Тарыхый окуялар таасын баяндалган роман

Асанбек Стамов кыргыз чыгармачылыкта үйрөнчүк эмес. Башка бардык чыгармаларын коё салганда да бир эле «Жортуул» романын алсак, кыргыз тарыхый романистикасында да дагы бир жаратман бар экендигине окурман эчак күбө болгон.

Бирок, кыргыз болчу беле?.. «Эми ал бир түзүгүрөөк чыгып калган жаңылыштык.., анын үстүнө роман эмес эле аңыз-уламыштардын жамак-жыйындысы болуп калган. Асанбек деген элден эшиткенин тизмектей берген бир пенде да» дегенчелик кылып, XX кылымдын жазма кыргыз кара сөзүндөгү көрүнүктүү фигураны, өжөр жана мээнеткеч чоң жазуучуну кыргызча «талдагандарын» угуп туруп, ата-а силерге даба жок турбайбы деп баш чайкачумун.

Анан кийинчерээк Асанбек аганы жакындан билип-баалоого мүмкүндүк болуп, бул киши биздин профессионал адабиятыбыздын төгөрөгү төп келишкен зор фигураларынын бири экенине барган сайын ынанып баратам. Каны-жаны менен кыргыз топурагынан өнгөн, Кыргыз үчүн баарына кайыл патриот.

Улуу Түгөлбайдын Чогултур эрениндей кыргыздын бүт айла-амал, акыл, күжүрмөндүгүн боюна сиңирген көкжал берен. Балким дөөмамбет Бальзак иштегендир моминтип кажарлуу көркөм, же Толстойдун опсуз тарыхый таанымы жаралгандыр мындай көжөлгөн көктүктөн, а ким билет, айкөл Ауэзовдун «Абайы» — казак жолу көктөгөндүр ушундай убаралуу эмгектен, не касиеттүү Саякбай кайран катын Каныкейге кошулуп Тайбуурулду чапканда ушинтип кара көздөн жаш, кара бойдон тер кеткендир?! Неси болсо да Асанбек Стамов — үлкөн кыргыз жазуучусу, өмүрүнүн туу чокусунда орошон эрдик жасады. Ал эбегейсиз зор теманы — калмак-жоңгордун Чыңгызхандан кийинки бүтүн кыргыз-кыпчакка, түрк элдерине чыңырта жасаган эки жүз жылдык экспансиясынын урунттуу учурларын дөө-шааларча милдет-сапкытын желкеге так көтөрүп, нагыз эпостун деңгээлинде көркөм, батыл, баатыр салт-каада менен тартып берди. Баалап атышат кылымда бир жаралчу чыгарма деп, эпос деп, эл тарыхынын эсте каларлык кашкайган айкөл турпаты деп… Баары чын да, баары ырас, баары жарашат «Хан Тейиштей» кылымда, заманда бир жаралчу зор полотного.

Түпкүлүгү Чыңгызхан моңгол империясынын бир канатынан бутактанган, ойротто жок жоңгор-калмак атанып, эки кылым ашуун Борбор Азия мейкиндериндеги өтө күчтүү талаа империяларынын бирин түзгөн калмак бийлиги кыргыз, кыпчак, казак, тиягы түркмөн, каракалпакка чейин түрк баласынын пешенесине бүткөн шор болгон. Ооба, саны жагынан да, ээлеген орду боюнча да түрк элдери моңгол ордосунун сол канатынан таралган калмак дөөлөтүнөн кубаттуу болчу. Бирок акыркы ирет Амир Темир заманында бир кудуретин көрсөтүп, жер силкинте чаңырган Туран жолборсу Жаангердин өлүмүнөн көп өтпөй бытырап бөлүнүп баштап, ал дээрлик ушу күндөргө чейин уланып келет.

Олуя акын Нурмолдо айткандай түрк баласынын эң талуу жери — бейынтымак, бейтартип бытырандылык. Ал эми анын антиподу Калмак державасы — аз, бирок саз, түйүлгөн муштумдай бирдиктүү, ителгидей ыкчам, чыныгы согуш, талоон, каракчылык үчүн түзүлгөн мамлекет болгон. Анын үстүнө байыркы Көкөтеңир ишениминен тайып, ламаизм-буддизм динине өтүп кетиши да неофиттер катары калмак согушчандарынын пассионардуулугун күчөткөн. Темирдей тартип, жалаң согуш, жалаң басып алууга негизделген «согуштук коммунизм» саясаты — Жуңгар-Ойрот мамлекетин эки кылым ашуун Азия мейкиндериндеги каратажаал зомбулугун көтөрүп-көкөлөткөн шарттардын эң башкысы.

Эми романдын өзөгүндө жаткан учурлар менен каармандарга учкай токтолсок, ХVI-ХVII кылымдардагы кыргыз тарыхынын санжыра, уламыш, элдик дастан, аңыздарындагы жана азыноолак сакталган жазма булактардагы көрүнүктүү эл жакшылары — хандар, бектер, бийлер, билги даанышмандар, баатырлар, байлар, ырчылар, сынчылар дегендей, аккөз-каракөздүн тарыхы, иралды Теңиртоо, Алтай, Саян, Сибирь жердеген кыргыз-кыпчак ж.б. ондогон калктардын чулу тарыхы көз алдыңан агылып өтүп турат. Албетте, ал тарыхтын негизги өзөгүн кыргыз турмушу түзөөрү айтпаса да түшүнүктүү.

Эрдиги менен шердиги эпостогу каармандарга тең келген кыргыз-казак ханы Эңчегер бойлуу Эр Эшим эчендеген заман-доордо бир жаралчу тулпары Шарпкула экөбү; Кыргыз жердин эки канатынын эки тизгин, бир чылбырын колуна алып, кара калмак мүшкүл жоонун темирсел жапырыгын жалаң кыргыз ордосунун күчү менен бир токтотуп баатыр Хан, акылман Ажо катары тарыхта калган түбөлүк үлгү фигуралардын бири Хан Тейиш, түптүү элибиздин тарыхында дайыма журт уютаар, ордо түзөөр миссия менен жалпы кыргыздын куту уюлган алтын чөйчөк касиеттүү Сары Өзөндүн даркан эли Солтонун уулу Чаа бий баштаган Талкан бий, Кошой бий, Эр Солтоной, Ныша баатыр, Бишкек берен өңдүү арстандары; кырк атасынан бери кыргыз, түбөлүк Сакастандын бай Түгөлү баш болгон кылым санжырасына сиңген Саяктын дөө-шаалары; акылы менен парасаты, асылзада шерлиги менен рыцарь-манаптыгы бир Сарбагыш эмес, бүтүн Кыргыздын шаңына айланып, зоболосун түптөгөн, батылдыгы, шердиги, Азиз хандын Алмамбетинен кем сокпой, кыргызына кызмат кылган Оң-Солдун Баш бийи, даанышман Манап бий; элине кызмат кылам деп бүт өмүрүн жеке аялдык бактысы менен кошо сайып ийген, эрдиги менен шердиги Кабылан атаңы какыйлаткан Карачанын Кыз Сайкалынан ашса ашып, кем калбаган, мүмкүн жер тарыхындагы акыркы Улуу ургаачы жоокер-амазонка Кыз Жаңылдын тарыхы; дагы… Дагы көптөгөн улук-кичик пендезаттардын өмүрнамеси — ушунун баары жазуучу өзү айткандай, жалпы улуттук тагдыр-тарыхына карата зор сүймөнчүлүк, калыс-камбылдык менен жазылган.

Ар бир чыгармачыл инсан умтулган, ошентсе да түбөлүктүн кумай кушундай карматпай, жылдар-кылымдарда бир келчү сейрек Бакты үлкөн калемгердин үлүшүнө дал түшкөн экен деген жыйынтык келет «Хан Тейиш» романын калыс карап чыккан окурманга.

Мамат Болот, жазуучу, «Санат» улуттук көркөм федерациясынын башкы директору,
«Кыргыз туусу» («Кыргыз гезиттер айылы»), 02.02.2010-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий