Жусуп Мамайдын Манас эпосу

Редакциядан: «Манас» эпосу кытайлык кыргыздардын атынан ЮНЕСКОнун тизмесине киргени карапайым элге анчалык таасир бербегени менен интеллигенция коомчулугун, улут деген, Манас деген атуулдарыбызды катуу дүрбөлөңгө салганы баарыбызга белгилүү. Бирок, ошол эле учурда ал кездеги Маданиятты башкарган Султан Раев баш болгон белгилүү эле инсандарыбыз бул жерде кооптоно турган эч нерсе жок, Манасты кыргыздан эч ким талаша албайт, Манас бир эле кыргызстандык кыргыздардын эмес, дүйнөдөгү баардык кыргыздардын, анын ичинде кытайлык кыргыздардын мурасы деп жатышты. Бирок, бир нерсе эске алынбады. ЮНЕСКОнун тизмесине кирип жаткан «Манас» баардык кыргыздарга тиешелүү «Манас» эпосунун классикалык варианты эмес, Жусуп Мамайдын гана варианты экени, бул вариант дүйнөлүк кыргыздардын орток мурасы катары дүйнөлүк абройлуу уюм ЮНЕСКОнун тизмесине кирүүгө татыктуубу? — деген суроого эч ким баш ооруткан жок.

Чындыгында чырдын баары ушул жерде жатат. «Манас» эпосунун Жусуп Мамайдын вариантындагы мазмуну Саякбай, Сагынбай, Чоюке, Тыныбек жана башка чоң манасчылар айткан классикалык варианттан айырмасы бар экендигин, бул эпос Кытай мамлекетинин кызыкчылыгына эсептелип, Жусуп Мамай тарабынан атайын өзгөртүлүп жазылган деген пикирди эске алсак, бул варианттын ЮНЕСКОго кирүүсү менен «чыныгы классикалык «Манас» бурмаланып дүйнөлүк коомчулукка жетиши мүмкүн. Жусуп Мамайдын варианты боюнча кыргыздар кечээ эле Орто Азияда жашаган калк катары каралып, классикалык «Манаста», жана байыркы жазмаларда айтылгандай кыргыз элинин байыркы Эл эмес кечээ эле жашаган Эл экен деп түшүнүп калышы мүмкүн. Себеби, Жусуп Мамайдын вариантында жер-суу аттары Орто Азиянын гана алкагынан чыкпайт. А түгүл кечээ эле жашаган Жамбул Жабаевдин атынан коюлган казак жери Жамбул жана «Манаста» кездешпеген тажик жери Душанбе топониминин Жусуп Мамайдын вариантына кирип калышы күлкү эле эмес, күйдүргү чакыртчу нерсе. Койду сойсо да касапчы сойсун дейт, андыктан бул вариантта кездешкен жер-суу аттары жөнүндөгү пикирди география илиминин доктору, профессор Курбаналы Матикеев кененирээк ачып бермекчи

Аталган вариант Жунго кыргыздарынын арасында кеңири таралган жана колдоого алынган эпос. Ал сегиз муундун (Манас, Семетей, Сейтек, Кененим, Сеит, Асылбача-Бекбача, Сомбилек, Чигетей) баянын, ошол доорлордогу кыргыз элинин муң-зарын, кайгы-капасын, басып алуучуларга каршы күрөшүн чагылдырган, азыркы геосаясатка ылайыкташтырылып басмадан чыгарылган эпос. Андагы 37 теманын 22 си кана башка эпостогу темалар менен оош-кыйыштык менен дал келет. Калган 15 тема белгилүү өлчөмдө эпостун башка варианттарына жакындашат, бирок окуянын чагылдырылышы анчалык так эмес. Жер-суунун аталыштары, б.а. белгилүү топонимикалык далилдер кескин бурмаланган, анчалык чоң эмес аймактык маанидегилери кана алынган.

Вариант геосаясаттын катуу көзөмөлдөөсү астында болгондуктан кыргыздын байыркылыгынын, Манастын тарыхый инсан экендигин күбөсү болгон топонимикалык далилдер жокко эсе. Ошондуктан кыргыздын байыркылыгы жана таркалуу географиясы, Манастын башка варианттары шектенүүнү пайда кылат. Эпос, бул миңдеген жылдар баштагы кыргыз тарыхы, географиясы жана дүйнөнү таанып-билүүсү. Ал эми геосаясат акыркы 40-50 жылдардан бери жүргүзүлүп жаткан белгилүү бир элди глобалдаштыруу багыты. Эпостогу эң өзөктүк түзүм болуп Манастын түпкү тегинин берилиши. Ороздунун он уулу Эне-Сайдан ар тарапка кетишип, алар барган аймактарда түрк тукумундагы элдерди калыптандырууда чоң роль ойнойт.

Жусуп Мамайдын вариантында кыргыздардын түпкү атасы Уузхандын Калаш деген баласынан төрөлгөн бала төрткө жашы толгондо чечек менен ооруп «чаар» болуп калат. Андан уялган хан баласын бир топ уул-кыз менен бирге тоого таштатып, атын «кыр кез» деп койот. Бул аныктама байыркы тарыхтардагы кыргыз этноними жөнүндөгү бир дагы аныктамага туура келбейт. Байыркы тарыхтарда ала -(пес) болуп кеткен баладан таралган элдерди «алакчындар», ал эми кытай тарыхтарында «Пома» деп берилет.

Ж.Мамайдын вариантында кыргыздардын алгачкы жашаган жерлери Эне-Сай чөлкөмүнөн маалымат келтирилбей туруп, алардын Алооке тарабынан туш-тарапка айдалышы айтылат.

«Манастын төрөлүшү» деген бөлүмдө Нарында Алоокенин, Балыкарт Ногой аттуу калмактын, Алтайдын Чамбыл белинде Нойгут аттуу калмактын, Самарканда Эштек деген калмактын, Музтоодо тажиктердин, Сары-Аркада (казак талааларында) калмак хандары Шоорук, Дөөлөс, Көңтөй Араникте (Анжиян өрөөнү) Соксо жана Сотой деген калмактардын жашагандыгын баяндайт. Алардын элине барып кошулган кыргыздар калмак хандарынын аттарын алышып, өз урууларына алардын аттарын коюшат. Мисалы; Ногой, Нойгут, Эштек, Дөөлөс этностору калмактан келип чыккан деген күнөмдүү пикирди туудурат. Ошол эле бөлүмдө Бурултокой, Чаган, Баркол, Турфан деген топонимдер айтылат. Бурултокой менен Чаган анчалык белгилүү эмес Шынжандагы жерлер, Алтайдын Азоо белиндеги өрөөндө Бурул-Токой деп аталат. Ал эми Баркөл менен Турфан Шынжандагы белгилүү географиялык аттар, азыр да ошол эле аталышта айтылат.

Манастын жоо жабдыктары жөнүндөгү бөлүмдө Балыкарт, Баркөл, Турфан, Нарын деген топонимдерден башка Алтай, Шибер (Иленин батышы, Балхаштын бою) Бухар, Атбашы, Чечдөбө, Аксай, Самаркан, Түйүн-Дөбө (Ордо дөбө), Багдат, Бадахшан, Керметоо, Балык, Кебезтоо (Ополтоо, Кашкартоо) деген топонимдер кездешип, «чоң жиндинин» эрдиктери- Орто Азияны мекендеген калмактар менен болгон кармашы айтылат, б.а. окуя борбордук Азиядан Орто Азияга зордуктап алынып келинген.

«Манастын алгачкы эрдиктери» деген темада баштагы темаларда айтылган Шибер, Бухар, Атбашы, Чеч-Дөбө, Аксай, Түйүн-Дөбө, Багдат, Бадахшан Керме тоо, Кебез тоо, Балык (Балх) топонимдер айтылып, окуя Орто Азия менен Казакстандын аймагында өтөт.

«Бадыкөлдүн Карманапка кол салышы» деген темада Корасан, Бухардын үстү кең Акчий, Алакөл, Анжыян, Бетбактын тоосу деген топонимдердин бардыгы Орто Азияда, ал эми Ала көл көлү Казакстандын чыгышында «Жунгар дарбазасында» жайгашкан көл. Манастын согуштук аракети дагы эле Орто Азия менен Каракалпакстанда өтөт.

Араниктеги окуяны чагылдырган бөлүмдө Араникте Банусхан ага коңшулаш Соксо жана Сотой калмактарынын жашагандыгы айтылып, калмактардын жери үч каркыра, Көк-Дөбө, Улуу Кемин, Жети Өгүз болуп, алар Көкчөгө каршы аттанышат. Үрбү баатыр казак болуп, Көкчө экөө Араникке жөнөйт. Араниктеги алты шаар (Анжиян, Маргалан, Наманган, Кокон, Жизак, Оро-Дөбө) кыргызга таандык экендиги айтылып, бирок алар калмактар жашагандыгы тастыкталат. Араникте согушуш үчүн калмактар Каркыра тараптан Араникке, кыргыз кошуну да ошол тараптан Араникке жөнөшөт. Алардын жолу бир болгондуктан Сусамырда эле согушса болмок. Бул жагдай эпостордун башка варианттарынын (Саякбай,Сагынбай) ошол согушту чагылдырган бөлүмдөрүндө так-даана берилгендиктен өз маанисин жоготкон эмес. Согуштун аягында Банусхан «Өзүмдүн жерим деп Бадахшанга-тажике кирип кетет». Бул жагдай тарыхты, Манасты чиеленткенге жасалган аракет. Темада алгылыктуу топонимикалык далил жок. Эпостун Саякбай, Сагынбай айткан варианттарында жер-суу аттары так даана берилген.

Манастын Коконго аттанышы деген темада «Чоң Ташкенде Насара, Карылыпка барыптыр, «Көк ойдун, менен Сары Арка, Араникти дагы алды», «Наманган Ошто кыргыз бар», «Маргаланда миң башы», «Эсенхан жаткан козголбой, Кантон деген шаары бар» деген ыр саптарындагы топонимдер айтылат. Манастын колу Карылып менен Банус ханды талкалап, Анжиянды-Фергана өрөөнүн алардан бошотуп, Сынчыбекти хан көтөрөт. Тарыхый маалыматтарда Көк ойдун, деп Сыр-Дарыянын Аралга куйган аймагын, Анжиян (Фергана) ойдуңун, Иле жана Чүй ойдуңдарын айтышат.Эпосто айтылган Кантон азыркы Шанхай шары. Согуштук аракет азыркы Фергана өрөөнүнүн чөлкөмүндө өтөт. Ал эми «Сынчыбектин хан шайланышы» деген темадагы «Казан» деген топоним байыркы тарыхтарда жок, кайда экени белгисиз, анчалык чоң эмес жер болушу ыктымал. Азыркы Казан шаарына эч тиешеси жок.

Манастын Каныкейге үйлөнүшү деген темада Жакыптын Каныкейге куда түшүшү үчүн Бухардагы мангыттардын ханы Караханга барган жолу, б.а. Орто Азиянын Туран ойдуңундагы чөлкөмдөр анча-мынча сүрөттөлүп, «Сай талаада эл менен» деп айтылат. Бул аныктама Сыр-Дарыянын сайына дал келет. Башка топонимикалык далилдер жок.

Көкөтөйдын ашы деген тема төмөнкүдөй ыр-саптары менен башталат:
Албандардын Көкөтөй,
Айыл башы хан эле.
Уй түгүндөй мал эле.
………………………..
Калмактардан кар эле.

Демек, Көкөтай Ташкендеги чоң ордонун ханы эмес, азыркы айыл өкмөтүнүн деңгээлиндеги адам болгон. Андай болсо ага Азия чөлкөмүндөгү элди чакырып аш берүүнүн кажети бар беле. Бул теманы анализдегенде Кара урчук деген адырдан Көкөтайдын Бокмурунду таап алгандыгы айтылат. Кара урчук Казакстандагы Каратоонун түндүк-батышындагы учу. Ал эми анын ашына; Бадахшандан Малабек, Бухардан Карахан, Балыктан Алабек, Дүйшөнбүдөн Козубек, Кебезтоодон Эр Төштүк, Жети Өгүздөн Алп-Агыш, Бетбактыдан Көкбөрү, Коросандан Мырзакмат, Кыйбадан (Хива) Дабытай, Жети-Суудан Багыш, Үргөнчтөн Акунхан чакырылат. Жеркен, Хотен, Лопнур, Кетментөбө, Кеңтокой, Сарыарка, Алай, Үч каркыра, Көк-Дөбө, Жети-Өгүз, Алматы, Бетбак тоо, андагы Жамбыл шаары, Нура, Камбыл, Турпан, Баркөл, Бешбалык, Кангай, Самарканд деген топонимдер айтылат. Булардын ичинен окурман-кыргыздарга; Кара-Учук, Кебез тоо, Бетпакты, Хоросан, Кеңтокой деген топонимдердин жайгашуу орундары азын-оолак белгисиз. Калган топонимдерди ар бир кыргыз билээри талашсыз.

Эпостогу Кара-Учук Жамбыл облусундагы Кара-Тоонун түндүккө учу, Кебез тоо чоң Алай тоосу, Бетбакты Казакстандагы Бетпак талаа, Хоросан Түркменстандын түштүгүндөгү тоо, Кеңтокой Арстанбап жана Аркыт токойлору. Окуя дагы эле Орто Азияда өтөт. Ал эми Дүйшөмбү жана Жамбыл деген топонимдер. Манас доорунда болгон эмес, эпоско атайлап киргизилген.

Көкчө көздүн Манасты атышы деген темада окуя Көкөтөйдүн ашында башталат. Манас Жолойду камчы менен чапкандан чыр-чатак башталып, Чоң казатка жол ачылат. Темада элге кеңири болгон топонимдерден тышкары «Капалга эркин кол салып», «Үч агынды Кангайды», «Бетегел Кой ташка», «Ыссык-Көл жаккы тарабы», жаткан жайык тала эле, «Иле бойлоп Көкчөкөз» деген топонимикалык сүйлөмдөр кездешет. Эпостогу Капал казакстандагы Капал-Жейрен айгыр түздүгүнө, Үч агыңды Кангай деген аныктама Каңкай тоосундагы үч сымал дарыянын ортолугун түшүндүрсө, Койташ деген топоним мүнөздөлүшүнө карай Кыргыз тоосунун Боом капчыгайына чейинки аралыгы Чүй өрөөнүнүн тоо этегиндеги бөлүгү. Ысык-Көл белгилүү топоним.

(Уландысы бар)

Курманаалы Матикеев, «Кыргыз Руху» («Кыргыз гезиттер айылы»), 26.02.2010-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий