Манасчы Рысбай ИСАКОВ: Аталардан калган сөз, Аян кылып алган сөз

ryspaiРысбай он бир, он эки жашынан «Манас» айткан. Аны үйрөткөн деле эч ким болгон жок. Китептен окуп, Саякбай манасчынын кинотасмаларын көрүп таасирленип жүргөнү эсинде. Кичинесинде чоң энесинин колунда чоңойгон. Чоң энеси ыр-күүгө, жомокко жакын адам болгон. Рысбайды тамга тааныгандан баштап «Манас», «Курманбек», «Эр Төштүк» ж.б. эпосторду үн чыгарып окуттуруп, тыңшап олтуруп дыкат угуп, эпостогу окуяларга берилип, кейите турган жерине келгенде «өлүгүңдү көрөйүн, жалгызды да ушинтип кордойбу, адам эмес турбайбы» деп ыйлаганда ыйлап, жакшы жерине келгенде » ырас кылды, мурун эле ошентсе болмок» деп коштоп олтурчу. Чоң энесине кошулуп Рысбай өзү да ыйлап, кайра басылып алып коңгуроо добушуна салып китептин барагына кирпигин кадап кайрадан окуп кирчү. Рысбай өзү да бирөө үйрөткөнсүп обону менен кыраатына келтирип окучу. Балким мезгилдин өзүнүн таасиридир. Ошол 80-жылдарда элеттин балдары «Манасты» билбегени жок эле. Сыртка чыгып ойногондо дагы » мен Манас, сен Коңурбай» деп бөлүнүп ойношчу.

Кайры эжеке себепчи болуп…
Манасчылар адатта түш көрүп, аян берүү менен «Манас» айтып калышат дешет. Рысбайда да андай түштөр болгон. Бирок балалык кылып көп аңдабай, ошондонбу, жандуу ооруга чалдыгып, кыйналган күндөр болуп, жол табалбай калган учурлар өттү. Качан гана «Манас» айта баштаганда ошол оорулар кетти. Ошонун залдары азыр деле болсо керек, кээде «Манас» айтаардын алдында өзүнөн өзү тили күрмөлүп такалып калган мүнөттөр учурап калат.

Аны биринчи жолу «Манас» айтууга түрткү берген мектепте адабияттан сабак берчү Кайры эжекеси болду. Бир жолу ага «Манастан» үзүндү айтасың деп тексти бөлүп берет. Ага чейин ичинен «Манасты» айткысы келип элирип жүрсө дагы кысынып, ачыкка чыга албай, тартынып жүргөн. Бул тапшырма анын көкүрөгүндө көксөп жүргөн, эңсеп жүргөн нерсеси болгондуктан, купуя кубанып жаттап кирген. Ошондон кийин «Манасты» кадимкидей айтып калган.

Ал эпостон жаттаганымды айтып жүрөм деп эле ойлочу. Бир жолу андан сурап калышты:
— «Манасты» кайсы жеринен айтасың?
— 1958-жылы чыккан китебиндеги «баланчанчы» беттен «түкүнчөнчү» бетке чейинки бөлүмүн айтам, — деди. Кийин ошол китепти карап Рысбайдын айтканына салыштырышса такыр башка саптар экен. Көрсө ал өзүндөгү жаралган саптарды айта баштаганга жеткен экен, аны өзү да байкаган эмес.

«Айланайын Манас ата, уят кыла көрбө!»
Ошентсе да олуттуу түрдө эпосту түшүнүп, Манасчы катары айта баштаганы 1995-жылы «Манас» эпосунун 1000 жылдыгы белгиленген учурдан башталды. Анда Рысбай белгилүү манасчылардын катарында кадимкидей таймашка катышып, элдин сынынан өткөн.

Ошондо билет алуу жолу менен сынак өткөн. Айрым таанылып калган чоң манасчылар ошол билеттеги бөлүмдү айта албай конкурстан чыгып калып жатышкан. Рысбай билет алып жатып «Айланайын Манас ата, уят кыла көрбө, биринчи жолу эл алдына чоң жарышка чыгып жатам, билбей калбайын» деп жалынды. Буга чейин анын үстүнө ушундай билет алып жооп бергенге келгенде такай билбеген суроосу келип жалкатой болуп калган эле. Тагдыр экен Рысбай билет алса өзү билген бөлүмгө туш келип, жолу чындап ачылгандай эле болду.

Улуттук университеттин филология факультетине тапшырып, адабияттын, анын ичинде элдик оозеки адабияттын касиети эмнеде экендигин терең түшүндү. Манасчылык деген эмне экендигин да ошол жерден үйрөнүп бышты.

Азыр ал башканын изин кайталабай жаңыртып айтканга аракет кылып жүргөн убагы. Анын ийгилигин убакыт көрсөтөт. «Манас» дүйнөсү бир адамдын менчигиндеги дүйнө эмес, элге таандык, элдик дүйнө. Рысбайдын ою боюнча айткан «Манасты» өзүмдүн вариантым деген да туура эмес деп сезет. Анткени анда атадан балага мурас болуп келе жаткан саптар бар, айта жүрүүгө милдеттүү, аларды айтпаса Манасчы болбой кала турган саптар бар. Мисалы:
Мурункудан калган сөз,
Мураа кылып алган сөз.
Аталардан калган сөз,
Аян кылып алган сөз.
Бабалардан калган сөз,
Баян кылып алган сөз.
Арсыздарга токтолбой,
Азамат эрге конгон сөз, — деген сыяктуу салттуу саптар бар эмеспи. Канткен менен «Манасты» каалаган эле киши айта бербейт, ошого ар бир Манасчы татыктуу болуш керек. Ошо аталардын сөзүнө теңеле турган сөздөр, кошумчасы, алымчасы да болуш керек.
— Бардыгын айтам деп аракет кылып жүрөм, жаздыра элекмин, ошон үчүн мен айтам деп төш кагып мактанган туура эместир. Кудай буйруса жазылып калса, моюндагы бир жүктөн кутулгандай болобуз го,- дейт Рысбай.

«Оозеки адабияттын өкүлүмүн…»
Рысбай турмушта эң жөнөкөй, сөзмөр, анан тамашакөй. Чыгармачылык бир жолугушуулардын биринде мен калем сабымды таппай калып шашып:
— Рысбай, калемсабыңды бере турчу, — деп калдым. Анда ал күлүп карап:
— Эже, өзүңүз билесиз, сиз жазма ада-бияттын, а мен деген элдик оозеки ада-
бияттын өкүлүмүн да, — дейт. Жаныбыздагылар күлүп калышты. Бул эми тамашасы. Бирок ал ырды да мыкты жазат. Анын айыл тууралуу бир төмөндөгү ырын укканда кадимкидей көзүңө элеттин элеси сүрөттөй көрүнө калат:
Илгерки бир зикир чалган шамандай,
Иттер үрсө түн жаңырта арсылдап.
Эртең менен азан айтып жаткандай,
Эшектери обон созот заңкылдап.

Коңур үндүү койлор ырдап хор менен,
Уйлар мөөрөйт арияны айткандай.
Аргымагы солист сымал кишенеп,
Актриса болот эчки шайтандай.

Таранчылар конгон токтун зымына,
Ноталардай сызыктарга тизилген.
Чаташтырбай дирижердой башкарат,
Чабалекей дирижердой кийинген.

Ооз комузун чертсе таңда чегиртке,
Ойгонушуп ишке кетет аталар.
Арабасын айдап бара жатканда,
Оркестрдей чак-чук этет такалар.

Шыңкылдашса сууга келген жеңелер,
Шыңгыр этип обон коштойт чакалар.
Бейкам жат деп бешик болуп терметип,
Бейпил түндүн ырын ырдайт бакалар.

Кыргыздардын бир гана Мекени бар, ал — Кыргызстан!
Өткөн жылдын экинчи жарымында ЮНЕСКОнун рухий мурастарды баалоо комиссиясына «Манас» эпосу Кытай эл республикасынын атынан катталгандыгы тууралуу нааразылык талаш-тартыштар жаралып, бул иш кыргыз элинин жүрөгүнө тийген окуя болуп калды. Мына ушул тууралуу Манасчы катары, дегеле кыргыздын атуулу катары Рысбайдын пикирин сураганыбызда төмөндөгүдөй жооп кайтарды:
— Негизинен Кытай мамлекети тарабынан туура эмес мамиле жасалган. Ошонун түпкүлүгүндө муну негизи бир уюмдар жасаган. Сурап ала турганы жоктой, издеп ала турганы жоктой, жетим балага мамиле кылгандай болуп коюшкан. Болбосо, биздин боордоштор Кытайда гана жашап жаткан жок, дүйнөнүн ар өлкөсүндө чачырап жаткан кыргыз бар. Баягы «кыргыз көппү, жылдыз көппү?» дегендей. Ошон үчүн бардык кыргыздардын барып, келип эле бир гана Мекени бар. Ал-Кыргызстан. Анын бийлиги, биримдиги бар дегендей. Өмүрү бир келип жашап көрбөгөн кыргыз баласы дагы алыста туруп алып, Кыргызстан деген Мекени, эли, жери бар экендигин айтып мактанат. Ошондой жерде бир ооз кабарлап коюш керек эле. «Туугандар, улуу эпосубузду ушундай кылып каттатканы жатабыз» дегенде биз жактан деле бул нерсеге сүйүнүч гана болмок. Башкача кабыл алынат эле. Айтпай туруп кабарлап ийгени кыргыздын намысын козгоду, арын козгоду, ачуусун келтирди дегендей болуп калды.

ЮНЕСКОнун талабы көп сандагы элдин арасынан аз сандагы кыргыз улутун колдоо иретинде деген түшүнүктө болуп жатат. Ошондо да алдын ала кабарланбай туруп Кытай өлкөсүндөгү кыргыздардын атынан каттоодон өтүп жаткандыгын кабарлап койбогондугу айып иш. Ошон үчүн туура эмес жагдай болуп калды.
Улуттук комиссия түзүлгөн, эми ошолор жигердүү аракет кылса, мамлекеттик деңгээлде бул маселеге кийлигишүү менен мамиле жасалса оң натыйжасын берет дешке болот.

Жусуп Мамай атабыз «Манасты» айта алабы?
Жусуп Мамай атабыз, биринчиден, кол жазма аркылуу гана жазып тапшырып жатат. Саякбай, Сагынбайдай оозеки төгүлүп «Манас» эпосун айткан жок. Айрымасы ушунда. Андай варианттар азыр бизде деле чыгып жатат. Мисалы, Бүбүмариям таптакыр жаңы ыкмада, аян аркылуу алдым деп жазып тапшырып жатат. Андан башкалар да бар. Ал эми Сагынбай менен Саякбай аталар, андан башка улуу Манасчылар өмүрү өткөнчө, акыркы тили күрмөөгө келбей калганча Манас деп сүйлөп, төгүлүп жүрүп өтүп кетишти да.

Жусуп Мамай андай айтпайт экен, жазган китебин окудум, анча таасирленип түшүнө алган жокмун. Ошон үчүн салыштырып кароого дегеле болбойт.

Эми, бир аз окшоштуктар бар, Сагынбай, Саякбай аталар айткан сөздөр эле айтылат. Бирок кескин айрымаланган жерлери да бар. Өзгөчө жөө жомоктор көп кирип кеткенин байкадым. Дагы бир мисал, Жусуп Мамайдын вариантында Тайторуну «Сейтекте» дагы чабат экен. Ошол жерден өзүнүн орду жоголуп калгандай көрүнөт. Ал эми «Семетейде» эмне үчүн чабылгандыгы, кандай максат койгондугунун себеби ачык, даана төлгөгө түшүп турганы берилип жатпайбы. Жусуп Мамайда бул нерсе солгундап кеткен. Кээ бир жерлери өтө көркөм чеберчиликте Сагынбай атанын саптары менен бирме-бир окшош бийиктикте келип калганы бар. Бирок чынында эле айрым жерлеринде өтө солгун саптар көп. Ошондон эки киши жазгандай сезилип калган.

«Манас» рухубуздун туу чокусу
Бүбүмариямдын варианты жазма поэзиянын стилинде, бүгүнкү доордун өзүнүн изи тургансыйт. «Манастын» улуулугу ушунда — ар бир доорго жараша өзүнүн изин, өзүнүн жүзүн көрсөтүп турганы. Ошон үчүн ислам дининин катуу кирип кетиши дагы, калмактардын аралашып кетиши ж.б. ар бир доорго тарыхтын өз изи калып кеткен. Биринчи айрымасы ушунда.

Экинчи айрымасы, Жайсаң ата өзү айттырып, жаздырып жатат дегенинде. Муну эми изилдөө окумуштуулардын алдындагы милдети, канчалык деңгээлде чын-төгүнүн айта албайм. Башында бул жападан жалгыз вариант болуп калыш керек деген ойлор айтылып жүргөн. Мен буга каршы чыккамын. Өзгөчө бир вариант болушу мүмкүн, бирок жападан жалгыз болбошу керек. Ар ким өзү билген Манасын айтат. Чыгармачылыгынын дареметине жараша ар бир Манасчы өзүнүкүн туура деп келген. Ошо сымал бул киши да өзүнүкүн туура деп жатат. Туура дебесе аны айтмак эмес, жазмак эмес. Бирок жападан жалгыз, айныгыс чындык дей бергенде талаш жаралып калат. Анда Сагынбай менен Саякбайдын саптары кайда кетет? Башкача нукта, оозеки өнөрдүн өзүнүн байлыгы жоголуп кетет. Манастын касиети ушунда-оозеки айтылып, эч аспап коштобой, болгон бою менен кошо күүлөнүп ааламды кошо терметип турганы бир башкача касиет да. Ал эми жазып койгон түрүндө андай касиет болбойт. Жазма вариант такыр башкача таасир калтырат. Ал эмес ошол айтылып жаткан нерсени тасмага тартып алып, укканда башкача таасир калтырат. Жаздырып алып окуганда, такыр башка таасир берет. Ушунун баарынын айрымачылыгын билиш керек деп ойлойм. Ошондуктан бүтүн кыргыз журтунун керемет кенчи болгон «Манас» эпосу Жусуп Мамайдын варианты менен жогоркудай каттоодон өткөнү анчалык эле өзгөчө дешке да болбосо керек. Анда күндүр-түндүр күпүлдөп ааламды титиретип айткан Манасчылар бир жазма варианттын алдында калабы? Бул мамлекеттик деңгээлде, бүтүн коомчулуктун деңгээлинде көтөрүлчү маселе. «Манас» рухубуздун туу чокусу экендигин улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов да айтып кетпеди беле. Демек улуу мурас Кыргызстандагы гана кыргыз элинин түпкү тарыхынын тамыры экендиги далилдениши керек.

Бактыгүл ЧОТУРОВА, «Кыргыз Туусу» (“Кыргыз гезиттер айылы”), 05.02.2010-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий