Отуз тил билген орошон талант

«Аккан арыктан суу агат» демекчи Ч.Айтматовдон кийин жетимсирей түшкөн кыргыз адабиятын дагы жаңы бийиктиктерге көтөргөн таланттарыбыздын чыгып жатышы көркөм сөз өнөрүбүздүн көөнөргүс көрөңгөсүнөн кабар берип тургансыйт. Төмөндө бир катар эл аралык сыйлыктардын ээси, бир нече тилдерде эркин сүйлөгөн жазуучу Турусбек Мадылбаев менен болгон аңгеме-дүкөнүбүздү окурмандарга сунуш кылабыз.

Сиз адабият айды-ңында «жерден чыккансып, көктөн түшкөнсүп» күтүүсүз пайда болдуңуз. Мурда кайда жүрдүңүз эле? Кыргызча айтканда урааның ким, дайның ким? Уругуң ким, айлың ким?
Тескересинче, мен адабиятка эрте аралашкам. 10-класста окуп жүргөн кезимде, тагыраагы, 1973-жылы Чилинин президенти Сальвадор Альенде өлтүрүлүп, Пиночет бийликке келип, көп кишилер өлгөн. Ушуга аябай таасирленсем керек, өзүм жаңыдан үйрөнүп жүргөн испан тилинде ырлар түрмөгүн жазгам. Ошол ырларым эл аралык студенттердин сынагында байгеге илинген. Атургай Чилинин биринчи айымы Ортенсия Бусси де Альенденин ыраазычылык катын, атайын белегин алгам. Бирок, ал учурда тээтиги Ак — Сайдагы чабандын төлүн жазган басма сөздөр, компартиянын козусун жайган жазуучулар уюму мага көңүл бурган эмес. Кандай болуп көз жаздымда калдым, айталбайм. Ал эми тек-жайыма келсем, керемет Кетмен-Төбөдөн болом. Айлым Кара-Тектир, уруум саяк.

Чынында эле «чымыныңыз» эрте ойгонуптур. Кийинки жолуңуз шыр кетсе керек?
Кайда-ан. Ошентип адабият дүйнөсүнө арбалып, көкүрөктө «көктү» көксөгөнүм менен жолум аң-чөнөктүү болуп калды. Москвадагы М.Горький атындагы адабият институтуна тапшырсам деген тилегим бар эле, байкап көрсөм ал жакка өтө алчудан эмесмин. Себеби, жазуучулар союзунан рекомендация ж.б. толгон-токой документтер, баягы эле өң тааныштык керек эле. Айылдан келген мендей мадырабашты ким таанысын да, ким билсин. Ошондон улам Орусиядагы Ростов университетинин филология факультетине тапшырып окуп калдым. Окууну бүтүрүп келгенден кийин деле борборго калалбай, Токтогул шаарчасындагы мектепте орус тилинен 12 жыл сабак бердим. Бирок, адабияттан кол үзбөдүм. Өкүнүчтүүсү, жазгандарымды жиберсем көпчүлүгү чыкпады. Акыл айткан эле жоопторду алып жүрдүм. Басма сөздөр жооп бергенден, мен жазгандан тажабадым. Акыры, 1982-83-жылдары бекен, «Белгилүү адамдардын турмушунан» деген италян тилинен которгон чакан макалам «Кыргызстан маданияты» газетасына жарыяланып калбаспы. Ушунчалык сүйүнөм дейсиң. Тимеле жер баспайм. Андан кийин ушул эле гезит фантастикалык чыгармаларга конкурс жарыялап, 1986-жылы «Муз сепил» деген аңгемем үчүн баш байгени жеңип алдым. Сиздердин газета ал кезде «Ленинчил жаш» деп аталчу эмес беле. Француз тилинен Пол Верлендин менин котормомдогу ырларын, бир катар аңгемелеримди басып чыгарышкан. Ошону менен жазгандарымдын баары эле жабырап чыга бербесе дагы өзүмдү адабияттан алыс жүрдүм деп айталбаймын.

Сизди жазуучу катары «Күкүнүс» (орусчасы «Феникс») романыңыз таанытты окшойт.
Ошондой десек да болот. Бул романды Кетмен-Төбөдө мугалим болуп жүргөндө эле жазгам. Кийин 2006-жылы Борис Ельцин атындагы фонд конкурс жарыялап, ошого жөнөтүп жиберсем «Русская премия» аталган баш байгесин жеңиптирмин. Мага чейин биздеги орус тилдүү А. Иванов, С.Суслова, М.Байжиев баштаган 52 жазуучу катышкан экен. Анан мен алып калсам аябагандай уу-дуу кеп болгон. Чыңгыз Айтматовдун тууганы же жердеши экен деген сөз чыккан. Же ага чейин ал кишинин колун кармаган жан болсомчу. Себеби, Айтматов ошол конкурстун калыстар тобунун төрагасы эле да.

Жакында эле Евразия жазуучулар союзуна мүчө болуптурсуз. Дүйнөлүк абройлуу бул уюмга буга чейин Ч.Айтматов, С.Раев гана мүчө болушкан. Алардын сизге көңүл буруп калышынын да себеби бардыр?
Бул уюмга чыгармаларым башка көп тилдерде жазылгандыгынан улам же түрк тилинде да жазган жазуучу катары кирип калдымбы деп ойлоп кетем. Мен учурунда Назым Хикметтин «Жашоо укмуш нерсе, бир боорум» деген романын, Самим Кожогөз деген дагы бир түрк жазуучусунун «Талаш» романын которгон элем. 1990-жылы «Ала-Тоо» журналына «Пелорус — Жек» деген фантастикалык повестим да жарыяланган. Ал кезде мектепте иштеп жүргөн кезим. Ошол чыгармамды өзүм түркчө которуп алып, муну түрктөргө кантип жеткирем деп көпкө ойлонуп жүрдүм. Ал кезекте Түркия менен эч кандай байланыш жок кези. Акыры киносценарий кылып кайра жазып чыгып, кинорежиссер Замир Эралиевге алып барып берсем, ал Түркияга жөнөп жаткан экен өзү менен кошо ала кетти. Бир күнү эле пресс-коференция өткөрүп жатат: «Турусбек Мадылбаев деген авторубуздун чыгармасы боюнча түрктөр кино тартышмай болду» деп. Барып, өзүнөн тактап сурасам Түркиянын эки ири кинокомпаниясы «сен тартам, мен тартам» дешип сценарийимди талашып калышканын айтты. Бул кино али тартыла элек. Бирок өтө кымбатка турат деп жатышат.

Европада түрк тили ошончолук эле кадырлуубу?
Эми, аны айтыш кыйын. Бирок, Түркиянын аброю бар да. Акыркы эки-үч жылда бир катар чыгармаларым орус, англис тилинде жарык көрдү. Мисалы, 2008 — жылы Санкт-Петербургдан 2 томдук болуп чыккан «Кичинекей Бердинин азаптары» деген повестим үчүн «Добрая лира» деген эл аралык адабий сыйлыкты алдым. Азыркы күндө бул чыгармамды Орусиянын мектептеринде, лицейлеринде атайын окутуп жатышат. Былтыр «Биябан» деген ырлар жыйнагымды Англиядагы «Teмplar pоеtry» деген поэтикалык конкурска жөнөткөн элем. Алар жактырышса керек, мени жалаң англис тилинде жазган акындардын уюмуна кабыл алышты. Мисалы, Ч.Айтматов орус тилдүү жазуучу болсо, мен эми англис тилинде жазган акын-жазуучу болуп калдым. Ушулардын бардыгы Евразия жазуучулар уюмуна кабыл алынышыма өбөлгө болду окшойт.

— Адабиятта карандай эмгек, талант маанилүүбү же ар тараптуу билим, турмуштук тажрыйба маанилүүбү?
— Адабият — эң биринчи мээнетти, жан этиңди жегизген изденүүнү, көп нерселерди кайра үйрөнүп чыгууну талап кылат. Айрым акын-жазуучулар «мен китеп окубайм, мен жазам» дешип көкүрөк көтөрүп жүрүшпөйбү. Бул туура эмес. Жанагы өспөй жатканынын себеби деле ошол. Менин жердешим Токтогул Сатылгановду окуду беле деген дагы сөздөрдү угуп калам. Ооба, Токобуз залкар акын, кайталангыс өнөрпоз. Бирок, ал киши табият берген талантына кошумча билимдүү болгондо эмне деген гана аалам суктанаарлык чыгармаларды жаратмак деп ойлойсуң. Токонун өзүнүн деле «Болбос эле кемтигим, Бир аз окуп кат билсем» деген саптары бар эмеспи. Байдылданын Осмонкул жөнүндө: «Пушкиндей болмок кайран чал, бизге окшоп билим алганда» деген саптарынын ар жагында эмне деген өксөө, арман жатат. Чыңгыз Айтматовду дүйнөгө тааныткан кайнаган таланты, кажыбаган эмгеги, планетардык ой-жүгүртүүсү, билими болбодубу. Демек, чыгарма жаратыш үчүн дүйнөлүк адабий тажрыйбаны, күндөлүк эле көр турмушту жакшы билип, анын майда баратынан, ыпыр-сыпырынан ааламга айтчу өз сөзүңдү таап чыгуу, акын — жазуучунун табигый көрөңгөсүнө, дараметине жараша болуучу көрүнүш.

Чыгармаларыңызды кайсы тилде жазасыз? Сизди алтымыш тил билет деп жүрүшөт, ушул чынбы? Мынча тил Манастай эле түшүңүзгө кирсе керек?
Мен мектепте окуп жүргөндө Павел Оттович Янцен деген мугалимим бар эле. Англис тилинен сабак берчү. Азыр ойлосом асыл адам, тубаса педагог экен. Ушул киши укмуштай бир кызыктуу окуяларды айтып келип, кайра өзүбүздөн сурачу, жактыбы деп. Баарыбыз жаалап жакты дейбиз да. Анда агайыбыз «эгерде кызыксаңар менде китеби бар. Бирок, англис тилинде. Кимиң жакшы окусаң берем» дечү. Ошентип, жанталашып тил үйрөнгөнгө киришчүбүз. Жыйынтыгында 10-классты бүтүп жатканда эле англис тилин эркин сүйлөп калдым. Кийин Ростовго окууга барганымда же англис тилин уланта бер, кааласаң француз, испан, немис тилдерин үйрөн деп айтып калышты. Мен француз тилин үйрөнүүгө киришип, испан тилин тереңдетип ала кеттим. Окууну бүтүрүп келип мектепте иштеп жүргөнүмдө италян тилин өз алдынча үйрөндүм. Кийинчерээк Москвадагы дипломатиялык академияда окуп жүргөнүмдө португал тилин үйрөндүм. Ошондой эле байыркы түрк, байыркы славян, санскрит тилдерин билем. Кыргыздардын тарыхын изилдей келсем, байыркы түрк тилинде сүйлөгөнү маалым болду. Ошондуктан мен Махмуд Кашгарий менен Юсуф Баласагунийдин чыгармаларын азыркы тилге салып жатам. Котордум деп айтсам болбойт. Анткени биздин эле тилде жазылган. Кыргыздар сак доорунан өткөнүн билесиздер да. Ошол аты калган, заты жок сактардын тилин да үйрөндүм. «Авеста» деген чыгарма ушул сак тилинде жазылган. Бул тил кийинчерээк зороастризм дининин тили болуп калган, ошондой эле иран, түрк тилдеринин башатында турган тил. Санскриттен барып инди тили жаралган. Биздин окумуштуулар айрым сөздөрдү иран ж.б. тилдерден келген деп жаңылышып жатышат. Жок, андай эмес. Ушулардын түпкү тили бир эле болгон. Мындан тышкары роман тилдерин бүт билем. Антикалык адабияттарды түп нускасында окуюн деп байыркы латын тилин да үйрөнүүгө туура келди. Бул тилдерди, ошол элдердин адабиятына, маданиятына, тарыхына кызыгып, дагы бирөөлөрүнүн ырларына, кинолоруна, кыздарына кызыгып үйрөндүм.

— Сиздин чыгармачылыктагы башкы көздөгөнүңүз эмне?
— Улуу жазуучубуз Ч.Айтматов жалпы адамзаттык көйгөйлөрдү козгоп, ошого жооп издеп келди. Мен деле чыгармаларымда ушул багыттамын. Жанагы абройлуу сыйлыктарды алып жатышымдын себеби деле ошол болсо керек. Мисалы, мен кыргыз адабиятындагы «Аккан суу» же «Зилзала» өңдүү түбөлүктүү темаларды алып чыксам деген ойдомун. Бул темалардын артында эмне деген философиялык, экологиялык, адеп-ахлактык маселелер жатат. Бирок аны азыркы учурдун көз карашына ылайык, дүйнөлүк адабий тажрыйбага, жеке табитиме жана чыгармачылык дареметиме жараша көтөрсөм деген тилегим бар. Бир сөз менен ааламга айтчу сөздү өзүбүздүн улуттук уңгубуздан издөөбүз керек.

Маектешкен Темирбек АЛЫМБЕКОВ,
«
Агым» («Кыргыз гезиттер айылы»), 19.02.2010-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий