Атылган аталар, ачылган сырлар

1938-жылы кыргыз интеллигенциясынын Төрөкул Айтматов, Касым Тыныстанов, Баялы Исакеев сыяктуу ж.б. каймактары «эл душманы» катары бейкүнөө атылган. Бирок, алардын кайда, качан атылып, сөөгү кайсыл жерге жашырылганы мамлекеттик сыр катары эч кимге маалымдалган эмес. Балким, ал сыр эч качан ачылбай да калат беле…

Кандайча экенине Кудай өзү тараза, канчалык жашыруун болсо да, бул сыр калк арасынан карапайым бир адамга белгилүү болгон. Бирок ал улуу адамдар тууралуу улуу сырды өмүрүнүн акыркы күнүнө, 79 жашына чейин сактап келип: «Заман оңолот, ошондо элге айт!» — деп тун кызына аманат калтырат.

Айтымында, ошондон кийин да бу сырды Бүбира апа жыйырма жылга жакын сактап, катып жүрүп, 60тан ашканда, 1990-жылдары ачыкка чыгарган.

Сырды ачууда эски бийликтеги атка минерлердин эбегейсиз кайдыгерлигинен апа аябай запкы көрүп, тил угуп, басынып, корунуп жүрүп, акыры бул улуу чындыктын бети ачылган.

Бирок, Бүбира апа акыры адамдык касиетке эгедер, жакшы адамга жолуккан. Андан жардам берүүгө ант алган. «Ошентип, биз эми экөө болуп калдык. Бирок, бизге адегенде эч ким ишенбеди. Маңдай-тескей отуруп ыйлап да жүрдүк. Болот Абдрахманов деген ошол жигит иштен куугунтукталып, тил угуп, ооруканага жатып, ага да карабай аталардын сөөгүн өз демилгеси, өз колу менен, өтө кыйынчылыкта казууга киришти…» — дейт апа.

Мына ушулар тууралуу гезит окурмандарына Ата-Бейиттин сырын ачкан, бүгүн 83 жаштын даамын сызып отурган Бүбира КЫДЫРАЛИЕВА апа айтып берет…

Бала чагым…
Азыркы Ата-Бейит турган жерде 1932-39-жылдары КГБнын эс алуу үйү боло турган. Ошондогу, жайкысын чоңдор бала-бакыралары менен келип сүт, кымыз ичип, эт жеп эс алган котедждер азыр да турат (бирок бир да кыргыз келип эс алганын көргөн эмесмин).

Эс алуу үйүнүн башчысы немис улутундагы адам боло турган.

Апам эс алуучуларга шейшеп таратчу. Кобыльниковдор деген орус улутундагы абышка-кемпир чочко багар эле. Дагы бир орус кемпир пол жуучу. Ашканада болсо калдайган калың мурутчан, бой-келбети залкайган, улуту башка киши иштечү. Качан ал шаардан азык-түлүк алып келгенде, машиненин үнүн угуп эле атам үйдөн чыга калып, келген тамак-ашты дөбөчөнүн боорундагы склад-үңкүргө экөөлөп түшүрүп, үстүн муз менен жаап, оозундагы жыгач эшигин бекитип салышчу.

Атам — кароолчу. Андан сырткары жаз келгенде Кеминден бир үйүр жылкыны күтүрөтүп айдап келип, боз үй тигип, эс алуучулардын камын көрчү…

Суук кабар…
Бир күнү (1938-жылдын август айы болчу) ошол немис киши атама чындап эле ымала санап, жан тартканбы, айтор үрөй учура турган сөз айтып:
— Абыкан, мен сага бир сыр айтайын. Бирок сен аны эч кимге айтпа. Жакында чоң согуш болот. Ошондо ишсиз каласың. Бул жер жабылат. Андан ары эмне бар, эмне жок… Андыктан эртерээк колхозго кир да, кеч болуп кала электе катын-балаңа кам көрүп, үй сал, — дейт. А бирок ал эмне согуш экенин айтпайт. Атам ойлонуп, санааркап калат.

Эми ойлосом, ал киши Ата-Мекендик согуштун болоорун алдын ала билген окшойт. Өзү абдан билимдүү киши боло турган. Атам аны «чекист» деп койчу.

Ошондон бир топ убакыт өткөндөн кийин, 1938-жылдын ноябрында баягы немис киши атамды, башкаларды чакырат да:
— Канчадан бери эс ала элексиңер. Тууган-туушкандарыңар болсо, бала-бакыраңарды алгыла да, эс алып келгиле. Он күнгө чейин бул жерге келбегиле! — дейт.
Кашка-Суу деген айылда биздин аяш атабыз боло турган. Үч баласын алып алышып, ата-энем ошолордукуна жөнөп калат…
Ошол он күн ичинде атам тээ көз байланган маалда бир, эртең менен үрүл-бүрүлдө бир уруксат кагазын жанына салып алып кетет да, мал-жанга чөп, тоокко жем салып кайра келет… Көрсө, ошол он күн ичинде эс алуу үйүнүн туш тарабы аскерлер менен курчалып, бир да киши өтүүгө тыюу салынган экен.

Атылган аталар, «өсүп чыккан» кара дөбө…
Анда айылда электр жарыгы деген жок болчу. Ошондон улам (5-ноябрдан 8-ноябрга чейинки аралыкта) эс алуу үйүнө Чоң-Таш аркылуу өткөн жолдо, түнкү экилер чамасында күрүлдөп-дүрүлдөп өткөн чоң машинелердин доошу да, жарыгы да элдин бүйрүн кызытып, атүгүл үрөйүн учуруп: «Бул эмне болгон машинелер? Кайда, эмне жүктөп баратышат?» — деген суроо туудурбай койгон эмес. Бирок, мунун жообун, сырын анда атамдан башка эч ким билген эмес.

Болжонгон күнү, ноябрдын тогуз, ондорунда чанага отуруп алып, үйүбүзгө кайтып келатканыбыз эсимде. Көзүң жамандыкты көрбөсүн, келсек эле алаамат болуп кеткендей, баары башка! Мурдагы кирпич заводунун ордуна бир кара топурактуу дөбө туруп калыптыр.

— Ата, биякка эмне болгон? Кара тоо өсүп калган го? — мен балдардын улуусу, тирикараагы болгондуктан, ушинтип сурап жиберсем, атам муңайым гана:
— Э, балам, катуу шамал болуп, завод кулап калган турбайбы, — деп койду.

Ошондон бир жума өттүбү, өткөн жокпу, иттер улуй баштады. Кандайдыр жагымсыз, сасык жыт келип, атамдар мык менен үйдүн сыртына айланта кийиз кадап, тумчулап жаап жатышты… Атам иттердин мурдуна май сүйкөп, сүт берип, бейшемби, жума күндөрү үзбөй жыт чыгарып, алиги кара дөбө тарапты карап апам экөө куран окуп, атам кээде өксүп-өксүп ыйлап… айтор, жашообуз баштагыдай болбой, кандайдыр сырдуу болуп калды.

Көрсө, бул жерге «эл душмандарын» түрмөдөн атып, үч күн бою өлүктөрдү машинеге жүктөп келип, ыргыта беришкенин атам ошондо эле билиптир да, запастагы аскер кызматкери катары (граждандык согушка катышкан, старшина деген чини бар болчу, андан кийин Ата-Мекендик согушка да катышкан), өмүрүнүн эң акыркы күнүнө, мага айтканга чейин ичине жутуп, жашырып келиптир.

Ошентип, февраль айында баягы жерден кызыл, жашыл, көк болуп, кудум күндүн кулагына (радугага) окшогон шоола, фосфор чыга баштады. Ошондон көп өтпөй эле баягы дөң ылдый басырылып, түп-түз болуп калды…

Жаңы конуш жана согуш…
Айткандай эле ушул жылдары эс алуу үйү жабылды да, 1939-жылы Воронцовка айылынын башкармасы бизге эки бөлмөлүү үй берип, көчүп келдик.

Сыягы, эс алуу үйүнүн башчысынын баягы, согуш тууралуу айтканы көкүрөк-көңүлүндө калганбы, атам акыркы убактарда аябай шашып жүрдү. 1940-жылы жазында анан өзүнүн туугандарын, апамдын төркүндөрүн жардамга чакырып, дагы эки бөлмө үй, мал сарай, короо-жай салды.

Айткандай эле, согуш башталып, атам да жөнөп кетти…

Үйдөгү балдардын улуусу катары көп түйшүк мага да жүктөлдү. Андан сырткары, чоң кишилер менен тырмалаңдап, колхоздун жумушуна да чыгам.

Ата-мекендик согуштан атам менен бирге кеткен агаларым кайтып келген жок. Балким, репрессияда атылган аталардын арбагы колдодубу, атам аман-эсен кайтып келди.

Атанын аманаты
Исхак Раззаковдун тушунда: «Бүт завод-фабрикаларга жергиликтүү кадрлар тартылсын» деген жарлык чыккан. Ошентип, согуштан кийинки жылдары мен да жаштардын шары менен шаарга келип, фабрикада иштеп калдым. 1960-64-жылдары Ленинграддагы жогорку профсоюздук окуу жайды окуп келип, пенсияга чыкканга чейин Мекенге ак кызматымды кылдым. А бирок, ага чейинкисин айтайын…

1973-жылы атам катуу ооруп калды да, 14-октябрда төрт баласын маңдайына отургузуп, ке-рээз-мурасын айтты. Ошондо ачып жатпайбы, эч ким билбей калган мамлекеттик жашыруун сырды!

— Кызым, билесиңби, сен кичине чакта кара дөбөгө айланган, түнкүсүн үстүнөн шоола чыккан жер?
— Билем, ата.
— Билсең ал жер — шейиттер жаткан жер. Ошол жер — «эл душмандары» деп кыргыздын кыраандарын кырчындай кездеринде кыйратып, анан алып барып итче итерип ыргытып көмгөн жер, балам!
— ? — нес болуп эле отуруп калдым.
— Ал жерде жөн кишилер жатканы жок! Кыргыз элинин каймактары жатат, кызым! Ошол күндөн ушул күн маркумдардын ата-энелери, ага-туугандары, алган жар, алпештеген бала-бакыралары алардын кайда өлүп, сөөктөрү кайда калганын билбей, арманда жүрүшкөн чыгаар! Мамлекеттик сыр катары мен ушунча жыл ичиме катып, жашырып келдим. Эми өлөөрүм калды… Ошол сырды ала жатпашым керек. Мен аны сага өткөрүп бердим, кызым. Бирок азыр эмес, күт да, заман оңолгон кезде ачыкка чыгар, элге айт!

Кайдыгерликтен жаралган азаптар…
Ошентип, атам да өтүп кетти. Менин мойнумда өтө чоң жоопкерчилик, атам менен шейит кеткен аталардын арбактарынын аманаты калды..! А бирок, сырды мен да каттым. Атам айткан күндү — замандын оңолушун күттүм.

1989-жылы мен да катуу ооруп калдым. Бир туугандарым мага айтпаганы менен өздөрүнчө эле күйпөлөктөп, менин өлүмтүгүмө камданып, күбүң-шыбың болуп калышканын сезип, билип эле аттым. Ошондо мен өлүмдөн эмес, башкадан корктум. Менде: «Атамдын керээзин, аманатын аткарбай, кантип ала кетем?!» — деген коркунуч пайда болду! Ары ойлондум, бери ойлондум, а бирок эч ыгын таба албай ого бетер ооруп калдым.

Бир күнү анан «Комсомольская Киргизия» деген гезитти окуп отурсам, Бегалиев деген автордун репрессияга кеткендердин бала-бакыраларынын окууга, ишке алынбай жүргөнү тууралуу макаласы чыгыптыр. «Репрессия тууралуу жазып жатса, демек менин айтаар сөзүм аны кайдыгер калтырбайт чыгаар» деп ойлоп, дароо университетке телефон чалып, чакырбай койбосо экен деп: «Мен айылдан келген туугандары болот элем», — десем, Кудай жалгап чакырды.

— Ким бул?! — деди.
— Кечиресиз, сиздин макалаңызды окудум. Мен сизге репрессияда атылгандардын сөөгү кайсы жерде жатканын айтайын дедим эле, — десем эле:
— Коюп кой, трубканы! — деп жиберди.
— Бул чындык, — дегенимче болбой:
— Ташта деп жатам трубканы! — деди дагы. Коюп койдум да: «Балким, мен түшүндүрө албай калдым го. Албетте, бул башкаларга күтүүсүз ачылыш болуп жатпайбы. Кап, орусча айтсам жакшы түшүнөт беле?..» — деп өкүнүп калдым. Бирок, мына ушул саат, ушул ирмемдерден тарта менин эң азаптуу, эң ызалуу күндөрүм башталаарын мен анда кайдан билейин?

Бир аздан кийин кайра да университетке чалып, алиги профессордун үй телефонун сурап алдым да, кечинде кайра да чалып, орусча сүйлөп:
— Кечирип коюңуз, жана сиз мени түшүнбөй калдыңыз окшойсуз. Мүмкүн болсо жолуксак жакшы болот эле. Мен атылгандардын кайда көмүлгөнүн билем, — дедим эле, окумуштуу бул жолу дагы:
— Илип кой, трубканы! — деп, бирок ал да орусча бакырып, чаңырып жиберди. Колумдан трубка түшүп, селейип эле катып калдым. Коркуп кеткенгеби, же тигил киши мени укпай, орой мамиле кылгангабы, же эч ким ишенбей, укпай койсо кандай кылам, ушул бойдон өлүп кетсем эмне болот дедимби, айтор эки көзүмдөн мончоктоп, өзүнөн-өзү жаш куюлуп, бир топко чейин ыйлап отура бердим.

Болот Абдрахманов жана ант…
Ошондон бир жылга жетип-жетпеген убакыт өткөн.

Өзүм бала көргөн жокмун. Жолдошум да каза болуп, оорукчан болуп калдым. Бир туугандарымдын бала-бакырасын карап, ошолорду эш тутуп жашап жүрөм. Жүрөгүмдө болсо — баягы, атамдын аманаты! Жүрөгүмдү ошол улам катуулап өйүп, эми ойлосом мен ошондон улам ооруганмынбы дейм.

Бир күнү анан балдардын бут кийимин оңдоткону, азыркы эле политехникалык институттун маңдайында жайгашкан өтүкканага келдим. Кезек күтүп отурсам, бир убакта шакылдаган, ачык-айрым келин кирди да, тим эле мени менен ал-жаны калбай учурашып, сүйлөшүп калды. Көрсө, себеби бар экен:
— Апа, менин атым — Бермет. Университетте чет тили кафедрасында бөлүм башчымын, азыр сабагым да бар эле. Мени биринчи коё берип жибересизби? — деди.
— Макул, айланайын, макул…
Бут кийими оңдолгуча анан кобурашып калдык. Ал ким, кандай мугалим экенине кызыгып калсам:
— Мен Чыңгыз Айтматовдун уулун окуткам, апа, — деп калды сөз ыңгайы келе калганда. Баягы сырды ачууга жол издеп жүргөн жаным «жым» эте түшүп:
— Мага ошол баланын, Аскардын телефонун бере аласыңбы? — дедим. Анткени, атылган аталардын арасында Аскардын чоң атасы — Төрөкул Айтматов да бар экенин билчүмүн.
— Эмне жумушуңуз бар, апа?
— Бир чоң сырым бар эле, — дедим.
— Анда өзүңүздүн телефонуңузду берип коюңуз, мен ал киши менен байланышсам, айтайын, — деди.
Ошондон кийин бат эле кайра коңгуроо кагылды. Үйдө элем. Трубканы көтөрсөм:
— Саламатсызбы, Бүбира апа? — деди чалган жигит.
— Саламатчылык. Бул ким?
— Мен — КГБдан болом. Сизге барып жолуксам болобу, апа?
Эсиме дароо эле колумдагы балдар түшүп кетти: «Эмне болду? Машинеге урунуп алган жокпу? Бирөөнүн терезесин сындырып койдубу?» — деген ой «тык» эте түшүп:
— Милийсасыңбы, айланайын? Балдарым бирдеме болдубу? — дедим.
— Жок, апа. Кабатыр болбоңуз, баары жакшы. Сизге жолугайын дедим эле, үйүңүзгө барсам болобу?
— Болот, айланайын. Келе гой?
Ошондон көп өтпөй эле коңгуроо басылды. Ачсам — жакшынакай, жаш бала турат.
— Үйгө кирсем болобу, апа?
— Кире гой, айланайын.
— Апа, Берметке: «Чоң сыр бар» деген экенсиз? — деди.
Чоң сырды көп кишиге айтып, ар кандай: «Алжыган кемпир, оорулуу! Чыгып кет, жогол!» сыяктуу мазактаган, келекелеген сөздөрдү уга берип, жүрөгүм ооруган жаным «айтсамбы, айтпасамбы» деп санааркай калсам:
— Апа, подьездде шектүү бирөө-жарым барбы? — деди.
— Жок.
— Анда ушул үйдө жашайбы?
— Жок.
Акыры бел байладым да:
— Атың ким, айланайын? — дедим.
— Болот.
— Болот, болуптур. Мен сага айтайын. Бирок, кыргыздар бири-бирине ишениш үчүн ант беришет, — деп бир сындырым нандын жарымын өзүм жеп, жарымын ага бердим да, — «Бул ишти аткарууга ант берем деп убада бер?» — дедим. Ал нанды тиштеп, ант берди. Ошондон кийин гана таштай тырышып турган жаным жазыла түштү. Болгонун болгондой айтып да аттым, бир чети өткөндөгү мамилелерге ызаланып, бир чети уга турган, жардам бере турган киши табылганына сүйүнүп ыйлап да аттым… Бир убакта сүйлөй албай, эсим ооп калган экен… Болот чуркап барып суу алып келип ичирип, эс алдырып:
— Апа, аталар жаткан жер кайсы жерде? Азыр бара алабызбы? — деди.
— Баралы, балам!
Болот машине чакырды. Бардык. «Элүү жылда эл жаңы, жетимиш жылда жер жаңы» дегендей, баягы дөңдүн орду мелмилдеп түп-түз… Үстүндө кылкылдаган аппак кар… 90-жылдарга чейин бул жер лыжа тебе турган жайга айланып, аталар жаткан жер тапталып бүтүптүр…
Бала кезим калган, биз ойногон жерлер. Баягы котедждер… Ашкана… баягы дөңдөгү «Муздаткычтын» эшиги дале калыптыр. Аларды көрсөттүм. Бирок биздин үй түп-тамырынан бери жок… Ошого карап, аталар көмүлгөн жерди даана болжойм деп баргам. Айланып-тегеренип эле таппай калдым да, бир убакта энем эркек төрөгөндөй сүйүнүп:
— Болот! Таптым! — деп кыйкырып жибердим. Анткени, биздин үйдүн пайдубалынын шуңкуйган темири калыптыр. Болот да кубанып кетти.
— Мына, аталар ушул жерде жатат! — деп анан баягы от күйгөн жерди барып көрсөтсөм, Болот: «Балким, жаңылып жатабы?» — дегендей, ишенбегендей болду. Анткени, ал жер эч жиги билинбей, түп-түз жаткан.
— Апа, жазында келели, — деди Болот. Мен са-нааркай карап калдым го:
— Ант бербедимби, апа? — деди. Ошентип, кайра кайтып келдик да, ошол жазды экөөбүз тең чыдамсызданып күтүп калдык…

Каратай тапкан таштар…
Май айында аталар жаткан жерге кайра келдик. Баягы биз бала кездегидей жер кып-кызыл болуп, кызгалдактар кылкылдайт.

А бирок, эч нерсе болбогондой. Эч нерсе билбегендей, аталар жаткан ыйык жер дале демин ичине катып, жымылдайт…

Болот да улуу сырдын ачкычын издегендей тунжурап, ойлуу… Мен да ичимде: «ишибиз оңунан чыкса экен», — деп Кудайлап жатам.

Бирок, Кудай көз көрүнөө жардам берди. Биз менен кошо баягы, Сабира деген сиңдимдин небереси — беш жашар Каратай да барган. Сиңдимдин көзү өтүп кетип, бала-бакырасына баш-көз болуп жүрөт элем.
Балакетиңди алайыным, ошол балам бир убакта Периштедей болуп:
— Апа, муну карасаңыз, — деп колуна эки кирпичтин сыныгын көтөрүп алып, кадыресе кишидей ушинтип коёт, — бул — эски-и кирпич экен, бул болсо жаңы кирпич экен.
— Ой, азамат, берчи? — деп эле Болот баланын колунан кирпичтерди ала коюп, айландыра карап калды да, дароо целлофан баштыкка салып алды. Айткандай эле экспертизанын жыйынтыгы боюнча бирөө «1935-36-жылдарга таандык» болуп, бирөө «жаңы кирпич» болуп чыкты.
* * *
Ошентип, ишенүүгө илинчек табылып, Болот (Абдрахманов) болгон ишти болгондой айтып, министрге кирет. Бирок, кийин Болоттун айтканына караганда, министр аны колдоп, иштин чоо-жайына кызыгып, маани бермек турсун:
— Сенин жер казгандан башка ишиң жокпу?! Чык, эшикке! — деп кубалап чыгыптыр. Бир жагынан ата-бабалардын арбагын сыйлап, бир жагынан мага берген анты бар үчүн Болот кандай болгондо да ишти токтотпоого белсенет. Кайсы бир аскердик бөлүккө барып (кайсы экенин сурабапмын деле) эки аскер сурап алат да, М.И.Москалёв деген белгилүү археологго кайрылып, аны да жанына алып, тергөөчү жолдош баласын эрчитип, өз чөнтөгүнөн бир күндүк азык-түлүк камдап алып баягы жерге дагы барат. Баарылап, жердин (төрт бурчуна казык кагып кеткенбиз) чөбүн жулуп, тазалашат.
— Эгерде бул жердин алды табигый, бузулбаган дың жер болсо, анда арс чычкандар казган жердин топурагы сыртка үйүлүп калат. Жок, качандыр казылып, кайра жабылган болсо, анда арс чычкан казган жерде оюктун оозу гана калат, — дейт археолог. Ошентип, арс чычкандын «үйүн» издешет. Көп өтпөй эле:
— Тапты-ым! — деп так секирип сүйүнгөн солдат арс чычкан бата турган көзөнөккө чакырат…
Ошондон кийин гана Кудай дешип, жерге күрөк сайышат…
Айткандай эле, эки күрөк сайылгандан кийин кишинин баш сөөгү чыгат! Жердин үстүңкү катмарына жакын жерден табылгандыктан, сөөк упуранма болуп калыптыр дешти. Аны ошол эле күнү экспертизага алып барса, 1938-жылга таандык экенине ырастама бериптир. Ошону көтөрүп алып: «Эми ишенет чыгаар, эми бир жардам болоор, колдоо көрсөтүп, сырды ачууга кошо киришип, кызыкдар болоор» деген тилек менен министрине дагы кирет.
Чоо-жайды уккан министр адегенде кол алдындагы адисин (Болот А. — авт.) ашатып сөгөт да, Москвага — Крючков дегенге телефон чалат. Кыргызга кереги жок аталар оруска керек болмок беле, ал тигинин өзүн сындап, катуу сөз айтса керек. Трубканы коюп эле өңү-башы бузулуп:
— Арыз жаз! Кет! — деп калчылдайт.

Жеңиш…
Болот канчалык ыза болуп, сынып турганына карабай, дагы эки солдат коштуруп алып, баягы тобу менен аталар жаткан жерге кайра барат. Аларды көрүп, ошол тегеректе жашагандар, алардан да башкалар чогулуп келе башташат.

Дагы алтын тиштери бар эки баш сөөк табылат. «30-жылдарда алтын тиш карапайым, жөн кыргызда болгон эмес. Демек…»

Ишеним улам бекемдей берет. Ошол жылдарга таандык көз айнек, тамеки салгычтар, шинелдин топчулары, өтүктүн кончтору, кабыргалар, омурткалар…

Ошолду коёрго орун табылбай, сөөктөр эки жыл бою Болоттун кабинетинде турганын айт. Мунун баары адамдын психологиясына, акыл-сезимине канчалык таасир этээрин элестете бериңиз… Андан сырткары токсондон ашуун сөөк табылып жатса… Канча жылдардан бери ошончо өлүктү катып жаткан жерди ачканда кандай жыт болоорун да элестетиңиз. Жыт уруп, анын үстүнө моралдык кысым, ыза да бир жагынан басып, казуу убагында Болот бир канча жолу эсин жоготуп жыгылган экен. Жыйынтыгында оорукананын жандандыруу бөлүмүнө бир ай бою жатып калат.

Ошол күндөрү: «Ушундай кырдаал, тарыхый казуу бар. Алдыбыз ыс уруп, жыгылып жатабыз. Иштеп жаткандарга кандайдыр колдоо, жардам керек. Ден соолуктарын медициналык көзөмөлгө алууга жардам бериңиз?» — деп Н.Касиевге да кирет…

Күндүн ысыгы мээден өтөт. Ичээрге күчтүү тамак жок. Тамак-аштан жардам сурап тийешелүү жерлерге барса, Болоттун оозуна кашык такап: «Ме, ич!» — деп келекелегендер болот.

— Болот, эч нерсе эмес. Аз-аз чыдайбыз. Канткен менен Кудай бар. Сен өзүңчө бата кылып
сыйын, мен чокунуп сыйынайын да, уланта берели, — дейт Москалёв.
Ошентип, ишти улантышат.

Жер казып, ар бир сөөктү өз колу менен, алаканына салып алып чыгып, ар бирин өз-өзүнчө коюп… Ылайым аталардын арбагы, Кудай колдосун балдарды!

Казууда акыбетибиз кайтып, сөөктөрдүн репрессияда атылган аталарга таандык экенин ырастаган кагаздар — документер табылды! Адегенде «Жусуп Абдрах…» деген алакандын отундай кагазды табышат. Андан кийин Төрөкул Айтматовго болгон «Постановление»…

Мен эми тирүү экенимди далил-дөөм керек эле…
Ошентип, «Саргара жортсоң кызара бөртөсүң» болуп, Кудай алдындагы бир чоң милдеттен, атамдын аманатынан, Болот болсо антынын өтөөсүнө чыгып, иш оңунан чыгат. Эл аралык басма сөздөрдө, маалымат каражаттарында бул ачылыш тууралуу кабарлар «чуркай» баштайт.

Ден соолугуна байланыштуу Болотту Крымга эс алууга жиберишет…

Мен болсом үйдөмүн. Бир күнү эле телевизор карап отурсам: «Атылган аталардын сөөгү эртең кайра коюлат», — деп маалымат берип жатышат. Ошонун баарына күбө болгон, ошол сырды ачууга бирден-бир себепкер адам катары ошол окуяга баргың, бата кылгың келет экен! Бирок мени эч ким чакырган жок!.. Эртеси телевизордон көрүп, кубанычтан да, ызадан да ыйлап отурдум… Аталарды жерге берүү аземинин башында баштагы Президент А.Акаев, анын жанында Чыңгыз Айтматов, дагы башкалар турушту.

Болот да телевизордон көрүп, сөөктөрдү жайына кайра берүүгө келип катышып калган экен. Ага да чакыруу болбоптур. Сыягы, ким бирөөлөр ошол окуяны өзү ачкан адам болуп, бийликтен сый көргүсү келгендир, балким бул окуянын ачылышына жасаган мамилелерин айтып коюшат деп коркушкандыр, ким билет.

Айтмакчы, кийин ушул темага байланыштуу бир илимий конференция болгон. Ошондо баягы профессор да отурат десең, сүйлөп жатат. Мен аты-жөнүнөн таанып, мага сөз келгенде баягы кылыгын айтып таштадым эле:
— Жок, жок, мен анткен эмесмин! — деп тура калды.
— Мен калп айтканды жаман көрөм, — дедим.

* * *
Болоттун боолгологонуна караганда, маркумдарды кайра жайына коюп жатканда Чыңгыз Айтматов: «Сөөктөрдү казган жигит кайда?» — деп сураса керек. Алиги министр бир убакта Болотко кол булгап: «Эй, бери кел!» — дептир абалкысындай орой, өктөм. Өткөн күндөр, өткөн мамилелер көкүрөгүнө бычак болуп кадалып калган жигит, анын үстүнө азыркы мамилесинен да улам бери келбей, тескерисинче ары басып кеткен экен…

Ошондон тартып биздин жана чет элдик массалык маалымат каражаттары бул окуя тууралуу чагылдыра башташты. Бирок, ошонун бир кесепетинен мен аз эле жерден ары карап кете жаздадым. Анткени, кайсынысында болбосун: «Бул сырды бир көлдүк кемпир билчү экен. Өлөөрүндө айтып кетиптир», — деген маалымат жайылып, тарап жатты. Чыңгыз Айтматов да чет элде жүрүп: «Атаңыздын ал жерде жатканын кантип билишиптир?» — деген суроого жанагинтип, укканын айткан экен. Ал маек кыргызчага которулуп, ушул эле «Кыргыз Туусуна» да басылды. Айылга барсам эл чогулуп келип, мени таң кала да, аяй да карап: «Ии, аман-эсенсиңби? Ошондой эле болсунчу? Катуу ооруп айыктыңбы?» — деп көзүмө аялуу карашат.
Ошентип, бир жүктөн эми кутулдум го деп жеңилдеп турган чагымда, эми тирүү экенимди дадилдеш керек болуп калды. Туш-тушка, редакцияларга чуркап, музейге барып, баягы эшик сагалап бечара болуу кайра да башыма түштү. Канча кагуу жеп, канча тил угуп, көкүрөккө түртүлдүм…

Музейде да мени сырды ачкан каарман катары эмес, белгисиз бирөөгө окшотуп чаптап коюшкан экен, Болоттун да сүрөтүн алдырып, бир аз өйдөлөтүп илдирдим.

Даат…
Сыягы, мен тууралуу дагы эле «өлгөн кемпир» деген түшүнүк жашап жүргөндөй сезилет…

Бу тапта бир туугандарымдын балдарынын колунда жашап жүрөм. Кудай акы, Ата-Бейиттин сыры ачылганы, баягы «өлөт» деген жаным, оңолуп кеттим.

Ошентсе да, өлгүчө адамга «өз үй, өлөң төшөк» керек экен. Кээ бирөөлөр: «Сен мамлекеттик деңгээлдеги, тарыхта калган адамсың. Сага ошол аталардын укум-тукумдары, мамлекет кантип каралашкан жок?» — деп сурашат.

А мен атамдын, аталардын арбагы колдоп жатканына ишенем.

Дагы бир өксүгүм, жанагы Болот Абдрахманов деген уулумду азыр Ошто иштейт деп угам. Ошол бала туура баасын, сыйын алса, Кудай да ыраазы болот эле. Кыргыздын андай жөнөкөй, мекенчил уулдары башкаларга, келечек муундарга үлгү болууга тийиш…

Жазып алган Жыпар ИСАБАЕВА, «Кыргыз туусу» («Кыргыз гезиттер айылы»), 02.02.2010-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий