КРнын эмгек сиңирген артисти Зейнеп Шаакеева:18 жаштын Баркын эми билип отурам

Кыргыз элине өзүнүн мукам, кайталангыс үнү менен белгилүү болгон таланттуу ырчы Зейнеп Шаакееванын ардактуу эс алууга чыккандан кийинки жашоосундагы аздыр-көптүр жаңылык, жакшылыктары тууралуу сурашып, ой-бөлүшүү үчүн эжени атайын сөзгө тарттык.

— Эски ырларды жаңыча иштеп чыгып ырдоо модага айланып бараткан сыяктуу. Сиз буга кандай карайсыз?
— Албетте, илгерки, биз жаш кезекте ырдап, угуп жүргөн ырлардын улам убакыт өткөн сайын унутулуп, эстен чыгып калышын каалабайсың. Бирок, жакшы ырлар, мыкты обондор канча ирет мезгилдер алмашып, арадан жүз жыл, миң жыл өтсө дагы баары бир унутта калбайт экен. Мен муну өз турмушумдан көрүп, түшүнүп айтып жатам. Себеби, кээде айрым жерлерге барып калганда, «18 жаш» менен «Чагылгандан» башка ырларды ырдап берип отурайын десең, сөзсүз суранышып, ошол мурунку ырларды ырдап берүүмдү өтүнүшөт. Анан сөз жок ырдап берүүгө туура келет. Бул бир четинен мен үчүн абдан кубанычтуу. Муну айтпаганда деле, «18 жашты» кимдер гана жакшы көрүп, кимдер гана ырдаган жок. Ал эми, эски ырлардын жаңыча аранжировкаланып, жаңыча стилде ырдалып жатышына өтө деле каршы эмесмин. Ырдашсын, бирок, ырдын мааниси, мазмуну сакталып калыш үчүн, ошол эле бойдон ырдап чыгышса абдан жакшы болмок дейт элем.

— «18 жашты» кимдер гана ырдаган жок деп айтып калдыңыз. Бул ырдын жаңыча стилде ырдалып жатканы сизге жагабы?
— Мурда Венера Сатылганова ырдап жүрдү эле. Аныкы мага көп жаккан эмес. Азыр Жанетта Бобкова өз репертуарына кошуптур. Негизинен жакшы, эң негизгиси анда үн бар. Бирок, Жанеттанын аткаруусунда бир нерсе жетишпегендей сезиле берет. Эгерде, жан дүйнөсү менен берилип, эргип ырдаса мындан да сонун болмок.

— Айткандай, а сиз эң биринчи жолу ушул ырды ырдап жатканда эсиңизге эмнелер түштү эле? Ошондо сиз канча жашта элеңиз?
— Ал кезде мен 18 ге чыга элек болчумун. Азыр ойлосом, 18 жаштын эмне экенин элес албай, карылыктан кабарым жок, эч нерсени түшүнбөй эле ырдап жүрүптүрмүн. Көрсө, он сегиз жаш деген курак, кайталангыс жаш тура. Чиркин, ошол учурду кайра кайтарып ала турган болсо го… Жаш кезде эмне ыр болсо, ырдасам эле деп турган убагым экен. Улам жашың өйдөлөгөн сайын балалыктын, жаштыктын баркын түшүнөт экенсиң. «18 жашты» азыр ырдаган учурларда, мына ошол жаш кезегим, турмушка чыга электеги атама эркелеп, мойнуна оролуп жүргөн күндөрүм эске түшөт. Анүстүнө мен атамдын согуштан кайтып келгенден кийинки көкүрөк күчүгү болуп 1949-жылы төрөлүп, атам мени ченде жок эркелетип, оюм менен болуп өстүргөн эле.

— Демек, сиз үй-бүлөдө эң кенжеси болгон турбайсызбы?
— Ооба, дал ошондой. Тилекке каршы, азыр жакын бир туугандарымдан эч ким жок. Баарынын көзү өтүп кетти. Жалгыз өзүм калдым. Атам мугалим болгон. Балдар менен иштешкенди жанындай көргөнүн айтып калышчу эле. Согушка катышып келип, 101 жашка келгенде кайтыш болуп кетти.

— Эже, азыр көпчүлүк сиздин эмне менен алектенип, эмне иш кылып жатканыңызга кызыкдар?
— Негизи ардактуу эс алууга чыккандан бери эле үйдөмүн. Анда-мында гана чакыруулар болуп калганда жакшылыктарга барып ырдап калам. Үйдө, мени пенсияга чыгарган бешинчи кызым Айым экөөбүз турабыз. А бирок, балдарым, уул-келиндерим, неберелерим күнүгө үйгө келип турушат. 9 неберем бар. Аларсыз күнүмдү элестете албай калдым. Ошолор эмне кыл десе кылып, мектепте окуганы менен кошо сабак окуп, бала-бакчадагысы менен кошо чанага муз тээп ойноп, кээде мен да бала болуп кетем. Небере уулдарым мени кокус түшкө чейин көрбөй калышса: «Каякта жүрдүң, эмне кылып жүрдүң?» — деп суракка алышат. А эгер бир күн көрбөй калышса, анда трагедия.

— Небере өз балаңдан да артык болот деп коюшат го…
— Туура айтылган экен. Мен мурда ишенчү эмесмин. Небере жытын искеп, алардын кылык-жоругуна, булдурап сүйлөгөнүнө сүйүнүп, көзүңө өзгөчө көрүнүп калат экен. Бир нерсе болуп, атасы же апасы кагып же урушуп коюшса, жүрөгүм сыздап кетет. Неберелеримдин мага жакын болуп, эркелеп, жандарынан чыгаргылары келбегенин көргөндө, элжиреп жашып да кетем.

— Адамдардын эсинде кай бир окуялар, бактылуу көз ирмемдер түбөлүккө сакталып кала берет эмеспи. Менимче, сиздин жашооңуз да түрдүү кызыктарга бай болуш керек?
— Азыр бир окуя эсиме түшүп жатат. Биз мурун гастролго бир айлап, эки айлап вагондор менен чыкчубуз да. Бир сапар баламды таштаганга киши жок, өзүм менен алып жүрүүгө туура келди. Жолго бала киринткен таштегиңден өйдө көтөрүнүп, термоско чайды толтуруп алып жүрмөй. Азыркы Самара шаарына кетип бара жатканбыз. Вагондун тепкичинен бутум тайып кетип, калың байпагымдын бир жери эч нерсе болбой туруп, темир бутумдун этин кесип кетсе болобу. Улам токтогон жерибизден тазалап, таңып коебуз. Бутумдун шишигинен тапичкем батпай калды. Ошого карабай концертти дагы алып барып, өзүмдүн кезегим келгенде ырдап дагы жаттым. Сахнанын артына өтсөм балам чыркырап ыйлайт. Эмизейин десең жетишпейсиң. Анын үстүнө артист көйнөктөрүбүздүн боору да туюк болчу. Кийинки артистти чакыруу үчүн сахнага кайрадан чыккам. Сүйлөп жатсам эле элдин бары дуулдап күлүп башташты. Ичимден бушайман болуп, көйнөгүмүн этеги же дагы бир жерим туура эмес болуп калган окшойт десем, жок. Көрсө, балам менин артыман кошо чуркап чыгып, менин көйнөгүмдүн этегин кармап алып туруптур. Ошондогу уялганым түк эсимден чыкпайт.

— Артист көйнөк демекчи, ошол кезде сахнага кийип чыккан формага канчалык маани берилчү эле?
— Анда бизге форманы улуттук филармония тиктирип берчү. Гастролго чыкканда да атайын аялдардын кийимдери үчүн өзүнчө, эркектердин кийимдерин салчу ящик башка болчу. Бут кийимдердики да атайын жасалган эле. Аны Мария Голустовна деген алып жүрчү. Бул киши азыркыга чейин иштеп жүрөт. Ал эми, азыркы ырчылар өзүнүкүн өздөрү, каалагандай кылып кымбат баада тиктирип кийишет экен. А бирок, бир кийиминин акчасын алар бир эле тойдо актап алышат экен.

— Улуу муундун өкүлдөрү жаңыдан чыгып келе жаткан ырчылардын баарын эле тааный беришпейт, жактырышпайт дагы. Сиздин оюңуз кандай?
— Албетте, ырчыларыбыз абдан эле көбөйдү. Алардын ичинен колдоого татыктуулары да, татыксыздары да бар. Анткени, азыр ыр жаздырыш оңой эле болуп калган турбайбы. Созо турган жерден, үнү толук жетпей жатса, компьютер менен кошуп жеткизип коюшат экен. Анан кантип ырчы көбөйбөсүн. Жакында эле өзүм күбө болдум. Бир-эки сап ырдап жаздырып, тапшырып коюп, үчүнчүсүн кийин деп коюп кетип жатат. Ал студиянын шарты да талапка жооп бербейт экен. Илгери биз кыргыз радиосунун студиясына барып ырдачубуз. Ошол жерден обого берилип, «Алтын фондго» жазылчу эле.

— Жаңы жыл алдында уюштурулган «Жыл жаңырыгында» ырдадыңыз, ушундай концертти сагынып калган чыгарсыз?
— Ооба, сагынып каласың. Ырдагың да келип калат. Эми кудай буюрса, жакынкы күндөрдө дагы концерт берели деп даярданып жатабыз. Ага Эрмек Мойдунов, Алтынбек Сапаралиев, Гүлсүн Мамашева, Сабира Суранчиева ж.б. ырчылар катышат.

— Жаңы дагы башка ырларды жаздыруу оюңузда барбы?
— Мен ырдын маанисине абдан көңүл бурам. Көптөн бери Орозгүл Токторбаеванын аткаруусундагы «Сүйкүм элес», ошондой эле, Майра Керим кызынын «Дүйнөдө сени сүйгөн бир адам бар» деген ыры абдан жагып жүрөт. Телевизордон берип калса, кыздарымды «бол эле бол» деп жатып, соткасына жаздырып алып анан жаттап үйрөнүп жатам. Мурда бир-эки кайталап эле ырларды жаттап алчу элем. Азыр ыр жаттоо да кыйын болуп баратыптыр. Андан сырткары, мурда аткарып жүргөн Ырыспай агайдын обонуна жазылган «Сагынуу», «Түгөйүм», «Ак куулар сени сагынар», «Өзүңдү күтүп жүрөмүн», «Чагылган» ж.б. ырларды ырдайм.

— Улуу ага-эжекелерибиз суусап, чаңкап калган илгерки ырларды аткарып, элдин жарпын жазалы деген турбайсыздарбы?
— Ошондой. Менин тилегим, эли-журтка керек учурда керегим тийип эле турса экен. Кээде кызыма карап күлүп калам, канча өмүрүм калды экен деп.

— Өмүрүңүз узун болсун, эже.
— Атам да ушинтип: «Кызым, өмүрүң узун болсун», — деп көп айтчу. Анда мен, өмүрүм узун болбосо койсун. Кудай берген жашты жашайм да. Андан көрө ден соолугум жакшы болсун дечүмүн. Анткени, ооруп-сыркап балдарга күч келтирип узак өмүрдө жашагандын эмне кереги бар дейт элем.

— Ар дайым аман болуңуз. Сиздин угармандарыңыз, жалпы күйөрмандарыңыз сизди эч качан унутпайт. Алар сизди сагынат, күтөт, издешет. Бактылуу карылык каалайбыз.

Анара АРЗЫБАЙ кызы, «Кыргыз туусу» («Кыргыз гезиттер айылы»), 02.02.2010-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий