МАНАСЧЫЛЫК ӨНӨРБҮ ЖЕ ИЛДЕТПИ? же манасчылык өнөрдөгү купуя сырлар

Бул эмгекти автордун өнөр адамына (манасчыга) карата эки жылга жакын мезгил ичиндеги (2003-2005-жж.) жеке байкоолорунун жыйынтыгы катары түшүнүүгө болот. Ырас, манасчылык феноменди аңдоо үчүн бул өтө эле чукул убакыт. Ошентсе да алыстан эмес, жакындан, анда-санда эмес, үзгүлтүксүз көз чаптыруунун жыйынтыгы буга чейин бул багытта айтылган илимий көз караштарды кайсы бир деңгээлде толуктай алаары шексиз.

Бул — байкоо. Байкоо — бул алгачкы баскыч, а демек изилдөөнүн кийинки баскычтарын түзө турган талдоо, илимий теориялар менен айкалыштыруу, бүткөн бир тыянак чыгаруу иштери али алдыда.

«Манасчы» деген түшүнүк адатта «Манас» эпосун аткарган адамдар жөнүндөгү элестөөнү берет. Аткаруучулук маселесине келсек, алардын диапазону кенен. Кыргыз эли — «Манастан» тышкары дагы бир катар кенже дастандарды дүйнөгө тартуулаган жаратман эл. Мезгилдик алкактан карасак, элдин турмушун коштоп жүрүп отурган элдик оозеки чыгармачылыктын дагы жаралуу ирети бар. Алар байыркыдан бүгүнкү күнгө дал ушул аткаруучулар аркылуу жеткен. Дегеле элдик оозеки чыгармачылыктын үлгүлөрүн аткаруучулардан бу «Манасты» алып жүрүүчүлөрдүн айырмачылыгы жалгыз алар айткан чыгармалардын көлөмүндө гана эмес, андан тереңирээкте, тактап айтканда, манасчылардын эргүүнү айрым өнөр ээлери, айталы, акындар сыяктуу турмуштан, табияттан, жер кереметинин таасиринен эмес, а ааламдан, кудай-арбактын тартуусунан алгандыгында, аларды айрым учурда өздөрүнүн жеке эрки эмес, а үстүртөн берилген күч бийлеп тургандыгында. Минтип батыл айтып жаткандыгыбыз, буга келтирчү аргумент-гипотеза бар.

Мен ким менен баш кошуп жаткандыгымды билсем дагы, манасчылык бул аткаруучулук эле эмес экендигин туюнткан окуя 2003-жылы февралда болгон. Журтчулукка кийинки жаш манасчылардын бири катары аздыр-көптүр таанылып калган жолдошум (Талантаалы Бакчиев, 1971-ж. туулган) түндүн бир оокумунда эле алгач кимдир бирөөлөргө убада бергенсип бир нерселерди сүйлөнүп, макулдашып, андан соң адегенде акырын, бара-бара катуулап «Манас» айта баштаганда мага келген биринчи ой аны токтотуу болду. Ийинден жулкулдатып, сүйлөп, токтотуу эч мүмкүн болбогондо, коркуп эки саатка жакын кыймылсыз коңшу бөлмөдө олтуруп турууга туура келди. Үнү басаңдап калганда акырын кирип көргөнүм андан да үрөй учураарлык эле. «Тез жардам» чакырыш керек дегеним менен кежигесин далысына жакындатып, денеси тырышып, кыйналып жаткан анын абалын кандай деп айтып берүүнү билген жокмун. Болжолу 5-7 мүнөттөн кийин тынчып калды, эриндери үшүгөнсүп көгөргөн. «Кимге чыккам?» — коркуп олтурган боюнча таң атырдым. Эртең менен ал өзүндөгү алсыздыктан улам түнкү жомогун боолгологонсуду. Мен үндөбөдүм. Андан кийинки күнү гана ал айткан окуя жөнүндө сурадым. «Эмнени айттым?». Эмне дегеним азыр эсимде жок, айткан окуясындагы эстеп калган саптарымды айтып бергем. Ал ошондо тээ 13 жашында түшүндө Саякбайды (Саякбай Каралаев, 1894-1971) биринчи көргөндөн соң улуу жомокчу маал-маалы менен ага келип турганын, андан соң Саякбай атанын сынагынан өткөндөй болуп, кой кайтарып жүрүп Жыргалаңдын боюнан (Ысык-Көл областындагы Ак-Суу районундагы дарыя) Каныкей, Семетей, Чыйырдыга жолукканын, ошондон соң «Манас» айтып калганын, атасынын аны түшүнө албагандыгын, кийинчерээк Алмамбет менен Сыргакты, Манас менен Коңурбайды көргөнүн, азыркы учурда Ырамандын Ырчы уулунан маалымат алып тураарын айткан. Жогорудагыдай көрүнүш алгач дээрлик 3-4 жума сайын кайталанып жатты. Университеттен же чет элдик коноктор менен жолугушуп калган башка аудиториялардан укканымда ал же «Алмамбеттин жомогун», же «Күлчоронун Үргөнч суусун кечиши» сыяктуу окуяларды айтып калчу. Ал эми уктап атканда айткандары жомоктогу башка айтыла элек окуялар экендигин («Кыз Сайкал менен Манастын сайышы», «Манастын ашы», «Чоң казатка аттанып бара жаткандагы Алмамбеттин түшү», «Каныкейдин Букарды көздөй качышы», «Семетейдин түшү») кичинеден кызыга баштаган өзүм деле түшүнө баштадым. Айтууларын баштаар алдында, дагы эле дененин тырышып кыйналуусу кайталанат. Кимдир бирөө менен сөз болот жана адегенде акырындап, анан катуулап айтылат. Айтуу узактыгы ар кыл, аз дегенде 20 мүнөт, эң узагы 3-3,5 саат. Эриндери көгөрүп, оозу кургап токтойт, андан ары уктай берет. Эртеси өзүнүн физикалык абалынан улам, же көргөн түшүнөн улам өзүндөгү абалды билет. Канча мезгил бою сергек жүрөт. Жомок түн бир оокумда же көбүнесе таңга маал айтылат. Айдын, аптанын белгилүү бир күндөрүндө айтылат. Аны ойготуу мүмкүн эмес. Үйүнөн башка өзү аурасы жагымдуу деп эсептеген чоочун үйлөрдө да айткан учурлары болгон. Жомок көбүнесе айтуучу бир нерсеге капа болгон, кыйналган күндөрү же анын чөйрөсүндө (үйүндө) кимдир бирөө ичимдик ичкен учурда айтылганы байкалат.

Манасчы боло турган адам бул курактан тартып «Манасты» угушу, үйрөнүшү, учурдагы белгилүү манасчылардан сабак алышы керек, же болбосо бул мезгилден тартып өз алдынча жомокту айтып баштоосу керек деген атайын эреже жок. Элдик ишенимдерге таянсак, бул «Кудай-Арбактын буйругуна жараша». Деген менен, «Манас» айтуучулардын көбүнүн жомокко болгон алгачкы катнашын 6-7, 12-13, 25-26, 36-37 жаш курактары менен байланыштырууга болот. Бул курактардын адам өмүрүндөгү маанилүүлүгү алардын мүчөл жаштар экендигинде (6-7 деген жаш курагын эске албаганда).

Түш, аян, арбак дааруу — ошол айтуучунун «Манаска» карата байланышын бекемдөөчү көрүнүш. Айтылган түш ар кандай жоромолдонот. «М.Ауэзов… бул кубулушту айтуучунун өзүнөн мурунку устатынын атын атагысы келбей, муну менен «үйрөнүү фактысын тангандыгы» катары түшүндүрөт…» — деп жазат фольклорист Р.З.Кыдырбаева. Ушул эле маселеге үңүлүп маани берген философ А.Салиев: «Өздөрүнүн «Манас» жөнүндө жазгандарында Мухтар Ауэзов менен Калим Рахматуллин манасчылардын ушул сыяктуу айткандарын алар өз өнөрлөрүн не бир сырдуу кылып көрсөтүш үчүн гана ойлоп чыгарган сөздөрү деп баалашкан. Арийне, «жарымы төгүн, жарымы чын — жалганы менен иши жок, көбү төгүн, көбү чын — көрүп келген киши жок», деп манасчылар өздөрү айткандай, алардын кимиси жанагыдай учурду башынан өткөргөн, кимиси өткөргөн эмес, — биз биле албайбыз. Бирок бул жерде дастанчылар үчүн да толук мүмкүн болуп келген бир реалдуу психологиялык практиканы белгилей кетүү зарыл» — деп, аталган практиканы галлюцинация менен байланыштырат.

Мындай маалыматтар менен байланыштыра карасак, манасчылык өнөрбү же илдетпи деген маселе келип чыгат. Өнөр болсо, бул өнөрдүн чеги эмне менен ченелет? Илдет десек, негизинен кайсы илдет? Адабиятчы-фольклорист Г.Айтпаева чыныгы манасчылыктын классикалык белгилеринин бири катары болочок манасчынын 12-13 жаш куракка келгенде ооруурун Талантаалынын жана 2003-жылдын август айында Жети-Өгүздүн Кичи-Жаргылчагынан келип, Таластагы Манас күмбөзүндө жети күн таңдан иңирге чейин тынымсыз «Манас» айтып, уккан элди таңгалдырган Улан Исмаилов деген жигиттин мисалында келтирет. Экөөнүн тең бир куракта (13 жашында) бөйрөгү ооруганы, бул байыркы кытай медицинасынын маалыматтары боюнча алганда угуу органы менен жана коркунуч сыяктуу терс эмоция менен байланыштуу экендигин айтат. Бул жагынан алганда илдетке байланыштуу жогорку эки пикир эки башка кылымда айтылган ой болсо дагы, бири-бирин жокко чыгарбайт. А.Салиев түш көрүүнүн галлюцинация менен байланышын таамай белгилесе дагы, бул ой андан ары тереңдетилген эмес. Биздин пикирибизче, мында философ кеп төркүнү кайда барып такалаарын терең түшүнүп турса дагы, ошол мезгилдин (совет учурунун) талабынан улам оюндагысын толук ачыкка чыгара албаган болуу керек.

Манасчылар бакшыларга дагы окшош. Бакшылар өздөрүн мажбурлап, күн менен түндүн кайсы учурунда болбосун транска түшө алышат, манасчылар «Манас» айткан учурда же түш учурунда транска түшөт. Түш — бул манасчыдан көз каранды эмес, демек, манасчыларга байланыштуу айрым маселелер жогорку күчтөрдөн, арбактардан көз каранды.

Түштүн өзү — салттуу көрүнүш. Манас же ага байланышкан кейипкерлер башка улуттун адамына аян бербейт, ал тымызын жан дүйнөсүндө «Манастын» руху ойногон өз калкынын адамдарынын бирин тандайт. Тандаган адамын «жомок айткын» деп мажбурлайт, ага азык берет. Азык кымыз, суу, таруу, айран, талкан же кум болушу ыктымал. Ал эми Уланга кырды ашып бараткан Манас атанын артка кылчайып туруп «Ой, баланын оозу куру калбасын» деген сөзүнөн кийин, муштумдай болгон, умачталган майга көөлөнгөн талкан беришкен. Саякбай атага кум, Шаабай манасчыга айран берилген. Талантаалы өзүнө жыгач кесе менен ак суусундук берилгенин, ал же кымыз, же сүтпү, билбегендигин, түбүнө кичине калтырып, кайра сунса, «ич, ич» деп, аягына чейин жуткурушканын айтат. Дегеле берилген насипти канчалык таткандыгына жараша, ошончолук «Манас» айтуу шыбагасы берилет дешет. Түшүндө сунулган насипти толук таткандар улуу жомоктун бардык бөлүгүн, жарым-жартылай таткандар кайсы бир бөлүгүн айтышаары божомолдонот.

Күрпүлдөп аккан дайраны бууп токтото албагандай, манасчыны дагы ал бук болгон учурда тартип менен эрежеге сыйдырыш кыйын. Жыйылган бук бир буркулдап алмайын чыкпайт. Манас дүйнөсүнүн кейипкерлери өз жомокчусун «ишсиз» калтырбайт. Ал эми жомок негизинен айдын жыйырма биринчи күнүндө айтылат. Эсимде калганы, сентябрдын 21инде сиңдимдин туулган күнүн куттуктап, кеч, түнкү 10дон кийин келсем, кызым, жолдошум уктап жатышыптыр. Бутумдун учу менен кыбырап жүрсөм, ойгонуп кеткен Талантаалы: «Ушу Таластагы кароо өтүп кеткенче кычкылды токтото турбайт белең» — деп нааразы болду да, уктап калды. Мен кичине шампан ооз тийгениме ыңгайсыз болуп, экинчи жагынан «токтото турбайсыңбы» дегенине ыза боло түштүм. Канчада бир чоң жакшылыктарда теңтуштар менен кичине ооз тийгениң болбосо… Айтып аткан кароосу сентябрдын 25инде (2004-жылы) боло турган манасчылардын кароо сынагы эле. Түнкү 12.20 дан тартып 13.35ке чейин бир дем менен «Манас» айтты, андан соң кимдир бирөө менен:
Азыр, азыр,
Семетейди айтам.
Айтам азыр
Айкөлүмдүн уулун
Айтам азыр
Ооба,
Азыр айтам
Атакем…
Кемжеш-Сайдын ою эле
… бою эле
Келберсиген Алтайдын
Жайылып жаткан тоосу эле.
Карагай-кайың, чер токой,
… булагы,
Көкөлөп учкан тынар — а,
Мына ошондо жарыктык,
… Семетей
Жайлаганы кең Алтай,
— деп барып, Семетейдин окуясына кирди. Семетейдин түш көргөнү, түштүн жорулушун түнкү саат 3.00 кө чейин айтты. Аудиокассетага жаздырып калганга мүмкүндүк болбогондугуна байланыштуу (дегеле аудиокассетага жаздыруу идеясын кийин Гүлнара Айтпаева эже айтып, иштеги диктофонду берип, жаздырууну өтүнгөн. Ага чейин ал ой башыма келбегендигин мойнума алам), үлгүрүшүмчө, жарыкты жандырбай колго урунган кагаздарга жазып аттым. Айдын жарыгында жазгандарым алгач бир чоң ак конверттин тышына, андан кийин менин жаңы эле телефон номерлерин жазып баштаган блокнотумдун ортоңку барактарына (айрым учурда мурда жазылган жазуулардын үстүнө), калганы Notebook деген, барагы бирин-серин калган эски блокнотко, «Алмамбеттин жомогу» китебинин арткы беттерине арабчасынан (этегинен башына карай) түшүрүлүптүр. Үлгүрбөй калган жерлериме үчтөн чекит коюп кете бергем. Үлгүргөн жерлер — бул мен маанилүү деп эсептеген учурлар деп түшүнүүгө болот. Жазгандарымды компьютерге терип, аны кийин экрандан көрсөтсөм, Талантаалы «мен ушундай саптарды айтат белем, чала жазгансың го» деп таарыныч кылды. Албетте, мүмкүн, ойгоо учурда кайсы бир аудиториянын алдында айтылган жомок манасчынын жеке көзөмөлүндө болоттур. Ал эми түштө айтылган «Манас» аң-сезимден тышкаркы көрүнүш деп белгилөөгө болот. Бул тууралуу мындан 10 жыл мурда «Ысык-Көл кабарлары» гезитине байкоосун билдирген башка бир автордун (Т.Чакиевдин) макаласынан кененирээк келтире кетсек: «Бул 1992-жылдын ноябрь-декабрь айларында болгон. Анда мен учурда аты-жөнү элге тааныш болуп калган жаш манасчы Талантаалы Бакчиев менен ЫМУнун (Каракол шаарындагы К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл Мамлекеттик университети — А.Э.) жатаканасында бир бөлмөдө тураар элем. Бир түнү бирөөнүн тынымсыз айгайынан улам ойгонсом, Талантаалы «Манас» айтып жаткан экен. Таңкы үрүл-бүрүлгө карабастан, анын жуурканы белине чейин ачылып калганын жана колун жаңсай, тура калчудай болгон элесин даана көрдүм. Мындай көрүнүштү өмүрүмдө биринчи жолу учуратып жаткандыктан денемди майда калтырак басты. Анын бул жолу айтып жаткан «Манасы» өңүндө айта жүрчү «Манастан» таптакыр айырмаланып турду. Көз алдымда Талантаалы эмес, көп жашап, көптү көргөн улуу манасчы күпүлдөп жатты. Көкүрөгүнөн чыккан муң, бирде көз жашына жуурула, саамай ылдый салаалап, жаздыгына кулап жатса, бирде нары сүрдүү, нары уккулуктуу үнүн коштой, кышкы таңга сүңүп келе жаткан тиричилик күндү кубаттап жаткандай туюлду. Арадан бир саат өтүп, аң-таң болуп отурган мени анын бир саамга токтой калып, кимдир-бирөө менен болгон маеги ого бетер таңдантты: «Менби? Мен сизди кантип тааныбайын, сиз кырк чоронун бири — Ырамандын ырчы уулу эмессизби?! Ооба, Карала уулу Саякбай чоң атам болот» деп жана Каныкей энеден бата алганын, «Манас» айт дешсе дагы деле айта берерин, ал гана эмес, андан: «Боз-Учукка (Ак-Суу районундагы Боз-Учук айылындагы дөбөнүн аталышы — А.Э.) баратасызбы?» — деп сурай, анан эч нерсе болбогондой үшкүрүнө, жаны жай ала уктап кеткени али күнчө көз алдымда. Эң кызыктуусу ал мына ушул маек учурунда калтырап, үшүп жатып: «Бороон болуп жатпайбы, үйгө сизди узатып коюп биротоло кирейин» дегенинен улам, маңдайымдагы манасчынын бул бар болгону денеси гана экени, ал эми жаны кайдадыр башка жерде, а балким бөлөк дүйнөдө учуп жүргөнүн ойлоп, кудайга тобо кылдым. Кызык, эртеси айтып бергенимде, бул туурасында ал өзү эч нерсе билбейт экен». Мындагы айтылгандар жалган деп жеке мен тана албас элем. Ал тургай 21-сентябрда жомокту айтып бүткөндөн соң, «сен да дагы келдиңби?» деп кайсы бир аялга нааразыланып жатышы «Манас» дүйнөсү төрт тараптан тең эле түгөл оң кабылдана бербесин, шайтан, албарсты сыяктуу кара күчтөр кайсы бир деңгээлде тирешип тураарын боолголодум. Бул өңүттө Саякбай манасчынын дагы албарстыга көп кабылгандыгы тууралуу маалыматтар бар.

Кызык нерсе, Талантаалы сентябрдан соң кийинки ирет «Манасты» 21-октябрда айтты. Бул күн жеке эле ал эмес, анын үй-бүлөсүндөгүлөр үчүн абдан маанилүү күн эле. «Теңири Манас» боюнча жазылган кандидаттык иши төрт жылдан бери кармалып жатып ушул күнү корголду. «Теңири Манас» демекчи, иштин жолунун шыдыр болбой жатышын жеке мен Манасты Кудайга теңөөгө байланыштуу болсо керек деп жоромолдогом, албетте, бул кандидаттык ишти коргоо алардын жеке колунда турган илимий чөйрөдөн эмес, а Кудайдын өзүнөн болгон жактырбоо ниети деп түшүнгөм. Ал эми Талантаалы «Манаска» байланыштуу адамдардын бардыгынын тең тагдыры оңой болбостугун, К.Тыныстанов менен Е.Поливановдун өмүрдөн кетишин, «Манастын уулу Семетей» кинотасмасын тартууга ылайыктуу жер издеп жүрүп акын Жоомарттын кырсыкка учураганын, «Теңири Манасты» жазып бүтүп, редакторго тапшыргандан соң үч күндөн кийин А.Жакыпбековдун көз жумганын, «Манастын ааламы» («Вселенная Манаса»), «Акыркы манасчы» кинотасмаларын тартып, көп узабай М.Убукеевдин набыт болгонун мисалдап калчу. Бул жагынан алганда диссертациянын корголушу диссертанттын өзү үчүн кубанычтуу дагы, кооптуу дагы окуя эле. Меймандарды кафеден узаткан соң, үйдө кичине кужулдашып отуруп, чарчаган бойдон уйкуга кеттик. Кыйналып, бир нерселерди сүйлөнүп жатып, анан 22-октябрга караганда, таңкы саат 6.30да «Манас» айтып баштады. Бул айтууну аудиотасмага түшүрүүгө мүмкүндүк болду, бирок диссертациянын түйшүгү менен жүгүрүп жүрүп чарчагангабы, абдан алсыз, басыңкы үн менен кыйналып Каныкейдин Тайторуну ат чабышка кошом деп атасына кайрылуусун ашып кетсе 13-15 мүнөт айтты дагы, чарчаган бойдон кайра уйкуга кирди. Муну Талантаалынын коргоодон кийин арбактар алдында отчет берип, алдынан өткөнү сыяктуу түшүнсө да болот. Менин пикиримде, бул айтуу дагы 21ине караштуу болушу толук мүмкүн, жомокчунун физикалык абалынан улам мезгилдик жактан жылышуу жүргөн. 21 санынын мааниси зор. Дегеле сандарга маани берүү бардык диндерге жана бардык элдерге таандык. Жомоктун 21-күнү айтылышы — айталы, айдын белгилүү бир күнү сайын аял организминде айыз циклинин кайталанышындай, организмдин иши.

Айдын кайсы бир күндөрү сыяктуу эле, күндүн маалдары дагы маанилүү. Арбактар керемет түндү жактайт. Буга ынанткан да бир мисал — Талантаалынын кийинки айтуусу 3-декабрда саат таңкы 4.45те болду. («3» деген сан кайра эле табышмактуу). Мен баланы башка бөлмөгө жаткырып, кайним экөөбүз магнитофонду даярдаганча 10 мүнөт убакыт өттү. Бул ирет узак, 1,5 саат айтылды. 500 дөн саал ашыгыраак сап. Ортосунда эки ирет 10 секунддун тегерегинде тыныгуу болду. Кызыгуу туудурган көрүнүш, 21-22-октябрь түнүндө Каныкей Тайторуну ат чабышка кошууга уруксат сураса, мында атты ат чабышка кошту. Мурдагы бир түнү айтылбай калган эпикалык сюжет минтип аягын башка күнкү айтууда тапты. Эки айтуунун ортосунда түздөн-түз логикалык байланыш бар. Сюжет кызыктуу болду…

Арбактардын көңүлүнө жомокчу болууга ар ким эле төп келе бербейт, эгер төп келсе, ал адамды арбактар колдон чыгарбайт. Жомокчулукту сунушташат, кызыктырышат, моюн толгосо мажбурлашат, арбактар аябайт — бул тагдыр. Тандалган адам үчүн же баш тартып, оорукчан болуп калуу мүмкүндүгү бар, же жомокчулукту өмүр бою аркалоо керек. Бул жолдордун экөө тең жеңил эмес. Моюн толгойм деп Шаабайдын көзү көрбөй калып, жомокчулукту аркалагандан кийин гана калыбына келгенин Талантаалы өзүнүн китебинде баяндайт (Бакчиев Т. Манастааным. Жомокчунун жолу. — Б., 2003. 41-42-бб.). Атасы Сагымбайдын манасчылык өнөрү өзүнө өткөн кызы Токтобүбү турмушка чыгып, көшөгө ичинде отурса, «Манас» айт деп ийинге чоролор чокмор менен сабачу экен. Эс алып калганда: «Сен «Манас» айтпа» деп күйөөсү урчу экен. Ошентип ал эки кысымды көтөрө албай эрте эле каза болот. Андан кийин Сагымбай манасчынын Бурулбүбү деген кызы турмушка чыгат, бул киши да «Манас» айтып, өтө кыйналат, «Келин болуп жылаңбаш отурушум жарабайт» деп өзү эле айтпай коет. Оозу көбүктөп, көгөрүп, кыйналып жүрүп каза болот. Ырас, чыгармачылык өнөрдү аркалоо аялдар үчүн өзгөчө кыйын. Мында этникалык менталитет менен адеп-ахлактын таасири эң чектөөчү фактор болгон. Муну түшүнгөндөй, арбактар көбүнесе эркек адамды тандайт, дегеле мындай эбегейсиз озуйпаны көтөрүү физикалык, психикалык жактардан алганда да аларга жеңилирээк. Же аялдарга Сейдене Молдокеева (1922) сыяктуу жомоктун чаканыраак, магиялык күчү төмөнүрөөк бир бөлүмүн айтуу — семетейчилик шыбагасы берилет. Аялдардын абалын мындай кой, дегеле манасчылыкты болочок жомокчунун тегерегиндегилер бардык эле учурда оң кабылдай берген эмес. Ырас, бүгүнкү күнү Жайсаңдын руху аркылуу Бүбү Мариям Муса кызынын калеминен чыккан «Айкөл Манастын» 10 китеби, Атымгүл сыяктуу эжелердин жогору жактан алган маалыматтары бир топ кызыгууну жаратат (Алар тууралуу сөз кийинчерээк болот).

Бул изилдөө ишинин негизги максаты — мен жогоруда сөз кылган манасчыларды мактоо эмес. Кеп искусствонун көптөгөн чеберлеринин, илимпоздордун, анын ичинде айрым адабиятчылардын «Манасты» «көчмөн элдин эриккенде ырдап койгон халтурасы» катары түшүнгөнүн, же айрым адабиятчылар «бүгүн манасчылардын күнү бүттү» деген пикирде экендигин, андай дейин десең, убагында «акыркы манасчы» («Последний из могикан») делген Саякбайдан соң, дагы башка нукура манасчылардын тарыхта болгонун, кийинкилер, айталы, М.Убукеев «Акыркы манасчы» деп Шаабай жөнүндө, голландиялыктар «Акыркы манасчы» деп Кааба тууралуу кино тасма тартышканын элекке салып, «халтура», «акыркы», «күнү бүттү» түшүнүктөрүн жалганга чыгарууда турат. «Акыркы» деген маселеге келсек, ырас, Саякбай дагы, Шаабай дагы, Кааба дагы инсан катары — акыркылар, тарыхта бүгүн же эртең Саякбай, Шаабай, Кааба экинчи ирет кайталанбайт. Алар эч кимге окшошкон эмес, аларга дагы эч ким окшошо албайт. Бул — акыркылыктын бир мааниси, ал эми экинчи маанисине келгенде, алтай тилдүү элдеринин ичинен кыргыз элинде жашап келе жаткан манасчылык (айтуучулук) өнөр бүгүнкү күндө бар, эртең дагы өмүр сүрө бермекчи. Ал өзүнүн жашоосун «токтотту» же «токтотот» деп кесе айтуу илимий көз караштан алганда туура эмес. «Манас» Батыш илиминен чыккан «эпос» деген түшүнүккө толугу менен дал келбейт, же башкача айтканда, көпчүлүк түшүнгөндөй, ал эпос гана эмес, мааниси алда канча тереңде, ал кайсы доор болбосун кыргыз дүйнөсүндө кездеше, кайталана берчү реалдуу, обьективдүү кубулуш. «Инжил» («Библия») христиан дүйнөсүнүн, «Куран» араб дүйнөсүнүн «асмандан түшкөн» улуу Китеби, Сөзү катары таанылып, «христиан жана мусулман цивилизацияларынын көрүнүшү» деп берилип келсе, «Манас» — көчмөн цивилизациясынын бирден-бир далили катары. «Инжил» менен «Куран» бир канча кылымдар мурда «асмандан түшкөн» тейде элге жетсе, «Манас» байыркы мезгилден бүгүнкү күнгө чейин кайра-кайра оозеки түрүндө жаңыланып, айтылып келүүдө. Демек, манасчыларга келсек, «акыркы» деген эмес, а «кийинки» деген гана түшүнүк болушу мүмкүн. Биз ишибизде бул пикирди кийинки эки манасчынын мисалында аздыр-көптүр далилдей алдык деп ишенебиз.

Бул узак баяндын манасчылар, улам кийинки муундун кайсы бир өкүлдөрү тарабынан айтылып жүрүп отурушу кандайча ишке ашат, сөз кайдан алынат, жок эле дегенде адамдын мынча сапты жадында сактап калуу мүмкүнчүлүгүнүн чеги эмнеде, «Манас» үчүн аны айтып жаткан адам ким, «Манас» менен манасчынын табигый байланышы канчалык, ким айтуучу же жомокчу боло алат же Манас жана кейипкерлер кимди даарыйт, манасчыны кайсы доор жарата алат, кайсы мезгилде ал жок болуп кетиши мүмкүн, манасчы — «Манас» — аң-сезим же аң-сезимсиздик үчилтигинин байланышы кандай — ушул өңдөнгөн маселелер табышмактуу. Бул жагдайда филология илими алсыздык кылат, ал философия, психология, этнология, антропология, теософия, медицина сыяктуу бир канча илимдердин комплекстүү изилдөөсүнө муктаж.

Аида Эгембердиева, филология илимдеринин кандидаты,
“Назар
” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 05.02.2010-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий