Улуттун жүрөгүнө «Манасты» түнөткөн Саякбай ата

(Башталышы өткөн сандарда)

Ошентип, үч жылдан ашык убакыт бою, 1958-жылдын аягынан баштап, 1961-жылдын кеч күзүндө 45 миң метр тасма толгон «Манасты» жазып (Семетей, Сейтекти кошуп) бүттүк. Сакем көп өтпөй: «Бүркүтүм шаңшып, тынчымды алды», — деп, Ысык-Көлгө шашылыш жүрүп кетти.

Саякбай ата мүмкүнчүлүгү эле боло калса Ысык-Көлгө көбүрөөк каттап, өмүрүнүн акыркы күндөрүн өзүнүн киндик каны тамган касиеттүү көлдө өткөргөн экен. Залкар манасчы 1971-жылы Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарында каза болгон.

Көрүнүктүү музыка изилдөөчү Виктор Виноградов тарабынан Саякбай Каралаевден эпостун «Чоң Казат» циклинен фрагмент жазылып алынган. Ушул эле фрагментти 1940-жылы кайрадан кайталап жазып алган.
Ал эми «Каныкейдин Тайторуну чапканын» пластинкага жазып алып, нотага түшүргөн. Эпостун Манасчы тарабынан музыкалык аткарылышы жөнүндө жазган макаласында мындай деген: «С. Каралаевдин «Манас» эпосун аткаруудагы музыкалык байлыгы, артисттик чеберчилиги — өзүнчө чалкып жаткан көркөм дүйнөнү элестетет».

Улуу инсандардын ал жөнүндө айткандары
Саякбай Каралаев эпосту бир нече айлап айтса да аягына чыга алган эмес. Натыйжада анын табийгат берген зор талантына, шык-жөндөмүнө, кайталангыс касиетине калыстык менен баа беришип замандаштары, дүйнөлүк атак-даңкка ээ болгон окумуштуулар, улуу инсандар Саякбай Каралаевди «ХХ кылымдын Гомери» деп сыймыктануу менен аташкан.

Кыргыз Республикасынын Баатыры, заманыбыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматов: «Эгер менден өз элиндин улуу адамдарынан кимди билесиң деп сураса, мен биринчи кылып Саякбай Каралаевди айтар элем», — деп, элибиздин бир залкар уулуна экинчи бир залкар уулу татыктуу баасын берип, таамай сөзүн айткан экен. Көрсө, «асылды асыл гана баалайт», — деген сөз тегин эмес тура.

Саякбай ата өз мезгилинде кыргыздын чыгаан, улуу адамдары, жазуучулары, акындары, артисттери, сүрөтчүлөрү жана искусствонун башка тармактарында иштеген адамдары менен жакшы санаалашта болуп, алар менен алака түзүп, көп учурда бирге дасторкондо чогуу олтурушуп, даам үстүндө аларга улуусуна улуудай, кичүүсүнө кичүүдөй мамиле кылган экен. Айрымдары менен өтө жакын мамиледе болуп, азилдеше тамашалашып, сыр чечише сүйлөшүп, кумардан чыгышчу экен. Кичүүлөрү тартынбай теңтуштай мамиле жасашып, «Сашка» деп эркелетишип, атынан айтпай сыйлашкандары болуптур. Аларга билгендеринен көптү үйрөтүп, алардан пайдалуу көп нерсени угуптур.

Жазуучу Николай Удалов Саякбай менен көп жылы жакшы мамиледе болгон. Москвада өткөн кыргыз адабияты менен искусствосунун он күндүгүндө Саякбайдын берген концертин көрүп, анын ошондогу турпаты, аткаруучулук жөндөмү түбөлүккө эсинде сакталып калган. Манасчынын чакыруусу менен Ысык-Көлгө барып, бир нече курдай тайган агытып, бүркүт салышып, мергенчиликтин чоң кумарына канышкан. Кийин манасчы досу жөнүндө адабий портрет жазып, «Ала-Тоо» журналына жарыялаган.

«Менин көп жылдык байкоомдо Саякбай түнт, кара мүртөз, кержейген адамдарды жаман көрчү. Андайларга алдыртадан мамиле жасачу. Ушакчы, керооз, дардаңпозго жолугуп, кокусунан кол алышып, учурашып калса, ары бурулуп баса бергенде тигиге билгизбей колун шымына аарчып, чырт түкүрүп койчу.

Түнт адамдын койнунда котур ташы бар, — дечү. Анын жүрөгүн кара ыш басып, боору ачуусунан шишип кеткен. Мен андай адамдарды билем. Мен айтпайын, сен аттарын укпа. Шайыр, ачык жүргөн адам жакшы. Ал адамдар булакта жаткан таштай таза да, тунук да.

Саякбай жакшы адам менен достошконду, башкаларга жардам бергенди, жаш балдарды артык көрчү. Бирөөнүн ийгилигине көз артпай, тескерисинче, кубанчу, жолуккан жерден куттуктап, колун кысуучу», — деп, Николай Удалов манасчынын адамгерчилигине, инсандык касиетине калыстык баасын берген.

Кыргыз Республикасынын эл артисти, акын, бүгүнкү күндөгү белгилүү манасчы Мамбеталиев Уркаш аба Саякбай атабыз жөнүндө мындай дейт:

«Согуштан кийинки жылдарда манасчы Саякбай ата филармониянын артисттери менен биздин айылга барып калган эле. Залкар манасчынын сүрүнөн коркуп да, сүрдөп да жатып, акыры чымырканып, жаштыгым менен курчтугума таянып, Сагынбайдын мотивине салып, «Манасты» сыпатташын айтып берип, ал кишинин сыноосунан өткөн элем.

«Баракелде, балам, буюрса сенден бирдеме чыкчудай. Кырк эрдин сүрү бар, бизге окшогон, «көкжалдардын» алдында калтаарып, өзүндү жоготпой, тайманбай «Манасынды» айтуунун өзү эле, Коңурбайдай канкорду Алгаранын үстүнөн ыргыта сайгандай эле чоң эрдик эмеспи», — деп үй толтура олтургандарды дуу күлдүрдү. Бир топ накыл кептерин айтты. Анан чарадагы эттен чай чыныга чеңгелдей салып, ооз тийген соң: «Мендей манасчы болуп жүр, уулум», — деп өз колу менен шыбагасын сунду.

Кийин шаарга келип, окуп, иштеп жүргөндө ал кишиге жолугуп жүрдүм. Менин баамыма караганда ичи кенен, адамдарга жакшылык гана каалаган, ыктуу жерде жардамын аябаган, айкөл адам эле.

Бир күнү түш көрүп калдым. Азыркы Панфилов паркынын түндүк тарабында жайкы театр бар эле (азыр да керегеси турат). Ошонун залынан концерт көрүп, көпчүлүк эл менен чыгып келе жаткан экенбиз. Алдырак жакта чоң жазуучулар, жетекчи кызматкерлер, кыскасы залкар адамдар баратышкан, ортосунда Саякбай ата. Мен алардын артында ээрчип келаткан экенмин. Бир кезде Саякбай ата токтой калып, мага айтып калды: «Уркаш, калпагым менен таягымды отурган жерге унутуп калыптырмын, алып келе кал!».

(Уландысы бар)

Бактыбек МАКСҮТОВ, «Айкөл Манас баяны» фондунун төрагасы,
Коомдук Манас академиясынын академиги,
«
Кыргыз туусу»(«Кыргыз гезиттер айылы»), 19.02.2010-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий