Бурул Жакеева, оймочу: «Казактар, орустар оюуну сат, «биздики» болсун деп келишет»

Бурул эже , айтсаңыз, бул өнөргө кызыгып калууңузга нелер себеп болду?
Кичинемден эле кооздукка, өзгөчө бир сулуулукка кызыгаар элем. Апам оюуну жакшы ойгон уз. Ага оюу ойдурганы келгендердин оюусуна кызыгып, ар биринин кайталангыс, көркөмдүгүнө кызыкчумун. Кайталангыс оюуларды үйлөрүнө алып кетишчү, мен аларды кайра көрө албагандыгыма кейичүмүн. Бир жол менен гана ал кооздукту, өзгөчөлүктү сактап калса болот экен деген ойго келдим. Апама кагаздан оюп бериңиз деп, мажбурлап ойдуруп, кагазга чаптап алаар элем.

Кээде 2 суткага чейин оюу кесип отура берчүмүн. Кийин альбом чыгарыш керек деген ой келди. Убакыт болсо өтө берет экен. Турмушка чыгып уулдуу болдум, анан ал 3,5 жашка чыкканда ага да үйрөтө баштадым. Алгач аны алаксытыш үчүн көрсөтчүмүн. Мен кескенде кошо кесем деп кызыгып сурай баштады. Кагазды бүктөп туруп чийип берип койчумун. Кесип бүткөндө ачып көрсөтсөм аябай сүйүнчү. Дагы оюу кесели деп сурайт, анан кагаздан бүктөп, көп оюуларды, жаныбарларды чийип берип койчумун. Ойлосом ошондо балам экөөбүз бири бирибизди шыктандырыптырбыз. Көргөндөр таң калышчу, кантип 4 жашар бала оюу кессин деп. Байкасам, кичине тургай чоңдордун оюу кесе албагандары болот экен. Бала 4-5 жашында кайчы кармай баштаганда эле үйрөтө баштаса болот. Ошондо балдарга үйрөтүү үчүн китепке оюуларды даярдадым. Каражат болсо мектепке чейинки, кенже мектеп жашындагы балдар үчүн атайын оюулардын кесилиши тууралуу китепче даярдагам. Болгону каражаттын жетишсиздигинен жарык көрбөй турат.

— Кыргыз оюусу улуттун келечеги эмеспи, мамлекетке жардам сурап кайрылбадыңызбы?
— Кайрылгам, азырынча жооп келе элек. Оюу боюнча болгон китептин баары менен таанышып чыгып, оюу өнөрүнө чоң жаңылык киргизиптирмин деген чечимге келдим. Бул негизсиз мактаныч эмес. Чынында жөнөкөй оюуларды Садыбакас Кадыралиев менен Шакен Мамбетаипова экөө гана кичине өнүктүрүптүр, алардан башкалар жаңылык киргизгени жөнүндө маалымат тaппaдым. Албетте, менин энеме окшогон тубаса таланттар кыргызда толтура эле болсо керек. Бирок ошолордун өнөрүн барктап, эч ким элге жайылтпаптыр. Ал эми оюунун түрлөрү, философиялык мааниси жөнүндө билген адамга азырынча жолуга элекмин. Көрсө, дээрлик жүз жылдан бери көп түрлөрү өнүкпөптүр. Билим берүү жана маданият ишмерлери кыргыздын көркөм-прикладдык жалгыз өнөрүн өнүктүрүү жана жайылтуу керектигине маани бербептир десем болот. Кыргыздар өз элинин оюуларын түшүнбөйт, аларды азыр туристтерге сатып, акча табуу үчүн эле пайдаланылып атат. Бүт дүйнө элдеринин оймо-чиймелерин изилдедим, кыргыз оюусундай терең философиялык мааниси бар жана өзүнөн-өзү туруп эле аябагандай кооз оюулар башка элдерде чанда эле жолугат экен…

— Кыргыз үчүн оюунун чоң мааниси бар да?
Биздин кайталангыс тарыхыбыз сыяктуу эле оюулар да кыргыздын кыргыз экендигинин бир белгиси. Оюуларыма автордук күбөлүк алып койгом. Россиядан, Араб Эмираттарынан, Казакстандан кардарлар келип, «оюңду сат, казактыкы, орустуку болсун» дешкен. Бирок кыргыз болуп туруп, кыргыздын бир капшытын же кайталангыс көркөмдүгүн саткым келбейт.

Оюу кыргыздардын үйлөрүндө илинип турса деп тилек кылам. Себеби, мээге маалыматтын 90%га жакыны көрүү сезими аркылуу келет. Ал эми азыркы үйлөрдө чет элдик килемдер, обойлор, эстрада жылдыздары… Алардын энергетикасы кыргыз оюсунда жаткан Манас Кутунун деңгээлине кичине да жакындабайт.

— Сиз менен баарлашып отуруп, Манаска басым жасаганыңызды баамдадым.
— Мени кыргыз кылып жаратып, «Манас» угузган Кудайга ыраазымын. Таятама, апама, өзүмдүн жан койбогон тентегиме ыраазымын. Себеби, таятам Маразыков Ырсаалы «Манас» адеп чыкканда айылы Тасмага (Түп району) биринчи болуп эки томун апкелген күндөн баштап, күнүгө бүт айылдын карылары чогулуп келип «Манас» угушчу экен. Апам биринчи класстан баштап окууга тапшырганча элге «Манас» окуптур. Бактылуу экен деп ойлойм, анткени, бир айылдын жөнөкөй адамдарынын баатыр Айкөл атабызга, Алмамбет, Каныкей, Кошой, Бакай, Сыргактарга жана эпостогу канчалаган окуяларга суктанып, бирде ыйлап, бирде күлүп, каармандар менен чын ниетинен эл тагдырын ойлогон аурасында ошончо жылдар бою жан азыгын ыйык улуу «Манас» аркылуу алган экен. Жетиге чыкканча мен да ошо чөйрөдө өскөм. Ал жогорку сапаттагы энергиялар анан акыры жаңы оюулар болуп калыптаныптыр. Азыркы кыргыздарга ден соолук керек болсо, балаңар илим-билимге жөндөмдүү, үй-бүлөңөрдө ынтымак, эл ичинде биримдик болсун десеңер «Манас» окугула деп айтат элем. «Манас» бизге алас. Кудай бекер берген эмес да. Себеби, «МАНАС»=МАН (МЕН)+АС (ЭС). МЕН деген ЭСмин, убактылуу денени кийип жүргөн түбөлүктүү жогорку Акыл-Эсмин (МАНАС санскриптте да Жогорку Акыл-Эс дегенди билдирет), ошону эстеп жүргөн жүрөгүңдөгү Эсмин дегенди билдирет деп эсептейм. Кыргыз элинин МАНАС-МЕН ЭСи бардык замандарда бизге: «Сен кыргызсың, кырып жок кылууга мүмкүн болбогон түбөлүктүү Жогорку Акыл-Эссиң, ошого жараша жаша, жалган дүйнөгө берилбей», — деп келатпайбы. Илгерки эң эле жөнөкөй оюуларыбызда дагы ушул маалымат бар. «Манас» керек кыргызга. МАНАС жогорку энергия.

Оюу чийиш үчүн кайсы учурда сизге илхам келет?
Көз алдымдан шурудай тизмектелип оюулардын түрү келе берет. Ошолорду кагазга түшүрүп калууга аракет кылам. Аларды чийип, кесип же тартып бүтмөйүнчө жаным тынбай түйшүккө түшөм. Айрым учурда күнүмдүк тирлик менен алаксып, чийип жетишпеген оюуларым да болот.

Маектешкен Кундуз Исмаилова, “Назар” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 05.02.2010-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий