Европалыктар жана япондор кызыккан кыргыз айыл

5Кадимки эле Кыргызстандагы тоолуу кыштактарынын бири… Бирок биз сиздерге баяндап бере турган айыл европалыктар менен япондордун сүйүктүү эс алуучу жерине айланган.

«Алгач туризм менен алектенгендерге жолугуп, бул ишкердикти бардык жагынан изилдөөдөн баштадым. Бизнесте муну «маркетинг анализи» деп коёт. Туристтер эмнени жакшы көрөт, же эмнени жаман көрөт? Мындан соң, бир үйдү жасадым. Англиялыктар айтмакчы, үйдү жасоодо, эч кандай деле «ноу-хау» («жаңылык») ойлоп тапкан жокмун»,-дейт Сталбек.

Биринчи жолу сырттан барган адамга Калмак-Ашуу айылын өлкөбүздөгү жүздөгөн кыштактарынын бирине окшоштурат. Чынында эле эч кандай айырмасы жок. Капчыгайлуу тоонун боорунда жайгашкан айылдар мамлекетибизде толтура. Бирок бул айылдын жашоочусу жөнөкөй жол менен өз жолун таап кеткен. Өзүн Сталбек деп тааныштырган адам мындан он жыл мурун айылдагы эле үйүн конок тосуучу жайга айландырып, биринчи жолу чет өлкөлүк кардарларын тейлей баштаган. Сталбектин айтымында, үйдү жасап коюш «беш мүнөт», бирок кардарлар менен мамиле кура билүү баарынан маанилүү.

ДЫЙКАНЧЫЛЫКТАН БАШТАЛГАН ТУРИЗМ
Беш бир туугандын улуусу болгон Сталбек талыкпай эмгек кылууну жана анын даамын татууну мектеп курагынан баштаган. Анда окуучулар талаа жумуштарына катышып, түшүмүн мол алгандар экскурсияга барыша турган. «Биз дагы картошка айдап, биринчиликти алганыбыз үчүн Ташкентке бардык, кийинки жылы азыркы Санкт-Петербург шаарында болуп кайттык»,-дейт Сталбек. Окууну аяктаган соң, армияга аттанган. Армиядан келген учур союздун кулашына туш келген. Жер менчикке берилгенде, Сталбектин үй-бүлөсүнө таштак жер бөлүнүп калат. Ага карабастан, тынбай эмгектенишкен. Бир күнү инилери туризм менен алектенүүнү сунушташат.

ИШТИ БАШТОО
Алгач туризм менен алектенгендерге жолугуп, бул ишкердикти бардык жагынан изилдөөдөн баштадым. Бизнесте муну «маркетинг анализи» деп коёт. Туристтер эмнени жакшы көрөт, же эмнени жаман көрөт? Мындан соң, бир үйдү жасадым. Англиялыктар айтмакчы, үйдү жасоодо, эч кандай деле «ноу-хау» («жаңылык») ойлоп тапкан жокмун. Чет өлкөлүктөр заманбап нерселерден качып келишет. Ошондуктан, жөнөкөйлүк жана улуттук өзгөчөлүктөргө басым жасадым, дейт Сталбек. Айылдык эле тургундардан турган он бештей кызматкер ар дайым жумушу менен алек. Конок үйдүн ээсинин айтымында, жумушка эч качан тууган-туушкандарын албайт.

ҮЙДҮН ЖАСАЛГАСЫ
Сталбек бул тууралуу токтолбосо да, өз көзүбүз менен көргөнүн айта өтсөк, Кыргызстандагы башка туризм менен алектенгендерге кеңеш болор. Үйдөгү бөлмөлөр өзүнчө бир номерге бөлүнгөн. Бир номердин ичинде жатуучу жана жуунучу бөлмө бар. Кызыгы бөлмөдөгү эмерек буюмдар дүкөндөгү эмес, кадимки эле жыгачтан жасалган. Аны оюп, же кооздошкон деле эмес. Дубалына туш кийиз илинип, бөлмөдөгү ар бир буюм колдон эле жасалганы көрүнүп турат.

ТУРИСТТЕР ЭМНЕГЕ КЫЗЫГАТ?
Бул жайга көбүнчө Европадан келишет, экинчи орунда япониялыктар турат. Туристтердин айтымында, жаратылыштын кооздугу суктандырат, кийин кыргызча жасалган үй жана улуттук тамактар кызыгууну жаратат. Бардык мезгилде бирдей санда туристтер келип турушат. Бирок май-август айларында көбүрөөк болот. Алар ат минип, тоого чыгат. Балык уулашат. Акыркы учурда Россиядан келгендер рафтинг (сууда кайык менен сүзүү) деген спорт түрү үчүн атайын узак жол карытып келишет.

ҮЙРӨНҮҮ ЖАНА АТКАРУУ
Шартка жараша чет өлкөлөргө чыгып, аларда кандайча туризм орун алганын көрүп турам, дейт Сталбек. Анын айтымында, Франциядагы тоолуу райондорго барып, ал жердин шартын үйрөнүп келген. Франциянын тоолорунда жайгашкан базалар өкмөттүн жардамы менен курулган. Бийлик жер бөлүп, коммуникация жана элекроэнергияны жеткирген. «Алардын өкмөтү туризмден жакшы акча түшөрүн билгендиктен, ушундай шарт түзүп берет»,-дейт Сталбек. Кыргызстанда бул жагы жакшы каралган эмес. Бизде тескерисинче өкмөт жеке бизнеске кийлигишпей-тийишпесе эле, бизнес өзүнөн-өзү өнүгөт. Туризм жагынан өнүккөн өлкөлөрдүн шартын Кыргызстанга теңегенге болбосо да, анын баарын аткарганга болот, ал үчүн бир гана аракет керек деген Сталбек маегин аяктай, жумуштарына киришти.

ЭЛЬВИРА КАРАЕВА, “Zaman-Кыргызстан” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 26.02.2010-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий