АК ЧӨЛМӨК

Кыргыз элинин эң байыркы оюндарынын бири. Оюн каалаган жерде ойнолот. Кыз-улан аралаш ойнойт. Оюнчулар жашына жараша жаатка бөлүнүшүп, оюнга калыс шайлашат. Ар бир жаатка ат коюлат. Мара белгиленет. «Ак чөлмөк» узундугу соомчо келген ак сөөк (бодонун шыйбылчагы), жонулган же ак менен сырдалган жыгач болот.

Калыс оюнчулардын бардыгына ак чөлмөктү көрсөтүп, андан кийин оюнчуларды тескери каратып тургузуп, алар ак чөлмөк кайсыл тарапка ыргытылганын билбей калсын үчүн бир тарапка таш, экинчи тарапка ак чөлмөктү ыргытат. Ыргытылган ак чөлмөктүн кайсы жерге түшкөнүн баамдоого эки жак тең даяр турушат. Түшөөр замат жапырт чуркашып ак чөлмөктү издей башташат. Биринчи тапкан оюнчу өз жаатынын атын үнүн бийик чыгарып атайт да, мараны көздөй чуркап жөнөйт. Атаандаштары ак чөлмөктү андан тартып алууга аракеттенишет. Ал тарттырып жибербей буйтай качып, жазгырып же өнөктөрүнүн бирине бере салууга аракеттенет. Эгер атаандаштары ак чөлмөктү тартып алса, алар да өз тобунун атын кыйкырып атап качууга тийиш. Ак чөлмөктү марага алып келген жак кайра ыргытат. Ак чөлмөктү марага бир жолу таштаган жаатка 1 упай эсептелинет. Калыс упайларды эсептейт, оюндун жыйынтыгын чыгарат. Оюн эрежесинин туура сакталышына көз салат. Эрежени оюнчулар бузган убакта «ышкырып» белги берип оюнду токтотот. Калыстын буйругун аткарбаган оюнчу оюндан чыгарылат. Оюндун жыйынтыгында кайсы жаат көп упай топтосо ошол жаат утат. Упайлар барабар болуп калса кайсы жаат оюнду аз бузса, ошол жаат жеңет. Ак чөлмөктү талашууда кийимден, колдон, буттан тартпастан, түртпөстөн, оюнчунун колундагы ак чөлмөктү гана алууга аракеттенүү керек. Оюн күч сынашмай оюндарынын катарына да кирет. Оюн көбүнчө айлуу түндө ойнолот. Бул оюн «ака чөөл» (?) деп да аталат.

«Кутман» блогунан алынды

Соц тармактар:

Добавить комментарий