Токтогулдун комузу Розага сунулду

«Розада ырчылык менен кошо өстүрсө чоң комузчулук да таланты бар. «Саринжи Бөкөйдү» сайратып мендей эле чертет, аман болсо көрөсүңөр»
Болуш Мадазимов

Чоң комузчу Чоңмурундун жээни
«Аккан арыктан суу агат» деген накыл сөз өнөр жаатына да тиешелүү маанайда айтылып жүрөт. Ага таланттуу булбул таңшык ырчы, белгилүү дастанчы кызыбыз Роза Аманованы мисал кылууга арзыйт. Балким бул таржымал көп адамдарга белгисиздир. Бирок бир элдин кыздары болуп, бир суу ичип калгандыктан мен Розанын таятасы Кадыр уулу Чоңмурун деген чоң комузчу экендигин билем. Ал биздин Кара-Жыгач айылынан болчу. Чоңмурун ата Токтогулдун шакирти болгон деп айтып жүрүшчү. Токтогул Сатылгановдун ырларында анын аты аталган саптары да бар. Бирок Чоңмурун ата ырдаганга караганда залкар күүлөрдү черткен.

Ал эми Розанын таенеси Маржанкүл мыкты ырчы болгон. Согуштан кийинки жылдарда ал Жалал-Абад театрында Абдыкерим Мокоев жетектеген топто ырчы, артист болуп эмгектенген. Мыскал Өмүрканова менен эки жылдай бирге ырдашып, гастролдорго чогуу чыккан күндөрү болгон.

Ошо жылдары Розанын таекеси Жусуп, Жалал-Абад драма театрынын жетекчиси болгон. Анда Болуш Мадазимов, Тууганбай Абдиев менен бир нече жыл чогуу иштешкен.

Роза комузду 5 жашында колуна алган. Ал таенесинин колунда көп жүргөн. А кишини Мария деп коюшчу, азан чакырып койгон аты Маржанкүл. Маржанкүл апа комуз чертип жатканда Розага комуздун кулагын тиштетип койчу экен. Болочок талант Роза ошондон баштап өнөргө жакын өстү. Ал мектепте окуп жүргөндө өздүк көркөм чыгармачылык ийримине үзбөй катышчу. Ошондо эле дастан айтчу, ырдачу. Ал турсун бир ирет ошол өздүк көркөм чыгармачылык ийриминин катышуучулары Токтогул Сатылганов жөнүндө пьеса даярдашканда Роза Токтогулдун ролун аткарып, комузда кол ойнотуп, шаңкылдап ырдап улуу акындын бейнесин сахнага алып чыгып, көрүүчүлөрдү алакан чаптырган.

Мына ошол улуу акындын руху Розанын булактын көзүндөй ачылганы турган талантына жол ачып колдодубу, мектепти бүтүргөн соң өнөр жолу менен кетти. Алгачкы кадамында ал кыргыз улуттук маданиятынын актаңдай төкмөлөрү Эстебес Турсуналиевден, Тууганбай Абдиевден сабак алды. Натыйжада «Курманбек» эпосун толук айтканга жетишти. «Олжобай менен Кишимжандан» үзүндүлөрдү айтып, элдик ырларды обонуна бап келтирип, кемелинен кемитпей мукам добушка салып торгойдой сайрап, булбулдай таңшып, далай жолу дуулдата алакан чаптырып, элге ырчы-дастанчы катары кеңири таанылды. Таланттуу ырчы Асек Жумабаев да устаты эле. Кыргыз жерин кыдырып гастролго барган жерде көөнөрбөс элдик ырларды тартуулап, элдин черин жазышты. Жеке чыгармачылыкта Германияда, Кытайда, Францияда, Түркияда, КМШ өлкөлөрүндө гастролдордо болуп, кыргыз улуттук маданиятын таанытууга бир топ салым кошту.

Анын репертуарында Токтогулдун, Тоголок Молдонун «Санат ырлары», Барпынын «Өзгөчөм», кытайлык кыргыздардын «Жүрөктү жалын чырмады», А.Кадыровдун «Өмүрлүк жарыма», Б.Бадыкеевдин «Дайның барбы», К.Абдыралиевдин «Жандай көргөн адамым», «Өрүк комуз», К.Болоткановдун «Жар болдуң кимге жаңылып», С.Бактыгуловдун «Арманда кетти бир аккуу» ж.б. ырларды атоого болот. Ал өзү обон чыгаруу менен дагы Эстебес Турсуналиевдин сөзүнө жазылган «Ынтымак», Анатай Өмүркановдун сөзүнө жазылган «Мен сени сагынгым келет», Каныбек Иманалиевдин сөзүнө жазылган «Ооган ыйы», «Карлыгач» ж.б. ырлары элдин жүрөгүнө жеткен чыгармаларга айланды.

Ал эми комуз чертүүнүн сырларын айтылуу комузчу Болуш Мадазимовдон үйрөндү. Залкар күүлөрдү чебер чертет. Алсак, Атай Огонбаевдин «Кыз кербез», «Маш ботой», «Кара өзгөй», Токтогул Сатылгановдун «Чайкама», «Чоң кербез», Ыбырай Тумановдун «Жаш тилек», «Жеңиш» ж.б. буга мисал болот.

Роза Аманова 1998-жылы Курмангазы атындагы Казак консерваториясынын «Казак музыкасы жана дүйнөлүк музыканы изилдөө» кафедрасынын аспиранттыгына өтүп, кыргыз ырчыларынан биринчилерден болуп элдик салттуу ырлар боюнча диссертациясын жактап, искусство илимдеринин кандидаты болду.

Розанын эмгек жолу Биринчи май районунда комузчулар ансамблинин жетекчиси болуудан башталып, филармонияда солист, Кыргыз Улуттук консерваториясында проректор, доцент.

Учурда Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин алдындагы консерваториянын мүдүрү болуп эмгектенүүдө.

Салттуу музыканын санжыргалуу жолунда
Мындан беш жылдай мурун ал «Салттуу музыка: тарыхы, сактоо жана өнүктүрүү маселелери» аттуу эл аралык деңгээлдеги илимий-практикалык конференция өткөрүп, ага коңшулаш өлкөлөрдөгү музыка изилдөөчүлөр, искусствонун белгилүү ишмерлери катышышкан эле. Анда жыл сайын 25-апрель салттуу музыка күнү катары белгиленип, музыка майрамына айлансын деген сунуш айтылган. Ошондон «Кыргыз салттуу музыка» фондунун мүчөлөрүнүн атайын кайрылуусу эске алынып, республикалык маданият жана маалымат министрлигинин буйругу менен 25-апрель салттуу музыка күнү болуп жарыяланган. Бул майрам гана катары белгиленбестен, эми жыл сайын салттуу музыка жумалыгы өтүп, улуттук музыканын маселелери көтөрүлгөн келечектүү иш-чараларды алып барууну дагы салтка айландыруу максаты жолго коюлууда.

Алдыда келе жаткан апрель айынын 25и күнү Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармониянын кичи залында «ХХI кылымда кыргыз салттуу музыкасынын абалы жана өнүктүрүү маселелери» аттуу кезектеги жумалыгы өз ишин баштайт. Ушул эле күндүн кушубак кечинде кыргыз салттуу музыка чеберлеринин концертинин коштоосу менен аталган жумалыктын салтанаттуу ачылышы Мамлекеттик тарых музейинде болот. Ал эми 26-апрель күнү «Дастан күнү» белгиленип, анда манасчылардын, дастанчылардын, төкмө акындардын өнөрү тартууланмакчы. 27-апрелде «Күү күнү» болуп, «Камбаркан» улуттук этнографиялык ансамбли коштоп, чоорчу, кыякчы, комузчулардын чоң концерти уктурулат. 28-апрелде «Ыр күнү» белгиленип, улуттук аспаптар коштогон белгилүү ырчылардын ырларынын концерти болмокчу, каалагандар үчүн эшик ачык.

Улуттук өнөрдү даңазалоодо концерттик программалар менен катар уздардын колунан жасалган улуттук буюмдардын, кийимдердин көргөзмөсү дагы өткөрүлмөкчү. Мунун бардыгы — кыргыз маданияты менен искусствосун даңазалоо, өсүп-өнүгүү деңгээлин көтөрүүгө колдон келген салымды кошуу, элге алып чыгуу. Буга өз улутуна берилген мекенчил жүрөктөр гана бара алат. Демек, Розанын чыгармачылык менен кошо атуулдук ар-намысынын күчтүүлүгү тереңден тамырлаганын көрүүгө болот.

Рыноктун шартында кантип сактап калабыз?
Маданият менен искусство рух бийиктигин даңазалап, элдин акыл-сезиминин өсүп-өнүгүшүнө чоң таасир берип, тарбия кызматын аткарары белгилүү. Айрыкча жаш муундардын келечеги үчүн бул керек. Бирок, акыркы жылдарда ушул маселе көп көйгөйлүү жагына айланып бараткандай сезилет. Жаштардын көпчүлүгү чет өлкөлүк музыканын ыргагына жан дүйнөсүн азгырып, бирок, сөзүнө түшүнбөй, маани бербейт десе да болот, келечегине тийгизүүчү тарбия таасири түшүнө да кирбейт. Ал эми ошол сөзгө маани бербегендиктен кыргызча ырлардын сөзү (айрыкча эстрада жанрында көп кездешет) тайкы, тантыраган саптар менен айкалышып, айрым ырчылар жаштарга тарбия бермек тургай, табитин бузуп жатышат. Эстрадада дагы жакшы чыккан өнөр ээлери бар, бирок өтө аз. Аны угармандар өздөрү деле билишет. Анткени менен өнөрдүн жолунда аламан байгеге түшкөндөй көп дүбүрттүн ичинде байге алчу таза таланттарды таптап алып чыкпаса, улуттук көркөм дөөлөттөрүбүздү ким сактап, кийинки муундарга таберик кылып ким өткөрүп берет… Мына ушул тууралуу Розанын дагы жүрөгү тынчсызданып төмөнкүдөй айтканын мисал келтирүүгө болот: «ХХ кылымда баш баккан Батыштын жеңил-желпи маданияты сүңгүп кирип, «төрдөн» орун алган чак. Не дейбиз. Заман ушундай дейбиз… Жалпыга маалымдоо каражаттарын карасаңыз, кимди туу тутушубуз керек экендигин, кимге карап (кайсы жылдызга), кандай кийим кийүүбүздү, жадагалса кандай азык-түлүк менен азыктанарыбызды айтып кеңеш берген акылгөйлөрдү көрүп, «майда», «олутсуз» күнүмдүк тиричиликтин салмагы жеңип, баягы ата салты улаган «карынын сөзүн капка сал» деген улуу накыл сөздүн орду жок болуп бара жатканына, улуттук аң-сезимди ойготуунун жолун таба албай, издеп жатканыбызга таң каласың. Элде жок өнөрүбүз бар дейбиз, дүйнөдө теңдеши жок «Манасыбыз» бар дейбиз. Бирок кылымдар бою оозеки салттагы маданиятыбызды сактап келген ата-бабаларыбыздын бизге калтырган рух казынасы кандай абалда? Ошол биз мактанган өнөрүбүздү келечек ээлерине кандай акыбалда өткөрүп беребиз? Дүйнөлүк маданиятта кыргыз этносунун жүзү болгон кыргыз салттуу музыкасын рыноктун шартында кантип сактап калабыз? Азыркы доор угармандарга каалаган музыкасын угууга шарт түзөт, мейли европалык академиялык маданият болсун, мейли оозеки салттагы этностордун маданияты болсун, мейли агым музыкасынын түрлөрү джаз, рек-н-ролл, рэп ж.б. дегендей угуучунун өз эрки. Демек, ааламдашуунун алкагында, эгер биз, кыргыздар, дүйнөдөгү этностордун катарында руханий дөөлөттөрүбүздү (тилибизди, дилибизди) сактап калабыз десек, биз да өз угуучуларыбыз үчүн шарт түзүшүбүз керек». Калетсиз сөз.

Теңдешсиз белек — Токтогулдун комузу
Өткөн жылдын акырында Роза Кыргыз Республикасынын эл артисти деген ардактуу наамдын ээси болду. Бул кубаныч ага дагы көптөгөн шык, дем берери бышык. Анын ырын угуп, черин жазууга миңдеген күйөрмандары сагынып калгандай. Ал чыгармачылыктын түйшүктүү жолунда жогоркудай коомдук иштерди мойнуна алып, көптөн бери эл алдында концертин өткөрө элек. Чын эле аны эл сагынды. Бүгүндөн тарта жадыраган жаз майрамын утурлап, 2-3-мартта Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармониянын чоң залында Роза Аманованын чоң программадагы жеке концерти болгону жатат.

Мына ушул концертинде анын чыгармачылык ийгиликтерине чоң баа берүү менен жагымдуу маанай тартуулаган жагдай күтүлүүдө. Эл аралык «Манас руху — нарк-насил коомдук фондусу» өткөн жылы ага «Жылдын мыктысы» аттуу сыйлыгын ыйгарып, лауреаттык наамын чегерген. Бул сыйлык ага аталган коомдук фондунун сыйлык ыйгаруу жобосунун шартында улуу акын Токтогул Сатылгановдун туулган күнүнүн 140 жылдыгынын урматына өткөрүлгөн элдик салттуу ырларды жогорку чеберчиликте аткаргандыгы, жалпы эле кыргыз улуттук маданиятында элдин рухий дүйнөсүн байытууга жана маданияттын өсүп-өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн «Ишмер-айперим жана кыргыздын чыгаан ырчы, комузчу кызы» деген аталыштагы наам менен ыйгарылган эле. Ал эми сыйлыкты салтанаттуу тапшыруу Розанын ушул жолку жеке концертинде болмокчу.

«Кыргыз туусу» («Кыргыз гезиттер айылы»), 02.03.2010-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий