Догдурбек Нургазиев: «Кыргызстандын сүрөтчүлөрү дүйнөлүк деңгээлге чыга турган кыл калемгерлер»

Тоолор темасын сүрөтчүлөр ар тараптуу ачып келишкен. Ал эми Догдурбек Нургазиев аны башкача көз караш аркылуу жаңы боёктор менен көркөмдөп келет.

— Догдурбек ага, сиз Кыргызстанга гана эмес, чет өлкөлөрдө да белгилүү сүрөтчүсүз. Сиздин эмгектерди чет жакта кандай кабыл алышат?
— Чет жакта абдан жакшы кабыл алышат. Биринчиден, мен өз картиналарымда көбүнчө кыргыздын жаратылышын чагылдырам. Экинчиден, аны жаңыча, башкача көз караш менен дүйнөлүк искусствонун агымына жараша, ошол эле учурда улуттук колоритте өзүмдүн стилим менен көргөзөм. Ошондуктан, Батыш менен Чыгыштын руху сиңген бул сүрөттөрдү чет өлкөдө абдан жакшы кабыл алышат, алар түшүнөт, жактырышат. Бул жердеги чет өлкөлүктөрдүн арасынан да искусство сүйүүчүлөрү кездешет. Көбүнесе менин өнөрканама келип, сүйлөшүп, менин көргөзмөлөрүм качан болот, кандай пландар бар деп кызыгышат.

— Биз билгенден көптөгөн сүрөттөрүңүздү чет мамлекеттеги сүрөт музейлери, жеке адамдар сатып алган. Кыргыз улутуна тиешелүү интеллектуалдык байлык чет жерде калып калганына ичиңиз ачышпайбы?
— Ачышпайт, биз ал сүрөттөр менен Кыргызстанды, кыргыз элин, жерин даңазалап жатабыз. Антпесе мааниси кандай, сүрөттөр бул жерде калып калганда болбойт. Дүйнө жүзүнө биздин сүрөт өнөрү тараш керек. Ал чыгармалар аркылуу Кыргызстанды тааныйт. Дүйнө жүзү Кыргызстанга келе албайт, ошон үчүн биз алып чыгышыбыз зарыл. Экинчи жагынан алып караса бул жерде калса деле жакшы болот. Албетте калып жатат, музейлерде, жеке коллекционерлерде, бирок өтө аз санда. Жакшы сүрөттөрүң чет өлкөлөргө кетип жатса, ичиң ачышат. Бир четинен жакшы. Бүт дүйнөдөгү музейлерге, жеке коллекционерлерге колуна түшсө жаман эмес. Кыргызстанды таанытыш — негизги максатыбыз.

— Сюрреализмге, авангардизмге мамилеңиз кандай?
— Абдан жакшы. Сюрреализм — бул искусствонун бир агымы, жанры. Сүрөт өнөрүндөбү, жеке эле сүрөт эмес кинодо, театрда болобу ал агым болгон, болуп келе берет. Мисалы, Сальвадор Дали белгилүү сүрөтчү, сюрреалист болгон. Ал эми авангардизм алдыда жүргөн искусство. Бул жаңы көз караш, жаңы искусство жаратуу. Кыргызстанда авангардизм өнөрү бар. Бүгүнкү күндө кыргыз сүрөтчүлөрүнүн көпчүлүгү авангард стилинин үстүндө иштеп жатышат.
— Эмне үчүн тоолор темасына көп кайрыласыз? Кайсы бир көргөзмөңүздү «Тоолор симфониясы» деп атапсыз.
— Ооба, 2002-жылы тоо жылына карата «Тоолор симфониясы» аталышындагы жеке көргөзмөмдү ачкам. Жалаң гана тоолордун үстүндө бир нече жыл иштедим, ошону жыйынтыктап көргөзмөлөрдү ачтым. Тоолорду жөн гана кээ бир сүрөтчүлөр сыяктуу үстүртүдөн тартып кетпестен, мен аны, бүт маңызын көркөмдөп, поэтикалык жактан, жада калса музыкалык боёктордун түрлөрүн кошуп көргөздүм. Кыргыздын тоолорун өзүмчө көз караш менен жаратайын деген максат койгом. Жекече көз карашымды, мамилемди, кандай көргүм келет, мына ошонун үстүндө иштедим.

— Тоолор темасына улам-улам кайрылып тартып жатканда, картиналарыңызды кайталап калам деп коркпойсузбу?
— Эч качан кайталанбайт. Сүрөт жакшы жаралды дейли, ал чет жакка сатылып кетти. Мен аны кайталагым келет. Ошону так өзүндөй кылган күндө деле, ал эч качан андагыдай болбойт. Барган сайын башка мотивдер, ойлор келе берет. Бул жерде тоолорду чагылдырып коюш эле эмес. Ага кандайдыр бир философиялык ой жүгүртүү керек. Бизде композициясы, темасы болушу зарыл. Мен пейзажды сүрөт искусствосунда эң татаал жанр катары билем. Көпчүлүк бул эң оңой багыт, эмне, жаратылышты алып туруп тартып-тартып коёсуң деп ойлошот. Айтар элем андай эмес, пейзаж — сүрөт өнөрүндөгү эң татаал жанр. Ошон үчүн буга көп эмгек талап кылынат.

— Сиздин үй-бүлөңүздү чыгармачыл үй-бүлө деп билебиз. Бул феноменди кандайча түшүндүрөсүз?
— Жубайым Алмагүл Бөлөкова да сүрөтчү, ал экөөбүз С.А.Чуйков атындагы окуу жайында бирге окуганбыз. Балдарыбыздын биздин аркабыздан кетиши генетикалык жактан деп ойлойм. Баары тең сүрөтчү болуп кеткен жок. Улуу кызыбыз Мээрим чет тилдер факультетин аяктаган. Чыгармачылыкка көп кызыгат. Уулубуз Эрбол жаштар арасында белгилүү сүрөтчү. Европа мамлекеттеринде жеке көргөзмөлөрүн жасап жатат. Андан кийинкиси Эржан музыка жагына кетти. Голландияда скрипка боюнча консерваторияда үч жылдан бери окуп келет. Бул жерде Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектепти бүтүп кеткен. Үйүбүздө чыгармачылык атмосфера, аура турат. Биз аны бузгубуз келбейт. Ошону тазалап, жоготпогонго аракет кылабыз.

— Таланттуу сүрөтчү катары кыргыз сүрөт өнөрүнө кандай баа берер элеңиз. Дүйнөлүк деңгээлде алганда, биздин өз ордубуз барбы?
— Биздин кыргыздын сүрөтчүлөрү дүйнөлүк деңгээлге чыга турган кыл калемгерлер, кем калбайт. Таланттуу өнөрпоздор көп. Азыркы турмушта шарт боюнча көпчүлүгүбүз чет жерге бара албай, чыгармаларыбызды көргөзө албай жүрөбүз. Көп сүрөтчүлөр чыгып, өнөрүбүздү көбүрөөк тартуулап турсак жакшы болмок. Тилекке каршы, өкмөт жардам бербейт, ар бирибиз колдон келген аракетибизди жасап жүрөбүз. Биздин деңгээлибиз өтө бийик. Орто Азияда алганда деле, мурун эле алгачкы орундарды алып келгенбиз.

— Биздин сүрөт өнөрүнүн кандай артыкчылыктары жана кемчиликтери бар?
— Артыкчылыгыбыз, деңгээлибиз өтө жогору. Кемчилиги болсо, көбүнесе сүрөтчүлөр коммерциялык жакка кирип кетишти. Эптеп жанды багыш, акча табыш аракети. Кээде буга чоң-чоң сүрөтчүлөр да барат. Анткени бизде айлык жок. Мени көп сүрөтчүлөр чыгармачылыкта чоң чыгармаларды жаратуунун ордуна, ошондой жакка аралашканы өкүндүрөт.

— Чыгармачылык изденүүдө эмнелер түрткү болот? Башка сүрөтчүлөрдүн чыгармачылыгы менен таанышасызбы же турмуштук таасирлерби?
— Сүрөтчү такай маалымат алып турушу зарыл. Бүгүнкү күндө эмне болуп жатат, кайсы жерде, кандай көргөзмөлөр ачылып, ага кайсы сүрөтчүлөр эмгектерин коюп жатат деген маалыматтарды билүү зарыл. Чет жерге чыкканда көрүп, таанышып турабыз. Чыгармачылыкта билимибизге, чыгармачылык деңгээлибизге таянабыз. Жаңы изденүүлөр, изденүү процесстери абдан кызык.

— Кыргыздын жаш сүрөтчүлөрүнүн чыгармалары менен таанышып турасызбы?
— Ооба, анткени көбүнесе жаш сүрөтчүлөр биздин колубузда, алдыбызда окуп, билим алып кетишкен. Өнөрканага келишеби, көргөзмөлөрдө жолугушабызбы сүйлөшүп иштери менен таанышып турабыз. Биздин ой-пикирибизди сурашат. Оюубузду эң негизгиси ачык айтып беребиз, колдойбуз. Себеби артыбызда келе жаткан жаш муун да өсүшү керек. Сүрөт өнөрү ушул бойдон токтоп калбашы зарыл. Колдон келсе аларды чет жакка алып чыкса, окутса. Бирок мындай мүмкүнчүлүктөр жокко эсе. Сүрөтчүлөр бирикмесинде жаш муун үчүн уюм ачып койдук. Ал жерде жаштар жолугуп алып, жылда бир жолу көргөзмө ачып турушат. Көргөзмөнүн максаты өзүңдү башкача көз караш менен карап, элдин арасында деңгээлиңди билүү. Бул анын өсүп кетишине абдан чоң түрткү болот. Албетте, элге көргөзүү деген да максат турат. Биз үчүн болсо негизи өзүңдү четтен карап, баа берип, тыянак чыгаруу.

Маектешкен Нуржигит Болотбек уулу,
“Zaman-Кыргызстан” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 12.02.2010-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий