Раззаков эмне үчүн жашыган?

Белгилүү коомдук-саясий ишмер, таланттуу жетекчи, тарыхый инсан Исхак Раззаковдун эгемен мамлекетибиздин мамлекет катары калыптанышына кошкон эбегейсиз салымын эч ким тана албас. Буга чейин коомчулукта арбын сөз болуп келген бул инсандын өмүр баянын эмес, бул жолу башынан өткөргөн кызыктуу учурлары тууралуу замандаштарынын азыноолак эскерүүлөрүн берүүнү чечтик.

Заманыбыздын залкар жазуучусу Чыңгыз АЙТМАТОВ:
«1951-жылы мен айыл чарба институтунда окуп жүргөндө бир күнү Мухтар Ауэзов келиптир, «Манас» эпосу тууралуу талкуу болуп жатыптыр деп угаарыбыз менен сабактан качып, ошол кездеги БКнын имаратын көздөй жөнөп калдык. Барсак эл көп, залга батпай ачылып турган айнектен карап турдук. Президиумда Раззаков, Ауэзов жана башкалар бар экен. Ар ким өз оюн ортого салып, айрымдары Манасты эл душманы катары каралашып отуруп конференциянын чечүүчү учуру келип, жыйынтыктоочу сөз Кыргызстан КП БКнын биринчи катчысы Исхак Раззаковго берилди, ал киши «Манас» эпосу кыргыз элинин байыртадан берки улуу чыгармасы экендигин, кылымдар бою атадан балага өтүп келген улуу касиетин баалап, мындан ары «Манас» эпосун элдик эпос деп жарыялоону жактады. Ошону менен ашынган шовинисттердин жаагы жап болгон. Эгерде Исхак Раззаков болбогондо бул улуу чыгарма жок болуп кетиши мүмкүн болучу».

Белгилүү коомдук ишмер Мукаш ӨМҮРАЛИЕВ:
«Мен ал кезде Кыргыз ССРинин даярдоо министри болуп иштечүмүн. Күндөрдүн биринде Исхак Раззаков карапайым адамдардай кийинип, Фрунзедеги дүкөндөрдү жалгыз кыдырып калат. (Ал убакта телевизор, газета-журналдар чектелүү болгонуна байланыштуу көпчүлүк ал кишинин ысымын уккан менен өңүнөн таанышчу эмес эле). Бир дүкөнгө кирип тамак жасоочу маргарин май сатып алайын десе, сатуучу: «Май салганга баштыгыңыз барбы?» — деп сурайт. Жанына эч нерсе ала келбеген куудул жетекчи башындагы шляпасын сунат да сатуучунун каршылыгына карабай майды ошого салдырып алыптыр. Анан бейкапар үйдө отурсам телефон шыңгырап калды. Алсам Раззаков экен, салкын маанайда саламдашып, эгер мүмкүн болсо өз үйүнө тезирээк келүүмдү өтүндү. Мен шашып-бушуп жетип барсам ичи май болгон шляпасын көрсөттү. «Бул эмне?» деп таң калып сурасам, «жолдош Өмүралиев, мага тезирээк жаңы шляпа сатып бербесеңиз болбой калды» деп дүкөндөгү окуяны айтып, бетимди бир кызартты. Эртеси бардык дүкөндөрдү текшертип, целлофан койдурдук. Ошондон кийин бул инсанга болгон урматтоо сезимим мурдагыдан да күчөгөн эле.

1955-жылы Алма-Ата шаарында өткөн союздук кенешмеде Н.Хрущев И.Раззаковдон:
— Исхак Раззакович, ачыгын айтыңызчы: Мисалы Казакстан ушул жылы 1 миллиард пуд буудай беребиз дейт. А Кыргызстан канча пуд буудай бере алат?-дейт.

Анда Раззаков ойлонбостон:
— Никита Сергеевич, кыргыз менен казак бир тууган элдер. Ошондуктан кыргыздар казак туугандар менен бирдикте мамлекетке 1 миллиард 10 миллион пуд буудай берүүгө камынып жатат! Биринчинин мындай жообуна Хрущев боору эзилгенче күлдү.

1959-жылы Москвада 15 республиканын биринчилери кеңешмеден кийин чогуу тамактанууга келгенде Литванын жетекчиси А.С.Снечкус: «Кыргыздар тамакты кол менен жейт экен, ушул чынбы?» десе Раззаков: «Ооба чын, а силер тамакты бут менен жейсиңерби?» деп жаагын жап кылган.

Тилекке каршы, ошондогу Турдакун Усубалиев жетектеген бийлик бул кишиге аябай бут тоскон. Атүгүл Исхак Раззаков кайтыш болгондо Кыргызстандагы бир дагы гезит некролог жарыялаган эмес.

1974-жылы Кыргыз ССРинин 50 жылдыгы Москвада белгиленгенде Раззаковду чакырбагыла деп буйрук бериптир Усубалиев. Ачуум менен салтанатты таштап Раззаковдун үйүнө бардым. Ал киши мени маңдайы жарыла тосуп алды. Көпкө сүйлөшкөндөн кийин мага сыймыктануу менен бир ай мурда Өзбек ССРинин 50-жылдыгына ардактуу конок катары чакырылганын, Ардак грамота менен сыйланганын айтып берди. Анан кабагы бүркөлө: «А биз кыргыздар жакшыны жакшы дегенди качан үйрөнөбүз?» деп жашып кетти кайран киши».

Кыргыз Эл Баатыры Сүйүнбай ЭРАЛИЕВ:
«1961-жылы Исхак Раззаковичке жалаа жабылып, кызматынан бошогондо, кабинетин өткөрүп берип, Москвага кетээр алдында акыркы ирет тоо аралап келүү үчүн жанына эч кимди кошпой шоферу менен жөнөп калат. Байтиктин Бас-Бөлтөгүнө келгенде шоферду машинасы менен калтырып коюп өзү тоого чыгып кетет. Арадан бир саатча убакыт өткөндөн кийин чыдамы түгөнгөн шофер артынан издеп барып, адамды айран-таң кылган көрүнүшкө күбө болот. Өз жеринен алыска күч менен жөнөп жаткан жетекчи жаш балача жерди кучактап алып ыйлап атыптыр:
«Оо менин тууган жерим, сен билесиң го менин кандай төрөлүп, аргасыз сенден алыска, бөтөн жерге кеткенимди, кайра кантип сага айланып келгенимди сен билесиң. Сени ыраазы кылуу үчүн, мага берген мээримиңди актоо үчүн болгон аракетимди жасагандай болдум. Эгер андай кыла албасам, анда мени кечир, тууган жерим. Эми сени айланып көрөөр бекем? Болсо качан?!»

Мына ушундай окурман. Кезинде «Манас» эпосун коргогон казактын белгилүү жазуучусу Мухтар Ауэзов дагы Исхак Раззаковдун касиетин жогору баалап: «Кыргыз туугандар ушундай таланттуу, сөзмөр, билимдүү, мекенчил башчысы менен бактылуу. Болгону аны өз деңгээлинде татыктуу баалап алуу кыргыз элинин милдети»-деп таамай айткан.

Даярдаган Адилет Айтикеев, «Назар» («Кыргыз гезиттер айылы»), 02.03.2010-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий