Мамлекеттүүлүктүн кайра жаралышы

(Кара кыргыз автономиясынын 85 жылдыгына карата)

Мындан 85 жыл мурда 1925-жылдын биринчи жарымында Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн тарыхында эң орчундуу окуялар болуп өткөн. Тактап айтканда, 1925-ж. 15-январда Кара-Кыргыз облусунун түзүлгөндүгү жөнүндө Декларация кабыл алынган. Бул Декларация жарыяланган 16-январь майрам күнү катары белгиленген.

Ушул окуядан кийин кыргыз мамлекетинин түзүмүн аныктоо, жергиликтүү Советтерге шайлоолор өткөрүлүп, анын уюштуруу съезди өзүнүн ишин 1925-жылы 27-мартта баштаган. Съезддин ишине 135 делегат катышкан. Уюштуруу съездине кыргыз автономиясынын аткаруучу органы — Советтердин Облустук аткаруу комитети шайланган. Бул орган 51 адамдан турган. Облустук комитеттин биринчи пленумунда Обулаткомдун такай иштөөчү, курамы 11 адамдан турган Президиуму шайлаган. Мурдагы батрак, кийин жумушчу, совет бийлиги үчүн жигердүү күрөшүүчү Абдыкадыр Орозбеков Облаткомдун Президиумунун төрагасы болгон. Ошентип Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун жогорку бийлиги аныкталат. Бул кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн совет бийлигинин доорунда кайра жаралуусун тастыктаган, кыргыз элинин тарыхында эң чоң окуя катары кала берет.

Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн тарыхынан
Улуу Конфуций «Келечекти аңдап билүү үчүн өткөндөгүнү окуп үйрөнгүлө» деген. Эгерде Кыргыз тарыхына сереп салсак, улуу орус окумуштуусу В.Бартольд баштаган окумуштуулар XIXк. экинчи, XXк. биринчи жарымында эле кыргыздар Борбордук Азияда жашаган элдердин ичинен эң байыркы экендигин, илимий негизде далилдешкен.

Бүгүнкү күндө кыргыз элинин тарыхы ары дегенде б.з.ч. 3-миң жылдыктан башталып, анын мамлекет түптөгөнүнө бери дегенде 2200 жыл убакыт болгону тастыкталып, эл аралык илимде кабыл алынды. Ушул узак мезгилде Кыргыз мамлекети бирде күч алып, бирде чачылып, Борбордук Азияда өзүнүн татыктуу ордун эч жоготпой, ар дайым мамлекеттүүлүгүн сактап, өстүрүп келген. В.Бартольддун жазганы боюнча ал тургай IX кылымда, т.а. 840-жылы буга чейин Борбордук Азияны бир кылым бийлеген, Уйгур кагандыгын жеңип, Улуу Кыргыз дөөлөтүн негиздеп, Борбордук Азияны жеке бийлеген.

Кыргыз мамлекетин 1207-жылы Чыңгыз хан басып алып, аны жоюп, кыргыз элин чилдей таратканы тарыхта белгилүү. Монгол баскынчылары тарабынан талкаланган кыргыз мамлекетин калыбына келтирүү аракети XVI кылымдын башында Мухаммед-Кыргыз (Тагай бий), ал эми XIX к. ортосунда Ормон хан тарабынан болгондугу тарыхта маалым. Бирок объективдүү жана субъективдүү себептерге байланыштуу бул аракеттер ишке ашпай келген. Кыргыздар Россия империясынын курамында турган мезгилде (1855-1917-жж.) кыргыз эли мамлекеттүүлүккө жетмек тургай, толук бойдон колониянын ашынган түрүнө кабылып, 1916-жылы адам чыдагыс эзүүгө каршы көтөрүлүп, ал көтөрүлүлүш падышачылык тарабынан өтө жырткычтык менен басылып, эл жоголуп кетүү коркунучуна кабылган.

Кыргыз элин, кыргыз мамлекеттүүлүгүн кайра жараткан Совет бийлиги, В.И.Лениндин улут саясаты экендигин ар бир кыргыз эч убакта унутпашы керек. Бүгүнкү Эгемендүү Кыргыз Республикасынын жашап турушу биринчи кезекте байыркы доордон бери кыргыз элин эл кылып, кыргыз жерин көздүн карегиндей сактап келген улуу бабаларыбыздын акылмандыгынын жана баатырдыгынын жемиши болсо, экинчиден Совет бийлигинин улут саясатынын натыйжасы катары караганыбыз туура.

Эгемендүүлүктүн башаты
Азыркы эгемендүү Кыргыз Республикасынын башаты 1921-жылы Тоолуу кыргыз облусун түзүү аракетинен башталган. Бул облусту түзүү аракетинин башында ошол кездеги улуттун лидери Абдыкерим Сыдыков турган. Аны окумуштуу-агартуучу, алгачкы улуттук окуу китептеринин автору И.Арабаев жана таланттуу мекенчил, мамлекеттик ишмер Жусуп Абдрахманов кызуу колдошуп, Кыргыз мамлекетин түптөөдө жан аябай күрөшкөн. Бирок, И.Сталиндин буйругу менен 1922-ж. июнь айында уюштуруу съезди башталганда эле токтолуп, бул идея ишке ашпай калган.

1923-жылдын аягында СССРдин жетекчилиги Орто Азияны улуттук мамлекеттерге бөлүү жөнүндө чечимге биротоло токтойт. Бул кыргыздын саясый элитасынын мамлекеттүүлүк үчүн кыймылын кайра жандандырат. Өзбек, Түркмөн, Кыргыз, Казак, Тажик территориялык убактылуу комиссиялары түзүлүп иш башталат. 1924-ж. 14-октябрда СССРдин Борбордук аткаруу комитетинин II сессиясы РСФСРдин курамында Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгү жөнүндө токтом кабыл алат.

Ушул жерден биздин облустун РСФСРдин курамында түзүлүшүнүн мааниси өтө чоң экендигин баса белгилешибиз керек. Бул чечим үчүн А.Сыдыков, И.Арабаев жана Ж.Абдрахманов болгон мүмкүнчүлүктөрү менен аракет жасашкан. Анткени, облустун РСФСРдин курамында түзүлүшү келечекте союздук республика статусун алууга жол ачарын, аталган улуу инсандар жакшы түшүнүшкөн. Кара-Кыргыз облусун Казак АССРинин же Өзбек ССРнин курамына киргизүү аракети күчтүү болгону да белгилүү. Эгерде маселе ошондой чечилгенде кыргыз эли эч убакта эгемендүүлүккө жетпей калмак.

Белгилей кете турган жагдай, Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлүшүнө жана анын РСФСРдин курамында болушуна атактуу жердешибиз М.В.Фрунзенин да салымы болгондугун архивдик документтер тастыктайт. Кыргыз элинин тарыхын, элдик салттарын жакшы түшүнгөн, өзү теңдүү кыргыздын алгачкы ин-теллигенттери К. Шабданов, А. Сыдыков, И.Арабаев, Ж. Абдрахманов ж.б. менен жакшы мамиледе болгон М. Фрунзе кыргыз мамлекеттүүлүгүн жактап, облус түзүлгөндө эң алгачкылардан болуп куттуктоо телеграммасын жөнөткөн.

Ошол кезде да, Россия кыргыз элинин улуттук кызыкчылыгын коргоодо чоң калканч болуп, элибиздин келечекте өз тагдырын өзү чечүүсүнө ыңгайлуу шарт түзүп бергенин эске алуубуз зарыл. Кыргыз элинин чектелген автономияга ээ болушу элибиздин территориялык, экономикалык жана маданий жактан туруктуу жалпылыктарга ээ болуп, элдин биригишине, социалдык-экономикалык жана маданий жактан кайра курууларды ийгиликтүү жүзөгө ашырышына чоң өбөлгө болгон.

Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун РСФСРдин курамында түзүлүшү гана Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн совет доорунда өркүндөп өсүшүн шарттап, акыры Кыргызстандын 1991-ж. августта эч кандай карама-каршылыктарсыз толук эгемендүүлүккө, өз алдынчалыкка ээ болушуна укуктук негиз болуп бергендигин баса белгилешибиз абзел.

Демек, 1991-ж. кыргыз элинин эгемендүү мамлекетинин башаты 1924-жылдагы автономиядан башталып, улам жогорку баскычка көтөрүлгөн. Эскерте кете турган нерсе казак элинин мамлекети 1920-ж. 26-августта РСФСРдин курамында түзүлүп, ал Кыргыз АССРи деп аталган. Бул аталышты казак мамлекети 5 жылча алып жүргөн. Тактоонун натыйжасында, 1925-ж. 25-майда Кара-Кыргыз автономиялуу облусу РСФСРдин Борбордук Аткаруу Комитетинин токтому менен Кыргыз автономиялуу Облусу (КАО) деп кайра аталган. 1926-ж. 1-февралда РСФСРдин Борбордук Аткаруу Комитетинин Президиуму кыргызстандыктардын Кыргыз автономиялуу облусун республикага айлантуу жөнүндөгү чечимин колдогон. Ошентип кыргыз мамлекеттүүлүгү «Республика» деген сыймыктуу аталышына жеткен.

1927-ж. мартта Кыргыз АССРинин Советтеринин Уюштуруу съезди Кыргыз автономиялуу Советтик Социалисттик Республикасынын уюштурулгандыгына байланыштуу Декларация кабыл алган, Борбордук аткаруу Комитетин шайлаган. БАКтын Президиумунун Төрагалыгына А.Орозбеков, Эл Комиссарлар Советинин төрагалыгына Ж. Абдрахманов бекиген.

Улут сыймыгы
Ушул жерден Жусуп Абдрахмановду өзгөчө белгилей кетпесек болбос. Жусуп Абдрахманов 1901-жылы Каракол уездинин Күнгөй-Ак-Суу болуштугундагы Чиркей айылында туулган. 1911-1916-жылдары Сазановка орус-тузем мектебинде, кийин Караколдогу башталгыч мектепте окуган. 1916-ж. Үркүндө эл менен кошо Кытайга барган. Ал жактан ата-энеси өлүп, 15 жашында жетим калган. Кайтып келген соң Кызыл армиянын катарына өтүп, Совет бийлигин өркүндөтүүгө активдүү катышкан. 1919-ж. Верный шаарында командирлердин курсунда окуган. 1924-1925-жылдары Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун партиялык бюросунун экинчи секретары болуп иштеген. Андан кийин Ташкентте, Москвада эмгектенип, такшалган. 1927-жылы 26 жашында Кыргыз Өкмөтүн жетектей баштаган. Ал кыргыз мамлекетинин социалдык-экономикалык өнүгүшүнө да олуттуу салым кошкон. Мисалы, 1932-33-жылдардагы кризистен улам күч алган ачарчылыктан элди сактап калуу үчүн Казакстандын жетекчилери сыяктуу союздук фондуга өткөзөбүз деп элдеги дан азыктарын зордуктап жыйнатпастан болгон азык-түлүктү сарамжалдуу пайдаланууга камкордук көрүп, элди ачарчылыктан коргоп калган.

Ж.Абдрахмановду Кыргыз автономиясынын чектелген укуктары эч канааттандырган эмес. Ошондуктан, ал өзүнүн пикирлештери менен автономияны кеңейтүү үчүн аракеттенген. Анын Иосиф Сталинге жазган каттарынын негизин Кыргыз АССРин өз алдынча Союздук Республикага айлантуу идеясы түзгөн. Бул каттарында Ж.Абдрахманов калктын улуттук курамы, эл аралык мааниси, Кыргызстандын экономикалык мүмкүнчүлүктөрү, географиялык жайгашышы жөнүндө ишенимдүү аргументтерди келтирген. Тилекке каршы, улуу максатты көздөгөн Жусуп Абдрахманов 1933-ж. жалган жалаа менен кызматтан бошотулуп куугунтукка алынган. 1937-ж. контрреволюциячыл деген айып менен камакка алынып, 1938-ж. 5-ноябрда 34 жаш курагында атылган. Бирок, анын аракеттери ишке ашып, кыргыздын улуу саясатчысы Ж.Абдрахмановдун ошол 1936-ж. 5-декабрда СССРдин үчүнчү Конституциясы кабыл алынып, ага ылайык Кыргыз АССРи Кыргыз ССРине айланып СССРден эркин бөлүнүп чыгуу укугуна ээ болгон. Ушуга байланыштуу 1937-ж. 20-мартта Кыргыз ССРнин жаңы Конституциясы кабыл алынган. Ошентип, Совет бийлигинин Лениндик улут саясатынын шарапаты, кыргыздын Ж.Абдрахманов өңдүү жаш саясатчыларынын 1920-30-жылдардагы тынымсыз аракеттеринин натыйжасында кыргыз эли чектелген автономиядан, союздук Республикага өсүп чыккан.

Бул тарыхый акт 1991-ж. кыргыз элинин эгемендүү мамлекетке ээ болушунун негизин түзгөн. Ошондуктан, биз, Совет доорунда пайда болгон мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбай, керек болсо өздөрүнүн керт башын элинин мамлекеттүүлүгү, келечеги үчүн курмандыкка чалып, Сталиндик репрессиянын курмандыгы болгон, кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн негиздөөчүлөрү А.Сыдыковдун, Ж.Абдрахмановдун, И.Арабевдин, А.Орозбековдун, И.Айдарбековдун, К.Тыныстановдун, Б.Исакеевдин, Т.Айтматовдун, Э.Эсенамановдун ж.б. эмгектерин унутууга эч акыбыз жок.

«Кыргыз туусу» («Кыргыз гезиттер айылы»), 26.02.2010-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий