САРЫМСАК ДАТКА

XXVII-XIX кылымдардын ортосунда түндүк кыргыздар Чыгыш Түркстан, казактардын Олуя -Атага чейин созулуп жаткан аймактарда жашаган кыргыздарга күйгөн эр-азаматтар тарыхтын учуру келсе да, өз баасын албай келгени өкүнүчтүү. Ошондой инсандардын бири — багыш уруусунан чыккан Сарымсак датка.

«Сарымсак датка Хан Азирети Кудаяр менен Шахзаада Малабек касташып, Ташкендин бардык дарбазаларына ат коюшканында жазылат: «Сарымсак датка лашкарлари менен ат коюшту.Ташкенди камап — катуу кармашта кан суудай акты, Малабек дарбазадан качып чыгып кетти. Кудаяр ордого кирсе Малабек жок. Андан соң дагы Кокондо катуу кармаш болуп жеңише албай жатканда, Кудаяр эки энеси, бир тууганы Султанмуратбектин тилин алып Малабектин катын окуп, отурган тактысын бошотуп, ордодон чыгып кетет.

Мала ханды такка алып келгендер катуу нааразы болушуп, өзүлөрү такка алып келгендер кутум уюштурушту. Анын ана башында Алымбек датка, Керимберди кыпчак, Кыдыр болушат. Мала хандын хан ордосуна түндө кирип, Керимберди кылыч менен ханынын башын алат. Алар хан ордуна бир түндө Шамуратбекти коркутушуп, такка отургузушту. Чолок ойлорунда бийликти өзүбүз жүргүзөбүз дешкен. Шамуратбектин ордуна кайрадан Кудаяр келип Алымкул миңбашы биротоло ордодон айдайт. Кудаярдын хандык кылган мезгили (1844 — 1858 ; 1862 — 1863 ; 1865 — 1875) жылдары болду».

(Зиябидин Максым. «Фаргана хандарынын тарыхы. «Бишкек, 2007 — ж.,316 — бет).

Сарымсак датканын Кокон хандыгында Зиябидин Максымдын тарыхый жазган китебинин бир да жеринен терс көрүнүштө жүргөнүн жолуктура албадым. Сарымсак датка жөнүндө Кара — Буура жериндеги урпактары менен маек курганымда, элине кылган эмгеги белгилүү болду.

Сарымсак жаш кезинде эле кыргыздардын намысын коргоодо ар кандай кагылыштарга катышат. Кызыл — Ордодогу Ак мечит, Үч — Коргон, Олуя — Атадагы талаш- тартыш жүргөн учурда, уруу, улут арасындагы чатактуу иш, жер талашуу, жылкы чаап алуу, кыргыздын биримдигин чыңдоого, жерлердин бүтүндүгүн сактап калып, өтө жигердүү эмгегин жумшаган. Башынан канча ажалдуу күндөрдү кечирди. Ошентип жүрүп аты чыгып, атпай эки элге кеңири таанымал болот.

1835 — жылы Сарымсак Ташкен, Анжиян, Кокон, Варзик, Чус, Ала -Бука, Алай, Көл калаасы, Чүй, Таластын бийлик төбөлдөрү менен байланыш түзүүгө үлгүрдү. Ал убакта өзү Таласта туулуп-өссө да, жашаган жери Наманган калаасы, ал жерде акимчилик кызматты аркалады. Өзбек, казак, тажиктер менен жакшы алакада эле. Кыргыз, өзбек, тажик улуттарынан кыз алып, алардын тилдеринде сүйлөгөн. Сарымсактын улуу аялы тажик кызы Зулайка, баласы Шатман, кызы Зулпия, Шадыбеги кыргыз кызынан, өзбек аялынан Нур, казак аялынан Боксыпыр дегендер болгон. Сарымсактын аты чыгып калган кезде, хандыктагы ордо окуяларынын көбүн өз көзү менен көрдү. Бийлик үчүн айгаштар жүрүп жатты. Улут менен улут, уруулар менен уруулардын чабышы, салык үчүн нааразычылыктар аябагандай болуп, элдер эзилди.

Ал убакта Шералы Таласта жашап турган убагы. Малдуу, жандуу, эки никелүү эле. Улуу аялы Бекботонун кызы Соно багыш уруусунан болсо, экинчиси саруу Токтоназар датканын кызы-Жаркынай. Саруу Токтоназардын үйүндө, Таластын ичинде жашап турушкан саруу менен багыштардын мыктылары тымызын чогулушат. Анын дагы чоң себеби бар эле. Кокондо бийлик үчүн күрөш курчуп турган, Таласта саруулардын арасында жашап жүргөн Шералыга, атайын Кокондон келген адамдардын арасында Сарымсак, Жусуптар бар эле. Ошондо келгендер саруу Токтоназардын үйүндө өтө маанилүү сөз болгонун ошол жерде катышкандардан бөлөк жан билген жок.

«Уругуң миң тукуму, Нарбото бийдин бир тууганы Ажибектин уулусуң. Шералы, сенин башыңа бак конгону турат, ошо бакты башыңан кетирбе» дешип, таң аткыча акылдашып, бир пикирге келишти. Шералыны кандыкка тымызын көрсөткөндөрдүн ичинде сырларын алгач бекем каткандар саруу менен багыштар болду. Келгендер менен кошо Шералыга ак тилек айтышып, бата кыла тымызын Кара-Буура ашуусун ашып, Чаткал, Афлатум, Аксы, Чус менен Коконго кетишти.

Кийинчерээк Токтоназар датканын кызы Жаркынайымды сандаган малдарын айдатып, жер котортуп үй-жайы менен Афлатумга — Аксыга көчүрүп алышты. Кокондо Шералыны кандыкка көтөрүүдө Сарымсактын байланыштыгы аркылуу кыргыз, кыпчак, тажик, өзбектер арасында колдоо тапты. Талашпаса бийлик кайда, ошентип Шералы 1844 — жылы Кокондо кан тактыга отурду.

Таласта тымызын сөз болгонун ошо кездеги сөз жеткиргендер Олуя — Атага айтышып, Токтоназар датканы карматышат. «Сенин үйүңдө жашыруун сөз болуп, күйөө балаң душмандык кылып, Коконду басып алды,»- деп, Олуя — Ата акими Шадманбек Токтоназарды барымтага кармап алышты. Коконго Шералы хан болгондо, Сарымсак Шералынын кан болгон күнүнөн баштап кан ордодо, бирден бир ишенген адамы болуп кала берди. Соно эжеси Шералыдан эки уул, эки кыздуу болгон, алар — Малабек, Сопубек, Аптаба, Маклар деген. Шералы экинчи аялы Жаркынайымдан — Абдырахманбек, Кудаяр, Султанмуратбек жана кызы Нарсүчү, Айжан, Саадатсүчү деген кыздуу болот. Акылман Жаркынайым көптөгөн ордо иштерине көзөмөл жүргүздү. Шералынын ордодогу иштерин жөндөп, күндөшү Сононун үкөсү Сарымсакты өз баласындай көрүп, ордонун эки ишин тең Сарымсак аркылуу башкартып турду.

Биринчиси ордо адамы деген даражада болсо, экинчиси даткалардын улугу деген наамга жеткирип, ордонун ички жана тышкы иштерин ал аркылуу башкартты. Ошол кезде даткалар бүтүндөй Сарымсак даткага түздөн — түз баш ийип, Шералы хандын оң колу болду. Кан сарайда көптөгөн иштерин Жаркынайым билди.

Сарымсак Кокондун кан сарайына шыр эле барган жок. Шералы кан болгонго чейин Наманган, Чус, Варзик шаарларына мезгили менен акимдик кылды. Барган жеринде дыйканчылык менен алек болуп, суу чыкпаган жерлерге суу чыгартты, какыраган талааларды суулуу айдоого, бакка айлантты. Өз апасы Калбү Чуска жакын жерде Жой Бөлөнттө арык чапкандарга башчы болду, арык казылып бүткөндө Сарымсак суу оутун курдуртуп бүткөндөн кийин, апасы Калбү ал жерде мураптык кызматты өтөдү. Сарымсак Варзик жерине бийиктиги тогуз метр болгон мунараны дубалчыларга урдуртуп, ошол жерге өзүнө үч кабат ордонун тамдарын салдыртты. Варзик — Чус менен Ала -Буканын тең ортосу. Сарымсактын үчүнчү аялы Кокондогу өзбек темир устанын кызы болгондуктан, чоюндан жасоочу усталарды алдыртып, үчүнчү кабатка төрт кулактуу чоюн казандарды уютуп жасатып, тамак жасоо үчүн очок куруп, экинчи кабатка меймандарды сыйлай турган ашкана, жатаканага жай болсо, биринчи кабатка жалаң көөлүктөрдү жайгара турган жай кылды, ал жерде төө, жылкы, качыр, эшектердин бекеттери болуп нары-бери каттагандардын эс алуучу жайына айланды.

Сарымсак ордого чакырылгандан баштап Шералы хандын бийлигинин бекемделишине зор иштер жасады. Бийлик үчүн күрөш тымызын жүрүп турду. 1844 — жылы Сарымсак Шералынын тушунда Кокондо «эшик ага» даражасына жетти, 80 миң кишиден турган лашкарлардын курамын түзүп, аларга башчылык кылды. Кыргыз, кыпчактардын ичинде Шералы хандын тушунда эки тараптуу бөлүп-жарылуу пайда болот. Кийин ал күчөп отуруп Алымбек датка менен Мусулманкул миңбашынын ортосунда ич ара келишпөөчүлүккө жетти.

Тактыга Кудаяр отуруп, 1844- 1858 — жылдары бийлигинин тушунда Сарымсак ордодо кандын барктуу оң колу эле. Кудаярды четтетишип, ордуна Мала кан тактыга отурганда, ордодо абройлуу адам катары дагы деле барктуу бойдон калды.Сарымсак датка 1858 — жылы ордодо сегиз адамга даткалык даражаны ыйгартты, алардын ар биринин кылган иштери, эмгеги бааланды. Ошондо Алымбек, Шер, Бешкемпир, Сарыбай, Стамбек, Шамурза, Момун жана Сарымсак кадыр-барктуу болуп турган.

Шералы хандын эки баласынын бири Кудаяр өзбектер тарапта болсо,Ташкенде аким болуп жүргөн баласы Малабек кыргыздар тарапты колдоп, экөөнүн ортосунда согуш жүрүп, Сарымсак, Алимбек, Кыдыр, Саид, Полот дегендердин колдоосу менен кыргыз, кыпчактар Малабекти Коконго салтанат менен киргизишип, кан көтөрүп алышат.

Кудаяр экинчи жолу такка келгенде кутумчулардын баштары алынат. Алымкул молдонун кармашы төрт жылга созулуп, кыргыз, кыпчактардын таламын абдан коргоду. Такка Абдырахманбек отурганда бардык бийлик Алымкулдун колунда болду. Алымкул Кудаяр такка келгенде, каршы туруп согуша берип, алардын айласын кетирди. Ошондо өзбек тарап, Алымкулдун талабына макул болуп, кайрадан тактан Кудаярды кетиришип, ордуна Мала кандын баласы Султансейитти отургузушат. 1863 — 1865 — жылдар ичинде ага Алымкул аталык болуп турду. Орустар келгенден кийин да баскынчыларга каршы күрөшүп, чыккынчылардын колунан каза болот.Такка Кудаяр үч келип, үч кетти.

Мала хандын бир жарым жыл хандык мезгили ичинде кыргыз, кыпчактарды ал дагы жакшылап барктап, кызмат ордунан көтөрө албагандыктан, ордого табып аркылуу уурданып киришкендер Алымбек, Керимберди, Кыдырлар Мала хандын башын кыя чабышып, ордуна Малахандын уулу Султансейтти отургузушту, андан барып Абдырахманбектин уулу Шамуратбекти такка отургузушат. Так талашкандар аны да жайлап, тактыга кайрадан Кудаяр келди.

1862-, Кудаяр экинчи жолу бийликке келип, биротоло өзбектер тарапка өтүп, кыргыз, кыпчактардын айла — амалдарын кетире баштаган. Сарымсак даткага кутум уюштурушуп, кутумчулар Сарымсактан кутулуунун айла — амалын издешти да Кудаяр ханга жаман көрсөтүшүп, даргага асууга өкүмүн чыгартып, мөөрүн бастырышты.

(Уландысы кийинки санда)

Кайнарбек БИЙЛИБАЕВ, “Назар” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 05.03.2010-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий