МАНАСТЫН КЕНЧ КАЗЫНАСЫ

Парапсихолог Карыбеков Мелис Асан теги менен маек

Ала — Тоодон кар кетет,
Эркектерден ал кетет,
Үч никелүү кыз чыгат,
Тоо титиреп муз жылат,
Алаамат болуп басылат,
Кыш артынан жай болот,
Эли тынчып бай болот,
Эли журтун байыткан,
Жерден чыккан май болот.

Кадыр түн, же жети атанын арбагы
Кыргыз Вангасы аталган Зарина, Мелис, сени жети атаңдын арбактары колдоп жатат деп мага жети атамдын арбактарын образдуу сүрөттөп бергенде, таятамдын колунда өсүп жети атам жөнүндө түшүнүгүм да жок мен, Заринанын айтканына анча деле терең маани бербей, бирок жети атасын билбеген кул деп мурун угуп жүргөн мен, ичимден намыстангансып ошол эле күнү жети атам жөнүндө сурап билип алууга, айылдагы аксакалыбыз Саадак чоң атама келдим. Саадак чоң атам, жети атам жөнүндө кызыктуу баяндарды айтып берди. Мени таң калдырган Заринанын айтканы менен Саадак чоң атамдын айтканы дал келгени болду. Ошол күнү айылдагы аталаш бир тууганым Турат агамдын үйүнө түнөмөк болдум. Анда мен Ивановка бекетинде жашоочумун. Эки айылдын ортосу он эки чакырым. Түн жарымда жаным жай албай, Турат агамдын айтканын укпай, Ивановкадагы бекетине жөө жөнөдүм. Караңгы, айсыз асман, эч нерсе көрүнбөйт. Ач арбактан коркуп калган жайым бар эле, кандайдыр бир жүрөгүм сыгылып, ичиме коркунуч сезими батпай, айланамды кандайдыр бир түшүнүксүз элестер курчап, коркконуман жаным чыга жаздап бараттым. Бир кезде караңгы асман жарк деп, күйгөн оттой жылдыздын сыныгына окшоп асты жагыма Кут түштү. Жаным чыгып коркуп келе жаткан мен, же сүйүнөөрүмдү билбей, деңдароо болуп туруп калдым. Бала кезимде кары адамдардын колунда өскөндүктөн, Кут деген кубаныч акылымды, оюмду, жүрөгүмдү ээлей түштү. Ошол эле мүнөттө бет алдыма бир адам тура калды. Мен бакырып эстен танып жыгылдым. Эсиме келип-келтирбей, жанагы адам мени асманга алып жөнөдү. Кереметүү көрүнүш, жанагы адам менен бирге мен бир дүйнөгө келдим. Дубалдары бийик, дарбазасы түшүнүкүз материядан жасалган Алтын Ордого кирдик. Ордонун ичиндеги көп бөлмөлөрдү аралап жөнөдүк, бир бөлмөгө кирдик, дасторкон толо тамак-аш, бийик ак калпак кийген адамдар тамактанып жатышат. Алар менен бирге отуруп тамактана баштадык, ал адамдардын жүздөрү сүйкүмдүү, мени мээримдүү көздөрү менен карашат, жалгыздыкта жүргөн жан дүйнөм ошол адамдар менен кереметүү биримдикти сезди. Жанагы мени алып келген адам, булар сенин жети атаңдын арбактары деди, ал бөлмөдөн чыгарып андан ары алып жөнөдү. Дагы бир жаркыраган, сырдуу дарбазага туш болдук. Дарбаза ачылып ичине кирдик, ичи толо дөбө-дөбө болуп, жарк журк этип жылтылдап жанып күйүп-толуп жаткан алтын, күмүш, каухар, асыл таштар, чексиз байлык, укмуштуу кереметтүү көрүнүш. Жанагы адам, бул Манас бабабыздын Кенч казынасы деди да, каалаганыңды ал деди. Мен эч нерсе алган жокмун, мени андан ары алып жөнөдү. Нурдуу күйүп жанган бир бөлмөгө киргизди, күндүн нурундай күчтүү нурдан көзүмдү жумдум, карай алган жокмун. Бул Манас бабабыз деген сөздү кулагым гана укту…

Кайра артка тарттык. Алтын Ордонун дарбазасына келгенде, мен дарбазага жабышып кетпейм дедим. Жети атамдан келген жылуулук, биримдиктин сезиминен ажырагым келген жок. Жанагы адам уулум, мен Күлчоро абаңмын — деп, колума жылтылдаган нурдуу ачкыч карматты. Элге кайт, дагы кездешебиз дегендей белги берди. Эсиме келип-келбей, жаткан ордумдан туруп чуркап жөнөдүм. Оозумда жети атам берген тамак аштын даамы калган, Күлчоро бабам карматкан сырдуу ачкычтын күчүнөн бир айга чейин эки колумдун тырмактары саргарып кетти. Алаканымдагы ачкычтан калган ысык алигунчө алаканымды күйгүзүп турат. Мен көргөн Алтын Ордодо мезгил жай жүрөт, мен кыскача гана бир маалыматты айттым. Күлчоро бабамдын айткан осуятын элиме айтып, жеткизүүгө мен али даяр эмесмин.

Ошол кадыр түндөн тарта Атама, мени баккан эмессиң, алимент да төлөгөн эмессиң — деген таарынычым жок болду. Биздин элибизде Атанын мурасы, Атанын керээзи, Атанын осуяты, Атанын карызы, Атанын милдети деген түшүнүктөр, Атанын алименти деген латынь тилинен чыккан бир жаман сөзгө айланып кеткен. Ал сөздүн латынча мааниси — жан багуу каржысы деген маанини билдирет. Азыркы учурда аталардын көбү алимент төлөйт, балдары алимент алат. Манас элинде алимент деген түшүнүк жок эле. Ата-баланын ортосундагы сый, биримдик жок болуп бараткансыйт. Өз атамдын колунда, ата мээримин көрүп өспөсөм да, жети атамдын мээримин көрдүм. Жети атанын арбактары өз урпактарын эч качан унутпайт. Жети атасын билбеген кул деп элибиз бекер айтпаптыр, ошол сырдуу кадыр түндө жети атамдын арбагы колдобогондо, мен азыр Аллага кул болом деп адашып диндин кулу болуп калмакмын, же болбосо акчанын, же көптөгөн пендечилик кызыкчылыктардын кулу болмокмун.

Саякбайдын алименти
Сан күндөр айткан Манасты,
Саякбай залкар Манасчы.
«Гомери» — дешип кыргыздын,
Көп элдер ага карашчу.
Казына байлык, кен эле
Кандай сөз айтса жарашчу.

Обдулуп Манас айтканда,
Океан эле, киши эмес.
Тайтору атын чапканда,
Тартылчу көзгө жүз элес.
Татар да ыйлап жиберчү,
Так ошол жерде биз эмес.
(Байдылда Сарногоев)

Саякбай жөнүндө жагымдуу ыр саптарын жазган, белгилүү акын Байдылда, атасындай болгон Сакеме эркелеп, Сашка деп койчу экен. Анда тартынбас Сакем: «Оо, мурдуңду урайын, илгери Таласка барганымда бир сары катындын жатынына уругумду калтырып келдим эле, ошол уругумдан жаралган сары сен турбайсынбы?! — деп жооп берчү экен. Анда Байдыке Сакеме жабышып, алиментимди төлө деп тамашалоочу тура. Ата-баладай, улуу адамдардын ушундай тамаша кептери эл ичинде уламыш болуп калган. Сакем жакын курбу иниси болуп калган жалгыз эле Байдылдага эмес, жалпы баарыбызга алименти, карызы жок. Бизден кийинки урпактар дагы Сакемди бийик, ыйык тутуп, кыргыздын далай ламасы деп айтарына көзүм жетет.

Ыйык Манасыбызды кыскан, коммунистик доорго туш болуп калган улуу Манасчыбыз Саякбай атабыз элибизге эмне деген руханий кенч мурасты калтырды. Кыргыз коммунисттеринин сокур саясатчылары Манас дастанына коммунисттерди кошуп айтасың деп Сакемди кысташкан экен. Ошондо Сакем Манас айтаарда…

Манас кыраан шок эле,
Көздөрү күйгөн чок эле,
Кабылан Манас барында,
Комунисттер жок эле — деп айтып коюп, андан ары Манас айтканын улантчы экен.

Сакем жөнүндө эл ичинде мындай уламыш укканмын. Сакемди киного тарткан белгилүү кинорежиссер Болот Шамшиев агабыз Сакемдин касиетине баа берип, Манастан башка эч нерсе менен иши жок, Сакемди армансыз киши деп ойлоп, Сакеме суроо салыптыр: «Саке, деги сиздин арманыңыз барбы?.. -десе, анда Сакем: «Илгери жаш кезимде, Советтик Кызыл Армиянын катарындагы комсомолдук отрядда кызмат кылып, басмачыларды кубалап, байларды кулакка тартышкам — дептир. Ошондо Сакем жакын досу экөө, бир байды кулакка тартып жатышып, бир карапа кызыл алтын таап алышат. Атабыздай болуп калды, командирибизге айтып, бир карапа алтынды үчкө бөлөлү — деп кеңешип командирине айтышса: Балдар, мындан ары бардык байлык элдики — деп, командири бир карапа кызыл алтынды мамлекетке өткөзүп жиберет. Сакемдин арманы ушул экен, командирге айтпай, ошол алтынды бөлүшүп алганда бай жашамак экенмин деп айтыптар. Сакемдин арманын уккан Болот Шамшиев агабыз айран таң калыптыр. Ушундай кереметүү Манасчылык касиетке ээ болгон Сакемдин болбогон бир карапа алтынга арман кылганына… Сакемде да ушундай пендечилик болгон экен.

Менин айтайын дегеним, бул окуянын жандырмагы мындай… Сакеме Манасчылык касиет берерден мурун жогорку сырдуу күчтөр алгач бир карапа алтынды Сакеме сыноо катары берет, ичинде сараңдык, ачкөздүгү жок Сакем кызыл алтынды катып албай, башкалар менен бөлүшөм деп сыноодон татыктуу өтөт. Азыр мен тажрыйбалуу парапсихолог катары чечкиндүү айтканым, мага транс акыбалымда Күлчоро бабам көрсөткөн Манастын кенч казынасындагы алтын, асыл таштардын энергиясы менен Сакеме келген бир карапа кызыл алтындын энергиясы бирдей.

Манас дүйнөсүндө эки казына бар. Биринчи руханий кенч казынасы, экинчиси байлык кенч казынасы. Мен дүйнөгө аты чыккан бай магнаттардын биоталаасын карап көрдүм, мисалга, Бил Гейтс, Абрамович, арабдардын магнаттары сыяктуу, алардын ырыскы байлыгы биздикине окшобойт. Алардын ырыскы байлыгы башка, биздики башка. Манастын сырдуу байлык кенч казынасынын энергиясын биз туура кабыл алып, өзүбүздүн биоталаабызды Манас дүйнөсүнүн чексиз биоталаасына жуурулуштурсак, Манас эли дүйнөдөгү бай элдеринен болот. Дүйнөгө аты чыккан бай магнаттар, келечектен биздин элден көп чыгышы мүмкүн экен. Ошондуктан мен Кут кармаган адамдын артынан калбай, Куттун табышмактуу программасын жандырып жүрөм…

Сакеме менден салам де,
Саламат бекен абам де,
Жашы улуу жаны курбу эле,
Жазбады бир ооз кабар де,
Кефир сүт ичип жүрөм дейт,
Кекиртек жактан аман де.
(Байдылда Сарногоев, «Мидинге кат»)

Айтматовдун алименти
Ааламага аты чыккан улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматов өзүнүн чыгармалары аркылуу жыйырманчы кылымдын муундарын руханий байлыкка тарбиялап, өз элине журт атасындай болуп калып, жыйырма биринчи кылымдын баш жактарында кандайдыр бизге белгисиз себептер менен, жазуучу эмес, адам катары бизден өз элинен алыстап кеткенсиди. Ушундай себептен мен жана мага окшогон Айтматовдун чыгармалары менен жуурулушуп өскөн мекендештерибиз өз атасы билип туруп таштап кеткенсип, түшүнүксүз акыбалда калдык. Досторубуз менен чер жазышып, маектешип отурганда, Айтматов жөнүндө талаш тартыш сөздөр болуп калса мен өзүмдү Айтматовдун баласымын деп атап, мен Нургазымын, Султанмуратмын, Авдий Калистратовмун… анткени ошол Айтматовдун каармандарына окшош экенимди айтып талаш-тартышта сөз берчү эмесмин. Анда теңтуштарым мени тамашалап: «Айтматовдун баласы болсоң, Айтматовго алимент төлөтүп ал» — деп мени чычалатышат. Ушул себептерден улам, Чыңгыз Айтматовдун карындашы, Роза Айтматова эжебиз менен жолугушуп маектешүүгө туура келди.

Биринчи суроом эле Роза эжекеге бул болду. «Кыргыз эли Чыңгыз атабызга айтпай койду, унчукпай койду, бийликти жактап туруп алды деп таарынып калды, ушуга жооп берсеңиз» — дедим. Роза эжекебиз мындай кызыктуу окуяны айтты. «Кыргыз эли коммунисттерди кетирип, өзүбүзгө кимди президент кылып шайлап алабыз?» — деп талаш-тартыш боло баштаганда, баары бир ооздон эле Чыңгыз Айтматов президент болсун деп башташты. Анда Чыңгыз Москвада болчу. Бул сырымды эчкимге айткан эмесмин, ошондо Москвадагы Чынгызга биринчилерден болуп мен чалдым. Агама айттым, сизди эл-журтуңа келип президент болуп, эл башчысы болсо деп суранганы жатышат, макул боло көрбө, сен чыгармачыл адамсың, мамлекет башкара албайсын» — дедим. Анда агам: «Роза, менден кайдагы президент, мен чыгармачыл адаммын, макул болбоймун, андан кам санаба!» — деди. Менден кийин Казат Акматов чалыптыр, ошондо Чыңгыз Акаевдин кандидатурасын карап көргүлөчу деп айткан экен, а эл болсо Акаевди Чыңгыз бийлике алып келди деп түшүнүп калды. Бул туура эмес.

Кийинчерээк Акаевдин туугандары бийликке, байлыка ээ боло башташканда жолдошум Эсен мага Чыңгызды сен бузбаганда президент болуп калмак, биз дагы Акаевдин туугандарындай болуп байлыка, бийликке ээ болмок экенбиз — деп тамашалап калчу… Чынгыз чыгармачыл адам, саясатка аралашкысы келген эмес.

Роза эжекеге экинчи суроо узаттым. Эл ичинде Чыңгыз атабыздын сараңдыгы жөнүндө кеп бар. Башка жазуучулар гонорар алганда бухгалтериядагы, кассадагы кыздарга чай ичип койгула деп чайлык таштап кетчү экен. А Чыкем болсо бир тыйындан бери санап, эч кимге эч нерсе бербей кетчү — дейт. Ушунусу чынбы? — дедим. «Ооба, Чыңгыздын андайы бар эле, Чыкем бир кишиге дагы пара берген эмес, бирөөдөн да пара алган эмес, өзүмдүн маңдай терим, таман акым менен тапкан ак эмгегим өзүмдүкү деп эсептечү. Чайлык пул деп жүрүп коррупцияны кантип токтотобуз; — деп Роза эже күлүп калды. Чыкемдин сараңдыгы мага да жакты, бул жерде эч кандай алдым-жуттум ачкөздүк жок, бул сараңдык эмес, сарамжалдуулук.

Манастын табышмактуу байлык кенч казынасынын сырынын жандырмагын чечип жүргөн мага да керектүү сапат экен. Роза эжеке менен Чыкем тууралуу көпкө маектештик. Ушул жерде мага дагы бир чоң акыйкаттын сыры ачылды, биздин улуттун трагедиясы болгон, азырынча мага гана белгилүү кара дуба Чыкем менен элдин ортосундагы мамилеге да зыян келтирген тура. Бул жөнүндө Роза эжекеге унчукпадым, ал жөнүндө кийинчерек кеп кылабыз. Чыңгыз атам жөнүндө чындыкты угуп жүрөгүм жеңилдеп, Чыңгыз атама болгон таарынычым жоголуп, Чыңгыз атамдын бизге моралдык абийир ата карызы жок экенине көзүм жетип кубанып калдым. Досторума келип, Чыңгыз атамдан силердин тилде айткандай алиментимди төлөтүп алдым дедим, ал алимент Чыңгыз атамдын биздин элге калтырган руханий баалуу чыгармалары. Келечекте нукура Кыргыз парапсихологиясынын негизги өзөгү болуп кала турган МАҢКУРТСТАН деген чыгарма жаратсам деген максатым бар. Маңкурт деген сөздү, Маңкурт — деген диагнозду Чынгыз көзу ачык, Чынгыз олуя айткан.

Ак эмгекти адал эмес, арам дебе,
Сарамжалдуу адамды сараң дебе,
Манас уулу Чыкемдин Куту бийик,
Арбагын, көлөкөдө караан дебе.
(Мелис Карыбеков)

Өзбек байдын керээзи
Күүгүмдөнө Күн кызылы батаарда,
Түн бир убак, Ай шооласын чачаарда,
Айдай жортуп мемиреп таң атаарда,
Не келгинби, не арбакпы сыйкырдуу,
Кебелбеген Байтик мүрзө үстүнөн,
Учуп-конот, алда кандай канаттуу…
(Түгөлбай Сыдыкбеков, «Арбактар колдосун»)

Ушул сырдуу ыр саптарды Түгөлбай атабыз бекер жеринен жазбаганы ачык эле көрүнүп турат. Кыргыз эли арбак деген сөзгө терең маани берген, азыркы чала билимдүү молдокелерибиз арбак деп айтсаң эле, арбак деген сөз Куранда жок, антип айткан күнөө деп чалкасынын кетишет. Араб тилинде арбакты Рух дейт. Арбакта Рух да, энергетика, же элес образ деген түшүнүк. Түгөлбай атабыз кастарлап, терең маани берип, Өзбек бай жөнүндө арбак колдосун деген баян жазган. Солто элинен чыккан Өзбек бай бизге өз заманынын даңктуу, барктуу байы болгону менен, ошондой эле Шабдан баатыр менен тең ата болуп мелдешкендиги, аракечтиги жана ушул күнгө чейин темирден чеберчилик менен жасалган күмбөзүнүн сакталып калганы менен жетти. Менин айтайын дегеним, Өзбек байдын ушул биздин күнгө чейин көпчүлүктү кызыктырган Өзбек байдын байлыгынын сыры. Өзбек байдын байлыгын кантип пайда болду дегенди ар ким ар кандай жооруйт. Өзбек байдын биоталаасын карап, Манастын кенч казынансынан көргөн энергетиканын сырдуу бир үзүмү ушул байдын биоталаасына Кут аркылуу келип уялап калган экенин көрдүм. Байлык — бул энергетика. Чоң атадан атага, балага, небереге, тукумдан-тукумга энергетикалык агым аркылуу өтүп турган ырыскы-береке. «Аккан арыктан суу агат» — деген сөз бекер айтылбаган. Өзбек байдын тукумдарынан Өзбек байдай бай чыккан жок. Жеке эле Өзбек байдын тукумдары эмес, Солто элинен да заманына жараша Өзбек байдай байлар жокко тете. Анын себеби Манастын кенч казынансынан келе жаткан агымдын тукумдан-тукумга өтпөй калганы. Бакыттын да, байлыктын да рахатын көргөн Өзбек бай мындай керээз калтырат… Мен өлгөндө аш берем дебегиле, алыстан эл чакырып, Өзбек байдын атын даңкын чыгарабыз — деп элди кыйнап, элдин малын алып, элди азапка салбагыла, андан көрө мыкты усталарга темирден күмбөз жасатып белги койгула. Ал кезде Кыргыз эли ашка чоң маани берген. Өзбек байдын тукумдары ач көздүк кылып, байдын дүнүйөсүн аяп, аш берген жок деген ушак айың кеп тараган, бирок ал заманда ата керээзинин күчү да күчтүү болгон. Али күнчө Өзбек байдын күмбөзү турат, а ушак-айың кептер желдей учуп унутулган. Ал эми биздин бүгүнкү байларыбыздын аркасында эмне мурас калаар экен, керээз айтып калтырганга байларыбыздын аты-даңкы жок, аталык күчү жок. Өзбек бай өз элин баккан. Бүгүнкү байларыбыздын биоталаасын карасам, алардын азап-тозок менен тапканы балдарына жукпайт, балдарынын да тагдыры татаал.

Манастын Куттуу кенч казынасынын энергиясы сырдуу энергиясын бүгүнкү бизнесмен байларыбыздын саналуусунун кана биоталаасынан көрдүм.

Куттун бир эле сыры
Орусиянын түндүгүндө Сургут деген бай шаар бар, байыркы атын чечмелесек Сыр Кут болот. Сибирде Уськут деген шаар бар, байыркы аты Үч Кут. Тарыхка тереңдеп кирсек ушул жерлердин баары Манас падышачылыгы болгон. Элибизде Куттуу болсун, куттуктаймын деген жакшы тилектер бар. Эл ичинде Кутка байланышкан мындай аттар бар, Куттубек, Кутман же Кутуев, Кутманалиев деген фамилиялар, же жин оорулуу адамды кутурган деп аташкан. Биздин бабаларыбыз Кутка терең маани берип ыйык туткан.

Манас дүйнөсүнөн келген кенч казынасынын бир энергиялык чоң агымын мисалга алалы, Кыргыз сомдорунда ушул сырдуу энергиялык агым токтоп калган сыяктуу. Беш сомдукту карап көрсөк, белгилүү Бүбүсара эжекебиздин сүрөтү тартылган, жашоосунда ал эжекебиз катуу ооруга чалдыккан. Беш сомдукта оорунун энергиясы өзгөчө бөлүнүп турат. Он сомдукта Касым Тыныстановдун тагдыры татаал болгон, репрессияга кабылып, киши колдуу болуп өлөт. Сүймөнкул агабыздын оорусу бардыгыңарга белгилүү, эки жүз сомдогу Алыкул агабыздын тагдыры да оор, жалгыздыкта өткөн. Курманжан Датка энебиз Иса пайгамбардын энеси ыйык Мариямдан кийин эле өз баласынын өлүмүнө тике күбө болуп карап турган адамзаттагы экинчи эне. Тоголок Молдонун, Сакемдин сүрөттөрү сомдо жабык берилген, энергетикалык күчү жок. Миң сомдогу Баласагындын энергетикалык тазалыгы бардай… Акча — бул энергетика. Совет доорундагы рублдин күчүн эстеп көргүлөчү, а азыр карасаңар, жөн эле кагаз, энергетика жок.

Кыргыз сомунун сүрөтүн тарткан автор да, Манастын тукумдары калбай калгансып, орус улутунан экен, анын да эмгек акысын убагында толук бербей нааразы кылып коюшкан дешет. Чыгармачыл адамдар түшүнөт, автордун нааразычылыгы чыгармасына зыяндуу энергетика берет. Жалпы журт менен кеңешпей, аз гана чөйрө чечкен мамлекеттик сомдо элибиздин алсыздыгы, таарынычы, ишенбөөчүлүгү, нааразылыгы ачык эле көрүнүп турат. Эл сомду сыйлабайт, барктабайт, сомго аргасыз муктаж… Келечекте сомубузга Манас дүйнөсүнөн келген, Манастын кенч байлыгынын күчтүү энергиясынын агымын киргизсек, андан да тереңирек айтканда, жогорку сырдуу күчтөрдүн уруксаты менен сомго жан киргизсек, американын долу долларын Долондой бийиктике чыгарбас элек.

Улутубуздун экономикасына дагы Манас дүйнөсүнөн келген сырдуу кенч казынасынан келген энергетикалык агымын киргизсек, дүйнөдөгү бай мамлекетке айланабыз.

Жерден чыккан май болот,
Ырыскы аккан сай болот,
Экинин бири бай болот,
Айылыңа ай конот,
Кайырчы качып алыска,
Төрүңө келип бай конот,
Кушуң үйгө уялайт,
Байкуштан бай уялат,
Элден качып кыянат,
Эсиңе келбейт кыямат,
Кыздарың кылып тыянак,
Уулуң кырды кыялап,
Түндүктөн түшөт соолубас,
Бал кымыз куйган сыр аяк,
Уулуң уруп добулбас,
Атакең Кызыр карыя,
Туягы болуп оордун бас,
Төрт түлүгүң төп болот,
Душмандан досуң көп болот,
Бөрүнү кылып короочу,
Ит тамагы чөп болот,
Манас деген урааның,
Мекениңе чеп болот,
Манастан калган кенчиң бар,
Анда да сенин энчиң бар.
(Манас дүйнөсүнөн келген маалымат. Мелис Карыбеков)

(Уландысы бар)

Баарлашкан Венера Наркеева, “Форум” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 23.02.21010-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий