Олуя Калыгулдун болочок заманга кайгуул салганы

Бүгүнкү Түркстан аймагындагы табият жана рух экологиясынын чоо-жайына тагалап караганда, аргасыздан Калыгулдун болочок заманга кайгуул салып, алдын ала айткан олуя божомолу эске түшөт. Калыгул көрөгүчтүн айтып турганы бул:
Калк кысылар,
Заманың бузулар,
Тоо токол болор,
От чыкпай жериң такыр болот,
Ошол заман жакын болор.
Карыядан каада кетер,
Уулдан урмат кетер,
Келиниңден келбет кетер,
Кыздан кылык кетер,
Атанын тилин уул албас,
Аганын тилин ини албас.

Ой кетет, Калыгул ушул болочок божомолун эмнеге негиздеп айтты болду экен? белгисиз күч түшүнө аян бергенби, астыртан кулагына шыбыраганбы? Же болочокто болор ишти тубаса көрөгүчтү, гениалдуу интуициясы менен туюп койгонбу? Же Ислам дининдеги «акыр заман» идеясынан чыгып, ой жоруганбы? Болбосо, европалык цивилизациянын, христиан баскынчыларынын Борбордук Азияны карай жутунуп келаткандыгын көрүп туруп, ошо чоочун циаилизация менен кездешкенден кийин Алатоо аймагында не болуп, не коёрун алдын ала көрүп, болжол кылганбы? Киши баласынын жаратылышы татаал, карама-каршылыктуу го. Көрпенденин ичинде терс башталма да, оң башталма да, периште да, шайтан да отурат деп келатышпайбы. Акылман Калыгул кишинин ушул карама-каршылыктуу түпкүрүн шыкаалап көргөн белем. Анан бара-бара жанагы ичтеги шайтандын арааны көбүрөөк ачылып, өз тулкусунда отурган өзүмчүл, кара жемсөө, аргессивдүү инстинктердин, чек билбеген каалоо-кумарлардын жетегине түшүп, кутурган шайтанын ооздуктоого күчү жетпей, ошол алсыздыгынын айынан жүрө-жүрө пенде заттын бир балээге кабылаарын Калыгул атабыз күн мурун алдыртан баамдап койгонбу?

Эмнеси болсо да, илгерки Калыгулдун келечекти жоруп айткан сөзү бүгүн чынга чыгып отурат. Түркстандын жаратылышын, экологиясын эле алалычы. Талааң такыр болбой, тооң токол болбой эмне болду? өзүбүздүн аймактан чыгып, тетигиндеги Арал деңизинин тагдырына эле көз чаптырып көрөлүчү. Эмне деген тозок, эмне деген трагедия.

Чынында эле, Калыгул айткандай, жерибиз такыр, заманыбыз акыр болуп турат. Ал эми аймагыбыздагы рух экологиясы, адамдардын адеп-ахлак саламаттыгы кандай болду экен? тышыбыз бузулса да, ичибиз аман-эсен болгой эле. Тилекке каршы, ички экологиябыз дагы жетишерлик булгангандыгын моюнга албаска чара жок. Албетте, калайык-калкыбыз адеп-ыймандан түгөл кол жууп, үйүн шайтанга толук ээлетип ийди дегенден алыспыз. Түптүү элибиздин рух казынасында түптүүадеп-ахлак нарктары түгөнүп, соолуп калган жок. көрөңгөбүз жоголгон жок, бар. Бирок ошондой болсо да, ичибизде пайда болгон рухий «чернобылды», рухий «аралды» эч убакта тана албайбыз. Ошондой кыргызды каптаган кыяматтын айрымдары — аракечтик, баңгилик, коррупция, ата-энени карылар үйүнө өткөрүү, кээде өлтүрүп коюу фактылары.

кыргызда-аял үйдүн куту деген сөз бар. Алатоодо кыз бала, аялзаты ар убакта сулуулуктун, аруулуктун, тазалыктын, адеп-ыймандын символу катары эсептелип келген. Кыздык кырк чачы улуу деп кыргыздар кызды сыйлаган. Биздин ак элечек ургаачылар дайыма ошондой сыйга жана ишенимге татыктуу болуп келишкен. Ал эми азыр абал кандай? Абалдын жаман жагына өзгөргөнүн күндөн-күнгө ачыкка чыгып, көбөйүп бараткан жийиркеничтүү сойкулуктун өзү эле көрсөтүп турбайбы. кыз-келиндердин арасында өсүп жаткан ар кандай кылмыштуулукту айтпай эле коёлу. Акылман Калыгул божомолдогондой, бүгүн кемпирден каада кетти, келинден келбет кетти, кыздарыбыздан кылык кетти, карыядан каада кетти.

Жакшылап үңүлүп карап көрсөк, Калыгул улуу моралист болгон. Ал кытайдын Конфуцийи сыяктуу эле жамааттагы, коомдогу туруктуулукту, бекемдикти, бейкутчулукту мал-мүлк, дүнүйө-оокат, байлык эмес, мораль, наркы бийик аруу адеп-ахлак сактайт деп эсептеген. Ал заманда мындай ишенимге бир жагынан негиздер болгон. Кандайча? Төмөнкү жагдайга көңүл буралы. 1855-жылы Жети-Өгүздө туулган Талып Молдо Кыргызстан Россиянын курамына кире элек кездеги ак калпак журттун адеп-ахлак ал жайын мындайча мүнөздөгөн: «Ал кезде элдин кылык-жоругу, адаты бузулбаган табигый абалда эле. Жалган сөз айтуу, бирөөгө кыянат кылуу, убадасын бузуу, бузуктук иш кылуу, уурулук кылуу өлүмдөн жаман. Ошондой жагымсыз иш кылган кишини катын-балага чейин жаман көрөөр эле. Эл куулукту билчү эмес. Ал убактагы журттун бай-жардысы, кары-жашынын баарысынын барга-жокко канагат кылуусу. Бир кишинин буйругунда ынтымактуусу. Көчсө, консо бүтүн журт бүт козголуп, киши, кишинин чычкак улагын таштабай чогуу алып жүрүшү. Жарды-жакырга жардамдуусу. Конокко, мусапырга сыйлуусу. Зарыл болгондо колдо барын аябай жоомарттыгы. Ырчыга тогуздап бергени. Сен бай, жарды дебегени. Ач көздүгү. Ачкага аш, жылаңачка тон, жөөгө ат аяба деп, четтен жөө келген календер болсо түшүп атын бергени. Жоого өлгөнчө кайраттуу эрдиги. Элдешкен журтка бир туугандай ынтымагы. Бузук кылганды тыйганы. Чын сөздүүсү. Тили буруу болбо, Ата-бабаъдын тилин бузба, кийимиңдин түрүн бузба деп өз улутун сактаганы. Айла-алдоо не экенин билбеген. А эгер бир кишиден, эркек же ургаачы болсун, жогорку айтылган жакшы сапаттардан бир кемчилик көрсө, баарынан жаман иши билинсе, бардык журт өмүрүнчө, ал ант ичсе да ишенбегени. Мына ушуларга окшогон жакшы кылык-жоруктарын айта берсем сөз узарат» (Талып Молдо. Кордолгон заманда. «Ала Тоо», 11,127-бет).

Талып Молдо сүрөттөгөн ушул нраваларды көз алдыга элестеткенде, япондук режиссер Акира Куросаванын «Өткөн тарыхты карап арылаган сайын адамдар ошончолук ири, нравалуу, алар бизден жакшыраак» деп айтканы эске түшөт. Ырасында эле, бүгүнкү цивилизациянын кунары, берекеси кеткен моралына караганда, көрүнүп тургандай, илгерки чоң энелерибиз менен чоң аталарыбыздын адеп-ахлагы кандай салмактуу жана нарктуу болгон. Дүйнөнү бир катар атактуу ойчулдары табият менен биримдикте жашаган ушу кыргыздыкындай илгерки коомду адамзаттын кайрылгыс болуп өтүп кеткен «алтын кылымы» деп да аташып, ал кездеги рух-ыймандын татыналыгына суктанышып, кээде «Алтын кылымды карай артка!» — деп ураан ташташканын да эске түшүрөлү. Маселен, француз философу Жан Жак Руссо акча-товар мамилелерине негиздеоген буржуазиялык прогресстин доорундагы адамдардын баюу үчүн пайда, пайда, акча, акча, байлык, бийлик деп араанын ачып акактаган алдым-жуттум жорук-жосунуна, кооз чүмбөткө жамынган эки жүздүү, жасалма жүрүм-турумуна, эгоизмине жана башка нравалык илдеттерине караганда жаратылыштын кучагындагы цивилизация бузбаган табигый таза, жөнөкөй адеп-ахлактын кыйла эле өйдө турган артыкчылыгын туюп, аны жогору санагандыгы белгилүү.

Ырас, ашыкча кеткен да болбос, каранын ичинде ак бар, актын ичинде кара бар дегендей, анткен менен Талып Молдо баян кылган тарыхый доордун да өз бөксөлүктөрү болгон. Коллективисттик принципке негизделген ал кездеги жашоонун маселен, бир эле «адам укугу» «инсан суверенитети» өңдүү категориялар менен ойлонбогондугун эске алсак, ошол замандын өксүк жактары да акырындап «куралданган көзгө» ачык болуп чыга келет. Бирок, анткен менен моралдык кризиске тушуккан капиталисттик коомдун коммерциялашкан нраваларына караганда, Талып Молдо айтып отурган кечөөкү көчмөн жамааттын рух-ыйман, адеп жагынан омоктуулугу, артык сапаттары көрүнүп эле турбайбы. Бекеринен бүгүнкү акын төмөндөгүдөй деп күйүп-бышып жазып жатпаса керек:
Айтчы мага ачык сырың прогресс,
Калыс болсун экөөбүзгө акыл-эс.
Синтетика деген сенин дүнүйөң,
Артык неси ак коюмдун жүнүнөн?
Неси жакшы сенин цемент тамыңдын,
Күн жыттанган кыргыздын боз үйүнөн?
Кулак жарган музыкаңдан тажадым,
Айланайын комузумдун үнүнөн.
Миң эсе артык белдердеги бетегем,
Шаардагы жасалма өскөн гүлүңөн.
Айлансынчы, акылды алган арагың,
Бабам ичкен ак боз бээнин сүтүнөн.
Жерге-сууга зыян кылбай жашагам,
Акыл сурап табияттын өзүнөн.
Неге кеттим киргил аккан дайрага,
Журт которуп ак булактын көзүнөн?
Карайлычы кечөөкү өткөн бабама,
Өмүр өткөн ак боз үйлүү айылда.
Азга сабыр, барга топук кылган да,
Майдаланбай күн кечирген жай гана.
Кези келсе үйүн, биртке оокатын,
Кете берген ат-төөсүнө артына.
Ден соолугун, ак жоолугун байлык деп,
Жашай билген жетип өмүр баркына.
Атаң көрү бу опосуз дүйнө деп,
Кызыкпаган акча менен алтынга.
Кызыккан ал адеп-ахлак наркыңа,
Бекем турган адамчылык шартына.
Ажал келсе кете берген акырын,
Ыр, дастанын таштап сүйгөн калкына.
Мындай жашоо өзүнчө бир жол тура.
Терең маңыз, бай мааниге толтура.
Мына көргүн: көчмөн философия!

Эмесе, буга келели. Сөз башында суроо койдук эле, дагы собол коюп, конкреттүүрөөк жооп издейли. Келечекти болжоп айткан, олуя Калыгул өз кезегинде, азыркы тил менен айтканда, цивилизация бузбаган ата-бабалардын ошондой таза адеп-ахлагынын, тоо арасындагы бейпил жаткан нравалардын күндөрдүн бир күндөрүндө бузулушу мүмкүн экендиги, өзү айткандай «тоонун токол болору, карыядан каада, уулдан урмат кетээри» жөнүндөгү ойго кандайча келген? Мунун реалдуу турмуштук-социологиялык себептери болгонбу же элде айтылып жүргөндөй, акындын ийнинде отурган айтып берүүчүсүнү жасаган ишиби?

Маселенин жөнүн момундан көргөнүбүз оң. Алатоону аралап өткөн Улуу Жибек жолу менен жүрүп, узун элдин учуна, кыска элдин кыйырына барган кербендер, саякатчылар, соодагерлер аркылуу кыргыздын узун кулак адамдары дүйнөнүн ыраак-жакын аралыктарында өтүп жаткан окуялардан, коомдук-саясий, социалдык-экономикалык процесстерден анча-мынча, учкай, үстүрт болсо да кабардар болуп турган. Калыгул чечен жашаган тарыхый мезгилде кыргыз-казак ичинен Орусияга каттаган адамдардын саны акырындап арбый баштаган. Бир сөз менен айтканда, алыскы-жакынкы христиандык аймактардагы экономикалык-маданий, техникалык прогрестин жетишкендиктеринин айрым оң жана сол жактары, ал тараптагы нравалардын абалы жөнүндөгү кабарлар жалпысынан айың кеп, аңыз сөз, көргөн билгендердин жомоктоп айтканы катары Түркстан чөлкөмүнө, анын ичинде кыргыз жергесинде да үсүл-кесил болуп жетип турбай койгон эмес.

(Уландысы бар)

Советбек БАЙГАЗИЕВ, «Ачык саяса» (“Кыргыз гезиттер айылы”), 04.02.2010-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий