз ара пикир алышуусуна шарт түзүп беришкен. Байкап карасаңыз, мындай калпак кийип башка айылга келген мырзалар бир гана жеңелердин эле эмес, ал айылдагы бардык элдин сынынан өтүп, ошондой эле айыл ичиндеги уша-кайың менен кеңири талкууга алынууга аргасыз болгон. Тактап айтканда, кызыл кыюулуу калпак аркылуу айыл эли толугу менен күйөө баланы тандап алуу укугуна ээ бо-лушкан. Ал эми ал мырза үйлөнгөндөн кийин, кыз тарап «күйөө баштык» даярдап келип, ошол баштыктын ичине сала келишип, ага кыюусу кара болгон калпак кийгизишкен. Калпактын мындай түрү мырзанын үй-жайы бар экендигин, б.а., анын турмушу аккарасы аралаш пендечиликке өткөндүгүн сырттан башкаларга сездирип турган. Алган аялы каза болуп калбаса жана коомдогу абал өзгөрбөсө, мына ушул калпакты ал өмүрүнүн аягына че-йин кийип өткөн. Эгер кокусунан алган аялы каза болуп жесир калса, анын жылдыгы өтүп, кайын журту макулду гун берген соң (эгер балдары жаш болсо), ал ошол калпакты кийип өзүнө экинчи жубай издеген. Ал эми балдары чоңоюп эр жетип калган болсо, алар аталарына өздөрү айтып атасын үйлөнтүүгө тийиш болгон. Мындай жесир калган адамды туюндуруп турган калпактын төрт талаасы гана кара менен бастырылган же кара кийизден жасалган калпак болгон. Азыркы шартта калпактардын мындай мааниси көпчүлүк элдин эсинде сакталып калбагандыктан, аялынын бар же жок экендигине карабастан жөн гана жараштырып кийип жүрүшөт.

Адамда социалдык турмуш дайыма эле бир калыпта боло бербейт эмеспи. Эгер ал адамдын өз айылынын алдында же өз уруусунун ичинде кадыры жогорулап, эл башкарууга кудурети жетип калса, анда туугандары, уруулаштары ал кишиге эч кандай башка түсү болбогон аппак калпак кийгизишкен. Ошол калпагынын актыгына карап аны төрдү көздөй өткөрүп жиберишкен. Анткени, мындай калпак менен көп учурда уруу же урук арасындагы, бир ата менен экинчи атанын ортосундагы олуттуу маселелер чечилип келген. Экинчиден, мындай калпакты акка моюн сунган, калыстыгынан жазбаган адамдарга да кийүүгө мүмкүнчүлүк түзүлгөн.

Ал эми уруу башчылары, бийлик ээлери карапайым калктан айырмаланып турган. Алардын эл алдында даражасын көтөрө билген, азыр биз «Бакай калпак» деп атаган калпакты, балким, формасы башкача болсо да, бийиктиги алыстан көрүнгөн, төбөсү шуңшуюп турган, бастырылбаган калпакты кийишкен. Ар бир манаптын, же бийлик ээсинин канчалык даражасы бар экендигин калпактын кыюусуна сайылган оюу менен, дал ошол оюулардын арасына кыстарыла кеткен асыл таштар, мончоктор айкындап көрсөткөн. Кыр-гыздар даражасын эле эмес, байлыгын да салыштырышкан, ага терең маани берип баалап турушкан. Ырас, ал калпактарда кантип чагылып берилгени тууралуу маалымат жетишсиз, балким, дагы изилдеп кийинчерээк тактап берерибиз. Бирок, кыргыздын байлыгын ат жабдыктары менен өзү кийген аң терилери так-таасын айкындап бере алгандыгын билебиз. Маселен, түлкү ичик, карышкыр ичик, сүлөөсүн ичик, суусар тебетей, кундуз тебетей дегендердин ар биринин кийүүдө мааниси болгондугун көрөбүз.

tebetey

Тебетей

Азыр бул жерде жалаң баш кийимдер тууралуу сөз болуп жаткандан кийин, байлыкты жана бийликти аныктап турган тебетейлерге кыскача токтоло кетели. Кулакчыны менен, койдун терисинен тигилген тебетейди телпек дешкен да, аны карапайым адамдар кышкы суукта кийишкен. Карапайым, өз чарбачылыгы менен чектелген адамдардын сый тебетейи көрпө тебетей болгон. Орто малы, алыш-бериш катышы, айылында анча-мынча кадыры бар, өз оокатына тың адамдар түлкү тебетей кийишкен. Ал эми бир айылдын билерманы, башкалар үчүн тайлык кадыры бар адамдарга суусар тебетей кийүүгө мүмкүнчүлүк бе-рилген. Бир чөлкөмгө бийлик жүргүзгөн, башка урууларга таанымал кадыры да, бийлиги да бар адамдар кундуз кийишкен, бирок, алардын баары төбөсүн кара менен каптатышкан. Кыргыздардын ичинде хандык даражага жеткен адам гана төбөсүн кызыл менен тыштатып кийүүгө мүмкүнчүлүк алган да, андай тебетейди «Кызыл чок» деп аташкандыгын элдин тарыхы ырастайт.

chachorum

Чач өрүм

Кыргыздар эркектердин гана баш кийимине маани бербестен, аялдардыкына да ашыкча көңүл бурушкан. Илгери кыргыздар кыз баланын эки же үч жашынан баштап, төбө чачын «Айдар чач» деп коюшуп, улам жыл өткөн сайын, ага чач кошуп өрүп турушкан. Беш жашында саамай чачтарын өрө башташкан да, ал курагын «секелек» деп аташкан. Жашы чоңоюп, чачы өскөн сайын, тал-талдап өрүшүп, саамай чачы беш өрүмгө жеткенде, «беш көкүл» деп аташып, мына ошондон тартып, аны өзүнүн камылгасын көрүүгө даярдап, «сеп камын» көрүүгө киргизишкен.

takyya

Такыя

Кыз бала узчулук өнөргө колуна ийне алар менен аралашып кетпеген, алгач ага жүз аарчы сайдырышкан, мына ошол жүз аарчы сайылып бүткөн соң, анын жашоого даярдыгы башталгандыгын туюшуп, ага такыя кийгизишкен. Такыя аппак кийизден жасалып, таптаза болгон, качан кыз баланын өнөрү жетилип, өз себин өзү даярдай баштаганда, анын даярдыгына жараша такыяга оюмдар түшүрүлгөн. Бул, бир караганда, кыздын уздук чеберчилиги жетилип келе жаткандыгын көрсөтсө, экинчиден, анын өз камылгасы канчалык бүтүп жаткандыгын элге туюндуруп турган. Мындан биз кыздын себинин даярдыгын эле эмес, кыргыз оюмдары жөн гана кооздук үчүн болбостон, ал белгилүү бир маанини туюндуруп турган жазуу экендигин да көрөбүз. Ал, биринчи кезекте, кыз баланын жаш өзгөчөлүгүн аныктап турган оюулар аркылуу маал-маалы менен жаңыланып туюндурулса, экинчиден, такыяга түшүрүлгөн оюу-нун тактыгы, канондуулугу, чыгармачылыкка карата өзгөрүп турбастан, дайыма негизги өзөгүн сактап турган туруктуулугу, анын идеограмма экендигин айкындап көрсөтөт. Ошондуктан, кыргыздар дайыма такыяга, ал тургай, бардык нерсеге түшүрүлгөн оюулардын касиетин туруктуу сактоого аракеттенген, ага чыгармачылык кылууга ашыккан эмес. Болбосо, ийнени кармап отурган автордун кандай кааласа дал ошондой чыгармачылык кылууга кудурети жетет эле да.

Үкү топу

Мына ошентип, кыздын даярдыгы толук бүткөнгө чейин, эч кандай куда келип макулдашуу сөзү бүтпөсө, анда ага үкүнүн жүнү сайылган топу кийгизишкен. Топудагы үкүнүн тарамдалышына карата анын үй-бүлөдө канчанчы кыз экендигин да түшүндүрүп бере алышкан. Ал эми топуга чөгөрүлүп сайылган таштар анын атасы канчалык оокаттуу экендигин көрсөтсө, топунун бийиктиги атасынын, даражасын айкындап турган. Бардык касиеттин сырткы кийимде чагылып турушу кыргыздарды ашыкча мактануудан алыс, тескерисинче, болушунча жөнөкөй болууга аргасыз кылган.

Шөкүлө: Эгер кыздын себи даяр болуп, айрым учурда даяр эмес мезгилде деле кайын журту калыңын өткөрүп койсо, андай кыздар башынын бош эмес экендигин билдирип, шөкүлө кийишкен. Эң кызык жери, шөкүлөдө шолпу, чач учтуктар кыздын бара турган жеринин канчалык бай жана мансаптуу экендигин элге билдирип турган. Ошондуктан, кайын журту шөкүлөнү даярдоодо өздөрүнүн болгон жакшы сапаттарын анда «айтып» калууга аракеттенишкен. Бул эки айылдын уул-кыздары биригип кыз оюн курганда, кыз менен жигиттин өз ара пикир алышуусуна өтө ыңгайлуу шарт түзүү менен алардын кимисинин башы бош, кимисинин кайындап койгон жери бар экендигин да мынабу баш кийимдер сүйлөп беришкен да, бирин бири тааныбаган эки жаштын өз ара пикир алышуусу үчүн маанилүү роль ойногон.

Болот Акматов, Ж. Баласагын атындагы Кыргыыз улуттук университетинин профессору,
Шоокум Журналы, 05.01.2006-ж.

 

Соц тармактар:

Кыргыздын улуттук баш кийимдери: 1 комментарий

Добавить комментарий