«Бизде баасы 2 миллион доллар турган картина бар»

Кыргыз эл сүрөтчүсү, Г. Айтиев атындагы кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинин жетекчиси Юристанбек Шыгаев менен маек.

Юристанбек агай, мына быйыл сиз жетектеген улуттук өнөр музейине 75 жыл толот экен. Деги эле учурда музейдин ахыбалы кандай? Маегибизди ушул өңүттөн баштасак.
— Бул музей 1974-жылы салынган. Ошондон бери бир да жолу капиталдык ремонт болгон эмес экен. Кышкысын музей суук. Учурда трубалар жарылып, айрым жерлерден шыбактары түшүп, капиталдык ремонтту талап кылып турат. Мен бул музейге жетекчи болуп келгениме 2 жыл болду. Оңдоп-түзө иштерине 3 млн. сом сурап, көп жерлерге кайрылдык. Бирок, тилекке каршы көңүл бурулбай жатат.

Негизи сүрөт музейлеринде талаптагыдай шарт болбосо, музейдин ичиндеги картиналар көпкө сакталбай, сапаты кете баштайт. Мисалы: картиналарга кышында бир мерчемдүү жылуу градус, жайында бир мерчемдүү салкын градус болушу абзел. Ысык болсо да, өтө муздак болсо да, картиналардын боектору түшүп калат. Кыскасы, эл аралык стандартка жооп бере турган «режим температуры»- деген норма сакталышы керек. Бизде ушул шарт жок. Дагы бир нерсени айта кетейин, мына бул «Хаяттын» алдында быжыраган таксилер турат, кокус бирөө-жарымы күйүп же жарылып кетсе, анын зыяны музейге да тийиши мүмкүн. Музей өрттөнө турган болсо, биз музейдин ичиндеги укмуш баалуу сүрөттөрдөн, улуу сүрөтчүлөрдүн эмгектеринен айрылабыз. Ал эми музейдин кароолу жакшы, тиешелүү жерлердин бардыгына видео-наблюдения коюлган.

Кээ бир чиновниктер айтып жатпайбы, «ремонтко акча сурабай, ошол кымбат картиналардын бирин 3 миллионго сатпайсыңарбы, анан музейди оңдойсуңар «-деп. Бул такыр туура эмес, себеби музейдин ичиндеги картиналардын бири да сатылбашы керек. Баалуу картиналар — бала-чакабыздын, жалпы эле элибиздин маданий мурасы, байлыгы болуп эсептелет. Азыр көп картиналарга реставрация керек. Бирок, биздин реставратор дегенибиз, картиналардын «ден соолугун» караган доктор. Ошол адис-докторубуз жок. Бир докторубуз бар эле, ал адам айлыктын аздыганан улам, бажы тармагына иштеп кетти. Биздин айлыгыбыз орто эсеп менен 1500 сом. Бул акча эмнеге жетет? Бир айдын электр-энергиясын төлөгөнгө да жетпейт. Менин айлыгым 4 миң сом. Мурун завкафедра болуп иштеп жүргөнүмдө 8 миң сом айлык алчумун. Бул жагынан алганда музейде иштеп жаткан адамдардын баары, патриот адам катары аз айлык болсо да, чыдап иштеп жатат десек болот.

Музейде жалпысынан канча адам эмгектенет?
— 120 адам эмгектенет. Көбүнчөсү орус улутундагы адамдар. Башка мамлекеттерге барсаңыз, адамдар дем алыш күндөрү балдарын ээрчитип алып, музейлерди кыдырып жүршөт. Ал жакта музейден эле канча деген киреше болуп жатат. Тилекке каршы, бизде андай музейге баруу, кызыгуу анча өнүкпөй жатат. Музейде көргөзмөнүн билет баасы болгону чоңдор үчүн 20 сом, студенттер үчүн 10 сом. Ошондо да элдин келиши кыйын. Ал эми музейдин аренда баасы бир квадрат метри 100 сом. Жылына 50дөн ашуун көргөзмө өтөт. Ал эми Ата-Мекендик сүрөтчүлөргө бир аз жеңилдиктер бар.

Эл көп келген учурлар болобу, же бардык эле көргөзмөлөрдө көрүүчүлөр аз болобу?
-Андай көп келген учурлар сейрек болот. Былтыр «Руский авангард» -деген орустардын көргөзмөсүнө, «Золото мира Кыргызстана»-деген көргөзмөгө эл укмуш көп келди. Бирок, бул көргөзмөлөрдүн жарнамалары да күчтүү болгон. Ушул эки көргөзмө бизге көп пайда алып келди. Көргөзмөдөн түшкөн акчага бир сыйра музейге чала-була оңдоп-түзө иштерин жүргүзүп алдык. Бюджеттен айлыкка эле акча бөлүнөт, ал эми музейдин калган жыртык-тешигин бүтө музейдин (көргөзмөлөрдүн акчасы менен) өз мойнунда. Азыр музейде 10 миңден ашык экспонат бар. Прикладный искусство, живопись, скульптура ж.б. Андан тышкары 17-18 — 19-кылымдардагы орус элинин белгилүү жана улуу сүрөтчүлөрүнүн баалуу картиналары бар. Репиндин, Шукшиндин, Суриковдун ж. б. сүрөтчүлөрдүн аябай белгилүү түп нуска эмгектери бар. Орусиянын биздеги элчиси Власов музейге келип, таңкалып жатпайбы, «Бул картиналарды кантип алдыңар»-деп. Себеби, мындай картиналар азыр өтө сейрек кездешет, өтө да кымбат . Репиндин бир картинасы азыр баштапкы баасы эле 2 миллион доллар турат. Мындай картиналар Казакстанда да жок. Бул картиналарды Т. Усубалиевдин жубайы Г. Усубалиева убагында Чуйковдун кеңеши менен сатып алып койгон экен.

Силердин гезит аркылуу бир нерсени баса белгилеп айтып кетейин. Бул музейдин «улуттук» деген статусу бар. Мыйзам боюнча улуттук статуска 100 пайыз кошумча акча каралышы керек. Бул президенттин указы эле, указ эмдигиче ишке ашпай жатат. Ушул маселени козгоп, Жогорку Кеңешке ж.б. жерлерге кайрылдым. Жогоруда айтпадымбы, «бизде айлык аз, көбүнчө орус улутундагы адамдар иштейт» деп. Орточо айлыгыбызды жок дегенде 3000 сомго көтөрсө, музейге интернетти билген, билими терең талантуу адамдар да ишке келишет эле. Бизге андай адамдардын жардамы менен музейди көтргөнгө жакшы бир шарт түзүлүп калмак. Азыр музейдеги 120 адам ушул маселенин чечилишин чыдамсыздык менен күтүп жатат. Бул биздин биринчи маселебиз. Экинчи маселебиз болсо, музейди капиталдык ремонт кылуу. Музейди бүгүн оңдоп-түзөбөсөк, эртең урап калышы мүмкүн.

Сиздин көз карашыңызда азыр элдин картиналарды сатып алуу, деги эле кызыгуу талабы кандай?
Мурункуга караганда, албетте бул жагынан алганда бир аз жылыш бар. Өзүн сыйлаган адам, интелегент болом деген адам, үйүнүн дубалына сөзсүз кооз картиналарды иле башташты. Бул азыр кадыр эсе көрүнүш болуп баратат. Көбүнчө табияттын кооздугун даңазалаган картиналарды тандашат. Бирок, сүрөт деген пейзаж менен эле чектелбейт. Мисалы үчүн философиялык картиналар, ж. б. Айтор, адамдар азыр өзүнүн деңгээлине жана табитине жараша сүрөттөргө басым жасап калышты. Кыскасы, азыр көп адамдар дубалына сүрөт илбесе, өзүн кемсинткендей, сыйлабагандай сезишет экен.

Дүйнөгө таанымал Америкалык сүрөтчү Мелниковдун сүрөт-көргөзмөсү сиз жетектеген музейде 11-февралда өтмөк эле. Бирок, анын көргөзмөсү өтпөй калды, анын айынан агенттиктин жетекчиси да кызматынан кетти. Ушул чуулгандуу иш-чаралардын терс таасири музейге тийген жокпу?
Терс таасири деле тийген жок. Мелников биринчи келишимди биз менен түзгөн эмес. Ал тургай ал биздин музейге аренданын акчасын да төлөгөнгө да жетишкен жок. Мен анын чыгармаларын өтө жогору деп айта албайм, ортодон өйдө десе болот. Аны фотоаппараты эле, угушума караганда 100, 200 миң доллар турат экен. Мындай кымбат аппарат, дүйнөдө сейрек эле сүрөтчүлөрдө бар. Бирок, кандай болгон күндө да бул иш-чараларда түшүнбөстүктөргө жол берилип кетти.

Сөз соңунда сиздин чыгармачылыгыңыз тууралуу учкай кеп кылалы? Сиздин чыгармаларыңыз дүйнөнүн канча өлкөсүн кыдырды?
Мен Ленинграддагы Репин атындагы академияны 1984 — жылы бүтүргөм. Ошол жылдардан баштап ушул күнгө чейин дүйнөнүн жыйырмадан ашуун өлкөлөрүндө 140 тан ашуун жеке сүрөт көргөзмөлөрүм өттү. Буйруса, жакында Иркутскиде сүрөт көргөзмөм болгону турат. Ал эми «Көчмөн эл» чоң долбоор деген сүрөт көргөзмөм октябрь айында Молдаванын галериясында өтөт. Ушул «Көчмөн эл» эмгегимди мен Ч. Айтматовго арнадым. Ачылышын Ташкенте, Москвада өткөзүп келдик. Эл абдан жакшы кабыл алды.

Азыр 53 жашка чыктым, эсептесем 2 миңден ашуун эмгек жазыптырмын. Көптөгөн эмгектерим сатылып кетти, кээ бири кымбат баага, кээ бири арзан баага дегендей. Ар бир жараткан эмгегиң өзүңдүн жараткан балаңдай эле болуп калат. Ал эмгектериң менен коштошуу кыйын. Менин бир топ жакшы эмгектерим, Канаданын, Вашингтондун, Москванын галерияларында турат. Азыр чындап эле өкүнөм, ошол эмгектер өз мекениңде калбай, башка мамлекеттерде калып калганына. Эми мен жаңы эмгектеримди сатпай эле коеун деп жатам. Мисалы, мен Европанын галерияларында турган эмгектеримди азыр жарата албайм. Себеби, ар бир эмгек кайталангыс.

Азыр «Манас» темасы өтө актуалдуу болуп жатпайбы. Сүрөтчүлөргө да бул тема өтө чоң жана түгөнгүс олжо десек болчудай да. Сиз «Манас» тууралуу канча эмгек жараттыңыз?
Сагынбай Орозбаковдун вариантын окуп чыгып, «Манас» эпосунан 40 эмгек жараттым. Төрөлгөндөн баштап, өлгөнгө чейин. Себеби, кыргыз үчүн кырк деген сан өтө ыйык сан болуп эсептелет эмеспи. Кийин китеп болуп чыгып, дүйнөнүн бир топ өлкөлөрүн кыдырып келди. Бир тобу сатылып да кетти. Менин азыр өкүнгөнүм, маданият министрлигинин жоюлуп, агенттик болуп калышы болду да. Дүйнөнүн эң жакыр өлкөсү Африкадагы Буркина-Фасо өлкөсүндө да маданият министрлиги бар. КМШ боюнча бизде эле маданият министрлиги жок. Бул өтө уят иш. Маданият — ар бир мамлекеттин күзгүсү. Ал эми биздин маданиятыбыздын туу чокусу — «Манас» эпосу. Биз андыктан «Манаска» эч качан кайдыгер карабашыбыз керек.

Сыр болбосо, учурда бир жакшы картинаңыздын баасы канча?
— Гезит аркылуу жалпыга жарыя кылбай эле коеун. Бир топ эле кымбат турат. Себеби, бир жылдары гезитке ачык айта коюп, көп өтпөй үйүмө каракчылык кылганга аракет кылышкан. Ошон үчүн мен сыр бойдон эле калышын каалайм.

Маектешкен Айбек Шамшыкеев, «Форум» («Кыргыз гезиттер айылы»), 02.03.2010-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий