Өмүркул Кулумбаев

Чаалыктым, сагындырып башкаларды,

Алтындай бир түпкүрдө жаткым келди

СССР, Кыргызстан жазуучулар Союзунун, Кыргызстан Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү, белгилүү акын Өмүркул Кулумбаев 2010-жылдын кыш айынын эң акыркы күнү, 28-февраль күнү дүйнөдөн кайтты.

«Ошол да толук кыргызбы», «Таппай жүрөм», «Энекебай» сыяктуу калың элдин катмарына сиңип, көпчүлүктүн купулуна толгон мыкты чыгармалардын автору Өмүркул агай 1933-жылы Нарын облусунун Ат-Башы районунун Терек-Суу айылында жарык дүйнөгө келген.

Кесиби-полиграфист. Эмгек жолун 1954-жылы Нарын облустук басмаканасында арип терүүчү болуп иштөө менен баштаган. 1958-1961-жылдары Тянь-Шань облустук аскер комиссариатында каржылык иштер боюнча орун басары болуп эмгектенген. 1961-жылы кызмат учурунда авто кырсыкка учурап, I — топтогу майып болуп калган.

Өмүркул Кулумбаев «Болбос эле арманым» чыгармасында
«Бактысыз алтымыш жыл жолду бастым,
Буркурап алтымыш жыл шорду таттым.
Ким бирөө кулагыма шыбыр айтат:
Өмүркул, өжөрлөнбө, болду жаткын»-деп жазгандай, ошол 1961-жылкы каргашадан бери 49 жыл бою буту баспай төшөктө жатты. Бирок, тагдыр жазмышына мүңкүрөп калбай, адамдык ар-намысын бийик кармап, кыргыз поэзиясына салмактуу салымын кошуп, ыр дүйнөсүндө өз үнүн жана жүзүн жарата алды. Буга анын жарык көргөн бир нече ыр жыйнактары айкын мисал.

«Турмуш кайрыктары» 1969-жыл, «Мектеп» басмасы,
«Менин эрким» 1971-жыл, «Кыргызстан» басмасы,
«Каккын жүрөк» 1973-жыл, «Кыргызстан» басмасы,
«Менин үнүм» 1974-жыл, «Мектеп» басмасы,
«Уч кыялым» 1976-жыл, «Мектеп» басмасы,
«Бийик дабандар» 1980-жыл, «Кыргызстан» басмасы,
«Көктөм жыты» 1982-жыл, «Мектеп» басмасы,
«Тоолор сүйлөйт» 1984-жыл, «Кыргызстан» басмасы,
«Арчалуу булак», 1986-жыл, «Кыргызстан» басмасы,
«Элет торгою» 1990-жыл, «Адабият» басмасы,
«Элет торгою» 2001-жыл, «Ала-Тоо» басмасы.

Акын Өмүркул Кулумбаевдин кыргыз адабияты, маданияты, элибиздин каада-салты, үрп-адаттары жөнүндө орошон ой-пикирлерин ортого салган, өлкөбүздүн социалдык-экономикалык, чарбалык жана башка тармактарындагы жетишкендиктерин, кемчиликтерин чагылдырган 284 публицистикалык макалалары республикалык, облустук, райондук мезгилдүү гезит-журналдарына жарыяланган. Учурда акындан калемине таандык 40тан ашык ырларына обон чыгарылып, кыргыз музыка дүйнөсүнө көрк кошуп келет.

В.И.Лениндин 100 жылдык мааракесине карата Кыргызстан жазуучулар Союзу жана Кыргызстан комсомолунун Борбордук Комитети уюштурган республикалык адабий конкурста «Ленин жөнүндөгү ойлор» аттуу публицистикалык поэмасы үчүн биринчи даражадагы сыйлыгына ээ болгон.

1983-жылы Өмүркул Кулумбаевдин 50 жылдык мааракесине карата Кыргызстан Жазуучулар Союзунун, Нарын обкомунун, Ат-Башы райкомунун жана депутаттарынын аткаруу комитетинин Ардак граммоталарын жана баалуу сыйлыктарын алган.

Болбос эле арманым
Бактысыз алтымыш жыл жолду бастым,
Буркурап алтымыш жыл шорду таттым.
Ким бирөө кулагыма шыбыр айтат:
«Өмүркул, өжөрлөнбө, болду жаткын».

Акыйкат, чындык болду издегеним,
А бирок, бир тамчысын искебедим.
Эркимди кулдай жумшап жашап келдим,
Эл-журтум тилдебегин, ит дебегин.

Ый менен кирпик какпай түнөп көрдүм,
Жанымды чоң казатка сүрөп көрдүм.
Туу кылып жарым жанды турмуш менен,
Төшөккө жатып алып, күрөшкөнмүн.

Өксүү бүт өчөшкөндөй бет алганым,
Өрүнө максатымдын жете албадым.
Өрнөгүм калса экен деп, көксөп келдим,
Өмүрдү текке жашап кете албадым.

Турмушка таарынып да түтө албадым,
Таймаштым, тагдыр болду өч алганым.
Ат-Башым коштошкондо көз жаштаса,
Өткөнгө болбос эле эч арманым.

Билгенге алтымыш жаш алыс экен,
Жашоонун жан үрөгөн жарышы экен.
Жарышта Ат-Башымдын тоолоруна,
Жанымды чырак кылып жагып кетем.
13-август, 1993-жыл

Тирдик ай!
Бирөө жүрсө көрүн таппай казууга,
Бирөө далбас көрдөн чыга качууга.
Олдо атыңдан айланайын тирдик ай!
Мен отурам айла таппай басууга.

Бирөө издейт алдаганга амалды,
Бирөө жүрөт алик албай саламды.
Олдо атыңдан айланайын тагдыр ай!
Мен олтурам азгыра албай ажалды.

Бирөө жүрөт жеген нанын тепкилеп,
Бирөө жүрөт жакырдыктан тепки жеп.
Олдо жашоо, олдо чиркин бакыт ай!
Сен айтасың пенденики өттү деп.

Бирөө тилейт кетпесе деп бакытым.
Бирөө тилейт көбөйсө деп катышым,
Олдо атыңдан айланайын өмүр ай!
Мен отурам таңдын тилеп атышын.

Өтүнүч
Өлүм абзел, өмүр бүткөн күн келээр,
Эй табият, анда жашым гүлгө бер.
Анткендигим ар бир жазда жадырап,
Ал өмүрүм гүлдөр менен түрдөнөөр.

Өлүм абзел, өмүр бүткөн күн келээр,
Эй, табият, анда жашым сууга бер.
Анткендигим эмгек чөлүн көгөртүп,
Суусаганда жутуп турсун тууган эл.

Же болбосо булбулга бер бактагы,
Булакка бер кыз күлкүлүү акканы.
Же жашымды жылдыздарга бере көр,
Түбөлүккө жанып турсун жапжаңы.

Өлүм абзел, өмүр бүткөн күн келээр,
Менин жашым бөлүштүрүп миңге бер.
Миң жүрөктө менин жаным жашаса,
Анда өмүрүм түбөлүккө күн көрөөр.

Таппай жүрөм
Бир гана тамчысындай булагымдын,
Бир гана шыңгырындай жылаажындын.
Сагындым мөлтүрөгөн махабатты,
Сагындым жылмайганын ынагымдын

Бир гана уучтамындай турпагымдын,
Бир гана жыттамындай гүлзарымдын.
Сагындым асыл заттын жан турпатын,
Сагындым, сагынычка мен багындым.

Сагынуу бүт уйкумду алып кетти,
Сагынуу карегимди жарып кетти.
Сагынуу сар жоргосун токуп берип,
Нөшөрлөп жаш өмүрүм агып кетти.

Сагынуу жашыл тоодо аксап жүрөт,
Сүйүүсүн сары майдай сактап жүрөт.
Энеден эрте калган жаш улактай,
Элеңдеп, эрмен терип какшап жүрөт.

Эмгекке ак шооласын сүйүп күндүн,
Эч жакпай асыл жыты түркүн гүлдүн.
Мезгилден издеп жүрөм, таппай жүрөм,
Мен бүгүн алп канатын сүйкүмүмдүн.

Жазмышка
Чаалыкпай ай-ааламды арткым келген,
Чырагын бак-таалайдын жаккым келген.
Ажалдын отун каалап отурамын,
Арман ай!.. Кем белемсиң бактым элден!

Ээрчитип муңдууларды баскым келген,
Эшигин акыйкаттын ачкым келген.
Ардыгып эрме чөлдө аңкап жатам,
Аттиң ай!.. Амалдуу экен тагдыр менден.

Сүйүүнү багбан болуп баккым келген,
Суусаткан шарабынан таткым келген.
Бир тамчы балын сорбой баңги болдум,
Бүгүнкү атка конуп шалсың делген.

Күбүлүп гүл терүүчү курагымда,
Күйүттүү айландырып тумарыма.
Тил кургап, мусаапырлык башка келип,
Турмуш ай!.. Аңкап жатам булагыңа.

Бүлүндүм, каздым кенди, аштым белди,
Туш кылдың бешенеме ташкын селди.
Чаалыктым, сагындырып башкаларды,
Алтындай бир түпкүрдө жаткым келди.

“Форум” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 05.03.2010-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий