Көрнөк-жарнакты кыргызчалагандан тил өнүгүп кетпейт

Эмненин 40 пайызынан ашпаш керек?
Автор жеке банктарды жамандап жатканына карап, жеке менчик банктардын капиталы банк секторунун жалпы капиталынын 40%пайызынан ашпаш керек деп түшүнөйүн десең, антип айткыдай Кыргызстанда бир дагы мамлекеттик банк жок, андай талап рынок экономикасында болушу да мүмкүн эмес. Аргасыз «Ваня байкеге» кат жөнөткөн белгилүү каарман эске келет экен. Болгон айырмасы мында эле, эгерде Чеховдун «автору» маңыроолугуна жараша бирөө катуу сүйлөп койсо, башын катарга жер таппай калган жоош неме болсо, биздин автор, өзү билбегени аз келгенсип, башкаларга акыл үйрөтүп жатат. Өзү жөндөп билбей туруп башкага акыл үйрөтүү, кыргыз журналисттеринен башка кайсы калктын журналисттеринде бар?

Биздин журналисттер кыргыз тилине камкордук деп көрнөк-жарнактарды, терминдерди кыргызчалатууну гана түшүнөт. Көчөдөн ката жазылып калган көрнөк-жарнак көрсө жабышат да калат. Өлкөнүн тиги учунан бу учуна жеткидей чуу чыгарат. Орус сөздөрүн кыргызча жазып койсо эле тил өнүгүп кете тургансып, алар анан термин которгонго уста. Терминдерди кыргызчалатмай азыр өзүнчө бир ооруга айланды. Же кыргызчалаткан терминдери окшошуп койсочу. Ар ким өз билгениндей терминдерди которо берип элдин башын маң кылып бүтүштү. Ошентип отуруп азыр кыргызча жазылган экономикалык тексттерди таптакыр түшүнүүгө болбой калды.

Рынок экономикасы өзү менен бирге ала келген терминдердин бири «добавленная стоимость». Аны бир журналист «кошумча нарк» деп которо салса керек. Термин кеңири пайдаланган термин экен, азыр «кошумча нарк» деп расмий кагаздарга чейин кирип кетти. Бирок, бул термин мурда эле болуп, «прибавочная стоимость» деген түшүнүктү билдирчү эле. «Добавленная стоимость» менен «прибавочная стоимость» көлөмү боюнча да, маңызы боюнча да экөө эки башка нерсе.

Түшүнүктүү болсун үчүн товардын наркын чагылдырган Маркстын схемасын келтирейин: с +v+m. «Прибавочная стоимость» бул схемада «m» дегенди билдирет. «Добавленная стоимость» болсо — v+m. Башкача айтканда, «прибавочная стоимость» — бул пайда. «Добавленная стоимость» болсо пайдадан(m) тышкары жумуш күчүн(v) да өз ичине камтыйт. Маңызы боюнча башка дегеним, «прибавочная стоимость» социалисттик коомдун термини. Марксизм «m» менен «v»ны антогонисттик карама-каршы нерсе катары караган. «Добавленная стоимость» болсо — капиталисттик термин. Рынок экономикасы жөнүндө илим марксизмден айырмаланып, «m» менен «v»ны өнөктөш нерсе катары карап, экөөнү кошуп эсептей берет. Ушундай кайнаса каны кошулбаган эки түшүнүктү бир термин менен атаса болобу? Болору болду, боёсу канды, социалисттик коом эми кайтып келбейт деп кол шилтеп коёюн десең, ал биздин басып өткөн жол, реалдуу тарых, андай болгон соң эки коомду салыштыруу зарылчылыгы чыкпай койбойт. «Добавленная стоимостту» да «прибавочная стоимостту» да «кошумча нарк» деп атап элди чаташтыргыдай кыргыз тили ошончо эле жарды беле? Бул жерде дагы экономикадан таптакыр түшүнүгү жок бирөө, билгендерден бир ооз сурап койбой, шарт эле өз билгениндей которо койгон.

Ушуга байланыштуу эле «валовой внутренний продукт» деген термин жөнүндө да айта кетейин. Аны кыргыз журналисттери «ички дүң продукция» дешет. Бул термин да «добавленная стоимость» сыяктуу рынок экономикасы менен англис тилинен кирген. Англисче «gross domestic product» деп айтылат. Эмне үчүн орустар «продукция» деп которушкан жок? Орустарга деле продукт деп айтканга караганда продукция деш алда канча жеңил жана көнүмүш эмеспи. Антпегенинин себеби «продукция» деген сөз тармактарда жана ишканаларда чыгарылган продукцияга карата айтылат. «Валовая продукция промышленности» же «валовая продукция такого-то предприятия» дешет. Ал Маркстын схемасындагы с +v+m баарын камтыйт. Ал эми «валовой внутренний продукт» болсо v+m дин өлкө боюнча суммасы. Советтер Союзу учурунда эле «валовая продукциянын» же с +v+m дин өлкө боюнча суммасын билдирген термин болуп, аны орус-тар ошондо эле «продукция» дебей эле «продукт» деп аташкан — «валовой общественный продукт» деп аташкан.

Котормочулары түшүнүктүү которо алышпаса, алардын котормолорунун мага кымындай да пайдасы тийбесе, бюллетендерди жөн эле үйгө жыйып койгондо эмне. Өздөрүнөн башка киши билбеген терминдерди пайдаланып, аларды ыксыз кыргызчалатышканы аз келгенсип, орус тилинде жазылган текст эмне жөнүндө айтып жатканын түшүнбөй, а десе бээ деп которуп салышат. Аларды чыгарганга кеткен кайран акча!

Мен терминдерди таптакыр кыргызчалатпагыла деп айтпайм. Кыргызчалатыш керек. Бирок ыгы менен. Жазып жаткан текст элге түшүнүктүү болгондой, башкача айтканда эл сиңирип кете алгандай деңгээлде кыргызчалатыш керек. Антпей эле биздин журналисттер, оюна койсо, бардык терминдерди алмаштырып чыккылары келишет. Андай болбойт да. Экономикада 3 миңден ашуун термин бар, анын баарын которууга кыргыз тилинин сөз байлыгы жетишпейт. Анын үстүндө орус жана англис сөздөрүн араб же фарсы сөздөрүнө оодарып салса эле, алар кыргызча болуп калбайт да. Менин оюмча, башка тилден сөз алуудан коркпош керек. Бул табигый нерсе. Тил ошентип байыйт. Корко турган нерсе — тилдин реалдуу турмушту туюндуруу жөндөмдүүлүгүнөн ажырашы. Элди чаташтырган сөздөрдү пайдаланып, анысы аз келгенсип, жазып жаткан нерсесин билбей, туура эмес жазып жатышса тил өнүкмөк беле. Алардын жазгандарын эч ким окубайт. Кыргыз тилинде мектептер жакшы окута албайт деп анан балдарды орус, англис мектептерине беребиз. Тил ошондо өлөт.

Тил күйөрмандары, терминдерди ыгы жок кыргызчалап, анын өнүгүшүнө кам көрүп жаткан жери жок. Алар аны менен тилди андан ары кыйын абалга кептелтип жатышат. Кыргыз тилин орус сөздөрүнөн коргоп эмес, байытып гана сактап калууга мүмкүн. Муну түшүнүүгө мезгил жетти. Андан көрө аларды кантип сиңирип алуунун жолдору жөнүндө ойлосок болот эле. Муну айтып жатканым, бир тилден экинчи тилге сөз кирип жатканда ал кирип жаткан тилдин фонетикалык, грамматикалык жана башка өзгөчөлүктөрүнө ылайыкташтырылып кирет. Бөтөн сөздөрдү жигин билдирбей төл сөзгө айландырган курал ошол болот. Биздин ата-бабаларыбыз самоварды самоор деп алган. Араб сөздөрү да, перси сөздөрү ушинтип ылайыкташтырылган. Бул курал Совет доорунда бузулуп, орус тилинде кандай айтылса, ошондой кабыл алышып коюптур. А тургай кыргыз тилинде жок тыбыштар да киргизилип кеткен экен. Бөтөн сөздөрдү ого бетер бөтөн кылып жаткан ушул. Тил илиминин билермандары ушул маселенин үстүндө ойлонуп көрүшсө болот эле.

Сапар ОРОЗБАКОВ, экономика илимдеринин кандидаты, эркин журналист


Жогоруда мен кокустан эсиме келе калган тексттерди гана мисал келтирдим. Мындай мисалдар чындыгында кыргыз журналистикасында кадам сайын кездешет. Жогоруда келтирилген тексттердин авторлорун айтпаганым да ошол себептен. Булардан ашкандары турса, алардын атын айтпай, буларды атасам, адилеттүүлүк болбой калат экен. Экономика китебин өмүрүндө бир дагы ачып көрбөгөн немелер, билгендерден бир ооз сурап да койбой, өз билгениндей жаза беришет. Туура эмес болуп калып, уят болуп калбайын деген кооптонуу таптакыр жок. Өзү жөндөп билбей туруп башкаларга акыл үйрөткөндө күйбөгөн жериң күл болот экен. Муну айтканым ушулардын бирөө эле атайын курс ачып, жаш балдарды экономика темасында жазганды окутуп жүрдү. Кыргыз журналисттеринин чечкиндүүлүктөрүнө таң калам да. Бу кебетелери менен математика, физика, химия жөнүндө жаз десе да, жок дечү түрлөрү жок . Азыр эле, даярданбай, космоско уч десе да, көздү жумуп учуп кете беришеби деген ойго келесиң.

2.Орус сөздөрүн араб сөздөрүнө алмаштыруу айыкпас ооруга айланды
Ишиме байланыштуу мен Улуттук банк менен Улуттук статистикалык комитеттин бюллетендерин алып турам. Алар орус тили менен катар кыргыз тилинде да чыгарышат. Бул эки мекеменин котормочулары да орус терминдерин кыргызчалатканды абдан жакшы көрүшөт. Улуттук статистикалык комитет кыргыз жана орус тилинде бир эле бюллетенде берип, кыргызчасын түшүнбөсөң орусчасын окуп алсаң болот. Ал эми Улуттук банк болсо, кыргызчасын өзүнчө, орусчасын өзүнчө чыгарат. Мага кыргыз деп кыргызча бюллетендерин жөнөтүшөт. Орус тилинде эле чыккан бюллетениңерди бергилечи десем, «Кыргызчаны сиз окубасаңыз ким окуйт?»- дешет.Мен кыргыз тилин жериген жерим жок.

«Кыргыз Туусу» (“Кыргыз гезиттер айылы”), 05.02.2010-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий