Мендеги Манас жана элдеги Манас

(Агайларга ачык кат, жарандарга жалпы кат)

Бул сөздү баштаганга айтылуу манасчы Дөөлөтбек Сыдыков инимдин айтып берген окуясы биротоло түрткү болду. Анын айтымында, илгери Саякбай атабыз Манас айтып атып, кытайлар кырган сайын көбөйө бергенде айкөл Манас баатырың акыры пулемет ала коюп баарын чайкап салгандай кылып бүтүрүптүр да. Баягыны угуп аткан кадимки Түгөлбай аксакал Ыя Саке, Манастын учурунда пулемет болду беле? Чындыкка жакындашпай калды го, ушунуңуз туурабы? деп сураса Саякбай атабыз карап туруп: Анан кытайлардыкы туурабы? деп бурк этип коет дейт.

Урааным Манас, улутум кыргыз. Мекенчил ини-карындаштарымдын, улутчул кыргыз жаштарынын уюмунан тараган ушул сөз мага келмедей туюлат. Бир эсе каниет кылып, уучубуз куру эмес экен деген сыймык жаратып, илгери үмүт арттырып, бир эсе ушуга чейин элиме жарытылуу кызмат кылып бере албаганым үчүн арымды козгоп, жаныма жай бербейт. Мендеги Манасты ойготуп, канча кылымдан бери камакта калган кабылан күркүрөп, капастан чыгаар жолун издейт.

Жазганымдан майнап чыккан жок деп жазмышка баш ийип, же биротоло жазбай эле түптүз барып Абыке, Көбөш арамдардын алмадай башын кесейин десем — артымдан чыгаар элим жок, шиберге койсо өрт кеткен, шилтегени мүрт кеткен кылычым жок, айла жоктон тынч оокат кылып, убакты-сааты чыккан учурун күтүп жаттым эле. Ал учур жакындады. Көп күндөн бери өзүмө өзүм батпай, мендеги Манас мага тынчтык бербей жанар тоонун көзүндөй кайнап чыктым. Айтпасам сөздүн атасы өлчүдөй.

Кылымдардан бери төгүлүп-чачылып, бирде буркан-шаркан түшүп ээ-жаа бербей, бирде бир кулач арыктын көзүнө батып кетип, айтор аккан суудай учугу үзүлбөй ушул күнгө жеткен кыргыз үчүн чоң сыноо келди. Балким кыргыз тарыхындагы эң маанилүү сыноо. Манастын ЮНЕСКОдо Кытайдын атынан катталышы бул автордук укук мыйзамынын же эл аралык бюрократиянын гана маселеси эмес. Бул чындап келсе кыргыз эли, кыргыз мамлекети же биротоло жок боло турган, же кайрадан жандана турган, тагдыр чечээр кыйчалыш мезгилдин кашкайган белгиси.

Манас атабыз ким өзү? Аны ар бир кыргыз ар башка түшүнөт. Айрымдары жомоктогу жок нерсе катары көрөт, башкалары дагы башка… Менин жүрөгүмдө кадимки баатыр Манас жашайт. Ал байыртадан келаткан Улуу сөздөн пайда болгон, башым менен кошо жатат, балам менен чогуу жетилет. Сүт менен кирген сөөк менен чыгат. Мен аны жомок эмес, чыныгы Манас деп билем.

Улуу сөздүн өзүндө Манас атабыз ким эле? Малдын туягынан, күпүйүм оокатынан башкага анчейин кызыкпаганы үчүн касиеттүү Акбалтанын жемесин далай уккан бай Жакыптын баласы болгон. Атасынын тыйганына карабай эл үчүн жаштайында жоого аттанып, катылгандын катыгын берген, алдуунун алы жетпеген, күчтүүнүн күчү келбеген, ай ааламды буй кылган теңдеши жок жоокер болгон. Кулаалы таптап куш кылган, курама жыйып журт кылган, чачылганды жыйнаган, үзүлгөндү улаган, үмүтү соолгон кыргыздын өчкөн отун тамызган, өлгөн жанын тиргизген журт башы болгон. Азыркынын тили менен айтканда идеал лидер, тандап алган жолу боюнча абсолют жоокер, позициясы боюнча биринчи иретте мекенчил жаран болгон. Анткени кыргыз эли байыртадан көчмөн демократиянын мыйзамына баш ийгендиктен, элди коргоп, эл баштай ала турган, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн башын сайган баатырларын гана кан шайлаган. Ошолорго ишенип, ошолорду даңазалап, кийин кылымдар бою ошондой баатырларды эңсеп келген.

Манас атабыз тынч жатып дин тараткан пайгамбар болгон эмес. Осуят айткан олуя болгон эмес. Бежиреп жумшак сүйлөгөн, сөзүнүн касиети жок үлпүлдөк интеллигент болгон эмес. Мейли, эл-журтумдун кызыкчылыгына доо кетсе кетсин, эптеп жанга тынч болсо болду деген бүгүнкүдөй конформист болгон эмес. Байыркынын баатырлары эрегишке келгенде чогоол сүйлөп чорт болушкан, абалкыдан кеп баштап, акырын сүйлөп бек таштап койгон, намыс үчүн акыры башка бир өлүм деген тайманбас эр жигит катары элдин эсинде калышкан. Алыска ат ойноткон, куралына кол ойноткон. Баатыр болсоң катуу бол, жоо жанынан түңүлсүн деген эр мыйзамы ошондон калган. Манастын өзү турган турпаты менен принципиалдуулук, патриоттук, даярдык. Андыктан улуу сөзүбүздүн эрдик сыпатын, жоокердик духун жокко чыгарып жымсалдап, өзүнчө эле сыпайы-сылык көрсөтүү аракети түбүнөн туура эмес. Ал касиетттүү Манас атабыздын элесин бурмалап, эр жигитке сулуу кыздын кийимин жаба салып, оозун боегенго барабар. Манастын маселесине, же кадимки Манас үчүн маанилүү болгон эл-жер, мамлекет маселесине келгенде түз жолдон тайып, кой, жумшарталы, тигилер эмне дейт, кокуй, тигилер жаман ойлоп калбасын, дипломат бололу деп тайсалдап тургандын өзү Манастын тирүү арбагын шылдың кылууга тете. Антип Манастан калган улуу сөздү дагы, Манастын принциптерин да коргобой эле коюш керек. Андай сөздү сүйлөп атып Манасты оозанбай эле коюш керек. Азыркыдай тагдыр чечээр маалда мен муну руханий мажирөөлүктүн эң начар көрүнүшү деп түшүнөм. Антип мендеги Манасты, балким жалпы элдеги Манасты иренжитпегиле. Касиетти качырбагыла.

Касиет демекчи, акыр заман болоордо көзү ачык көбөйөт дечү эле. Улуу сөздү кыргыз кулундары гана айтканына карабай туруп, Манас адамзатка ааламдан түшкөн акыл-эс деп, мен айрымдарын башынан бери сыйлаган өзүбүздүн агай-эжейлер чыкты. Атаганат, тилде сөөк жок экен, айтылган соң сөз жарыктык тарап кете берет экен, кайыптын ишин кадимки адам текшере албайт экен. Андыктан акыйкаттын бирден-бир чен-өлчөмү практика деген принципке таянбашка айла жок. Башкасын билбейм, мен үчүн адамзатты кое туруп, кыргызга жарыгы тийсе деле аз болбойт эле. Анткени канчалык ачуу болсо да чындыктын көзүнө тике караш керек. Азырынча мен иш жүзүндө Кыргызстаныбыз дүйнөнүн энергетикалык борборуна айланып, же башкаларга үлгү болчудай жагдайын көп деле көрө элекмин. Элибиздин жарымы тентип, жарымы башканын тилинде сайрап кетсе, жерибиз менен көзүр болгон көрүнүктүү тармактарыбыз итбекер сатылып атса, өлкөбүздү чоочун фирмалар башкарып атса, Кытайга Мааникерди бербеген кыргыз башкасын кой, Манастын улуу сөзүн талашканга даай албай атса кайдагыны сүйлөп атабыз? Эмнени айтып элдин башын маң кылып атабыз?

Урааным Манас, улутум кыргыз. Азыркы учурда жамы журтка кадимки Чоң казат керек болуп калды. Чоң казат деген сөз Улуу дастанга кийинчерээк эле кыргыздар исламдаша баштаган кезде кирген экен. Ага чейин башкача айтылып, идеясы да башкача болсо керек. Азыркылар көбүнчө диний маанисине тартып газават же жихад дешет, аны кыргызча которгондо жүрүш деп билсе болот. Дүйнө элдеринин көпчүлүгү туура эмес түшүнгөндөй, жихаддын негизги мааниси каапырларга каршы согуш эмес, өзүңдөгү кемчиликтер менен күрөш экени кийинчерээк айтылып келатат. Анын эң туу чокусу адилетсиз башчынын туура эмес кылыктарын бетине айтуу дешет. Андай сөздү болушунча эле айтып келатабыз. Болгону ошентип жалаң эле бир ууч адамдар айта бербей, башкаларыбыз да үн кошолу, айтып эле тим болбой, ар нерсеге даяр туралы, абалды өзгөртүүнүн жолдорун табалы. Өзүнүн ит адаттарына, тегеректеги адамдардын маңкурттугуна күрөш ачкан, колу-жолу булганбаган, ичпеген, чекпеген, ууру кылбаган, ушак сүйлөбөгөн, богооздуктан баш тарткан, эр өнөрүн сыйлаган, башкаларга үлгү болгонго жараган сергек, улутчул жарандар биригели, мекенибиздин келечеги үчүн башыбызды саялы, акка моюн суналы. Муну дин эмес, улут үчүн, мекен үчүн айтылган билдирүү деп түшүнгүлө.

Урааным — Манас, улутум — кыргыз. Адамзат диндеринде Кудай ар бир адамдын жүрөгүндө деп таанылган. Анын сыңарындай, Манас, анын иши, идеялары ар бир кыргыз атуулунун жүрөгүндө жашаганда гана Манастын түпкү максаты жүзөгө ашат. Манас биринчи иретте кыргыз үчүн, айрыкча Кыргыз мамлекети үчүн керек. Символ даражасында көтөргөн туу, жамы журтту бириктире турган күч, түбөлүктүү мамлекеттик стратегия катары керек. Иш жүзүндө анын канчанчы кылымда жашаганы, прототиби ким болгону, сөөгү каякта жашырылганы маанилүү эмес. Анткени Манас тарыхтагы конкреттүү адамдын масштабынан капкачан чыгып, жалпы улуттук идеяга айланып кеткен. Кыргыздын бир да баласы өз бетинче турганда Манас боло албайт, бирок ага умтулбаса кыргыз да боло албай калат. Эгер ар бир кыргыз жараны күпүйүм оокатын ойлобой, мекенин ойлосо, ойлоп эле тим болбой, ал үчүн ар нерсеге даяр турса, даярданып эле жатып калбай, иш жүзүндө далилдесе — Манас атабыз тирүү. Жок, кыргыздын көбү маңкурт болуп кетсе, башканын тилинде сүйлөп, башкага дилин берип, кайдыгерлик жолго түшсө — анда Манастын да, кыргыздын да чындап өлгөнү ошол. Муну ойлогондо демек азыркы Манас терең уйкуда же жарадар деп элестетем. Жаным кейип, азыр эле түрткүлөп ойготкум келет. Түгү бетине чыгып, түмөндөгөн душманга түгөл кирип кол салып, элине азаттык, жеңиш, намыс алып келе турган күнүн эңсейм. Анан ошонун баары өзүбүздүн мойнубузда экенин түшүнгөндө бул иштин канчалык жоопкерчиликтүү, оор экенин түшүнөм. Бирок анын баарын биз жасашыбыз керек. Келгиле, ошентип биздеги, ичибиздеги Манасты чогуу ойготолу, кошоматчылыктан, ач көздүктөн, маңкурттуктан, чыккынчылыктан, жалган сөздөн жарат алган жерлерин дарылайлы. Ошондо гана кыргызды сактай алабыз.

Мынчалык терең уйкуга кеткен, төбөлдөрүнө нааразы болгон, уулдарына ичи чыкпаган Айкөлдү ойготуп атка мингизиш үчүн кырк бир күн Манас айттырыш жетишсиздик кылат. Жөн эле манастап ураан чакырыш да жетишсиздик кылат. Ойготуш үчүн мендеги Манас, сендеги Манас биздеги Манаска, кийин элдеги Манаска айланышы керек. Сандан сапатка өтүшү керек. Кыргыздын ар бир уулу Манас болууга умтулуп, ошонун камын көрүшү керек. Кыргыз эли өз өлкөсүнүн ээси экенин эстеп, улут тагдырына түйшөлүп, мамлекеттин келечегин ойлонушу керек. Башында турган бийлигин эле эмес, башын сая турган жоопкерчилигин да кошо көтөрүшү керек. Ар бири! Бул абдан узак жол. Бирок бул кантсе да Манастын бирден-бир улуу жолу.

Ойгонсун, элдеги Манас!

Жыргалбек Касаболотов, кыргыз жараны

Соц тармактар:

Добавить комментарий