«МОСКВАНЫ ЛАЗЫ МЕНЕН САСЫТКАМ»

Элдияр ЖЕЛДЕНБАЕВ К.Жантөшев атындагы Каракол музыкалуу драма театрынын актеру менен маек.

1970-жылы Ак-Суу районундагы Маман айылында туулдум. Тагдыр ошону жазган экен үч жашымда апамдан, 7 жашымда атамдан айрылдым. Ошондон баштап чоң энемдин колунда тарбияландым. Чоң эне деген небереге үзүлүп түшөт тура, мени эр жеткенче үлпүлдөтө бакты го. Эки дүйнөдө ыраазымын дегендей эле бар.

Мектепти аяктап, 1987-жылы Кырдрамдын алдындагы эки жылдык курсту бүттүм, андан соң Москвадагы М. С. Шепкин атындагы жогорку театралдык окуу жайда окуп, аны дурус аяктадым. Ошондон бери азыркы театрымда эмгектенип келем.

Москвада окуп жургөндө көп нерсеге үйрөндүм, шаарды дүйнөлүк маданияттын ордосу деп койсо да болот, эмне деген театрлар, музейлер, китепканалар, кинотеатрлар бар. Кайда барсаң да маданияттын бир чордонуна жолугасың.

Ушул жерден энемдин салган посылкасын эстеп кеттим. Бир күнү посылканын кагазы келиптир. Аны алып алып түз эле почтага бардым, почтонун ичи лазы эле сасыйт, Анан мага посылканы ичкериден көтөрүп чыгып берген неме тилдеп жатпайбы «батырак алып чыгып кет» деп. Тим эле буркурайт, кичинекей жашик кызылала. Көрсө, бир айнек банкага башка тамактар менен кошо лазы да салыптыр, анан а жашик жолдо ката ары ыргытылат, бери ыргытылат эмеспи, ошондо жанагы банканын капкагы чыгып кетсе керек, Жатаканага келип жашикти ачсам, ичиндеги курут, момпосуй баары лазыга чыланып калыптыр. Терип жедик. Энем лазыны өзүнчө бир ыкма менен сонун жасачу эле, Ошондон улам мен кенедейимен лазыны жакшы көрчүмүн. Посылкага салганы да ошондон болуп жатпайбы. Эмне болсо да Москваны бир ирет лазы жыттандырып келгем деп жоро-жолдошторго тамашалап калам.

Ошентип он сегиз жылдан бери театрдын ысыгы менен суугуна бирдей тотугуп иштеп келем. Бүгүнкү маданиятка көңүл бурулбай калган кезде театрыбыздын жашоосу анчалык мыкты эмес, каражат жагын айтам. Ал эми чыгармачылыкта болсо, баарыбыз фанат экенбиз, анча-мынча берген тыйынына кайыл болуп иштеп, улам жаңы спектаклдерди жаратып жатабыз… Менин айлыгымды алганда колума 1800 сом тийет, ал эми светке 2000 сом төлөйм. Аялым деле ошончо алат, төрт бала багабыз.

Аялым Шекер Жоомартова жөнүндө айта кетпесем болбос, ал экөөбүз Кырдрамдан да, Москвадан да чогуу окудук, ошондон бери чогуу эмгектенебиз. Өзү Оштун Кара-Суусунун кызы болот. Экөөбүздүн ортобузда Айтолкун, Муселя, Айдана деген үч кызыбыз, Нурбол деген көкүрөк күчүк эркектанабыз бар. Кыргызга эркек балалуу болуш илгеркиден келаткан бир ыйык салт эмеспи. Кыздар күйүмдүү болот дечи, бирок эркек балалуу болуш парз го бир. Ошентип эки кыздуу болуп, үчүнчүсү боюнда бар кезинде тааныш аялдар, жеңелер «кана, Шекер, ары карачы, туураңан турчу, ооба десең, мунуңар эркек болот экен, көрүнүп эле турбайбы» дегенинен буйруса, уулдуу болом деп кампайып жүрөм. Анан бир күнү түнкү саат үчтө толгоосу кармап, шалдыраган «Москвичиме» салып алып төрөтканага жеткирип, сотканы колуна карматтым, төрөрүң менен мобу жерин бассаң мен алам, эмне төрөгөнүңдү сөзсүз айт — деп. Анан өзүм машинени ичинде тоңуп жатам. Тээ далайда аялым чалат, эптеп араң чыгарган үнү бар: «кыз» деди. Кызык, ошол жерден эле кыйкырыптырмын, «Ой сонун болгон турайбы, кыз деген сонун да» деп. Анан төртүнчүсү уул болду. Кыздарым аталап турат. Улуусу музыкалык мектепе окуйт, сулуулар конкурсунда жеңди, өз катарындагылар катышкан.

Ролдорум жөнүндө айтканды унутпайын: «Король Лирде» Куудулдун, Б. Калчабаеванын «Кыз-күйөөсүндө» Жумадылдын, В. Ионесконун «Ыйык комедиясында» Перинин, «Апендинин беш катынында» Тотукуштун, «Ай тутулган түндө» Ялсыгулдун ролдорун аткардым, дагы да аткаран ролдорум бар.
Шекер болсо, Мустай Каримдин «Ай тутулган түндөсүндө» Шафак, Зубараттын, О. Кожомкулованын «Туюк» спектаклинде Наргизанын, Д. Сариевдин «Бир ууч топурагында» Нуржандын, мен Кусейиндин, М.Байжиевдин «Тил табышкандарында» Дездемонын, мен — Аскардын, «Алтынчы күнү кечиндеде» Шекер Аселдин, мен анын жигитинин ролун аткардым…

Ооба, азыр турмушубуз анчалык мактанарлык эмес, коррупция менен кылмыштуулук ак дил адамдарды бура бастырбай кыйнап турат, эл байлыгын бир ууч адамдар мыкчып алды, анын айынан көп адамдарыбыз кедей кейпин кийди. А жетпейт, бу жетпейттин айынан бир туугандар менен бир туугандар, ата менен бала, эне менен кызы бет карашпай калган учурлар бар. Ушундай кыйын кырдаалда бу бизге окшогон искусство адамдарына аябай эле кыйын экен. Баарын таштап акчаны кенен тапчу ишке кеткин келет, бирок талантың менен жүргөн жерин кетирбейт экен, кандайдыр бир ыйыктыкпы, же эмнеси экенин билбейм, кое бербейт да турат. Жүрөбүз ошентип иштеп, бүгүн болбосо, эртең каражаттан көр болбоспуз деп, бала-чака кенен жашаса болду деп, тобо келтирип, топук кылып…

Артисттердин турмушу анткен менен жаман эмес, баскан жолуңда жаманына караганда жакшысы көп болот, күлкүсү көп болот. Бир ирет Нарын тарапта оюн коюп жүрөбүз. Мен «Апендинин беш катынында» Тотукуш деген айымдын ролунда элем. Бир бөлмөдө аялча кийинип алып гримденип жатабыз. Бир маалда бир жигит кирип келип эле мени көзү менен бир атып алды, сездим, көз ирмемде сүйүүсү жаралды. Менден көзүн албайт, сүйлөп жатат, оюн бүткөндөн кийин катуу сыйларын айтат. Мен дагы ого бетер суйкайып, керек жеринде көздү сүзүп, кашты кагап таштайм. Тиги жигит тим эле өлүп бараткандай. Далайдан соң айттым: «Ай, байке, мен деген эркек болом, бу кебетем оюндагы ролум» деп, бир эле «баа» деди, боору эзилип жатат. Оюндан соң баарыбызды бир жакшы жерге, бак түбүнө алпарып аябай сыйлабадыбы…

Биз роль аткарып, ролго кирип кеткенде баарын унутуп, ошол спектаклдин дүйнөсүнө кирип кетебиз, биздин кесибибиздин мыктылыгы да ошондо, бу жетишпеген турмушту убактылуу унуттурган, бу көйгөй турмушту мыкты кылып таштаган менин кесибимдей кесип бар бекен, эмне…

Кээде той-топурда аккордеонумду көтөрүп алып ырдап коем, бала-чаканы багыш керек го. Антпесем, жана айткан 1800 сомум жарыгымды төлөгөнгө жетпей жатпайбы. Бул артист деп кемсинте төбөдөн карагандар да болот, мен айтам ичимден, «сенден алда-канча өйдө турабыз» деп. Себеби, анын «талантын» билем, жеп-ичкен, искусстводо түшүнүгү жок, мээсине эмес, акчасына таянат. Адам менен айбандын бир эле айырмасы бар деп ойлойм: айбанга маданияттын кереги жок, курсагы тойгону эсеп, адам болсо маданият менен адам. Ушундай турмуш…

Азыр театрыбызга жаңы директор болуп Кыргыз республикасынын эмгек сиңирген артисти Ороз Айдаров келди. Мурункубуз Кыргыз республиксынын Эл артисти Марат Алышбаев Бишкекке которулуп кетти. Азыркы директорубуз театрдын репертуарындагы бардык спектаклдерди көрүп жатат, мындай кылалы деп кеңешип жатат биз менен. Анан да Тажикстандан Барзу деген чыгаан режиссорду чакырып, жаңы спектакль койгону жатабыз. Буйруса, жакын арада гастролдорго чыгабыз, биз мыкты эмгектенсек көрөрмандарыбыз толот.

Жазып алган Баратбай АРАКЕЕВ, «Форум» («Кыргыз гезиттер айылы»), 26.02.2010-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий