Салижан Жигитовдун мурастары жоголбойт

jigitov
С.Жигитов айтылуу Жаныбек казынын урпагы Маматурайым менен.

11-февралда Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде белгилүү коомдук ишмер, маркум Салижан Жигитовдун элесине арналган илимий жыйын өтөт. Иш-чараны уюштуруучулардын бири, аталган университеттин түркология факультетинин мүдүрүнүн орунбасары Лайли Үкүбаева “Азаттыкка” маек курду.

— Салижан Жигитовдун ишмердүүлүгү кайсы жагынан көбүрөк чагылдырылат?

Лайли Үкүбаева: Бүгүн белгилүү коомдук ишмер, адабиятчы, сынчы Салижан Жигитовду  ( 1936-2006) эскерүү күнүнө арналган кече болот. 11-февралда агайдын каза тапкан. Саат бирде университеттин мугалимдери үй-бүлөлөрү менен Салижан Жигитовдун бейитине гүл коюп, саат үчтө конференция башталат.

Салижан Жигитовдун өмүрү, чыгармачылыгы боюнча Кыргыз Илимдер академиясынын корреспондент мүчөсү Осмонакун Ибраимов илимий баяндама жасайт. Ошондой эле университеттин Түркиядан келген мугалими Мухиддин Гүмүш “Салижан Жигитов жана түрк дүйнөсү” деген темада билдирүү жасайт.

Бул кечеге агайды жакшы билген кызматташтары, академик Бүбүйна Орозбаева, кыргыз эл жазуучулары Өскөн Даникеев, Кеңеш Жусупов, агайдын шакирттеринин бири, Түркиядан келип, учурда “Манас” университетинде иштеп жаткан Кемал Көз деген окутуучу өзүнүн эскерүүлөрүн айтып бермекчи.

— Лайли айым, азыркы студенттер Салижан Жигитовдун ким экендигин билишеби? Аларга ушул маалыматты жеткирүүгө кандай аракеттер көрүлүп атат?

Лайли Үкүбаева: Сөзсүз билишет. Маселен, Кыргыз Республикасында филологиялык багытта окуп жаткан студенттер агайдын китептерин, илимий эмгектерин сөзсүз окушат. Ошондой эле биздин агайдын ысмын түбөлүккө калтыруу үчүн Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде Салижан Жигитов атындагы китепкана ачылган. Буга агайдын өздүк китепканасынан 3 миңден ашык китептер алынган.

Агайдын чыгармачылыгы боюнча университетте “Жаңырык” деген адабий ийрим иштейт. Агайдын бизге калтырган адабий мурасы “Жаңырык” деген ат менен чыккан, ырлар топтому болгон. Мен ойлойм, агайдын өлбөс-өчпөс мурастары кийинки муундар тарабынан дайыма окулат, эскерилет.

— С.Жигитовдун көркөм чыгармаларын китеп кылып чыгаруу демилгеси да сиздер тараптан көтөрүлүп жүрдү эле. Анын тагдыры кандай чечилди?

Лайли Үкүбаева: Бүгүнкү күндө ушул жагдайда кичине өксүктөрүбүз болуп атат. Себеби агайдын кол жазмалары үй-бүлөсүнөн суралып, университет тарабынан чыгарабыз деген пикирлер болгон.

Биринчиден, кол жазмасынын чачкындыгына байланыштуу, экинчиден, дагы башка адамдар, агайдын окуучулары биз деле чыгарабыз деген ниеттер менен демилгени өздөрүнө алгандыктан азырынча бул иш ишке ашпай жатат. Бирок келечекте университеттин өзүндө агайдын эмгектерин чыгаруу боюнча атайын иш-чараларды жүргүзүү пландар бар.

Замира Кожобаева, «Азаттык», 11.02.2010-ж.

Салижан Жигитовдун жарык көрө элек мурасы жети томго жетет

11-февралда Бишкектеги Ала-Арча көрүстөнүндө белгилүү адабиятчы жана коомдук-саясий ишмер маркум Салижан Жигитовду эскерүү аземи болду. Салижан Жигитовдун чогултулуп, жарыкка чыкпай турган жети томдук кол жазмасы бар.

Салижан Жигитов (1936-2006) укугандай сөз тапкан, кепти “куйкумдатып” мурчтап сүйлөгөн, азил-аскияларды орду менен уккулуктуу айта билген чечен да болчу. Акын Олжобай Шакир Салижан Жигитовдун көзү өткөндөн тартып эле эл ичинен, үй-бүлөсүнөн, тууган-уруктарынан, жоро-жолдошторунан мына ушундай кеп-сөздөрүн чогултуп жатат.

Анын айтымында Салижан Жигитовдун “куйкумдары”, аскиялары толук жыйналып бүтө элек:

Булактын көзүндөй болуп эле эл арасынан улам жаңылары чыгып жатат. Анан басканга шашпайын деп жатам. Салижан Жигитов эми – кыргыздын “Кожо Насреддини” да. Интеллигенциянын эле арасында эмес, карапайым эл ичинде айтылып калган аскиялары да бир топ экен. Ошолорду чогултуудамын.

2007-жылы Салижан Жигитовдун бир жылдыгында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин жетекчилиги кол жазмаларды басып чыгарууну баштап жатканын маалымдаган болчу. Бирок аталган окуу жайдын ректору Сулайман Каипов бул иштин бир аз кечигип жатканын жана кол жазмаларды басып чыгарууну аталган окуу жай колго алаарын кечээ жакында “Азаттыкка” билдирди.

Ал эми Салижан Жигитовдун кызы Салима Жигитованын айтымында, жети томго жете барган кол жазмалар Жигитовдун Түркияда иштеп жаткан окуучуларынын бири, адабиятчы Разак Сейдракмановдун колунда:

Атамдын кол жазмаларын басып чыгарабыз дешкенинен, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин проректоруна алып барып берген болчум. Ал жакта бир жыл жаткандан кийин, кайра алып алдым. Кол жазма азыр атамдын окуучусу Разак Сейдракмановдо. Ал Түркияда,  Анкарада иштеп жатат. Балким ал жактан демөөрчү табам деген.

Канткен менен Салижан Жигитов өмүрүнүн аягында эмгектенген Кыргыз-Түрк «Манас» университети маркумдун кол жазмаларын басып чыгарууну колго алмакчы. Мындай пикирди “Азаттыкка” белгилүү адабиятчы, аталган окуу жайдын профессору Кадыралы Коңкобаев билдирди:

Салижан Жигитов мамлекеттик деңгээлдеги иштерге чейин барды. Илимде да чоң из калтырды. Акындыгы, жазууулугу да бир башка. Демек, бул кишинин ар тараптуу гениалдуу кыргыз экендигине күмөн саноого болбойт. Мени өкүндүргөнү, ал кишинин кол жазмаларын көзү өткөндөн берки төрт жылда чыгара алган жокпуз. Элдин керегине жарай турган гениалдуу эмгектер бизде болбогон шылтоолор менен кармала бергени адат болуп калган. Бирок биз учурда бул ишти баштоону сүйлөшүп жатабыз. Салижан Жигитовдун мурасын басып чыгаруу орчундуу маселе.

Коом ичинде белгилүү улуу инсан болобу, ал адам дагы башка атак-даңкка жетеби — адам эң биринчи адамдык сапаты менен бааланат. Салижан Жигитов аталаш иниси Ыдырыс Дыйканбаевдин айтымында, тууганга күйүмдүү, боорукер, кайрымдуу да болгон:

Салижан агам тууган-урукту баалаган, колунан келсе моралдык да, материалдык да “жардам берсем” деген күйүмдүү киши эле. Тууганга ал кишидей күйүмдүү мамиле кылуу ар бир кишинин колунан келе бербейт.

Фатима Абдалова, «Азаттык», 11.02.2010-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий