Улуттун жүрөгүнө «Манасты» түнөткөн Саякбай ата

(Аягы. Башталышы өткөн сандарда)

Мен чуркаган бойдон залга кирип, калпак менен таякты таап кайра тарттым. Калпакты кийип көргүм келди. Башыма кийсем, чак келип калды. Аңгыча болбой ойгонуп кеттим.

Кудайга шүгүр Саякбай атамдын батасы тийдиби, бүгүнкү күнгө чейин «Манасты» айтып келемин. Саякбай чанда гана адамдардын колунан келе турган кесипти, мүнүшкөрлүктү, тайган агытып, бүркүт салганды жакшы көргөн экен. Айылда жашап жүргөндө кышкысын бүркүт салып, черин жазчу тура. Бүркүт жөнүндө кеп салганда, анын касиеттерин айтканда бүт дүйнөсүн унутуп салып, чексиз берилип сүйлөп, сөзү түгөнчү эмес экен.

Ал өзүнүн академик Азиз Салиев менен болгон бир маегинде: «Адамдын эң айкөлү, эң эр жүрөгү — Манас, жер үстүндөгү айбанаттын берени — арстан. Асмандын ээси — бүркүт», — деп өтө таамай айтыптыр. Анын таптаган бүркүттөрү өзгөчө кыраан чыгып, жейрен, текелерди алып, карышкырларды кан какшатып, асманга көтөрүп чыгып, анан таштын үстүнө таштап жиберчү экен. Мындай учурда бөрү эмес башкасы болсо да жаны калабы?

Ал бүркүттөрүнө «Көйрөңкара», «Боз жигит», «Күлдүбадам» деген аттарды коюп, аларга өзгөчө мамиле кылган, ар бирин он чакты жылдай колунан түшүргөн эмес. «Күлдүбадамды» он эки жыл кармаган. Өмүрүнүн акыркы күндөрүнө чейин бүркүт таптап, «Карачолок» деген бүркүтү менен кинофильмге тартылып, түбөлүккө эстелик болуп калган.

Бүркүт салуунун эң бир шумдук кызыгына баткан Саякбайды жашоодогу бүткүл түйшүгүн унуттуруп, дайыма ат үстүндө кыймылда болуп, таза абада жүргөндүктөн ден соолугун чыңдап, кышкы суукта чыйралтып, кыргыздын кылымдардан бери ата-бабалардан келе жаткан бул татаал да, түйшүктүү да, ары кызыктуу да кесиби улуу манасчыны эс алдырып, эргүү, дем берип, кайталангыс зор талантына талант кошуп, жанын жыргатса керек.

«Чет мамлекеттен келген меймандар С.Кара-лаевди угуп, көргөн соң ар качан ооздорунан түшүрбөй даңазалап кетишчү. Андайлардын канчасын өз көзүм менен көрүп, өз кулагым менен уккам. Кечээ эле жайында Алжир Республикасынан келип кеткен жазуучу, Алжирдин маданият министри Мурад Борбуну С.Каралаевдин «Манасты» аткаруусун көрүп, көзүнө жаш алып, аны мойнунан кучактап, бетинен өпкүлөп, «. . . силер жазуу, адабиятыбыз, китептерибиз болгон эмес дейсиңер, мынакей силердин улуттук китепкананар ушул абышка», — деген деп эскерет Ч. Айтматов.

Каныкейдин Тайторуну чапканы
Чексиз талант даарыган бул адам Манастын өзгөчө духунан кубат алып, жазында кирип, тал-теректи түбү менен омкоруп, кыпкызыл болуп аккан Үргөнчтүн суусундай бууракандап, табына келген Тайторудай ээ-жаа бербей күпүлдөп, Каныкейдин чексиз кайгысын, айтып бүткүс муң-зарын айткан жерине келгенде айрым убакта өзү да жашып, шолоктоп ыйлап жиберчү экен, кайран киши.

Саякбай атабыз чет элдерге барганда, чоң залдарда, киши көп топтолгон жыйындарда дайыма «Каныкейдин Тайторуну чапкан жерин» айтчу экен:
— Дүрбү салып караса,
Келе жатат бууданы.
Кең-Мойноктун жолунда,
Башын жерге сала албай,
Аркардай алыш ала албай,
Келе жатат бууданын,
Үч жүз аттын соңунда.
Арбак урган Тайтору,
Эми кайдан жүгүрдү,
Чыңырып ыйлап Каныкей,
Чымындай жандан түңүлдү.
Мурдунун суусун тарта албай,
Көзүнүн жашын арта албай,
Кан аралаш аккан жаш,
Акборчуктун жалына,
Шорголоп турду төгүлүп.
Как эткенден карга жок,
Талаада өлмөк экенмин,
Буулугуп жүргөн жесир деп,
Жолуман кармап алат ээ,
Шордуу энесин тааныбай,
Чыркыратып өзүмдү,
Чукуп таштап көзүмдү,
Жол үстүнө сүйрөтүп,
Курмандыкка чалат ээ,
Даңгыттарга жарат ээ!
Талаада сөөгүм даңкайып,
Көмүүсүз болуп калат ээ.
Ботодой болгон көзүмдү,
Каркылдап жору оёт ээ.
Алмадай болгон эки эмчекке,
Карга-кузгун тоёт ээ.
Бүлкүлдөгөн бөйрөктү,
Түлкү какшаал оёт ээ.
Аппак болгон этимди,
Бурдап-бурдап сугунуп,
Бөрүлөр талап тоёт ээ.
Кечээ эле «каныша» аталып, бүтүндөй бир уюткулуу журтка эне болгон, мезгилинде Чубактай баатырды жыга сайып, далбастаткан Айкөл Манастын зайыбы эми минтип жалгыз баласынын чымындай жанын аман алып калсам деп, эли-журтунан ажырап, төркүнүнө корголоп, мусапыр болуп тентип жүрүп, Ала-Тоого аман-эсен кетебизби деп, уулуна төлгө кылып Тайторуну чаап, анысы адегенде салпактап үч жүз аттын соңунда калып, баягы жандап жүргөн жүздөгөн жан-жөөкөрдүн бири жок, ай-талаада жалгыз боздоп ыйлап, Актинтесин сууруп алып, өз уулумдун колунан өлгөнчө өзүмдү өзүм жарамын деп камданып калган «каралуу катын» Каныкейдин сүрөтү көз алдыга тартылат.

— Айланайын Айкөлүм, ай караңгы болгондо түн ушундай болобу? Антташкандан айрылса, күн ушундай болобу? Кабыландан айрылып, каңгырап катын тентисе, жөнү ушундай болобу? Айланайын Султаным, канжыгаңа чала кет, кан какшатып боздотпой, кабыланым ала кет, — деп, зээнди кейитип, сай-сөөктү сыздатып, зар какшап ыйлап турган Каныкейдин сөзүн айтканда, уккан жан чыдап тура албай, канчалык мерез, боору таш болсо да көрүп отургандардан ыйлабай киши калчу эмес экен.

Мындай өзгөчө жөндөмдү, чексиз күчтүү куду-ретти (талантты) дүйнөгө атагы чыккан, таланты таш жарган эч бир артисттен, эч бир улуттан (эл-ден) кездештире, уга да элекпиз. Көрсө, Саякбай океан сымал «Манастын» айткан автору да, койгон режиссёру да, аткарган артисти да, кала берсе музыканты, сүрөтчүсү да, деги койчу, баары өзү тура.

Академик Б. Юнусалиев өзүнүн жазган эмгегинде залкар манасчы жөнүндө мындай деген экен:»Сакемдин башка эч бир манасчыдан эпостун үч бөлүгү толук жазылып алынган эмес. Ошондуктан, ал вариант — уникалдык, жападан жалгыз вариант. Муну Саякбай карыянын өз элине, бүткүл адамзатка калтырган баа жеткис чоң тартуусу деп билиш керек».

Саякбайдын китептери калкыбыздын сүймөнчүлүгүнө айланып, том-том болуп чыгып, китепканаларда, окуу жайларда, окурмандардын китеп текчелеринде баа жеткис мурас катары сакталып турат. Кыргыз мамлекеттик филармониясынын алдындагы «Манас» скульптуралык-архитектуралык комплексиндеги Саякбай атанын монументалдык портрети залкар манасчылардын катарында өткөн-кеткен кишиге алыстан эле көрүнөт. Кыргыз эли эл болуп, мамлекет болуп турса нечен ондогон кылымдар өтсө да, Манас өмүр сүрө бермекчи. Манасчы Саякбай да жүрөгүбүздө түбөлүк жашай берет.

Бактыбек МАКСҮТОВ, «Айкөл Манас баяны» фондунун төрагасы,
Коомдук Манас академиясынын академиги,
«Кыргыз туусу» («Кыргыз гезиттер айылы»), 26.02.2010-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий