Нуркан Калназарова: «Менин мүнөзүм заманбап жашоого шайкеш келбеди»

5Чоро Кожомжаров түзгөн чыныгы кыргыз эстрадасынын алгачкы карлыгачтары кимдер эле? -деген суроого билгендер дароо Алтынбек Сапаралиев менен Нуркан Калназарованы айтышат. Алтынбек ага го азыркыга чейин үнүн созуп, элдин эсинде. Ал эми «Арча бешик», «Каркыралар», «Жигитке», «Шаардык жигит», «Жигит ай», «Кызгалдак гүлүм ай» ж.б. ырларды созгондо зал толо көрүүчү келген Нуркан эжекебиз 15 жылдан бери сахнадан оолак жүрү. Сахнадан кеткенден бери эже Ветеринардык департаментте бухгалтер болуп эмгектенип келет экен. Эки башка чөйрөгө аралашып, мээсине ыр менен эсепти сиңирген эжени кепке тарттык.

— Нуркан эже, ырга ышкыңыз кантип пайда болгон? Ошондон баштасак.
— Мен кыргыз эстрадасынын тарыхына салымымды кошуп, Чоро Кожомжаров, Окен Усубалиев, Аскар Тезекбаев, Алтынбек Сапаралиев өңдүү таланттар менен иштешип калам деп үч уктасам түшүмө кирген эмес. Бул менин кыялымдагы гана нерсе болчу. Мен өзүм Жалал-Абаддын Базар-Коргонунан болом. Айылда мектепте окуп жүргөн кезимде алар концерт коюп барышканы эсимде. Тимеле суктанып карагам.

1972-жылы Фрунзеге келип, Финансы-экономикалык техникумуна тапшырдым.

Өздүк ийримге катышчумун. Каникул учурунда кызылча отогону талаага чыктык. Анда да мугалимдерге, студенттерге концерт коёбуз. Жетекчибиз Кубанычбек Осмонов «Сени Ч. Кожомжаровго алып барып угузуш керек» деп калды. Шаарга келгенибизде агайым «Эртең Чорого барабыз» деп калды. А мен аны жөн эле айткандай кабылдагам. Эртеси күнкүгө айылга кеткенге билет да алып койгон элем. Өңүмбү же түшүмбү деп ишенбей, агайымды ээрчип жөнөдүм. Анда филармония азыркы «Туңгуч» театрынын имаратында жайгашкан эле. Жайкы театр, отургуч, гүлдөр… А менин чачым ошондогу мода менен сарыга боелгон, үстүмдө кыпкызыл көйнөк… Алтынбек азыркыга чейин «Нурканды биринчи көргөнүм эсимден кетпейт» деп айта берет. Өзү да кычыраган жап-жаш жигит эле.

София Ротарунун бир ырын ырдадым. Чоро Кожомжаров дароо жактырды. «Эртеңден баштап иште» деди. «Макул» дедим, бирок, айылга билет алып койгондуктан кетишке туура келди. Келгенде да эмнегедир барган жокмун. Ошентип кыш келди, биздин жатакана театрга жакын эле. Бир күнү кетип баратсам, «Сен эмнеге жоголуп кеттиң?» деп музыканттардын бири кезигип калды. Телефон номеримди сурады, ал убакта каяктагы сотка, жатакананын вахтасыныкын бердим. Эртеси Чоро Кожомжаров өзү чалып дагы чакырды. Бараар замат арыз жаздыртып ишке алып алышты.

— Сиз эсеп-кысапты окуп жүрүп ыр чөйрөсүнө аралашкан турбайсызбы анда?
— Ооба. Ырдап да, окуп да жетиштим. Окууну бүтүп диплом алаарда техникумдун жетекчилиги «Улуттук банкка жолдомо берели» дешкенинен, «Жок, мен диплом алдым. Мага ошол эле жетет» дегем. Азыр ошондой сунуш болсо мен антпейт элем. Анда жаш экенмин да. Карьералык өсүштү ойлобой, сахнаны тандап алгам.

— Анан тандап алган сахнаны неге таштап койдуңуз?
— Таштабайт элем. 1982-жылы Ч. Кожомжаров кайтыш болуп калды. Ал түзгөн Кыргыз эстрада ансамбли «Семетей» тобу болдук. Андан кийин музыканттар алмашып… Мен акыркы жылдары «Ариет» тобунда ырдап жүрдүм. Анан 1989-жылы «чарбалык эсеп-кысап» деп чачыратып жиберди. Биз тарап-тарап кеттик. Биз сахнанын сырын өздөштүрүп, профессионалдык деңгээлибиз көтөрүлүп баратканда жаман эле болдук. Анда деле мен Филармониядан алыс кете албай, кадр бөлүмүндө инспектор болуп иштеп жүрдүм. Мен ойлогом, ырсыз жашай албайм го деп. Көрсө, турмуш өзү эле тарбиялап коет экен. Мен деле кээ бир адамдарга окшоп өзүм чуркасам деле болмок. Бирок, менде андай «жанталашмай» сапат жок экен. Анан адамга «тил» керек экен. Тарбиям ошондойбу, «хитрый ходдор» менен сахнага өзүмчө чыккым келген жок. Мындайча айтканда менин мүнөзүм азыркы заманбап заманга шайкеш келбей калды окшойт.Ошентип, азыр өз кесибим менен бухгалтер болуп иштеп жатам.

— Азыр канчадасыз?
— 55 жаштамын.

— Анда чоң эне статусуна ээ болуп калган турбайсызбы?
— Турмушка чыккан жокмун. Орустар айткандай «не сложилась». Көп нерсе адамдын мүнөзүнөн көз каранды болот экен. Мен абдан намыскөй экенмин. Жакшы көрүү сезимимди көрсөтпөй, айткандарга «жок» деп. Бирок, намыс намысы менен гана калыш керек экен. Бирок мен буга да өкүнбөйм. Үстүмдө үйүм, иштеген ишим бар. Ырларым кол телефондо жаңырып калганын угуп калып өзүм таң калам. Алтын фондунда 5 ырым бар. Радиолордон ушул убакта «ретро» ырлардын катарында кетип жатат. Өзүң сурагандай, чын эле чоң энемин. Сиңдимдин кызы менин үйүмдө жашап жүрүп турмушка узады. Азыр анын наристесин өз неберемдей көрөм. Бош боло калсам эле ошол жакка жөнөйм. Сиңдим өзү Россияда турат. Анан анын ордуна биякта мен чоң энемин.

— Бирге иштешкендер майрамдарда ырдатмайынча кое беришпесе керек?
— Менин «визиттик карточкам» «Каркыралар» болуп калды. Аны менен катар Роза Рымбаеванын «Кең талаамды» суранышат. Ырдаган киши ырдап туруш керек экен, үндү дагы бакпаса таарынат дегендей. Бирок көбү «көп ырдабасаң дагы үнүң жакшы сакталыптыр» деп калышат. Ырдап жүргөн адам баары бир ырды сагына берет экен да. Өзгөчө15 жыл сахнада ырдап жүргөн мен сахнаны, сахналаштарымды абдан сагынам. Султан Каримов менин «подружкам» эле.

Чогуу ырдайбыз, чогуу дүкөн кыдырабыз. Гастролго барганда чогуу тамак жасайбыз. Алтынбектер «Маскечир» деген тамагымды «качан жасап бересиң?» деп азыркыга чейин сурай беришет. Сахнадан тапкан курбум Айгүл Ырысалиева менен гана көрүшүп турчу элем. Акыркы үч жылда бири-бирибиз менен жолуктук. Убакыт деген учкан куш дегени чын бейм, көрүшпөгөнүбүзгө 20 жылга чукулдап калыптыр. «Ырдайлы достор ырдайлы» концертинде чогулган элек. Ошондо бир сагынычыбызды таркатып , өткөн-кеткенден кеп салганыбыз бүтпөс жомокко айланып кеткендей болгон. Азыр кудайга шүгүр, ошондон бери анда-санда Роза Таберикова ортого көпүрө болуп чогулта калып жүрөт.

— Азыр кээ бир жаш ырчыларыбыз шоу-дүйнө ыплас экен деген ойлорун ортого салып келишет. Сиздердин учурда кандай эле?
— Ой анда биз өзүбүздү ойломок кайда? Баарын мамлекетке милдеткербиз деп кабылдап ырдап иштечүбүз да. Мен өзүм эч ким менен ишим жок жүрө берет элем. Эми муну көралбастык дейбизби же билбейм. Бир курдай отпускага чыгып, Базар-Коргонго кеттим. Келгенимде жатаканада калган чемоданымдын ичинде сахна көйнөктөрүм, сыйлык громаталарым, дипломдорум, пластинкаларым (ал кезде биз бир гана кыргызча ыр эмес, орусча, италиянча, монголчо ж.б. ырдачубуз), эстеликке деп алып койгон афишаларым жок. Таппай калдым. Бирок кыңыр иш кырк жылда билинет деген чын экен. Ошол жатаканада чогуу жашап жүргөн кызга кий-и-ин бир тойдон жолугуп калдым. «Нуркан, ошондо жоготкон оокаттарың эсиңдеби?» деп калды, мен да «а эмнеге сен эстеп калдың?» дедим. Ал ошол «кылмышты» ким кылганын айтса, оозум ачылды. Менин эле жанымда жүргөн, чогуу ырдаган кесиптешим экен.

— Азыркы жаш ырчылардан кимисинин өнөрүн өзгөчө баалайсыз?
— Мирбек Атабековдун үнү жакшы. Каныкей да жакшы чыгып жатат. Жакшы ырдайт, стили да өзгөчө. Кыргыздар илгери ошентип көмөкөй менен ырдашкан да. Каныкейдин келечеги кең кыз. Меним угушумча ага чет мамлекеттин продюсерлеринин көзү түшүп, бирге иштешкенге сунуш киргизип башташыптыр.

Элмира Мадиева, “Обон” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 23.02.21010-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий