Алп манасчынын урпагы

Кыргыздын алп манасчыларынын бири ХIX кылымда жашап өткөн улуу манасчы Жапый уулу Тыныбектин небереси, көп өнөрдүн ээси — обончу, ырчы, артист, драматург, режиссер, төкмө акын, КР эл артисти Табылды АКТАНОВ менен чоң атасы тууралуу, «Манас» эпосу, жеке чыгармачылыгы жөнүндө кенен баарлаштык.

Сиз улуу манасчы Тыныбектин небереси экениңизди билебиз. Чоң атаңыз жөнүндө эмнелерди айталасыз?
Чоң атам Тыныбек 1902-жылы каза болуптур, ал кезде баласы Актан он эки жашта экен. Бул кишилер өздөрүнө түбөлүк эстелик, өлбөс өнөрдүн монументин тургузуп кетишти. Бүгүнкү күндө алардын атак-даңкы жөнүндө тирүүлөрдөн көп айтылууда. Ошондой улуу адамдын небереси болуп калганыма бир чети сыймыктансам, бир чети алардын атына шек келтирип аламбы деп чочулайм. Элдин баары эле «аккан арыктан суу агат», мына улуу манасчы Тыныбек, андан кийин Актан, эми сен жүрөсүң» деп айтышат. «Ошол чоң атаң Тыныбек жөнүндө бир нерсе жазсаң боло, тарыхый окуяларга эл кызыгат» дешчү. Эс тарткандан бери айылдагы карыялар, маркум апам кулагыма куюп, ушул жашка келгенде гана колума калем кармап, быйыл «Тыныбек» деген романга тете чоң көлөмдүү эмгек жараттым. Кудай буюрса, Тыныбек чоң атамдын парзынан кутулбасам да арбагы ыраазы болуп, көңүлүм ток жүрөр деп ойлойм.

Актан атам өкмөттөн коркуп жүрүп убагында атасы Тыныбек жөнүндө жазбай кетиптир. Эгер Тыныбек жөнүндө айтып жазса, анда ал атууга кетмек. Себеби, Тыныбек өмүрү өткөнчө бий болуп жашаган, анын атасы Жапый учурунда азыркы биздин айылды аттын байгесине сайып жиберген. «Сенин чоң атаң манас айтканын атам айтчу эле» дешип өздөрүнүн атасынын айткандарын мага кобурашчу. Тыныбек манасты кызып айткан кезде жерден сөөм же бир карыш абага көтөрүлүп, беш-он мүнөттөй калкып туруп, кайра түшчү дешет. Аны өзү деле байкачу эмес экен. Ал эми бери жакта карап турган эл жакасын кармап, келме келтирип жиберишчү дейт. Манас айтыла баштаганда боз үйдүн кереге-уугу кычырап, туурдук-үзүк желпилдеп, кадимки ак жайдын күнү чай кайнам убакыттын ичинде бороон-чапкын түшүп, заматта тушардан кар жаап жиберчү дешет. Ошондой сыйкырдуу көрүнүш манастагы окуяларга байланыштуу болчу экен. Манастын урушпай-талашпай жай жүргөн окуясын айтканда мындай сырдуу көрүнүш көп байкалчу эмес дешет. Ал эми чоң казатты, Алмамбеттин арманын, адамдын жүрөгүн титиреткен урунттуу жерлерин айтканда жанагыдай сыйкырдуу көрүнүштөр байкалчу тура. Менин апам анын келини да, ал да Тыныбек манасчы уктаганда, боз үйдө шам өчөр замат кадимкидей эшиктен дыбырап малдын басканы сыяктуу дабыш угулуп, таң атканча кайберендер курчап турар эле. Мал кепшеген сыяктуу үндөр чыгып, таң куланөөк болгондо гана тынчып калышчу. Коркчубуз дейт. Эртең менен алардын изи, корголу да көрүнбөй калчу дейт.

Тыныбек алптардын алпы, манасчылардын атасы, Кыргызстандын түндүгүндө манасчылардын мектебин негиздеген. Тыныбектин биринчи окуучусу Сагымбай Орозбаков болгон. Ал Тыныбектин койнунда жатып, жанында жүрүп манасты үйрөнгөн. Сагымбай айткан манас Тыныбектин варианты десе болот. Байымбет Абдрахмановго Тоголок Молдо деген атты да Тыныбек койгон экен. Казактын Жамбылынын 80 жылдык тоюна Алыкул Осмонов менен Калык Акиев экөө барганда ал «Тыныбектен тукум барбы?» деп сураптыр. Алар Тыныбектин Актан деген баласы бар десе, Жамбыл ыйлаган экен. Кадимкидей көз жашын агызып, «кайран киши, жумуру баштан Тыныбектей экинчи жаралбайт го. Жердин алыстыгынан топурак салалбай калбадымбы. Жигит кезимде Казакстандан Чүйгө атайын келип бир жума манас уктум эле. Эмгиче көз алдыман үнү да, өңү да кетпейт» деп айтыптыр.

Тыныбек манасчы канча жашында көз жумуптур?
Тыныбек көз жумарда манас айтып, «Тагдырга жакын болгон бейм, танып барам акылдан. Кыргызга нускам калса экен, кыраан Манас баатырдан» деп ырдап атып үзүлгөн экен. Ал 56 жашында көз жумуптур. Жанагынча миллиондогон саптарды башына батырып жүрүү кыйын болду го деп ойлойм. Анткени Тыныбек манасты үч күн токтобой айткан учуру болгон экен. Ошондо 42 жыл тынбай манас айтыптыр. Ал көз жумганда жарым сааттай ай тутулуп турган дейт. Эл чурулдап, келме келтирип, азан айтып кыйкырганда гана ай оңолуптур.

Тарыхта Тыныбек манасчы легендарлуу адам катары айтылат. Ал кишиден эч бир буюм сакталбай калды. Болгону күмбөзү гана сакталып турат. Жолдун бул жагында Жапыйдын мүрзөсү болсо, экинчи жагында Тыныбектин күмбөзү бар. Тыныбектин өлгөнүнө бир кылымдан ашса да, азыркыга чейин сакталуу. Күмбөздү ошол жердин топурагы менен эле эки уулу салган экен. Айылга барган сайын күмбөзүнө барып куран окутуп турам.

Кичине кезимде кемпирлердин Тыныбек манасчынын күмбөзүндөгү сырдуу окуяны айтканы эсимде. 1951-52-жылдары эгин оруп жүрүп, күн кечтеп кеткендиктен күмбөзгө жакын талаага түнөп калышкан экен. Бир маалда иңир кирип, киши таанылбай калган кезде Тыныбек манасчынын күмбөзүнөн күңгүрөнүп манас айтыла баштаптыр. Коркуп, таң аткыча кирпик какпай келме келтирип чыгышыптыр. Көрсө, мурункулар деле күмбөздөгү сырдуу үндү угуп жүрүшүптүр деп энелерибиз айтып калышчу.

Тыныбек манасчынын тукумунан канча урпак калды?
Тыныбек чоң атамдын беш кыз, төрт уулу болгон экен. Улуусу Сооронбайга манас айттырып көрүп, сенден чыкпайт дептир. Андан кийинки уулу Дегенбай, Актан үчүнчүсү, ал эми эң кичүүсү Турдумамбет. Тыныбек көз жумарда курдаштары «Тыныке, Кудай сага байлык, бийлик, бала-бакыра, өнөрдү берди. Эми сенин бул жашоодо арманың жок болсо керек» дешиптир. Ошондо Тыныбек «менде эки арман калды. Бир арманым, 42 жыл манас айттым, Кудай дагы 10-15 жыл өмүр берсе, аягына чыгар белем, чыкпай кетип баратам. Улуу балам Сооронбайга бийлигимди бердим. Ортончу Дегенбайга байлыгымды бердим. Ал эми кичинекей Актаныма өнөрүмдү табыштам атам. Экинчи арманым, Турдумамбет жетиде, ушуга эч нерсемди калтыралбай калдым» деп кейиптир. Ошол Сооронбайдын балдары азыркыга чейин бийликте жүрүшөт. Ал эми чоң атам байлыгын берген Дегенбайдын тукуму Нарындагы байлардан. Тыныбекке аян бергенде алты кылым түгөнгүс өнөр берип атам деген экен. Ал кишинин айтканы боюнча өнөргө кирчү Тыныбектин тукумдары дагы беш кылым бою чыгат. Кыргыз драма театрынын артисти Замир Сооронбаев Тыныбек чоң атамдын Сооронбай уулунун тукумунан, бизге жээн болот. Эл артисти Дамира Баратбаева да жээнибиз. Курмангазы Азыкбаевдин аялы менин бир тууган карындашым. Дагы бир топ дөө-шаалар бар.

Манасчы болуу боюнча сизге аян берген жок беле?
Жок, мага аян бербеди, манаска жолочу эмесмин. Бир чети коркчумун. Кичинемде мектепте окуп жүргөндө адабияттан беш алайын деп манасты жаттап айтчумун. Кийинчерээк манаска жандилим менен киришип, Нарын театрында иштеп жүргөндө мени драматург катары кыргыз элине тааныткан Манас болду. Тыныбек манасты оозу менен айтса, Актан болсо жалаң күү менен айтты. Анын Манас жөнүндө күүлөрү, чыгармалары бар. А мен актер болгондуктан драматургия, театр боюнча алып чыгууга аракеттенем. Манас тууралуу чыгармаларым театрда ийгилик менен коюлду. Быйылтан баштап мага аян деле берген жок, бирок негедир манас айтсам деген сезим күндөн-күнгө күч алууда. Кудай өмүр берсе сексенге чыкканча тилим менен сайрап турсам жакшы болор эле. Мүмкүн убагы болгондо айтармын. Келечекте манас айтамбы билбейм, бирок акыркы күндөрү тынчым кете баштады. Түн ортосунда чочуп ойгонуп, деле таң аткыча ичимен манас айтчу болдум.

Балдарыңызда манас айтчулар байкалабы?
Аларды манас айт деп кыстаган жокмун. Бирок баары тең чыгармачылыкка жакын. Улуу балам Астанада ырдайт. Кийинки балам сүрөтчү. Кичүүсү музыкалык мектепте окуйт.

Филармониянын алдында турган Тыныбек манасчынын айкели өзүнө окшошпу?
Окшош, ал жерде калпагын айкарасынан кийип, сакалы чоңураак, олбурлуу болуп биринчи турганы Тыныбек манасчы. Мындан эки жыл мурун алардын жазуусу түшүп калыптыр. Филармонияга кирип жетекчилигине айтсам, дароо эле тагышкан. Кийин барып карасам, Найманбай менен Тыныбектин аттары алмашып калыптыр. Азыр экөө алмашкан боюнча илинип турат.

Нарында иштеп жүргөндө «Манас руху» деген театр ачкан экенсиз, ал театр азыр иштеп атабы?
Театр ошол жамааты менен Бишкек шаардык мэриясынын алдындагы маданий бөлүмдө иштешет. Жакшы ырчылар, музыканттар бар. Алар менен беш жыл иштешип, батамды берип, өз жолуна салдым. Келечекте жакшы ойлор, максаттар бар. Ойнолбой аткан ролдорум, жазылбай аткан чыгармаларым, чыгарбай аткан обондорум да бар. Азыр ошол иштердин үстүндө иштеп аткан кезим. Нарында жата бербей чоңураак казанда да кайнайын деп кичинекей уулум музыкалык окуу жайга өткөнүнө байланыштуу көчүп келдик. Азыр үй-бүлөм менен консерваториянын жатаканасында жашайм. Бул жакка келгени чыгармачылык эргүү пайда болду.

Манасты театрларга коюптурсуз. Өзүңүз актер болгондон кийин анын образын сахнада жаратып көрдүңүз беле?
Театр өнөрүн түшүнүп, ушунча өмүрүмдү ага арнагандан кийин башынан эле актердун Манасты сахнага ойноп чыкканына каршымын. Анткени, ислам дининде Мухамбет пайгамбарды экрандаштырып ойноого, анын сүрөтүн тартууга тыюу салынган. Ошол сыяктуу эле Манас менин жүрөгүмдө ыйык нерсе катары сезилет. Мен Манас жөнүндө спектаклдерди койдум, бирок ал жөнүндө сөздү сырттан кетирем. Керек болсо башкалардын образы аркылуу билдирем. Сахнага актер Манасты ойнош үчүн кадимки манасчылардын деңгээлинде мыкты айтыш керек.

Канча киного тартылдыңыз?
Он чакты тасмага тартылдым. Кээде бир жылда эки жолу тартылууга туура келет. Мисалы, акыркы кезде жаңыдан чыгып аткан жеңил-желпи жаштардын тасмаларына тартылууга макул эмесмин. Анткени майдаланып кетким келбейт. Дырдай жылаңачтанып алып, тизеден келген сууга киргендей уят сыяктуу көрүнөт. Эми ал деле өнөр, ал деле искусство, бирок… «Мосфильм» киностудиясынан «Чыңгызханга» түштүм. Профессионал театрдын босогосун аттаганыма 42 жыл болуптур.

КР эл артисти наамын алып, маданиятка үлкөн салым кошкон адам жатаканада жашаганы кандай? Өкмөткө кайрылып үй сурап көрдүңүз беле?
Нарын театрында иштеп жүргөн кезде өкмөт тарабынан үй алгам. Азыр ал үйдө туугандар жашайт. Ал эми Бишкекке келип үйүм жок деп өкмөткө жалдырап барган жокмун. Азыр эми мен сыяктуу артист көп го… Эгер өкмөт ушул кишиге ылайык экен деп эки бөлмө үй берсе алмакмын, бирок, өзүм жалдырап баралбайм.

Назгүл КАЛМАМБЕТОВА, «Агым» («Кыргыз гезиттер айылы»), 26.02.2010-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий