Бактыгүл Чотурова

Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Алыкул Осмонов атындагы адабий лыйлыктын лауреаты, акын Бактыгүл Чотурова 1955-жылы, 29-сентябрда Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Кара-Жыгач айылында туулган.

Кыргыз Мамлекеттик (азыркы Жусуп Баласагын атындагы Улуттук) университетинин филология факультетин бүтүргөн. Кырк жылга жакын убакыттан бери басма сөз тармагында жооптуу кызматтарда иштеп келет. Учурда «Жетиген» көп тармактуу коомдук журналынын башкы редакторунун орун басары.

Жеке чыгармачылыкта окурман журтчулугуна акын катары таанымал. “Кызыл ат”, “Боз торгой”, “Сагыныч”, “Чокморовго ыр десте”, “Ысык-Көл сүйүүнүн көзүндөй”, “Найман”, “Күн-Кудайдын кареги” аттуу ырлар жана поэмалардан турган китептердин автору. Орус тилинде которулуп “Легендарный Иссык-Куль” аттуу ырлар жана поэмалар жыйнагы жарык көргөн.

Чыгармачылыктагы жетишкен ийгиликтери үчүн 2015-жылы Бүткүл дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюмунун (БДИМУ) Алтын медалы ыйгарылган.

Б.Чотурова котормо жанырында да узанып келет. Казак адабиятынан Шахизада Абдыкаримовдун “Көк астындагы каганат”, Нагашыбай Мукатовдун “Жанымдын жашыл жалбырактары” ырлар жыйнагын, азербайжан акыны, СССР мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты Бахтияр Вахабзаденин “Биз бир кемедебиз” аттуу ырлар жана поэмалар жыйнагын кыргыз тилине которуп, басмадан жарык көргөн.

Бактыгүл Чотурова жана анын чыгармачылыгы тууралуу

Бактыгүлдүн бак-дарактуу ырлары

Акын аялдар

Бактыгүл Чотурова, акын: «Байкасам, жалтаңдаган көзүңдөмүн…»

Бактыгүл Чотурова: «Келчи, андан көрө сүйүү жөнүндө сүйлөшөлү…»

 

Ырлар

КУМУРСКА…

Чарчоолорду жатканда аста-а көөшүп,
Аттап өткүм келет го-о, аттап өтүп.
Кумурскадай кыбырайм ыр көтөрүп…
Колдон келбейт көрүнөт башка кесип.

Түнбү, күнбү турса да үймөлөнүп,
Түртүп коюп түйшүктү үйгө келип,
Бир тоголок дан түрткөн кумурскадай,
Бир сап ырды келатам дүйнө көрүп…

 

ҮМҮТҮМ ҮЙГӨ КИРБЕЙ ЖОЛДО ТУРАТ

Үшүгөн жалгыздыктын өңү чөптөй,
Үмүттөр чүкө кылып мени өкчөй.
Жеңилип баратканда жерден алып,
Жетелеп турат жолдор сени көздөй.

Жашоосу жашообу адам көөнү өспөй…
Көртирлик колум байлап деги кетпей,
Чарчоолор чалып жыгып кетээринде,
Чакырып турат жолдор сени көздөй.

Башкарган сезим менен күйүп-жанып,
Баарынан сеники укмуш бийлик анык.
Кантейин, сага алпарчу жолдун учун,
Катсамбы ийигиме ийрип алып.

Сен жокто бүтүн аалам бош калгандай,
Жашоонун кызыгы да жок… жалгандай.
Санаага сапырылып чачыламын,
Сагыныч жүрөгүмө от салгандай.

Көп болду кеттиң алыс сапар алып,
Көөнүм пас жалгыздыкта капаланып.
Үмүтүм үйгө кирбей жолдо олтурат,
Үнүңдү укмайынча качан анык.

Жетелеп турат жолдор сага карай,
Табышмак бийлик кылып мага далай.
Эмне үчүн экенине жооп таппай,
Эңсөөгө туткун болом ар күн, ар ай.

Ошентип жылга айланат миң, миң мүнөт,
Тагдырлар табышаарын кимдер билет.
Үлбүрөп үшүп калган күтүүнү өөп,
Үмүтүм үйгө кирбей жолдо жүрөт.

 

АЙ БАТКАНДАЙ ӨМҮРДҮН БАТАР КҮНҮ

Жаратылыш жаз тосуп көйрөңдөнүп,
Жашыл бакка жааган нур айдан келип.
Жалбырактар тоссо да шыкаалашып,
Бизди таап алды экен кайдан көрүп.

Кантип бүгүн жолуктук, өңбү, түшпү,
Каткырышып турушкан түнкү бизди…
Калың бактын учуна илинген ай,
Карап, тыңшап тургансыйт күлкүбүздү.

Кымбат өмүр, көңүл да баарысынан,
Кызыктырат эртеңдер жаңысы улам.
Ай баткандай өмүрдүн батар күнү,
Алысынан болсо экен алысынан.

 

АКИМ ЭМЕС АКЫН…

Аким болуш келбейт колдон,
Ташка окшобойт жүрөгүм.
Ташты жарып өсүп турган,
Чөпкө умтулган бирөөмүн.

Аким болуш келбейт колдон,
Асанкайгы жүрөгүм.
Күлкү сынып жатса жолдо,
Күнгө ыйлаган бирөөмүн.

Күнүмдүкпү, төбөлүкпү,
Жазмышы бар ар кимдин.
Аким эмес, акын-тагдыр
берген үчүн бар билгим.

 

БИР КУРБУМА

Канттиң экен, эстедиң бекен мени?
Кыйын го берген сөздүн өтөлмөгү.
Тагдырдын татаалына арман кылба,
Не дейин жүрсөң болду эсен деги.

Билбесек өзүбүздү эле бир жөн,
Өмүрү кыска күндүн ойноп-күлгөн.
Ай чапчыйм дегениңден шекип калгам,
Ай сүйүп, бактылуудур жерде жүргөн.

Көбүрүп көрүшкөндө күчөп бир дем,
Көңүл деп көп сөзүңө кулак түргөм.
Күн чапчыйм дегениңден шекип калгам,
Күн сүйүп, бактылуудур жерде жүргөн.

 

ЖҮРӨГҮМДӨ СЫНЫК БАР

Көз жашымды көрбө шамал,
Чуркап кайчы өтүп кет.
Сендей эмес мендеги абал,
Уңулдаарсың кезиксек.

Көз жашымды көрбө айым,
Жолду тоссун булуттар.
Өңүм азган бир муңайым,
Жүрөгүмдө сынык бар…

Көз жашымды көрбө күнүм,
Көлөкөгө бекинем…
Кымбат көргөн адам айткан
арзан сөзгө өкүнөм!

Жакшы болмок жамгыр төксө
Жашым калмак окшошуп.
Жалгыздыктан көөнүм бөксө,
Эркелигим токтотуп.

Билбейм аны ким туярын,
Менин кыйбас ырымдай.
Сыр алдырбай зымпыямын,
Сыраяктын сынындай…

Жаным менен кетер сөзүң,
Сөөгүм менен бир уктаар.
Жүз… жүз жылга чачырады,
Жүрөгүмдө сыныктар.

 

АНЫҢ ЧЫН

Кандай атат билбейм эртең таңымын,
Сени эстесем… мынча кымбат белемсиң.
«Көңүлүңдүн көрсөң боло жарыгын,
бул өмүрдөн кимдер өтпөйт» дегенсиң.

Өлүмдөн мен качалбасмын, аның чын,
Сүйүүдөн да качып кайда кутулам?
Ошондуктан, сага агылып сагынчым
Үзалбадым ойлорумдун учунан.

Жаман окшойт жалгыздыкта эзилмей,
Тигинде көп түгөйлөштөр бир басат.
Мени тиктеп турган сенин көзүңдөй
Мелт-калт болуп сүйүү толо көл жатат.

 

СЕН МАГА КАЙДАН КЕЛДИҢ?

Сен мага кайдан келдиң, жамгырданбы?
Жактырган окшоп эстен тандырганды.
Эркелеп бүт ааламга тургансыдым,
Эмнеден алдым билбейм жан жыргалды.

Сен мага кайдан келдиң, шамалданбы?
Зар күтүп тостум үрөң-бараң таңды.
Өмүрдүн кымбаттыгы көзүмдү ачып,
Өзүңө чачылаарым араң калды.

Анан да бир сырым бар, эмне десең,
Асмандан жерге жеткен эң бир бекем
Ырлардан шаты токуп жүрдүм эле,
Сен мага күндөн түшүп келдиң бекен?!

 

Соц тармактар:

Бактыгүл Чотурова: 4 комментария

Добавить комментарий