Акын менен он жыл өмүр кечиргем

Т. Күлсүн: Мен билип калган баамдоом боюнча мындай иштеп жүрдү. Ал кишинин өзүнө таандык дагы бир асыл адаты, ал бүгүн жаза салып эле эртеси редакцияларга чуркап барып чыгаруу шаштырмасы таптакыр жок болчу. Кичине нерсе жазабы, чоң чыгарманын үстүндө иштейби, кандай иш бүтүрбөсүн жазгандардын эртеси кайра карап, кайра да сыдыргыдан өткөзүп, айтор сөз менен көп түйшүктөнөөр эле. Акырында купулуна толгондо гана жарыялоого берчү. «Ажал ордунаны» жазып жүрдү, көрсө адегенде пландарын курат турбайбы? Биринчи, экинчи көшөгө мындай болсо, тигиндей болсо деп кээде өзүнчө эле күңкүлдөп жазып жатаар эле. Ал убакта мен деле өтө жаш кезим, адабият, ыр жазуу дегенден деле кенедей түшүнүгүм жокко эсе. Чынын айтканда сабатсыздыкты эптеп-септеп жойгонубуз болбосо билим, түшүнүк деген жокко эсе да! Эгер жашырбай чынымды айтсам: жазып жатат, эмнени жазып жатканына деле кызыкпайм. Ишим жок көптүн бири катары жүрө бердим. Ал жазып-жазып отуруп айрым саптарыбы өзүнө жагып калса, айтарга сөз таба албай, жайдаңдап: -Ии жакшы болбодубу, ойдогудай чыгып калды -деген кубанычын жашыра албай калчу. Кээде ал деле жазгандарымды окуп берейин, уксун, -деп деле ойлочу окшойт. Бирок биздин кейпибизди, адабиятка кылган мамилебиз, чыгармачылыкка түшүнүгүбүз кыйла начар экенин түшүнүп турат да. Анын үстүнө эмчектеги балам да бар. Ошентип жазып жүрдү, өзгөчө драмадагы каармандар жөнүндө көп ойлонуп, күңгүрөнүп сүйлөнүп калган учурлар деле аз болбогон.

О. Тенти: Күлсүн апа, сиз менен бир сапар маектешип отурганымда мындай деген бир сөзүңүз эсиме түшүп жатат. Сиз:
— Драма жазып жатканда өзгөчө чыгарманын негизги каармандары Искендер менен Бектур карыянын аттарын көбүрөөк эскерчү, -деген элеңиз. Мына ушул туурасында кененирээк сөз кылып өтсөңүз?
Т. Күлсүн: Айланайын уулум ушуну ырас эстедиң. Ооба «Ажал ордундасын» жазып жатканда андагы каармандарына өзгөчө мамиле кылды деп ойлойм. Мисалы, ошолордун ичинен Бектур карыя жөнөкөй эле көптүн бири карыялардан эмес, ал эл-журтун урматтаган, ары иш билги, ары акылман адамдардан болушу керек. Ошондой эле Искендер менен Зулайканын аттарын таап алганына кубанып:
— Болду, болду ушул жарайт, ушул аттар ылайык, — деп сүйүнүп өзүнчө кудуңдап жатканы күнү бүгүнкүдөй эсимде. Драмада Максүт деген болуш бар эмеспи. Ал эмнегедир жеңил эле коюлуп калгандай болду. Балким кимдир бирөөнүн кеп-кеңешин уккандыр. Анысын жакшы билбейм. Чыгармачыл адам катары ар бир каармандарым мүнөзүнө жараша аттары да, ойдогудай уккулуктуу болсун деп ойлогон окшойт. Бектурдун ролун биринчи ирет Абдылас Малдыбаев, Зулайканы Анвар Куттубаева, Искендерди Боталиевдер аткарышкан. Булар да өзүнчө бир кеп.

О. Тенти: Жогоруда драмадагы каармандардын аттары жөнүндө кеп козгоп калбадыкпы. Ошондо башкы каармандарын бири Искендер эмеспи. Бул ысым бир жолдошунун кайнисинин аты Искендер болгон, ошондон алган деп айтканыңыз эсиңиздеби? Ошону эскерсеңиз, бул да өзүнчө бир кызык?
Т. Күлсүн: Искендердин аты коюлганда бир топ кыйналып:
— Тигиндей мындай ат койсом, деп далайга ар кайсынын башын айтып ойлонуп жүрдү. Чындыгында сахнага чыкканда ат элге да угумдуу, так, кыргызча аттардан болсо деп ойлогон шекилдүү. Бектурсунов Сүйүнбек деген котормочу болгон, анын үй-бүлөсү менен бөлмөлөрү гана башка бир үйдө коңшу турчубуз. Ал кишинин аялы татар эле. Анын Искендер деген иниси анда жаш бала болчу. Үйлөрүбүздүн эшиктери ачык, эмне дегенибиз бири-бирибизге кадимкидей угулуп турчу. Бир күнү Жусуп үйгө кирип келе жатып, баланын атын угуп калды. Ошондо:
— Ий, табылды, ушундай атайм деди, ошентип Искендер деп аталып калды. Эсимде сакталып калган ушу окуя.

О. Тенти: Бул бирөө болсо да жакшы, кыйла маанилүү эскерүү ойлоңузчу, бу капыстан болгон окуя да адбияттын анын ичинен «Ажал ордунанын» жазылыш тарыхы болуп жатпайбы. Бул сыяктуулар жашоодо чыгармачылыкта анча аз кездешпейт. Күлсүн апа жогоруда а кишинини драматургдугу жөнүндө кеп учугун чубадык. Эми ал элибизге «Эне», «Тилек», «Ук жер жүзү» «Эсимде» сыяктуу ондогон-ондогон эң сонун ырларды калтырып кеткен чоң акын. Ушул ырлардын жазылышына мүмкүн сиз да күбө болгон чыгарсыз? Ал чыгармачылык өнөрканасын устанын тили менен айтканда кандай узанчу эле? Көбүнчө күн иштечү беле же түн ишке отурчу беле? Деги эле ырды кандай жазчу? Мүмкүн бардык ырлары болбосо да айрымдарды окуп кеңеш сураган учурлар болсо керек?
Т. Күлсүн: Чындыгын айтсан ал кезде учур таптакыр башка болчу. Биз бар болгону он жыл гана бирге өмүр кечирдик. Ал көбүнчө чырак жандырып коюп түнүчүндө иштөөчү. Анда деле бир бөлмөнүн бир бурчунда бала-бакыралар уктап жатышкан болушат. Чыгармачылыкта иштөөгө ал кезде эч кандай шарт түзүлгөн эмес. Ал алгач ырды жазып бүтүп, анын мазмунуна карап атын коёр эле. Көбүнчө жазар алдында жаза турган ырынын темасын койчу эмес. Жазып болгон соң гана ал жазылганынын бир нече ирээт окуп чыгып же айрым учурларда бир же эки куплетин жазган соң да ырына тема ойлогон учурлары көп болоор эле. Күндөрдүн биринде «Эсимде» деген айтылуу ырын жазып болуп: — Жакшы ыр жазылып калды, -деп кубанганы эсимден такыр кетпейт. «Кызыл жолукчаны» «Эсимде» мурда колликтевдештирүү учурунда жазылган болуш керек? Андагы саптар да ошол учурга шайкеш келип жатпайбы?

О. Тенти: Жусуп аксакал өзүнүн замандаш жазуучулары менен эле жакшы мамиледе болбостон искусствонун дагы бир тармагында иштешкен сүрөтчүлөр менен да камыр-жумур мамиледе жүрчү деп айткандарыңызды да эске түшүрө кетейин. Мисалы, көп жылдар өткөн соң борборубуздун бир көчөсүнө ысымы ыйгырылган, улуту венгер Мессерош менен да жакшы тааныш болуптур?

Т. Күлсүн: Ооба ырас айтасың Игнатьев, Штофер, Чуйковдор Жусукеңдин жакшы досторунан эле. Чуйков менен Жусуп аркылуу мен да 1936-жылы тааныштым. Дал ошол жылы анын сүрөт көргөзмөсү уюшулуп калып Жусуп мени ээрчитип барганы эсимде турат. Ошондон тартып Семен Афанасьевич менен үймө-үй катышып жүрдүк. Анын энеси да абдан жакшы киши эле. Чуйковдун үйү деле анча ар түркүн оокатка толтура эмес өтө жөнөкөй эле турушчу. Анткени ал биз сыңары эле жөнөкөй иштеп, жөнөкөй гана жашоо кечирген адамдардан эле. Кийин Канттын тоо тарабындагы кайсы бир айылга көчүп кетти, бирок шаарга үзбөй каттап турар эле. Семен Чуйков кийин Жусуп Ата Мекендик согушка барып кайтпай калган соң да, үйгө келип биздин аманчылыгыбыздын кабардар болуп, өткөн-кеткендерден сөз кылып кетчү. 1951-жылы экинчи уулубуз токко тартылып кайтыш болгондо да келип кайгымды тең бөлүшүп кетти. Бирок ал учурда Москвага көчүп кетип калган эле.

О. Тенти: Күлсүн апа, сөзүңүзгө аралжы Игнатьевдин Жусуп жөнүндө, анын «Ажал ордуна» драмасы тууралуу айткандарын да келтире кетели.
Т. Күлсүн: Мейлиң.

О. Тенти: Ал мындай дептир. «Мен 1930-жылы Ворониндеги сүрөт окуу жайын аяктаган соң Кыргызстанга эл агартуу Комиссариатынын чакыруусу менен келдим. Арадан анча деле көп убакыт өтпөй Жусуп, Жоомарт сыяктуу жазуучулар менен тааныштым. Ал гана турсун 1934-жылдан тартып эң сонун драматург Жусуп Турусбековдун «Ажал ордуна» драмасын сахнага алып чыгууга катыштым. Жусуп чын эле мыкты адам чоң драматург менен аскерге чакырып майданга аттангыча карым-катышта болдум».
Т. Күлсүн: Туура айтат. Игнатьев менен да анын мамилеси мыкты болчу. Ушул себептен ушул сыңар жылуу сөз айтып жатат да!

О. Тенти: Эми Күлсүн апа, сиздин өмүрлүк жолдошуңуз кыргыз адабиятынын бирден бир классиги, акын катары жасагандары элибиздин Рухий кенчи, акыл азыгына айланып калды десек болот. Бул жагы элге белгилүү. Бирок акын үйдө жоро-жолдоштор арасында кандай эле? Ошондой эле Жусукем ата катарында балдарына кандай карачу эле?
Т. Күлсүн: Жусуп бала болобу, чоң кишиби баарына бирдей күйүмдүү адам болчу. Бир жылы эки жаштагы Лилия менен бир туугандыкына бардым. Ал жерден кызым уктап калгандыктан ойготуп убара кылбайын деп баланы таштап алып үйгө келе бердим. Келсем Жусуп үйдө экен. Мен ага эмне себептен кызды таштап келгенимди айтсам, кеч кирип, эки үйдүн аралыгы анча деле жакын эместигине карабай барып ошончо жерден көтөрүп келип жатпайбы. Бул эмне, бу да болсо Жусуптун баланы жакшы көргөнү, бала деген бала, уктап жүргөн жери, жата бермек. Жусуп кызын балдарын жанынан да жакшы көрчү, ал өзүнүкүн эле эмес башка балдар үчүн да үзүлүп түшүп турар эле да. Көчөгө чыкканда балдарын көтөрүп же жетелеп жүрчү. Жусупта начар касиет жокко эсе болчу, ал бардык адамдарга бирдей мамиле жасачу. Жусупту тели-теңтуштары, аяштары өзгөчө кадырлашаар эле. Ал сөзүн сүйлөп баштап негедир аягына чыгарчу эмес. Анын эмне айтарын жазуучу жолдоштору дароо эле түшүнүшчү. Аяштары көп убактарда аны тамашалап:
— Ой сен муну бизге которуп берчи, эмне дейт, -дешип күлүп отурушчу. Сүйлөгөндө да анча-мынча кекечтенип сүйлөөр эле. Бирок кекеч деп да айтууга болбой өзүнчө сүйлөчү. 1937-1938-жылдары чоң алаамат учурунда айрым адамдыкына адамдар басып кирбей бала-бакырасы менен учурашпай, үй-бүлөсү менен катышуу кыйла сейректеген учур болгон. 1937-38-жылдары айыпсыз жерден атылып кеткен партиялык ишмерлердин бири Жайнак Саадиев деген болгон. Анда шаар азыркыдай чоң эмес, негизинен жашоочулар бири-бирин таанышчу. Саадаев камалгандан бир жыл тегеренип калган кезде Жусуп бир жактан келе жатса Саадаевдин аялы Фатима жолугуп калат. Аны биз жеңе дечүбүз. Ал киши баласын ээрчитип келаткан болот. Жусуп анын алдынан тосуп чыгып, амандашкан соң:
— Кандай жакшы турасызбы, -дептир. Ал кичине чочулаптыр. Анын баласын эркелетип ага, Ала Тоонун алдынан мороженое алып бериптир. Тиги жеңе анда ого бетер өзүн оңтойсуз сезет. Андан да кызыгы:
— Кандайсыз жеңе? — деп тиги-муну сурай берет.
— Жүрүңүз үйгө, кайрыла кетиңиз. Күлсүн да үйдө, чай ичип, келиниңиз менен эрмектешип, бир аз отуруңуз, -деп болбой жатып үйгө алып келет. Ошондо тиги аял:
— Ий мен тим эле коркуп жатсам да Жусукем болбойт, -деп жатпайбы. Анда мен дагы:
— Эмне болот эле, келгениңиз жакшы болду, -деп тиги кишинин көңүлүн көтөрүп койдум. Ошол окуяны бечара киши өлөр-өлгүчө, мен кезиккен сайын эскерип айтып калар эле. Ал эми Касым Тыныстанов баарыга белгилүү эмеспи. Ал кармалып кете электе үйүнө абдан көп барчу. Барып аны-муну сүйлөшүп олтурар эле Көрсө, Касыкем абдан таланттуу, кеменгер киши турбайбы. Ал эми Жусуп, Жоомарттар андан бир топ жашыраак болушкандыктан Касыкемдин кеп-кеңешин, чыгармачылык жөнүндөгү ойлоруна кызыкчу экен да. Касыке да биздин үйдө бир-эки ирет болгон.

Касыкемдин аялы болсо көп эле ирет болгон. Анан Касым Тыныстанов камагандан кийин Жусуп үйүнө көп-көп каттап жүрдү. Лилия кызымдын эсинде да калыптыр. Үч-төрт жашында болсо керек, дайыма мени жетелеп алып барчу деп.

О. Тенти: Күлсүн апа, буга чейин өзүнчө бир этап болсун. Сиздин өмүрлүк жарыңыз, биздин атабызх 1942-жылы майданга аттанган экен. Алгач ал киши аскердик даярдыктан өтүп үч ай ушул эле Бишкектин чөйрөсүндө болуптур. Ал эмне деген окуу эле, ошондон да бир аз кабардар кыла кетсеңиз?

Т. Күлсүн: Жусуп чакыруу кагазын 1942-жылдын онунчу майында колуна алды. Анда аскер комиссариаты жайгашкан имарат азыркы Логвиненко менен Токтогул көчөлөрүнүн бурчунда болчу. Ошондон тартып август айынын тогузуна чейин ал жерде болуп, анан майданга кетти. Ошол үч айдын ичинде анда-санда үйгө суранып келип балдарын өөп-жыттап кетээр эле. Тагдырдын жолу да өтө татаал тура. Ошол күнү жогоруда эскертилген 9-августа, Тазабек Саманчиндер карагай тилгенге жөнөтүлөт. Ал эми Жусуптарды болсо бала-бакыра, жоро-жолдоштору болуп биз вокзалга узатып жатпайбызбы. Ал эми тиги карагай тилгенге кетишкендер да чогуу жөнөшмөк. Алар буерде калышат. Мен муну эскерип жаткан себебим карагайчылар бир топ күн калышкандыктан алардын колуна брон тийип ошону менен аскерден бошоп калышып атпайбы. Мисалы, ошол эле Тазабек, Жоомарт да ошондой болсо керек? Тиги Жусуп, Ашуубаев, Эсенкожоевдер кетип калышты.

О. Тенти: Сиз эскерген Жекшен Ашуубаев 21 гана жашта болуш керек?
Т. Күлсүн: Ооба, ал өтө эле жаш жана таланттуу жаштардан болчу. Жусуп болсо ошол кеткен боюнча Түркмөнстандын Теджент деген кичине шаарына барыптыр. Ошерден анын мага биринчи каты келди. Ал кат анча деле көлөмдүү эмес. Анда эмесе ошол катты келтире кетейин:
«Гүлсүн!
Сенин мени менен коштошуп поезд жөнөгөндө көзүңө жаш алып кала бергениңден бир ай, үч күн болду. Бул жерде убактыбыз бош болгондуктан мезгил кандай өткөнү дагы билинбей калды. Ашуубаев, Аккозуев, Эшмамбетовдун иниси ушул жерде. Алар менен сүйлөшүп, өткөн-кеткендерди эске салып калабыз. Мен азыр рядовой болуп эле жүрөм. Мейли, эч ким көңүлүнө албагандан кийин, тырбалактап эмне кылам. Сенден бир да кат ала элекмин. Колуңан келсе мээлей тапсаң, чүпүрөктөн пахта салып шырып, байпак жасап жиберсең кандай жакшы болор эле. Ушуну ойлонуп мүмкүн болсо батыраак салып жибер, тамекини унутпассың.

Ана баягы «Сүйгөн жарга» деген кичинекей ырды салып жиберчи. Бир поэмача жазып бүтө албай жатам. Бүтөрүм менен жиберем.
Балдардын бетинен өөп, мени сурагандарга салам айтарсың.
Жусуп, п/почта 2258, часть 39 9/XI-42-ж.»

О. Тенти: Андан ары сурообузду дагы улантсак. Кийинки каттарында кандай каттар, ырлар келгени да эсиңизде чыгаар?
Т. Күлсүн: Айланайын Тенти уулум ушуну ырас эске салбадыңбы? Ырлар дегениңде ошондон канча убакыт өткөнүн билбейм. Күндөрдүн биринде үч бүктөлгөн бир кат келди. Ошонун ай, күнү эсимде калбаптыр. Анда «Аалыга кат жибердим, -деп жазыптыр. Аны Аалыкеден сурасам: Мен андай катты алганым жок, -деди.

О. Тенти: Жусуп атанын Алике деп кайрылган бир каты колумда турат. Мүмкүн бул жогоруда сиз кеп кылган кат эместир. Ошону мен сизге жана сиз аркылуу радиоугуучуларга да окуп берейин.
«Аалыке!
Мени жиберген бөлүккө келип жеткениме беш-алты күн болду. Бөлүк Түркмөнстандын Теджен деген шаарында экен. Картада шаар болуп айтылганы менен биздин Төкөлдөштөн Кичине экен. Биз анын өзүндө эмес, тышта, лагердибиз. Сиз көрдүңүз бекен, көрбөдүңүз бекен, Түркмөнстан бүт кумдун үстүндө турат экен. Күн ысык, суу жок. Таза суу таап ичүү кыйын. Ушул Теджен деген район республика боюнча жердин сорусу болуп саналганы менен Балыкчыдан жаман экен. Кум. Куу тикен. Иши кылып Түркмөнстандын жазуучуларынын көңүлүн толкутчу табигаттын назик көрүнүштөрүнөн кымындай да жок. Ушул жерден келип Жекшенди таап алдым. Тишин чыгарып күлүп коюп жүрөт.
Моюнга тагылган милдетти аткарып турам. Биздин бөлүк айрыкча бөлүк экен. Бул жерде аз эле тургандайбыз. Жакында жөнөшүбүз керек. Мени бошотобуз деп убара болуп жүргөн көрүнөсүздөр. Анын кереги жок. барып көрүп, катышып келейин. Ата Мекендик Согуштун катышуучусу болу оңой иш эмес, -мүмкүн тирүү келип калсам дурус эмеспи. Кошуңуз. Сурагандарга салам айтыңыз.
Жусуп.
Баягы кичине жыйнакты чыгарбай коё тургула, дагы жиберем. Чогуу чыксын.
Туркменский ССР, Ашхабадский область.
г. Теджен 1942-жылдын 18-октябры.

О. Тенти: Андан кийинки тагдыры кандай болгонун албетте айта албайсыз. Жогоруда Аалыга жазган катында айтылгандай чакыруу кагазы барса да келбей коюптур деген сөз көптөн бери тарап жүрбөйбү?
Т. Күлсүн: Ооба тагдыр дегенди адам өзү жасап согушка кетиптир. Ал кезде каттарында, конверттеринин сыртында шаары көрсөтүлчү эмес. Ошентип калды.

О. Тенти: Күлсүн апа сөзүбүзгө чекит коёрдун алдында, а кишинин курман болгонуна эле 50 жылга чукулдап калыптыр. Ошондон бери кыргыз жеринде акын абабыздын ырлары окулуп «Эсимде», «Кызыл жолукчан» баш болгон ырлары ырдалып келатат. Эли, окуучулары унутушпаганы эле ушул да, анын 50. 60. 70-жылдыктары адабият, маданият майрамдары катары белгиленип келүүдө. Ага эле жанаша китептери да жарык көрүүдө. Өзүңүз да Жусуп атабыздын очогунун отун улам кайра жандырып, алган жарыңыздын түтүнүнүн булатып келүүдөсүз. Сизге миңдеген окуучуларынын атынан ыраазычылыгыбызды гана билдиргибиз келет.

«Кыргыз руху» («Кыргыз гезиттер айылы»), 29.01.-12.02.2010-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий