Улут башаты — руханий байлык

Садык Шернияз, коомдук ишмер, кинорежиссер: «Коомдо руханий баалуулуктан бийлик, материалдык баалуулуктун жогору болушу улут үчүн опурталдуу»

— Садык аке, акыркы кездерде чыгармачылыкка баш отуңуз менен аралашып жүргөнүңүздү билебиз. Чыгармачылык менен алектенгениңизге канча убакыт болду?
— Чыгармачылык менен алектенгениме үч болду. Ага чейин көптөгөн кызматтарды аркалап жүрдүм. Өзүңүздөргө белгилүү болгондой Акыйкатчынын орун басары болуп иштедим. Эгер чыгармачылык менен алектене турган болсоң баш отуң менен киришип, башка нерселерге алагды болбой иштебесең болбойт экен. Өзгөчө чыгармачылык бул дайым тынбай эмгектенүүнү талап кылат эмеспи.

— Акыйкатчынын аппаратынан эмнеге байланыштуу кетти­ңиз эле?
— Акыйкатчынын аппаратынан өз каалоом менен эле кеткем. Жана жогоруда айткандай эгер чыгармачылык менен иштөөнү чечсең буга башка ишти кошуп алып кетүү мүмкүн эмес экенин түшүндүм. Эгер жазуучулук кесип менен башка ишти аркаласа мүмкүн болоттур, бирок режиссерлук менен башка ишти кошо алып кетүү мүмкүн эмес. Анткени режиссерлук бул тынбай изденүүнү, убакытты талап кылган жумуш. Акыйкатчы институтунда ийгиликтүү иштедим деп эсептейм. Ал жакта иштеген кызматкерлер менин алып барган ишим боюнча өз пикирлерин айтат болуш керек.Колумдан келишинче Акыйкатчы институтунун ал кездеги абройун көтөргөнгө салым кошо алдым деп ойлойм. Акыйкатчыда мен иштеп жүргөн учур кыйын кезеңдерге туш келген. Өлкөбүздө революция болуп, башаламандык болуп турган кездерде Акыйкатчы институту өзүнүн жүзүн көргөзө алды. Ошол революциянын биринчи күнүндө талап-тоноо болгон учурларда «Айчүрөк» борбордук соода сатык түйүнүн сактап калууда Акыйкатчынын кызматкерлеринин үлүшү зор деп эсептейм.

— Орус генералдары убагында Курманжан Датканы «Алай ханышасы» деп аташкандары тарых барактарынан белгилүү. Жакында Курманжан Датка туурасында көркөм тасманы тартуу үчүн мамлекет каржы маселесин чечип берди окшойт.Тарыхый инсан Курманжан Датканын ролун ким аткарары сизге белгилүү болсо керек?
— «Курманжан Датка» көркөм фильмин тартуу чоң каражатты талап кылат. Курманжан Датка фондунун төрайымы Жылдыз Жолдошованын эмгегин айтпай кетпесек болбойт.  Анткени азыркы убакта кыргыз продюсерлери аксап турган чакта өзүнүн демилгеси менен президентке чейин кирип отуруп каражатты бөлдүрүп алганы мени кубандырат. Ал эми азыр «Курманжан Датка» көркөм фильми боюнча сценарийдин үстүндө иштеп жатабыз. Сценарийин кыргыздын белгилүү жазуучулары Көчкөн Сактанов менен Кадыр Өмүркуловдор жазып жатышат. Мен дагы ошол сценарийди кошо иштешкенге бекитилгем. Буйруса сценарий эки айдын ичинде жазылып бүткөндөн кийин карап чыгып, анан гана ролдорду аткара турган актриса менен актерлорду кастинг жүргүзүүнүн негизинде тандайбыз. Азыр ачык айкын айтууга али эрте. Сценарий даяр болгон соң Курманжандын кайсы жаш курагына басым жасалса ошого жараша актерлорду тандоого туура келет. Анткени анын жаш чагына, орто жаш курагына же улгайган учуруна басым көбүрөөк жасалып калышы мүмкүн. Ошондуктан сценарийде белгилүү болгондон кийин гана анын жаш курагына жараша актрисанын өң түспөлүнүн окшоштугуна карап, издей баштайбыз.

— «Курманжан Датка» көркөм фильми кай жерлерде тартылат?
— Эми биз бул кино менен кыргыздын жүзүн көрсөтүүгө аракет кылабыз. Анткени кыргыздын салтын, үрп-адатын дүйнөгө да­ңа­за­лоо керек. Себеби кыргыздар жөнүндө көп өлкөлөрдө маалыматтар жок, билишпейт десем жа­­ңы­­лыш­­пайм. Ошондуктан кыргыз жеринин кайсы жери кооз болсо, бир эле Алайды албастан, бардык жерин камтыганга аракет кылабыз. Мен кыргыздын бу­луң-бурчу­нун баарынан тартылат деп ойлойм. Мейли Баткен, Алай, Талас же Ысык-Көл болсун ылайыктуу жерлерди карап чыгабыз. Кыргызстанда адамды суктанткан кооз жерлер өтө көп. Ал жаратылышты даңазалаш үчүн ошол жерлерден тартылыш керек деп ойлойм.

— Москвадан кино тармагы боюнча билим алып келдиңиз.
— Союз мезгилиндеги фильмдерди билесиздер дүйнө элине кызыкчылык туудуруп, абройу абдан бийик болгон. Ошол Союз учурунда эки гана окуу жайды бүтүргөндөргө кино тартууга уруксат берилчү. Бул ВГИК жана Москвадагы режиссерлордун жана сценаристтердин жогорку курсу деген окуу жайы болгон. Ошол окуу жайдан Төлөмүш Океев, Бакыт Карагуловдор режиссердук бөлүмүн бүтүрсө, сценаристтик бөлүмүн Юруслан Тойчубеков, Баян Сарыгуловдор бүтүргөн. Мен дагы режиссердук кесип боюнча билим алып келдим.

— «Айтыш» коомун кандайча түзүп калдыңыз эле?
— «Айтыш» коомдук фонду акын, импровизаторлорду колдоо иретинде түзүлгөн фонд. Кыргыз коомчулугундагы өнөрдү көтөргөн эң алдыңкы коомдук фонддордун бири экенине сыймыктанам. Себеби «Айтыш» коомдук фонду он жылдын ичинде жарым миллион доллардык жумуш аткарды. Анын 40 пайызы элден келген спонсорлук акчалар болсо, 60 пайызы коом өзүн-өзү каржылап, бир топ жумуштарды аткарды. Бир нече ондогон фестивалдар өттү. Анын ичинде бир фестивалда миллион сом акчачалай байге коюлду. Коомчулукка белгилүү болгон Элмирбек, Амантай, Жеңишбек, Аалы, Азамат жана башка акындарга материалдык жактан колдоо болуп, өзүнчө бир багыт түзүлдү. Айтыш өнөрү бүткүл дүйнөлүк ЮНЕСКОго руханий шедевр катары кирип, дүйнө эли тааныды.Бул кыргыз үчүн чоң сыймык. Ошону менен эле «Айтыш» коомдук фонду чектелип калбастан жаш калемгерлерди колдоо иретинде да жардамдарды көрсөтүп келе жатат. Андан сырткары «Айтыш Фильм» деген дагы бир багыт долбоорубузда каралган. Бул багытта үч жылдын ичинде кино чөйрөсүндө чоң жаңылыктарды жараттык десем жаңылышпайм. «Айтыш Фильм» киностудиясынан чыккан фильмдер дүйнө жүзүнүн 50дөн ашык ири фестивалдарына катышып, ондон ашык сыйлыктарга татыды. Белгилүү режиссерлор Темир Бирназаров, Акжолтой Бекболотовдор бир эле Кыргызстанда эмес, дүйнө жүзүндөгү фестивалдарга катышып келишти, алардын ичинде мен да бармын. Эми «Айтыш» коомунун негизги милдети өзүбүз­дө­­гү маданият чөйрөсүн көтөрүү болуп саналат. Себеп дегенде маданият чөйрөсүндө «бизди эч ким колдобойт» — деген сөздөрдү айткандар бар. Джон Кеннединин «Мага мамлекет эмне кылды деген сөздү айтыштан мурун, мамлекетке эмне кылдым деп ар бир адам өзүнө суроо бериш керек»,- деп айтканы бар. Ошондуктан бул жагдайда «Айтыш» коомдук фонду көрүнүктүү ишти алып келатат деп ойлоймун.

— «Кыргыз керемети» деп дүйнөгө атагы чыккан кыргыз киносунун келечегин кандай деп ойлойсуз?
— Сурооңуз жүйөөлү. «Кыргыз кереметин» коомчулук түзгөн. Биз социализмден капитализмге бурулган маалда ушундай кыйын абалга тушуккан. Коомдогу өзгөрүштөргө жараша баалуулуктар да кээде өзгөрүлөт экен. Ошондонбу же башкаданбы билбейм азыр коом өтө кайдыгер. Биздин коом азыр руханий баалуулуктардан материалдык баалуулукка же болбосо бийлик баалуулугуна өтүп, ошолор биринчи орунга чыгып кетти. Мындай көрүнүш улут үчүн өтө опурталдуу нерсе. Улут болгондон кийин өзүбүздүн таланттар, жылдыздар болуусу кажет. Союз кезинде кинолорго өтө чоң маани берилип, тартылган фильмдер кандайдыр бир фестивалдарга катышып, сыйлык ала турган болсо ал аябагандай даңазаланып, өзгөчө көңүл бурулчу. Биз бүгүн ошол Союз маалындагы акындарды, жазуучуларды айтып келебиз. А.Токомбаев, Т.Сыдыкбеков, Б.Миңжыл­киевдерге эл өзү суктанчы, баалачы, көтөрчү. Ал эми азыркы учурда бир гана багытты айталам. Төкмө акындар багытында мына ушундай нерселер бар. Анткени элде биздин төкмө акындар деп айта алышат. Маданияттагы башка багыттарды мейли жазуучулар, композиторлор болсун биз биринин дагы атын айта албайбыз. Мындай көрүнүшкө биринчиден коом күнөөлүү.  Анткени биз өзүбүздү өзүбүз барктап, сыйлай албай жатабыз. Биз Батыштын башка баалуулуктарына баш уруудабыз. Же болбосо өзүбүздүн улутка таандык руханий маданияттарыбызды колдон чыгарып турабыз. Жөнөкөй эле мисал бирөөлөрдөн бизде учурдун манасчы, композитор же жазуучулары барбы деп сурасаң жооп таба албай ойлонуп калышат. Бул эмне анда улутубуз жок деген сөзбү, өзүңүз ойлонуп көрсөңүз. Аткени ошол улут өзүн баалаш, сыйлаш үчүн маданият жаатында кайсы бир багыт жок болсо да алып чыгыш керек. Мен ушундай ойдомун. Мына «Айтыш» коомдук фондунда акындарды ушундай саясат менен алып чыктык. Бүгүнкү күндүн Осмонкулу, Калыгы, Токтогул, Эшманбети силерсиңер деп. «Кыргыз кереметин» коом чыгарган. Ал эми азыркы чыгып жаткан «Кыргыз Фильм» студиясына таандык Актан Арымкубаттын «Селкинчек», «Бешкемпир» кино фильми дүйнө жүзүндөгү эң абройлуу Локарна деген фестивалдагы сыйлыкты жеңип алган. Андан башка Садыр Жапаровдун фильмдери  Душанбеден гран-прини алган. Мына жакында эле Темир Бирназаров гран-прини алды. «Боз салкын» киносундагы Асема деген кызыбыз да сыйлык алып келди. Булардын баары кино тармагындагы жетишкендигибиз. Муну өзүбүз көтөрбөсөк, ким көтөрүп, ким айтып чыгат. Учурда бул жетишкендиктерибизди өзүбүз мактап, сыймыктана албай  жанагы баалуулуктарды жоготуп турган кезибиз. Бул мени өтө өкүндүрөт.

— Бу кезге чейин кандай кинолорду жараттыңыз? Сиздин студияга караштуу кайсы кинотасмалар чет жерде көрсөтүлдү эле, болсо токтолуп өтсөңүз.
— Эми бизде онго жакын көркөм тасма тартылды. 47 эларалык фестивалдарга катышып, 16 сыйлык жана баш байгелерге  ээ болдук. Бул менимче эң жогорку көрсөткүч. Союз кезинде дүйнөлүк аренадагы фестивалдарда гран-прини жеңип алса, сөзсүз түрдө режиссерлорго Эмгек сиңирген артист деген наам берилчи. Ал эми азыр мына гран-прини алган кийинки муундун өкүлдөрү ошол эле Абдыжапаров, Бирназаров, Марат Сарулу болобу булардын кандайдыр бир наамы да жок. Ооба, учурда кинематография жаатында бөлүнүп жарылуу бар, бирок алар чет жерден гран-прини алып келип жатышпайбы. Өзүбүздүн жогорку жетишкендиктерибизге сыймыктанышыбыз керек. Эгер сыймыктана албасак анда маданият тармагында бул биздин зор жоготуубуз болуп калат.

— Кыргызстандагы башка белгилүү кинорежиссерлор менен иштешесизби?
— Албетте, иштешем. Эрнис Абдыжапаров, Темир Бирназаров же Марат Сарулу болобу алар менен сүйлөшүп, баарлашып, аларда жаңы фильм болсо чогуу көрүп, ой бөлүшүп турабыз. Андан сырткары жаштар менен дагы иштешебиз. Мисалы Акжол Бекболотов деген жаш режиссер балабыз бар. Манас университетинин кино тармагын бүтүргөн жаштар азыр бизде иштеп жатышат.

— Чыгармачыл адамдарга жардам көрсөтүп, алардын маарекелерин өткөрүп, китептеринин жарык көрүшүнө жардам берип, меценаттык иштерди жасап келесиз. Окурмандарга айтып берсеңиз.
— Мен эми алардын баарын айтып отурсам узун сабак болуп кетет. Жалпысынан «Айтыш Фильм» студиясы кино тасмаларды тартууда 3 миллион 225 миң сом акча каражатын сарптады. Бул каражаттын бир сому да мамлекет тарабынан бөлүнгөн жок.

— Коомубуздун учурдагы саясий-соцалдык абалы турукташты деп эсептейсизби?
— Биз буга аракет кылып жатабыз. Бирок антип айтуудан алысыраакмын. Себеби дегенде стабилдүүлүктүн баштапкы этабы көрүнүүдө. Биз өзүбүз бизде стабилдүүлүк болду деп айткан менен эларалык атайын рейтингдерде бааланат да. Инвестициянын агымы көбөйө баштайт. Кыргызстандын экономикалык даражасын изилдеген атайын институттарда көрүнөт. Стабилдүүлүк деген сөздүн өзү узакка созулган деген түшүнүктү берет. Ошондуктан баштапкы этаптары бар деген ойдомун.

— Акыйкатчыда адам укугун коргоп келдиңиз. Өлүм жазасы боюнча пикириңизди билсек.
— Менин кылган жумушум гумандуулукка багытталган. Ошондуктан жараткан берген өмүрдү  мейли кайсы сот болбосун кыйганга акысы жок. Ооба, канчалаган адамды өлтүргөн мыкаачы болсочу деген суроо туулбай койбойт. Ошондой болгон күндө дагы биз ал зөөкүр кейптенбешибиз керек деген ойдомун. Мен өлүм жазасына каршымын.

— Убактыңызды бөлүп, маек куруп бергениңизге рахмат!

Маектешкен Вера Беделбек кызы, “Жаңы ордо”, №05 (267), 19.02.2010-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий