«Ала-Тоо артындагы сый-урмат»

Сооронбай Дыйканов, Эл аралык Айтматов фондунун РФ боюнча филиалынын жетекчиси менен маек.

Сооронбай мырза менен кокусунан жолугуштук. Сүйлөгөндөрү орундуу, кайсыл бир учурларда алдыңда кадимки Чынгыз ага олтургандай таасир калтырат. Бул да болсо Сооронбай мырзанын улуу жазуучудан алган алты жылдык таалимдин таасири болсо керек. Эгер Сооронбай мырза болбогондо Айтматовдун фондун бизден биринчи ала топучан туугандарыбыз ачмак экен. Эмесе бул туурасында анын өзүнөн угалы.

Сооронбай мырза, алты жыл биздин сыймыктанып айтаар кеменгер инсаныбыз, улуу жазуучубуз Чынгыз Айтматовдун жанында жардамчы болуптурсуз. Мындай учур бардык эле адамдарга бериле бербесе керек?..
— Туура айтасыңар.

Сөз учугун алгач сиздин өзүңүздүн орус жергесине барганыңыздан баштабайлыбы? Анткени Айтматов менен да ошол жакта биринчи таанышкан экенсиздер…
— Мен Кыргызстанда 17 жыл жашасам, андан кийинки жылдарымдын көбү ошол жакта өттү. Москвага окууга кетип, окууну аяктагандан кийин ал жакта калып калдым. Москвада 18 жыл жашадым. Эл-жерди сагынган көп учурлар болду. Бир жылда араң бир ирет, 24 күнгө гана туулган жерге отпускага келесиң. Ошондо да убакыттын кандай өткөнү билинбей калат. Элде-жерде эмне жаңылык болуп жатат деп көксөгөн күндөрдү азыр эстеп баш чайкап калабыз. Азыр болсо маалымат талаасына кирүү абдан оңой болуп калбадыбы. Интернет, гезит-журнал, андан тышкары элдин тынымсыз агылган турмушу бар дегендей.

Ушунча болду бир кичинекей маселени айта кетейин. Биздин элдин наркы, салты башкача, терең. Андай тереңдик биздин гана элде бар. Ошол тереңдикти сактап калууга салымыбызды кошолу, биздин эл дагы жакшы жашаганга укугу бар деген ниетте Мосвадагы мекендештер биригип «Кыргыз биримдиги» деген уюм түзгөнбүз. Андагы патриот жигиттердин баары элге жардам кылалы деп белсенгендер. Чогулуп, крулуш материалдарын саткан бизнес уюштуруп, анан ар бирибиз туулган айылыбыздагы коңшуларыбыздын бирден баласын Москвага алып кеттик. Кытайлардын философиясы тереү бир сөзү бар эмеспи. «Балык менен тойгузганча балык кармаганды үйрөтүп кой» деген. Ошол принципти колдондук. Алар дагы бизге окшоп, ата-энесине акча жөнөтүп, бирден машина алып , айтор биздин айылдагы өзгөрүүлөр көзгө көрүнүп калды. Ушул кичинекей матрицаны Кыргызстанга да колдонсо жылыш болмок деп кээде ойлонуп калам.

Москвада алгачкылардан болуп түзүлгөн уюм бул жогоруда айтып кеткен «Кыргыз биримдиги» уюму. Анын түзүлүшүнө Үсөн Сыдыковдун эмгеги зор деп айтаар элем. Кийин «Ала тоо», «Манас уюму» ж.б. деп ар кандай уюмдар түзүлүп кетти. Негизи ар бир топтун өзүнүн багыты болсо бу да жакшы. Бара бара ал деле биригет. Уюмдар көбөйүп кеткендигине байланыштуу былтыр бир кординациялык уюм түзүлдү.

Башка элчиликте өзүнүн жарандарын биринчи кабыл алып, өзүнүн жаранын кор кылышпайт деген маселелер да көтөрүлүп жатып, азыр кыргыз элчилигинде ошондой иштер башталып калды. Мунун баары биздин көз алдыбыздан өткөн иштердин жыйынтыгы болсо керек. Мен албетте, Россияда бир топ жылдык өмүрүмдүн өткөнүнө өкүнбөйм, тескерисинче зор канагаттануу менен ошол жакта иштегенимдин аркасында Чынгыз ага менен таанышканыма ыраазымын.

Ал эми Чынгыз Төрөкулович менен таанышып калуумдун жөнү мындай.

2003-жылы Кыргыз мамлекетинин маданият күндөрү Москвада өтпөдүбү. Күз маалы эле. Биз дагы ал маданият күндөрүнө катышып калдык. Ага Чынгыз Төрөкулович да келди. Москвадагы Ленин атындагы эң чоң библиотекада Ч.Айтматовдун автордук кечеси өттү. Ал жерде өтө атак-даңкы дүйнөгө тараган гана инсандарга уруксат берилбесе, жөнөкөй адамдарга оңой менен уруксат бере беришпейт. Орустар Чыкемди ушунчалык сыйлагандыктан, Чыкемдин өзүнүн гана адамдык сапаты эмес, адамга кылган мамилеси ошого туура келгендиктен, ал кишинин автордук кечесинин ошол жерде өттүүсүнө шарт түзүп беришти. Бир топ делегаттар бар экен. Алардын арасында Өзбекстандан келген өкүлдөр да болду. Эми бул жерде өзбек туугандар мактанчудай деле маселе бар. Анткени, ал кишинин 7 томдук китеби Ташкентте басылып чыккан экен. Ошону желек кылып, өзбек туугандар сахнага чыгып алып, мына китеби чыкты ж.б. деп бакылдап калышты. Бери жакта олтургандары бул Өзбекстанбы же Кыргызстанбы деп таң калгандай эле болду. Анысы аз келгенсип, «Биз фонд ачабыз» дегенде биздин да намысыбыз ойгонуп, Чыкеме мен сүйлөшмөй болдум. Ыңгайы келе калганда «Чыке, биз, кыргыз жигитери, сизди Москвада коштоп жүргөнгө, эгерде сиздин фонд ачыла турган болсо анын иштерин аткарганга, Кыргызстанды дүйнөгө тааныткан сиздей адамга кызмат кылганга ар убакта даярбыз» десем, «Ой кудай жалгасын, силер мени колдосоңор батамды берейин» деп биздин сунушубузду кабыл алып калды. Ошол кечеден баштап Чыкемди кыргыз балдар жандап калдык. Кечеден кийин дароо эле чоң драм театрында атайын расмий чоң кече болду. Ал кездеги РФнын президенти В,Путин сахнага чыкты дагы кагазды алып, окуп, «Дорогой наш аксакал Чынгыз Айтматов» деп баштады. Анан колундагы кагазды коюп туруп, «Бир жагынан президентиңер оратор, экинчи жагынан Чынгыз Айтматов кыргызды дүйнөгө дүңгүрөтүп жатат. Ошол киши турганда баарыбыз кол чаап аны тосуп алалы» деди. Болбосо президенттер турганда президент менен гана сүйлөшүү өтөт эмеспи. А дайыма Чыкем турган жерде протокол бузулуп, аны түшүнгөн инсандар гана ошондой деңгээлде расмий кечелерди өткөзүп келди. Бул биз үчүн да чоң сыймык болду. Анткени бул чоң театрга россиянын бүтүндөй каймактары, бизнес элитасы, саясий элитасы келди. Алардын баарын тикесинен тик тургзуп, кол чаптырды.

Орустардын да маданияты өтө тереү. Мен-мен деген улуу инсандары бар. Алардын өздөрү туу чоку катары көргөн Чехов атындагы эл аралык театр фестивалы бар. Ошол фестивалды жетектегени алар өздөрүнүн арасындагы инсандардын бардыгын карап көрүп, бирок «Айтматов бар кезде биз ал жерге олтурууга татыксызбыз, Айтматов бизден улуу» деп маданияттын туу чокусуна Айтматовду коюп, бир топ мезгилге аталган фестивалды ал киши жетекчилик кылды. Кинофестивалдарда дагы өздөрүнүн өнүккөн Михалков сыяктуу атактуу инсандары бар. Михалков дагы жетекчиликти Айтматовго берген.

Дегеле Чыкемдин башка улуттардан да дос күтүп, сый-урмат алган жагына көп күбө болдум. Грузин элинин улуу инсаны Зураб Константинович Церетели да көркөм академиянын өмүрү өткөнгө чейинки жетекчиси. Ал дагы бүтүндөй Москванын борборунда Россия, анан Грузиянын элитасын чогултуп калды. Сөз «Улуу урматтуу Зураб Константинович» деп башталганда эле акырын токтотуп, «Менин урматтуу конокторум, менин жанымда улуу жазуучу Айтматов олтурганда биринчи сөздү бул кишиден баштагыла. Айтматов мен сыйлаган киши. Алдын ала баардыгыңыздардан таазим этип суранам» деди. Кече башталганда дагы бир грузин тараптан улуу өкүл өзүнүн жердешинен сөз баштады эле аны дагы токтотуп, «Менин жердештерим үчүн да чоң сабак болсун» деп айтты.

Кечиресиз, акыркы жылдары Чынгыз ага Европада жашап жүргөндө да сиз жанында чогуу болдуңузбу?
— Жок, бирок, ал киши Россияга келгенде ар дайым мен коштоп жүрчүмүн. Эми Чыкем туурасында мен көп нерселерди айтып берүүдөн эч бир тажабасам керек. Ал кишинин баскан-турганы, сүйлөгөнү мени ар дайым көп нерсеге шыктандырып турар эле. Айтматов келди дегенде кайсыл гана элчилик болбосун мейманканадан атайын бир номерди даярдатып, кош колдоп күтүп алышчу. Казактардын да, армияндардын да Чыкемди катуу сыйлаганын Москвадан көрдүм. Чыкем бир топ жогорку окуу жайларында ардактуу доктор болчу. Ардактуу докторлорго ар бир окуу жайда атайын шарттар түзүлүп берилет экен. Таң калганым, Чынгыз Төрөкулович андай бекер мейманканаларга көп токточу эмес. Өзүбүздүн кыргыз элчилигинин мейманканасына барып эс алчу. Мен ичимден ушундай сонун, люкстарга түнөп, эс албай, эмне үчүн эски, тейлөөсү да начарыраак биздин элчиликке барат деп таң калчумун. Көрсө бул улуу көсөмүбүздүн патриоттуулугу экен. Кызыгы кыргыз элчилигине барганда ар дайым акчасын төлөчү. Бир ирет Чынгыз Төрөкулович мейманканадан чыгып баратса ошол жерде иштеген кызматкерлер акчасын төлөңүз деп, ал турсун тамакты номерге алып баргандыктары үчүн алына турган 10% акыны да сурашты. Биз уялганыбыздан жерге кирип кете жаздадык. Анткени, башка улуттар бекер мейманкана, бекер тамагы менен күтүп келтире албай жаткан Чынгыз Айтматовду өзүбүздүн элчилик мейманкана үчүн акча төлө деп жатса кандай уят нерсе. Жөн эле коюңуз дедик дагы ал акчаны биз төлөп койдук.

Бир ирет Чынгыз Төрөкуловичтин өзүнөн эмне үчүн шарты жок болсо да кыргыз элчилигине барасыз деп кызыгып сурап калдым. Анда ал шашпай гана «Чынгыз Айтматовго жолугууну каалаган элчилер кыргыз элчилигине келсин. Элчилике келгенде алар биздин жарандар менен, биздин жарандар алар менен таанышат. Анан кыргыздардын +зүнүн эли, жери бар экен, өздөрүнүн желеги бар экен деп таанып билет» деди. Көрсө башка улуттардын алдында кыргыз элинин да орду чоң экендигин айткан тура. Ушундан улам «Колдо бар алтындын баркы жок» деген кыргыздын макалына дагы бир ирет тан бердим. Дагы бир кызык окуя, Россиянын мурдагы Адилет министри, азыркы генералдык прокурор Юрий Чайка Чынгыз аганы кабыл алып калды. Ким билсин балким ошол эле учурда кое коюштубу же мурда эле коюлганбы айтор, китеп текчесинде Айтматовдун чоң жети томдугу турган экен. Сөз арасында ал киши «Сиз чыгармаларыңызда элеттик турмушту так, туура жазгансыз. Чыгармаларыңыз мага ар дайым дем берип турат. Сиз баланчанчы китебиңиздин баланчанчы бетинде моминтип жазгансыз» деп сөзмө сөз айтып калды. Ошондо Айтматов ыраазы болуп, «Менин азыр эсимде жок эмне жазганым. Сага ырахмат ошону мага эстетип койгонуңа» деди. Көрдүңүзбү?

Чынгыз Айтматовго убагында президенттик деле сунушталыптыр. Бирок, Чыкем эл-жерди кыдырып, элге андан да көп пайда кылайын деген.

Айкөл кишилер гана бийликтен баш тартып, элдин пайдасына иштеген. Улуттук баалуулуктарды сактоодо Чыкемдин чоң салымы бар. Ал киишнин дүйнөлүк ири уюмдардын алдында авторитети болгондуктан көп жардамдар ошол киши аркылуу келгендигин да айтып коюш керек.

Айтматовдон сиз өзүңүзгө эмне алдым деп ойлойсуз?
Ал кишиден көптү үйрөндүм. Экөөбүздүн ортобузда ата-баладай мамиле болду. Мени Соке дечү. Москвадагы РФнын Президенттик иш башкармалыгынын алдындагы Назарьево өкмөттүк санаторийинде иштедим. Чыкем келгенде жандап жүрөм. Коллективиме рахмат, мени түшүнүп, Чыкемди сыйлап, ал киши келген мезгилде коштоп жүрүү үчүн мага жумуштан уруксат беришти. Өзүмө тийиштүү жумушту кандай кылам десем, «Сиз иштериңизди баары бир аткарасыз. Айтматов Россияга келип кеткиче жанында болосуз» дешти. Бир ай болсо бир ай коштоп жүрдүм.

Бир жолу Брюсселден түнкү саат экиде телефон чалыптыр. «Соке, мен бир нерсеге такыр түшүнбөй койдум. Сен эмне үчүн мага жардам берип жүрөсүң?» деп сурады. Сиз бүтүндөй дүйнөгө таанымал улуу адам болсоңуз сиз Россияга келгендеги менин жардамым эмне болмок эле. Сизге жардам берүү мен үчүн сыймык да десем, и деп коюп койду. Кийин дагы телефон чалып ушинтип сурады. Дагы баягыдай жооп бердим. Үчүнчү жолу телефон чалып алып, «Соке, мен баягы сенин мага жардам берип жүргөнүңдүн себебин таптым» деди. «Менин чоң энем түшүмө кирбесе мунун жообун дагы эле тапмак эмес экенмин. Көрсө чоң энем сен аркылуу мага жардам берип жүргөн тура » деди. Ал кишинин чоң энеси да мен туулуп-өскөн Аксыдан болот тура.

Чыкем каза болгондон эки ай мурда өзүмдүн атамдан айрылып калдым. Атаны жоготуу абдан оор болот экен. Чыкем жаныма келип, «Соке, атаны жоготуу абдан оор нерсе. Мен сага ата болоюн. Сен мага бала бол» деп айтып, төө көтөргүс кайгымды бөлүштү.

Маектешкен Аида НАДЫРБЕКОВА, «Асман.kg» (“Кыргыз гезиттер айылы”), 04.02.2010-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий