Теңирчилик, ислам жана башка диндер

«Манас» дастаны — ислам динине салыштырмалуу алда канча байыркы эпос. Демек, исламга байланышкан жагдайлар дастанга кийинки эле кылымдарда кирген. Ар кайсы варианттарында ар кандай айтылат. Ал үчүн негизги варианттардын баарын кайра башынан окуп чыгыш керек. Бул кийинки кылымдардагы манасчыларга кожо-молдолордун тийгизген таасиринен улам болгон көрүнүш.

Бирок белгилей кетүүчү нерсе — кыргыздар байыркы башка көчмөн элдер сыяктуу эле илгертен жалгыз Теңирге сыйынган, анын символун түбөлүк көк асман деп түшүнүшкөн. Кудай менен адамдын ортосунда ортомчуларды таанышкан эмес, түз сыйынышкан, ачык тилек айтышкан. Ар бир жандуу нерсеге сый мамиле жасашкан. Малды башка чапкан эмес, кайберенди жөнү жок кырган эмес, укуктан Жолду жогору коюшкан. Аял менен эркектин, улуу менен кичүүнүн, ата менен баланын укугу бирдей, Жолу башка деп эсептешкен. Адам баласы — табияттын ээси эмес, болгону анын бир бөлүгү деп санашкан. Теңирчилик философиясы диний, саясий, этикалык жана башка көптөгөн түшүнүктөрдү өзүнө камтыйт жана алар менен чектелбейт. Теңирчилик философиясынын негизги беш категориясы — Намыс, Нарк, Салт, Сый, Чындык болгон. Отурук элдерден айырмаланып, көчмөндөрдө сойкулук, бачабаздык, нашакорлук, аракечтик болгон эмес.

Теңирчилик философиясы өз убагында эбегейсиз зор Кытайдын дүйнөтаанымына түздөн түз таасир этип, андагы эки багыттын — конфуцианчылык менен даосизмдин пайда болушуна негиз салган. Күн чыгыш элдеринде табият менен жуурулушкан эстетиканы калыптандырып, жапон, корей элдеринин көз карашына таасир тийгизген. Айрым изилдөөчүлөрдүн пикиринде Теңирчиликтин негизги идеялары, анын ичинде монотеизм (Кудайды жалгыз деп таануу) арабдарга барып, жанаша жайгашкан ыбрайымдык диндердин (христианчылык, иудаизм) таасири тийген исламдын пайда болушуна түздөн түз таасир эткен болушу мүмкүн. Андыктан байыркы көчмөндөрдүн түшүнүктөрү исламдын эң негизги түшүнүктөрүнө — Теңирдин жалгыз жана түбөлүк экендигине, этикасына жана башка жалпы адамзатка тиешелүү баалуулуктарына каршы келбейт.

Бүгүнкү күндө дүйнөдөгү эң чоң диндер болуп ислам, христианчылык, буддизм (бүт Түштүк-Чыгыш Азияда), индуизм (Индияга жакын жайгашкан өлкөлөрдө), даосизм (бүтүн Кытай) саналат. Булардын айрымдары түздөн-түз дин деген түшүнүккө көбүрөөк жакындашса (мисалы ислам, иудаизм, христианчылык, индуизм), башкалары философия жагына жакыныраак (мисалы буддизм, конфуцианчылык, даосизм).

Байыркы көчмөн дүйнөнүн дүйнө цивилизациясынын өнүгүшүнө кошкон салымы азырынча жетиштүү изилдене элек жана андай илимий иштер жаңыдан гана башталганы турат.

Жыргалбек Касаболотов

Соц тармактар:

Теңирчилик, ислам жана башка диндер: 1 комментарий

  • 28.01.2012 в 01:35
    Permalink

    Урматтуу макаланын автору, урматтуу окурмандар.
    Теңирчилик — бул философия. Ислам — бул дин.
    Философия өлүмдөн кийинки абал жана жашоо тууралуу эчнерсе айта албайт,
    өлүмдөн кийинки жол тууралуу эч кандай көрсөтмө бере албайт.
    Өлүмдөн кийинки абал жана жашоо тууралуу, жол тууралуу көрсөтмөлөрдү дин гана бере алат.

    Бирок унутпайлы, кыргыздан башка да көчмөн улуттар болгон, алардын да пикирин уга билели.

    Ответ

Добавить комментарий