«Манасты» толук окугандар барбы?

«Манасты» ЮНЕСКОдон Кытай каттатып алыптыр. Эми «Манас» Кытайдын эпосу болуп калат экен» деп жакындан бери баарыбыз күйгүлтүк тартып, күйбөгөн жерибиз күл болуп атат. Ооба, кыргыздын улуу рухий мурасы болуп эсептелген, океандай чалкыган, теңдешсиз эпосубуз Кытай мамлекетинин атынан, ошол территорияда жоголуу коркунучуна учураган рухий мурас катары ЮНЕСКОнун номинациясына кирди. Бирок, эларалык бул абройлуу уюмдун номинациясына кирген соң эле «Манас» кыргыздыкы болбой калат дегендик, бери болгондо — утопия.

«Манас» дайыма кыргыздыкы болуп келген, кыргыздыкы бойдон кала берет. «Манасты» эч качан кыргыздан эч ким тартып ала албайт. «Манас» материалдык байлык, же болбосо жер-суу, тоо-таш эмес күчкө, чоңдукка салып тартып же басып алгыдай. «Манас» кыргыз элинин эс-акылы (память). Ал эми эс-акылды тартып алуу мүмкүн эмес. Андай нерсе, эч кимдин колунан келбейт. Эс-акылды тартып алыш үчүн мүлдө кыргызды маңкуртка (зомбиге) айлантыш керек. Кылымдар бою канчалаган элдин эзүүсүндө жашап келсе да, эс-акылын жоготпогон кыргыз эми жоготобу? Ошол эчендеген катаал доорлордо «Манасты» эс-акылында гана тутпастан, өркүндөтүп-өөрчүтүп, бүгүнкүдөй улуу монументке айланткан кыргыз эми тарттырып иет бекен, аны?

Эми маселенин маңызына келели. Биринчиден, «Манас» эпосу тээтиги 1995-жылы эле кыргыз элинин улуу рухий мурасы, дүйнөлүк материалдык эмес маданияттын шедеври катары Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) тизмесине киргенин бышыктаган БУУнун генералдык ассамблеясынын (120 мамлекет катышкан, анын ичинде Кытай да бар) токтому турат. Демек, «Манасты» кыргыз эли жараткан рухий асылдык катары эларалык институттар да эчак эле тааныган. Андан кам санабасак да болот. Жадыбыздан чыга элек болсо керек, 1995-жылы «Манас» эпосунун 1000 жылдыгын белгилеп, БУУ ошол жылды бүткүл дүйнөдө «Манас» жылы» атаганы. Демек, бул жагынан алганда да «Манаска» кыргыз элинен башка эч ким ээлик кыла албайт.

Ал эми «Манас» эпосунун кызыл-суулук кыргыз автоном облусунун тургундарынын демилгеси менен ошол территорияда жоголуу коркунучуна учураган рухий мурас катары ЮНЕСКОнун номинациясына киргенинин себеби жетиштүү. Кызыл-суулук кыргыздардын ичинде «Манас» эпосу Кыргызстанда 1950-жылдардын башында кандай тагдырга туш келсе, кечээ 1980-жылдарга чейин дал ошондой абалда болуп келген. Кытайлык кыргыздардын залкар манасчысы Эшмат маданий революциянын тушунда — 1960-жылдары манас айтканы үчүн абакта жатып өлгөн. Ал эми кытайлык кыргыздардын азыркы улуу манасчысы Жусуп Мамай да «Манас» үчүн түрмөдө жатканын билет болушуңар керек.

Жанагыдай тарыхый кыйчалыш доорго туш келгенден улам «Манас» кытайлык кыргыздардын ичинде биздегидей өнүгүүгө дуушар болгон эмес. Кытайдын расмий бийлигинин «Манаска» көз карашы өткөн кылымдын 80-жылдарынан кийин гана өзгөрдү. Ошондон тартып, Кытай көп улуттуу мамлекет катары аз сандагы калктардын маданиятына, илим-билимине кам көрүүнү чындап колуна алып, натыйжада моңгол-калмак-ойротторго таандык «Жангар» менен тибет элдеринин «Гэсэр» эпостору ушул тапта басмадан байма-бай гана чыкпастан, экрандаштырылып да кетти. Буюрса «Манасты» да Кытайда ушундай тагдыр күтүп турат. Азыркы тапта Пекин мамлекеттик университетинин дүйнөлүк адабият факультетинде үч гана эпосту улуу эпос катары окутушат — «Гэсэр», «Жангар», анан «Манас». Буга таңгалуунун кереги жок. Анткени ушул үч улуу көркөм асылдыкты жаратышкан калктар Кытай мамлекетинин территориясында кылымдардан бери жашашат.

Демек, кызыл-суулук кыргыздардын «Манас» эпосун жайылтуу, ага мамлекет тарабынан кам көрдүрүү максатында ошол территорияда жоголуп кетүү коркунучуна учурап аткан рухий мурас катары ЮНЕСКОнун номинациясына киргизүү демилгеси табигый көрүнүш. Ага акаарат айтуу туура эмес.

Маселе башкада. «Манасты» бүгүнкүдөй абалга жеткирип өркүндөткөн, негизинен, биздин окумуштуулар менен чыгармачыл гана адамдар. Ошолорго ыракмат айтышыбыз керек, эпосубузду сактап келаткандары үчүн. Ал эми азыркы кыргыз (кыргызстандык кыргыздар) «Манасты» окубай турганы эч кимге жашыруун эмес. Карапайым элди мындай коеюн, кыргыздын интеллигенциясы «Манастын» бетин ачпайт. «Манаска» кызыкпайт. Улуу муундун «Манаска» мамилеси ушундай болсо, кийинки өсүп келаткан жаштар, азыркы балдар эмне болот?! Эгер абал өзгөрбөсө, анда алар «Манаска» таптакыр кызыкпай өсүшөөрүн бөркүбүздөй эле көрө берели. Маселенин эң орчундуу, эң талылуу жагы да ушул. Канткенде кыргыздын келечеги болгон кийинки муундун, азыркы балдардын «Манаска» карата кызыгуусун арттырыш керек деген суроо биринчи кезекте «Манаска» күйгөн ар бир жарандын, анан албетте мамлекеттин көкүрөгүн өйүш керек.

Жаштарды, азыркы балдарды «Манаска» кызыкпаганы үчүн күнөөлөштүн да кереги жок. Өнүккөн технологиянын шарапаты менен маалыматты көз ирмемде алганга көнгөн жаштарды, балдарды миллиондон ашуун сапты ичине камтыган улуу эпосту талбай окуп чыгууга мажубурлоонун өзү татаал маселе. Мажбурлоо, таңуулоо аркылуу жаштарды, балдарды «Манасты» сүйүүгө, барктоого үйрөтө албайбыз. Тескерисинче, андан тажатып, көңүлдөрүн калтырып коюшубуз мүмкүн. Демек, «Манаска» кызыгуунун заманга ылайык формаларын табыш кажет. Менин түшүнүгүмдө, ошондой формаларга «Манас» боюнча спектаклдер (драмалык, опералык жана хореографиялык), анимациялык фильм (баса, бул туурасында долбоорумду жакында маданият агеттигине сунуш эттим), анан экрандаштыруу кирет. Визуалдык форматка жеке эле балдар менен жаштарды түгүл, түгөл кыргызды кызыктырса болот.

Эмне үчүн драмтеатрларда «Манас» боюнча оюндар байма-бай көрсөтүлбөйт? Эмне үчүн «Манастын» балети жок? Манасты өркүндөтүп жайылтуунун дагы бир формасы катары эки жылда бир жолу республикалык деңгээлде Манастын он күндүгүн өткөрүп туруш керек. Ага маданий иш-чаралар даярдалышы шарт.

Чоң экранга чыгаруу көп каражатты талап этет экен. Ошон үчүн «Манастын» анимациялык версиясын ишке ашырыш керек, тез аранын ичинде. Эгер бул иш колго алынса, «Манасты» ар бир кыргыз биле баштайт. Ошондон соң «Манастын» касиеттүү саптарын окууга дилгир болуп, аны аздектей тургандардын саны бүгүнкүдөн алда канча өсөөрүнө ишене берсек болот.

Жаныш КУЛМАМБЕТОВ, драматург, “Агым” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 05.02.2010-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий