Шамен

— Ханга кун жок, Ормонду бир тууган бугулар өлтүрдү. Анын кунун кууйбуз деп, жарабыз жаңыдан эле айыкпады беле? Бугу элинин тартпаган азабы канча, эми тынчый баштаганда бул оюнду токтот.
— Сарбагыштар Ормон хандын кунун алалбай калды деген сөз болуп атат…-деди Шабдан баатыр.
— Мейли, бугу эли биз кыйындыгыбыздан сарбагыштарга кун берген жокпуз деп айтып калаар. Сарбагыштар биз кыйындыгыбыздан Ормон хандын кунун кечтик деп айтып калаар. «Коёнду камыш. Эрди намыс өлтүрөт» дейт. Эки элди кайрадан чабыштырбай, ушул доону топтон алып сал!- деди Шамен Шабдандын көзүнө тике карап.

Ормон хандын кунун доого койсом, Шамен жакын тууганы эмеспи, колдоп кетер деп ойлогон Шабдан баатыр бир азга ыңгайсыз абалда тунжурай түшүп үн катты:
— Айтканыңыз туура элдин ынтымагын ойлойлу, Ормон хандын кунун топко салбайм.

Шамендин каршылыгынан улам Ормон хандын куну доого коюлбай калды. Ансыз деле эл ичинде, бугу менен сарбагыштын узакка болгон таймашуусунан улам мындай кеп айтылып калган:
Саяк элдин шогу,
Солто элдин тогу.
Сарбагыш менен бугунун
Барынан жогу.

Ормон хандын кунуна чекит коюлду. Чындыгында бүгүн Шабдан кадыр-баркын салып бугудан доо өндүрсө, эртең бугудан дагы бир Шабдандай даражалуу адам чыкпай коймок беле.Шабдан баатырды тизгиндеп Шамен кыргыз элинин ынтымагы үчүн чоң иш жасады.

* * *
Ормон хандын өлүмү көп кан төгүүлөрдүн башы болуп келген. Чачыранды жаткан кыргыздардын көптөгөн уруулары биригүүнү самап турушкан заман эле. Бир жагынан кыргыздарды Кокон хандыгы зордук-зомбулугун көрсөтүп келсе, бир жагынан чүрчүттөр Чыгыш Түркстанды ээлеп кыргыз жерине көз артып келаткан. Ал эми түндүк жактан орустардын кошунунан сүрүлүп келаткан Кененсары хан баш болгон казактар чачыранды кыргыз элин четинен кырып, жерин тартып алууга умтулушкан. Ушундай кооптуу маалда кыргыз урууларынын башын кошуу, ынтымакка келтирүү, бирдиктүү кол топтоп каршылаштарына сес көрсөтүү керек эле. Ормон хандын акыл кошчу кеңешчиси Шамен кыргыз урууларынын башын бириктирүү үчүн көптөгөн аракеттерди кылган. Ал мезгилде өзү бий, өзү хан көптөгөн уруулардын башын кошуу үчүн тунук акыл керек эле. Башка урууларды кой сарбагыштар өз ичинен Темир-Болот, Тынай, Борукчу деп жиктелип турган убак эле. Бугу эли чамгарагын бийик көтөрүп, Балбайдын эрдигине таянып, Тилекматтын тилинин тактыгына таянып эч кимди көзгө илгиси келбей турган. Шамендин акылы менен бугунун мыктысы Боромбай манап Өмүрзак деген уулуна Ормон хандын Кулан деген кызына куда түшөт. Ошентип, бугу элин «эки жаман тоого барса кубалашып түшүшөт, эки жакшы тоого барса кудалашып түшүшөт» дешип, илгерки кыргыздын ырым-жырымы менен, эки элдин журт башчылары куда болуп, эки элди ынтымакка чакырат. Бирок, экөөнүн куда болгону сарбагыштардан Төрөгелди баатырга, бугулардан Балбай баатырга жаккан эмес. Бугуну колго алгандан кийин Шамен Ормон ханды көндүрүп, кыргыздын башка урууларын да колго ала баштайт, сарбагыштын дагы бир мыктысы Жантай баатыр солтонун мыктысы Жангарач манап менен кыз алышып, беришип куда- сөөк болот. Жанаша жаткан саяк, черик эмес алыстагы саруу, кушчу, Анжиян-Алайдагы адигине,ичкилик, сол канаттагы мундуз жана башка урууларды да биригүүгө үндөшүп тамырын тартып көрүшөт. Ал мезгилде Анжиян-Алайдагы кыргыздарда Кокон ханынын таасири күч эле. Бирок ага карабай Анжиян-алайлык кыргыздарда кадыр-барктуу Алымбек датка кыргыздардын башын бириктирүү демилгесин колдоп, хан көтөрүү аземине келип катышкан.

Албетте, кыргыздардын башын бириктирүү үчүн хан көтөрүп, мамлекет түзүү керек эле. Кыргыз эли душмандар каптап, башына күн түшкөн маалда, эл-журтка баш-көз болуш үчүн ак кийизге көтөрүшүп бий же хан көтөрүшкөн. Буга кыргыз элине баш болгон Тагай бий, Манап бий,Кудаян хан, Белек хандарды кошууга болот.

Эми кыргыз элин туш-туштан кысып келатканда бириктирип хан көтөрүү өтө зарыл эле. «Жоону сайса ким сайды, аты калды Манаска» дегендей Ормондун эмес, бул жерде Ормонду хан көтөрүүдө Шамендин эмгеги өтө зор. Ал тубаса дипломат болгон. Чатакташып жаткан кыргыз манаптарынын тилин таап хан шайлоого көндүргөн. Ошентип, уруу башчылары Көтмалдыга чогулуп, кыргыздын ошол мезгилдеги «элитасы» бүт чогулат. Келген меймандарды коноктоп жата беришет. Көрсө, Анжиян-Алайдын билерманы Алымбек датканы күтүп жатышкан экен. Алымбек датканын келиши менен ак боз бээ союлуп, Шамендин акылы менен Ормон ханга чакталып тигилген кызыл тебетейди алып чыгып, кыргыздын билермандарын уй мүйүз отургузуп жыйын башталат. Баатырдыгы, эрдиги бар, бирок сөзгө чоркок Ормон ордунан туруп бир гана сөз айтат:
— Мына, кыргызга хан боло турган адамга кызыл тебетей, муну кимиңер кийесиңер?-деп.

Мындай түз коюлган маселе, көпчүлүккө күтүүсүз болгондуктан, мыкчыгерлердин бир тобу дендароо боло түшөт. Кимдин эле кыргызга хан болгусу келбесин. Солтонун мыктысы, башы казандай болгон Жангарач манап хан болоюн десе кызыл тебетей төбөсүнө эле конуп калчудай, саяктын мыктысы, башы чымчыктыкындай Качыке манап хан болоюн десе кызыл тебетейдин ичине башы эмес мойну да батып кетчүдөй. Четирек жашаган черик, саруу, кушчунун мыктыларына кызыл тебетей чак болгону менен хан болом деп айтууга даай албай турушту. Бугунун мыктысы Боромбай манап куда болуп алданганын билип, бармагын тиштеди. Сөздү алыстан келген Алымбек датка бузду:

— Ормон баатыр өзүң тиктирдиңби, кызыл тебетейиңди өзүң кий!- деди, ичтери күйүп, туз жалашса дагы Шамендин айла-амалы менен Ормон кыргызга ак кийизге салынып хан көтөрүлдү. Арийне, көпчүлүк мыктылардын ичинде көрө албастык, ич күйдүлүк канына тээп жатты. Ормон хан болоор менен өзүнүн трайбалисттик жарлыктарын чыгара баштады. Мыйзам чыгаруу боюнча кеңешчилигине же азыркыча спикерликке жана тышкы иштер министрине сарбагыш Шаменди дайындады, Башкы командачы, коргоо министрине сарбагыш Төрөгелди баатырды, дагы бир кеңешчиге же премьер-министрге сарбагыш Жантай баатырды, мамлекеттик секретарга сарбагыш Калыгул олуяны, ички иштер министрине сарбагыш Адыл баатырды, андан тышкары өз атасы Ниязбектин «сегиз бегин, телегейи тегиз бегин» кур калтырбай бирден дубанга губернатор даражасын берген. Мына Ормон хан кыргызды баш коштурам деген идеясы болгону менен, трайбализмди баштап жалпы кыргызга хан катары таанылбай калган.

Шамен «Ормон опуза» деген башмыйзамды жазып, кабыл алган. Бул мыйзам боюнча кыргыздар бири-бири менен чабышканга, жылкысына тийгенге, уруулукка, киши өлтүрүүгө тыюу салынган. Ар кандай жазалар колдонулган, кун төлөгөн, зынданга салынган. Бул мыйзамдардын ичинен эң эле мыктысы аскердик тартип жөнүндө мыйзам эле. Тынчтык мезгилде чек арага көз салган бир аз гана кошуун түзүлсө, душман кол салган убакта баардык ким эркекмин деген кыргыздарга тез аранын ичинде аскердик мобилизациянууга тийиш эле. Кененсары хан кыргыздарды басып киргенде кыргыз эли тикесинен-тике туруп төшүн тосуп, казактардан кыргыз жерин сактап калды.Ушул мыйзамга баш ийбей бул салгылашууга келбей коюшкан бугунун мыктыларына Ормон хандын өчөшүп калганы ушундан башталат.Чындыгы, аз да болсо мамлекет катары тартип орногон.Ал эмес кыргыз-кытай чек аралары такталып, Кытай бийлиги Ормон хандын мамлекетин таанып, мамлекет аралык мамиле түзүү максатында Шамен баш болгон кыргыздардын алгачкы делегациясы Үрүмчүдөгү кытай бийликтери менен чек араны демаркациялоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Ормон хан менен Шамен кыргыздар Россиянын курамына кошулганга чейин эле чүрчүттөрдү чүлүктөп, кытай менен кыргыздардын чек арасын тактап коюшкан.

* * *
Дүйнөнү дүңгүрөтүп Кенехандын үстүнөн жеңишке жеткен соң манап Ормон хан ого бетер манчыркап калат. Ал дөөлөтүнө дөөгүрсөнөп Шамендин айткан акыл-кеңештерин кулагынан тышкары кетирип, көптөгөн кемчиликтерди кетире баштайт. Кенехан орто жүздүн улуу ханы болгону менен орус императоруна каршы орто жүз менен улуу жүздүн казактарын көтөрүп чыгып, оторчу орустарга күн көрсөтпөй жаткан кези эле. Кене хан Ормон ханды таанып, ага кыргыз казак биригели, бир хандыктын алдында деп элчи жиберет. Ормон хан да «хан түзсөк улуубуз хан бололу» деп, Кене ханга кыргыздар баш ийбесин битлдирет. Кененсары анын кенебей койгонун шылтоолоп солтонун Жаманкара баатырын чакырып алып, тирүүлөй бөйрөгүн сууруп алган. Кененсары, Норузбай Чүйгө каптап киришип боюнда бар аялдардын ичин жарып , төрөлө элек баласын мууздап. Көрдө жаткан мыкты ата-бабалардын сөөгүн алып чыгып чачышып, солто элин сүрүп келатканда Ормон хан кол баштап келип казактардын колун талкалап. Колго түшкөн Кененсары менен Норузбайды Жаманкаранын катынына салып берип өлтүртүп, башын орус төрөлөрүнө жөнөтүп, орус империясынын сый-урматына ээ болуп турган маалда, бугулардын салгылашка келбей койгонун шылтоолоп, бул элдин мыктыларын «сындыргысы» келет.

* * *
Бугу менен сарбагыштын эмне кастыгы бар, эмне жакындыгы бар. Тагай бийдин балдарынын ичинен бир ата болсо да бугу менен сарбагыштын жакындыгы бар. Тагай бийдин Кылжыр, Богорстон, Карачоро, Жедигер деген канынан чыккан «тонсуз» балдары болсо, азып жүрүп асыранды болгон Азык, Саяк, Черик, Коңурат, Чертки жана башка толгон-токой «тондуу» балдары болгон. Кылжырдын Орозбакты, Дөөлөс деген балдары тың чыгышып, кыргызга баш-көз болушат. Эзелки заманда кыргызга катаган баш болот, андан кийин бийлик багыштардын колуна өтөт. Кылжырдын балдары да бийлик дегенде ак эткенден, так этишип, эр жигит эл четинде, жоо бетинде дешип атактары катуу чыккан соң , булар багыштан да зор болду, «зорбагыш» болду дешип Кылжырдын балдарын сарбагыш атка кондурушат. Сарбагыштар «илебине нан бышып» турган маалда, катаган туш-тарапка тарап кеткен кези экен, калган-каткан катаганды сүрүп барып, калмактарга чектеш жерге алып барып коюшат. Мунун себеби катагандар биринчиден согушчул, жоокер калк болсо, экинчиден калмактар менен кармашып кырылып, күчү азайсын деген эле кеп. Дөөлөстүн Манап деген уулу мыкты чыгып, ага кыргыздан кыз табылбай калгансып Миңшакек деген калмак кызын алып берет. Манап бийдин Миңшакек деген ушул байбичесинен тараган тукуму тың чыгышып, Орозбактынын балдарын бугу атка кондуруп, сарбагыш деген атты өздөрү менчиктештирип алат. Манап бийден Сүтөй, Сүтүке жана калмак кызы Миңшакек байбиченин чаяндай болуп ичин жарып чыккан Жарбаң баатыр. Жарбаң баатыр таяке-тайы калмактардын тамтыгын чыгарып, акесин окуткан. Сүтөйдөн Сарысейит, Тукур, Эшим жана башкалар.

Шамендин кыргызча ата-тегин сүрсөк да, еврейче апа-тегин сүрсөк да Манап бийге барып кошулат. Ата-тегинен баштасак Сарысейиттен Үчүке, Түлкү, Кудаян. Жаңыл мырзаны Түлкүгө токолдукка алып беребиз деп барып, анын итин көрүп «канчыктын канчыгы келатат» дегенин угуп калып Жаңыл мырза Үчүке менен Түлкүнү экөөнү тең жаа менен атып салат. Үчүкеден үч бала, ал эми Түлкүдөн Тынай калат. Сарысейиттин байбичеси калмакпы же кыргызбы ким билет, катаал адам болгон экен. Эмчектеги Тынайды алып калып Түлкүнүн аялын кетирип жиберет. Акыркы жолу сүтүн эмизип атып Тынайдын энеси боздоп: «Үчүкенин үч баласы жалгыз Тынайыма күн көрсөтпөйт го» деп сыздап кетет. Тынай деле тың чыгат анын Атакесинен Таштанбек, Карабек, Жантай, Шабдандар тараган.

«Кыргыз руху» («Кыргыз гезиттер айылы»), 29.01.-05.02.2010-ж.

Соц тармактар:

Шамен: 1 комментарий

  • 30.12.2010 в 12:17
    Permalink

    Бул окуя жөнүндө тарыхчы Белек Солтоноевдин жазып калтырганы

    КӨЛДӨГҮ САЯК, БУГУ МЕНЕН САРБАГЫШТЫН ЖАРАШКАНЫ
    Орустун чоң жардам көрсөткөнү үчүн Шабдан баштык тынайлар оруска зор эти бардуу болуп, Бишкек дубалындагы сарбагыш, саякты бүткүл оозуна; жараткан соң жана солто кыргызы дагы ыгынан көп чыга албагандыктан талпынып, эми көлгө караган саяк, бугуну басып, анда дагы кадырыңды арттырып кедей чарбасын эзип, атагымды узартпайын деп, 1872-жылы Көктөмдө Шабдан бий аке баштык кедейди талаганга дагдыланган, 70-80 киши топ кылмакчы болуп жана сарбагыштан калың киши Караколго барган, Караколго караган элди ал чакта өз оозуна караткан феодал Чыныбай Тилекмет уулу сарбагыштын топ кылдырып, саяк бугуну таламакчы, аракетине намыс кылып, келген тынайга бир тыйын союш бербегиле, бергениңер болсо айып аламын деп элине жардык салдырган. Көктөмдө топ чарбага залал болот деген шылтоо менен жана пара аркылуу өз уездной начальнигин көндүрүп, топту тараткан. Андай топко бараткан жанындагы кызматчы жана жигиттеринин аттарын расходко тутуп, аларга кедей дыйкан орто чарбадан таланып алынган мал менен орундатып келе жаткан Шабдан жанындагы аттарын расходго тутуп, жөө калган кедейлерди эки-үч араба жалдап жүргүзүп жатканда, 30-40 киши менен феодал Чыныбай бастырып келип, бугу ичинен желден уругунан сары катын уруусунан Солтобай ырчыны тынайды кордогун деп Чыныбай айтканда Солтобайдын айтканы:

    …Келдиң эле жөө тынай,
    Бадана кийип балкылдап,
    Эми кетип барасың,
    Байталга жетпей шалпылдап.
    Семиз аттуу Эсенкул,
    Тескей ылдый жарышты.
    Кедей сакай, жөө тынай.
    Жыгач атка жабышты.
    Энчи бөлүп бергидей,
    Энеси бөлөк тынайдын
    Эркелетип жүргөндөй,
    Эркеси белең кудайдын.
    Акы бөлүп бергидей,
    Атасы белен. тынайдын.
    Аркалатып койгондой,
    Ардагы белең кудайдын.
    Акыңды алгын жөө тынай,
    Айдап койгон таруунду ал.
    Энчинди алгын, жөө тынай,
    Энеңди алган саруудан
    (Тынайдын Деркен деген энесин Түлкү коё бергенде аны Саруу алган).

    Баштын доосу бул эмес,
    Бул жаныбар Ысык Көл.
    Сен оодарар көл эмес,
    Катындары -бийлеген.
    Биздин саяк, көп бугу,
    Түнкатардай эл эмес.
    Байыры Ормон доо деген,
    Курманкожо, кулжыгач
    Буйлалаган төө эмес,
    Кедей сакай, жөө тынай,
    Ошондой ме жөө деген.
    Жаныңа суусун байландың,
    Аламын деп шайландың.
    Үйдөн чыктын жөтөлүп,
    Бешмант кийдиң көтөрүп.
    Бешмантындан бере кет,
    Бу кордугуң аз болду.
    Бормдун ташын тере кет,
    Сан жылкылуу Сарыбай
    Миң жылкылуу Каптагай,
    Биздин бугу четтен бай,
    Билесиңби, кедей сакай, жөө тынай.
    Алты басар Тагай бар,
    Абыдан мыкты малай бар.
    Тескей жакты карасак,
    Кара көйнөк Канай төр.
    Кедей сакай, жөө тынай,
    Сен акы алганча далай бар.
    Көл башында көп белек,
    Көлдөгөн жылкы көрөсүң,
    Көзүкү артсаң өлөсүң,
    Аң дебегин көп дегин
    Канимет кылсаң жөнөөрсүң,
    Кайыптан бүткөн бугуну
    Катыны билген түнкатардай көрөсүң..
    Көтөрүп кийген камселди,
    Быйылча бычан чапсаң толорсуң,
    Ал бычаңды чаппасаң
    Сырттан тепки көрөрсүң.
    Ак таш түшүп топ кылды,
    Тыйын бербей тынайды.
    Сыймыгынан сооп кылды,
    Эр Чыныбай баатырың
    Ушинетип куп кылды.
    Жылтырдан кечүү чалдыкпы,
    Жылкын. түгүл итиң жок,
    Жылкыңды тийип алдыкпы.
    Жылас доого калдыкпы,
    Бейшекенди чалдыкпы.
    Берерине малын жок,
    Бедеңди тийип алдыкпы.
    Бейпай доого калдыкпы,
    Обознайга салгандай
    Мындан соопко калдыкпы

    Ызаланып калган Шабдан бай аке 1873-жылында, Манапбайды Алматыдагы жандыралга жиберип, Каракол, Бишкек дубанын Кара Булак, Бейшекеге (Шабдандын турган жери болгон) дүк кылмакка уруксат алып, сыяз ачкан. Бугу, саяктан Чыныбай баштык киши келген. Солтобай ырчы бирге келип, мингени жырык боз ат экен, атчан туруп бай аке Манапбай, Шабдан кан соргучтар менен учурушканы:

    Тогуздан чалган бүрүңү
    Баракелде эр Шабдан,
    Торой чалган күчүңү.
    Сонун жерден кыз келди,
    Журтчу эмедей кыйшаят,
    Согоно болгон кишидей,
    Алтындап чалган бүчүңү,
    Баракелде, Манапбай,
    Ашыкпай чалган күчүңү.
    Алыс жерден кыз барды,
    Азоо тайдай кыйшаят,
    Береги асма бука кишиге.
    Кулдун уулу бай аке,
    Ачууңду кой аке.
    Чоочун элдин кызы эле,
    Чоочун, кана бай аке.
    Жан булактын белинде
    Жакуп сууруп салды эле,
    Сенден качан кыз алуучу
    болуп калды эле.

    Байаке кыйшая карап күлүп жиберген. Шабдан Сооронбай канкорду карап, көтөргөн үйүңөр кайда эле, буга бир ат мингизип, үйгө алып баргыла дегенде, бул канкордун жанындагы бөрк алгын десе баш кескен жигиттери ошол жерде турган кедейдин бир атын жыгып, Солтобайга берген. Саяк, бугуну көтөргөн үйлөргө жараштырып, сыязга олтурган.

    Бийлердин председатели солтодон болуп, он күн чамалуу солто, саяк түшпөгөн, чакырылбаган. Бугу, саяк болсо да, чакырыкта жокмун десе да «эми чийип койсо дагы эле болот» деп кордук көрсөтүп, басырыктатып жибергенде бугу менен саяк кеңешип чыдабастан кача турган болгон, муну билген соң Байтик менен Шабдан сүйлөшүп: ”Ушундай топ кылганча илкеркидей урушканыбыз”, — деп Шаменге акылга келген. Шамен: ”Ээ… эки мырза, топ кандай болуп жатат?”- дегенде Байтик: Топ курусун, мааниси болбоду, саяк менен бугуга жабыр болуп кетти», — дегенде Шамен чыканактап жатып: «Бугунун бир жакшы кишисине айтып, эки баштык деген кишилерине бир атын жетелетип алып, Манапбайга барсын, мени айтты: дегиле, Манапбай бугу менен саякты кыстаганын койсун». Байтик менен Шабдан бугуга барып айтканда феодал Боронбайдын кан соргуч Өмүрзак деген уулу дыйкандын бир атын жыгып ала Манапбайды алдына келген. Мындан соң бүтүм ак жеринен болуп, жалган доо калган. Топ тарай турган болуп, бугу менен саяк көлгө кайта турган болгондо Шабдан менен Байтик Шаменге барып, саяк менен бугу жерине кайтмакчы болду, кандайча кылып узатабыз, акылыңызды угалы деп келдик дегенде, Шамен: «Саяк менен сарбагыштын эки тизгин бир кайышын Байтик иним, сага бердим. Саяктан бир-эки киши алып узаткыла»,— деген. Байтик кошуна келип, алты ирик, бир бээ алып саяк менен бугудан Өмүрзак менен Чыныбай баштык-алтымышча кишилерин чакырып, коноктоп жатканда Шаменди чакыртып Байтик киши жиберген. Саяк, бугу этин жеп, чайын ичип болгондо Шамен келип олтуруп, Байтик менен Шабданга карап, тууганыңардын тамагы берилдиби? дегенде, бердик деген. Шамен бугу менен саякка карап; «Ормон деген Каранын каны эле, суучулдун ажалы — суудан, мергендики — зоодон, баатырдыкы — жоодон, кандыкы — туугандан деген, бугу тууган, тең туугандыктан Ормонду өлтүрдү, андан кийин найзанын учу, кылычтын мизи менен жүрүп, көрүшпөй кеттик. Оруска карап кензе болгондон кийин бугу тууган менен дидар көрүшөлү деп балдар барса Эсенгулдун балдарына союш деп улак-козусун берип, бир-эки мырза (шабданга) бербей кайтарган экен…

    Узун куйрук сагызган,

    Кыска куйрук туушкан,

    Канды калпак кечсе да,

    Кыйышпаган туушкан.

    Эски кекти куушкан,

    Канкор менен туушкан, —

    Эсенкул саяк он ат, Тынай он ат, отуз ат менен бугу, саяк тууган жөнөсүн. Биздин балдар айта жүрсүн, атабыз боштугунан отуз ат берген экен деп, буларды айта жүрсүн, атабыз мыктычырактыгынан жөө жиберген экен деп, тарт балдар, атымды», — деп аттанып Шамен кеткен. Дароо үйдө чыга сала топко чакырылып келген кедей дыйкандардын аттарын жыгып, отуз ат бергенде бугу менен саяк жүрүп кетип, мындан кийин бугу менен сарбагыш бир кылжырдын баласы болуп, эзелки кастык, эски кегин таштап, эзилишип эл болсо да бий манаптары кезенишип кала жүрдү. 7-өктөбүрдүн касиети менен ал пейилдерин таштап, чын тиричилик социализм жолуна кирди.

    Ответ

Добавить комментарий