БАЛЕТ ЧОҢ КУРМАНДЫКТЫ ТАЛАП КЫЛАТ

Сахнада буттун учу менен басып, абада жеңил калкыган балеринаны элестетиңиз… Исскуствонун бир түрү балет убакытты, талыкпаган эмгекти, кээде энелик бакытты курмандыкка чалууну талап кылат. Бирок балерина гана сезе билген эң чоң бакыт бар. Ал – ыйык сахна.

ТАЛАП
Негизи, балетке 5 жаштан 10 жашка чейинки балдар кабыл алынат. Талап катуу коюлгандыктан, 100 адамдын арасынан беш-алтоо гана жарашы мүмкүн. Мисалы, балериналардын бою узун, сөөктөрү ичке, башы кичине, жүзү жагымдуу болушу шарт. Балерондордун болсо боюна жана жүзүнө басым коюлат. Сырткы келбети медалдын бир жагы болсо, ден соолугу экинчи жагы. Ден соолук керек дегеним, күнү кечке физикалык көнүгүүлөрдү жасоого мыкты организм гана туруштук бере алат. Ошентсе да эң негизги талап – тубаса шык. Талант менен музыканын жуурулушу эмоцияны жаратууга керек болсо, чыдамкайлык денени кыйнаган ооруну, чарчоону жеңе билүү үчүн керек.

10-002КУРМАНДЫК
Адамдардын ден соолугуна көп жаракат алып келчү кесиптердин бири – балет. Эң кооптуусу – өнөктөшү өйдө ыргытып жиберип, тосо албай калган учурлар. Мындай учурда омуртка сөөктөрү сынып, жүлүн үзүлүп майып болуп калган да окуялар кездешкен. Ал эми бардык балериналарда сөзсүз түрдө кезигүүчү оору – халюс вальгус. Бул буттун бармагынын сынып кетиши жана тырмактарынын алды ириңдеши. Бардык салмак буттун учуна түшкөндөн улам тырмак менен бармак сынып кетет. Андан сырткары эң чоң курмандык – энелик бакыттан кол жууп калуу. Балерина карьерасынын башталышында же аягында гана балалуу болуусу шарт. Орто жерде бала көтөрүү карьерасына чек коюу дегендик. Анткени 18 жаштан 35 жашка чейин гана сахнада бийлей алат. Бул кыска мөөнөттө карьерасын үзгүлтүккө учуратпашы керек. Бала төрөгөндөн кийин ал кайрадан формага келиши оңой эмес.

КОЛДОР ЖАНА ДЕНЕ ТҮЗҮЛҮШ
Балет искусствосунда колдор чоң роль ойнойт. Секирүү, көтөрүү үчүн булчуңдар балерондордо эң негизги ролду ойнойт. Ал эми балериналар колдун бир эле кыймылы менен эмоцияны бере билиши керек. Бий искусствосунун күчүн мындан билиңиз, кол жаңсоо менен жек көрүүнү, сүйүүнү, баш ийүүнү, жан дүйнөдөгү бороонду билдире алат. Түшүнгөн адамга колдун бир кыймылы бүтүндөй бир китепти окуу менен тең.

КЫРГЫЗ БАЛЕТИ
Кыргыз балетинин башаты 1926-жылдан башталат десек болот. Ушул жылы биринчи музыкалык драмалык студия ачылган. 1942-жылы опера жана балет искусствосу негизделген. 1944-жылы балет жылдызы Бүбүсара Бейшеналиева Кыргызстанга эле аты чыкпастан, дүйнөлүк аренага чыга алган. “Чолпон” балети 139 өлкөнү кыдырып, кыргыз элинин маданиятын, искусствосун тааныткан. Бул кесиптин мыкты чеберлери катары Чолпонбек Базарбаев, Айсулуу Токомбаева жана башкаларды айтып кетсек болот. Бүбүсара Бейшеналиева жана Чолпонбек Базарбаев бул өнөрдүн сересинде көп жыл эмгектенсе, Айсулуу Токомбаева учурда Түркияда балет өнөрүнөн сабак берет.

КЫСКАЧА

  • Балет 16-кылымда Италияда пайда болуп, 17-кылымда өзгөчө өнүккөн.
  • Атактуу «Ак куулар көлү» Германиядагы Фюссен шаарынын жанында жайгашкан көлдөгү ак кууларга таасирленип жаралган дешет.
  • Орусиянын өлкө башчылары Николай II,
    Сталин балериналарга сүйүүсүн арнашкан. Сталиндин сүйүүсү балерина Ольга Лепешинская 92 жашка чыгып каза болгон.
  • Балетмейстер – балетти койгон адам. Ал бийдин кыймылдарынан баштап сахнанын жасалгасына чейин көңүл бөлүүгө тийиш.
  • Искусствонун бул түрү сүрөтчү Эдгар Деганы ушунчалык кумарланткандыктан, балериналар тууралуу 1500 сүрөт тартып, “Гиннестин рекорддор китебине” кирген.

10-003«БАЛЕРИНАЛАРДЫН ИЧИНЕН БААТЫР ЭНЕМИН»
Бүт өмүрүн балетке арнаган Т.Абдымомунов атындагы улуттук драма театрынын алдындагы хореографиялык окуу жайынын хореографы, Авахан Абжужалилова бул кесип тууралуу кызыктуу маек куруп берди.

– Эже, айтсаңыз, бул кесип сиз үчүн?..
– Балет – менин өмүрүм. Бийсиз жашоомду элестете албаганымдан улам ушуга чейин улан-кыздарга сабак берип келем. Бирок бул кесипти өз каалоом менен тандап алган эмесмин. Өзүм түштүк тараптанмын. 3-классты бүткөндөн кийин борбордон комиссия келди. Көрсө, алар таланттуу балдар-кыздарды издеп жүрүшкөн экен. Мени балериналыкка тандап, борборго алып келишти. Ошондо алып келген он эки баладан экөөбүз гана бий дүйнөсүндө калдык.

– Өзүңүз тандабасаңыз, бул кесипти кантип сүйүп кеттиңиз?
– Сизге сыр кылып айтсам, бийге болгон кумарым азыр да өчө элек. Башында кесибимди түшүнбөй жүрсөм, кийин аны сүйүп кеттим. Жашым келип калса да, 40 жылдан бери балеттен сабак берип келем.

10-004– Балериналар көп учурда балалуу боло албай калышат эмеспи. Кесибиңиз аялдык бактыңызга терс таасирин тийгизген жокпу?
– Ооба, балериналар карьера деп убакыттан уттуруп коюшат. Бирок мен аларды түшүнөм. Баладан баш тарттырган бул да болсо искусствонун күчү. А мен балериналардын ичинен баатыр энемин десем болот. Эки балам бар. Бул биздин кесипте чанда кезиге турган көрүнүш. Жолдошум өзү да балетмейстер болгон. Сапарбек Дүйшеевич экөөбүз өмүр бою бирге иштедик.

– «Убагында өлкө башында тургандар балериналар менен гана көңүл ачышчу» дешет, ошол чынбы?
– Балерина деген ар бир эркектин кыялы эмеспи. Негизги басым бизде татынакай жүзгө, анан келишимдүү мүчөгө ташталат. Кызыкса кызыгышкандыр. Менин күйөөм дайым жанымда болгондуктан, андай нерсени башымдан өткөргөн эмесмин.

– Азыркы учурда Кыргызстандагы балет искусствосу кандай абалда?
– Таланттуу окуучу кыздар бар. Бирок дүйнөлүк аренага чыга турганын көрө алганым жок. Бизде балет жылдызы Бүбүсара Бейшеналиева гана деп ойлойм. Ал эжедей талант жүз жылда бир жаралат. Ал катышкан спектакль ар дайым аншлаг менен өтчү.

– Балким, азыр искусствонун бул түрүнүн өнүгүшүн колдогондор аз болуп жаткандыр. Мисалы, балериналар азыр канча айлык менен иштешет?
– Ашып кетсе 3000 сом алышат. Айлыктын аздыгынан улам таланттуу окуучуларым балетти таштап кеткенде ичим ачышып калат. Бирок айтайын дегеним, балет бул түбөлүктүү кесип. Азыр эл убактылуу гана искусствону унутуп жатышат.

– Неберелериңиз же кыздарыңыз сиздин жолуңузду жолдойм десе колдойсузбу?
– Балеттин бийиктигине жетиш үчүн көп нерсе керек. Бул кесипти аркалайм деген улан-кыздардын баарына эле көпкө ойлонуп туруп анан кадам ташта деген кеңеш берет элем.

Нуржамал Жийдебаева, “Супер инфо, N382 26.02 – 04.03. 2010-ж.
СүрөттөрА.Абдужалилованын жеке архивинен жана интернет булактарынан алынды.

Соц тармактар:

Добавить комментарий