Жумамүдүн Шералиев кайталангыс, төгөрөгү төп келген талант

«Баатырдын баары эле Манас эмес» демекчи, манасчынын баары эле Саякбай эмес, жазуучунун баары эле Чынгыз эмес, төкмөнүн баары эле Жеңижок эмес, акындын баары эле Алыкул эмес, артисттин баары эле Муратбек эмес, ырчынын баары эле Мыскал эмес, обончунун баары эле Рыспай эмес, жетекчинин баары эле Раззаков эмес… Бул чындык. Бирок алардан башка да көзү өтүп кеткен таланттар бар. Алар да белгилүү деңгээлде көркөм сөз өнөрүнө, сүрөт искусствосуна, кино өнөрүнө… эмгек сиңиришкен. Алардын кээ бири таптакыр эле эскерилбей келет, же кирди-чыкты аталган болот. Таланттарды эстеп туруш — тирүүлөрдүн парзы. Мына ошол бөксөлүктү толтуруу үчүн биздин «Форум» гезити жогорудагы рубриканын алдында көзү өтүп, эскерилбей калган таланттар жөнүндө чакан көлөмдө жазылган эскерүүлөрдү жарыялап турмакчы. Эскерүүлөрдү гезиттин журналистери гана жазбастан, окурман журту да, маркумдардын бүлөсү менен жакындары да үн кошуп турат деген ишенимдебиз. Ал эми биздин бүгүнкү эскерүүбүздүн мейманы кайталангыс таланты менен элдин эсинде калган обончу, композитор, акын, комузчу Жумамүдүн Шералиевди эскеребиз. Шералиевдин ырлары ар бирибиздин жүрөгүбүздөн орун алып келери талашсыз. Эгер көзү тирүү болгондо быйыл 95 жашка толмок. Жумамүдүн Шералиевди КР эмгек сиңирген ишмери, алгачкы музыка изилдөөчү Балбай Алагушев менен бирге эскерип, архивинен сүрөттөрүн алдык.

Чыгармачылыктын чыйыр жолунда
«Талантты заман таптайт, жетик болсо эли барктайт» — дегендей, залкарларыбыздын бири композитор, обончу, акын, КР Токтогул атындагы сыйлыктын лауреаты Жумамүдүн Шералиев 1915-жылы 3-сентябрда Ат-Башы районунун Туюк-Богошту айылында туулган. Жумамүдүн жарык дүйнөгө келип, эс тарткандан бери ырга ынак, күү жандуу болуп, Жоошбайдын, Куйручуктун куйкум сөздүү куудулдарын угуп чоңоет жана атасы Шералынын да таланты зор таасир берген. Ат-Башыдан чыккан Чоробай Жоломанов аттуу комузчу, калемпир-мурчун аралаштыра сүйлөгөн тамашакөй, куудул ырчы бар эле. Ал Жумамүдүндү алгач көргөндө ырдатып көрүп, талантына таң берген. Ошол учурда Чоробай, Абдрай аттуу ырчылар менен бирге ырдап, музыка дүйнөсүнө аралашып жүрүп, 1935-жылы Абдылас Малдыбаев, Осмонкул Бөлөбалаев, Алымкул Үсөнбаев сыяктуу эл шайырлары Ат-Башы өрөөнүнө гастролдоп барганда, Жумамүдүн залкар ырчылар менен ырдашып, алар менен 17 күн колхоздорду кыдырып ырдап, талантына баа берген ырчылар Жумамүдүндү филармонияга иштегенге чакырышат. 1936-жылы октябрь айында бүткүл Кыргыз Республикасы боюнча эл чыгармачылыгынын кароосуна катышат. Нарын өрөөнүндөгү өзүнөн улуу-кичүү таланттар чогулуп, ансамбль түзүп ырдашкан. Ошондо эң алгач өзүнүн «Созулма» аттуу ырын ырдап, Москвадан кароого карата Казак Республикасынын эл артисти жана музыка изилдөөчүсү Александр Викторович менен таанышып «Эсен бол», «Созулма» аттуу ырларын ырдап берип, нотага түшүрөт. Ошол кароодон соң филармонияга иштеп калат , эл аспаптар оркестрине, азыркы К. Орозов атындагы оркестрге бир эле учурда ырчы жана комузчу болуп эмгектенет. 1939-жылы Москвада өткөн декадага катышып, ырчылык, обончулук таланты жогору бааланып, «Ардак белгиси» ордени менен сыйланат.

Эмгектенүүдөн талбаган инсан
1931-жылдан 1933-жылга чейин Ат-Башы радио түйүнүндө ырчылык кесипти аркалайт. 1936-жылдан 1948-жылга чейин филармонияда жеке ырчы, ал эми 1948-жылдан 1953-жылга чейин кыргыз радиосунда музыкалык редактор болуп эмгектенген. Ошол учурда ден-соолугуна байланыштуу 1953-жылдан 1958-жылга чейин Нарын шаардык Маданият үйүндө көркөм жетекчилик кесипти аркалаган. Жумамүдүндүн дагы бир артыкчылыгы К. Тагаев, С. Чечейбаева, М. Дүйшөкеева, С. Мамбетбаев сыяктуу Нарындан чыккан таланттарды таптап, уядан учуруп, ыр дүйнөсүнөн бактысын ачкан Шералиев болгон.

Төгөрөгү төп келген талант
«Талант кайра табылбайт, асылдын баасын билген эл тирүүсүндө кадырлайт» — дегендей, Жумамүдүндүн көп кырдуу талант экенин эскере кетпесек болбойт. Атайдын, Карамолдонун күүлөрүн чертип, комузда да кол ойноткон. Обончу, композитор, акын, комузчу, кыскасы, төгөрөгү төп келген залкар эле. 1939-жылы Композиторлор союзу уюшулганына быйыл 71 жылга аяк басты. Муратаалы Күрөңкеев, Карамолдо Орозов, Ыбрай Туманов, Жумамүдүн Шералиев алгачкылардан болуп Композиторлор союзун түптөгөн. Жумамүдүн Шералиев өзүнүн чыгармаларын комуздун коштоосунда өзү аткарып, бир жайда 113 жолу жер-жерлерди кыдырып, гастролго чыккан, мындан тышкары аңгемелерди, очерктерди, куйкум сөздүү жанытмаларды да жазып келген. Кайталангыс таланттын кыргыздагы талантуу залкарлардан өзгөчөлүгү — Жумакемдин ырларын ырдабаган аткаруучу калган жок. Чыгармалары 300 жакын ырчы ырдап жүрөт. 1969-жылы Композиторлор союзунан жиберилген тизмеде бардыгы 150 ыр чыгарган, ал ырлардын ичинен 285 ырчы ырдаган 7 сааттан ашык ырлары кыргыз телерадиосунда сакталып турат. Ал эми 500 же 800 обон жазылган деген жалган маалыматтар телевидениеден да, радиодон да жарыяланып жүрөт.

Оорусун арман кылган
Адамкерчиликтүү, жөнөкөй, бой көтөрүүнү билбеген, менменсинүү оюна келбеген, адамдын көңүлүн калтырбаган инсан эле. Өзгөчө өнөрдү укмуштай баалап, ырчы болобу, обончу болобу, акын болобу, алтындай убактысын бөлүп, канатына калкалап, өз таалимин берип, жаш таланттардан жардамын эч качан аяган эмес. Шералиев бутунан катуу ооруп, Нарынга кетүүгө аргасыз болуп, Нарын шаардык Маданий үйүндө өмүр өткүчө көркөм жетекчи болуп эмгектенди. Буту оорукчан Жумакем байбичесине «Запорожец» машинасын айдатып алып, эс алууга Көлгө барып, борборубузга келип-кетип турган. Кыргыздын белгилүү акындары Т. Сатылганов, А. Токомбаев, Ж. Бөкөмбаев, Ж. Турусбеков сыяктуу кайталангыс акындардын ырларынын багын ачып, обон чыгарган. Ырдын сөзү обонго канат жаратат, маселен, начар ыр да күчтүү обондон кемчилиги билинбей калат. Жумамүдүн өзү акын болгон соң шакирттерине да сөздү кандай тандаш керектигине, обонду кандай сөзгө чыгарууга талыкпаган кеңешин берип келген. Кандай гана чыгармачыл, таланттуу адам болбосун, аларга Жумамүдүндүн эшиги ар дайым ачык болуп, оозунан «жок» деген сөз чыккан эмес. «Талант арман, жашоо жалган»демекчи, кайталангыс таланттууда гана эмес, ар бир адамда арман болбой койбойт. Жумакемдин олуттуу арманы болбосо да, оорусуна арман кылган. Ошол оорунун айынан 1994-жылы 15-мартта 79 жашында жарык дүйнө менен коштошкон.
Жумамүдүндүн
Балбай Алагушевге жазган каты
Балбай Алагушев: — Ал кезде кыргыз радиосунда музыкалык редакторлук кызматта элем, 1962-жылдын 19-августунда Жумакемден кат келди: — «Баке! Эми башка эмнени айтайын. Биздин акыркы күндөгү айтылган убадалар өз ордунан чыкпас болду. Акыркы жылда, акыркы айда иштеше турган болгон соң, кайра эле сөздү башынан түшүндүрүүгө туура келди. Тыйын жагынан өтө кыйнала турган болсоңор, тыйынга деле ыраазы элек, жаңыдан жазылган запистерди уксаңыздар боло, массага, элге катуу уят болуп кеттик. Сиздердин кунарыңар түгөнгөнбү, ырымга бир ыр жаңыртсаңар боло — деп тынчсызданып жатышат. Өзүмдү радиого ырдаганга жаратпасаңар дагы, чыгармам эскире элек го… Азыркы жаштарга аткаргандарга тыюу салынганбы… Бул жөнүндө радио комитетинин төрайымы Ботакановага айтып, бир маселе коюп көрбөйсүзбү… Сиздер акча маселесинен чочулайт окшойсуздар, гонорарга ыраазы бололу, үнүбүздү угузууңарды көп-көп өтүнүп», — саламым менен Жумамүдүн. Чыдамсыздык менен жооп күтөм. 19. 04. 1962-жыл». Мына ушундай катты жаңы чыгармаларды радиодон берип коюубузду суранып, күйүп-бышып жазган каты эле.

Эскеребиз, эстейбиз, бирок…
Эң алгачкы жолу «Жаштар ай» аттуу ырынын негизинде 1963-жылы «Жаштар ай» деген аталыштагы китеби жарык көргөн. Андан соң 1973-жылы «Ырлар» китеби, 1982-жылы «Тандалмалар», 1996-жылы «Картайтпайт менин ырларым» — аттуу китептери чыккан. Акыркысы болуп, 2002-жылы «Ырдап кой» аттуу китебинде классикалык ырлары, очерктери, аңгемелери, куудул кептери, кесиптештеринин эскерүүлөрү менен акыркы жолку жыйнагы чыгарылган. Бул китепке кызы Нарынгүлдүн жана анын жолдошу Адыл Сайдиновдун салымы зор. Ал эми каражатка жардам кылган Салымбековдор болсо, жогоруда аталган китептердин бардыгынын негиздөөчүсү, түзүүчүсү музыка изилдөөчү Балбай Алагушовдун эмгеги зор. «Талантты көрбөгөндүн көзү эмес, көкүрөгү сокур» — дегендей, мындай залкар талаттарыбызды жаш-муундарыбызга үлгү кылып, барктап-баалап алышыбыз ар бирибиздин колубузда. Шералиевдин кызы Нарынгүл Шералиева «Жумамүдүн Шералиев» атындагы фонд түзүп, өкмөткө да, маданият министрлигине да кайрылып, музыкалык педагогикалык окуу жайдын атын сураганда эч жыйынтык чыгарылган жок. Кыргыз эли канча жашаса, анын ырлары да ошончо убакыт жашайт, демек быйылкы 95 жылдыгынын урматына чоң маараке өткөрбөсө да, азыркы музыкалык педагогикалык колледждин атын, же борбордун бир көчөсүнө Жумамүдүн Шералиевдин атын ыйгарып койсок эч жерибиз кемибейт эле.

Венера НАРКЕЕВА, “Форум” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 02.02.2010-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий