Аптадагы жети күн жана айлардын аттары

Элде ант берүү көрүнгөн эле күнү, көрүнгөн эле адамга бериле берген эмес . Ант достошуу учурунда өзүнчө, уруш чабуул мезгилинде өзүнчө, дубан топтолуп чоң курултай өткөн колунда бийдин, бектин анты өзүнчө, сүйүү, махабат, шаң-салтанаттардагы ант өзүнчө, эл башына күн түшкөндөгү баатырдын анты өзүнчө, элин багуудагы берген ант өзүнчө атайын белгиленген күндөрдө жалпы дубанга жарыя кылынган!

Ошого байланыштуу ар бир күндүн аты башка, ар бир айдын оту башка деп, эл өзү аптадагы жети күндү өз-өзүнчө салтка карап шаанисин түзгөн.

Дүйшөмбү. Дүйнөнүн бүткөн күнү, аалам жаралган, пайда болгон күн. Бул күнү үйдөн үйгө көчсө жакшы жышаан. Эгерде кулак кычышса, үйгө киреше маарыйт. Оң көз тартса, сары убайым-санаадан арылып, жакшылык жаайт. Ушул күнү жуучу түшүп, нике кыйылса, жакшы жышаан. Жакшы тилек менен иш жасаган адам ниетине жетет. Бул сапарга таң куланөөк салганда чыккан жакшы. Күн Чыгыш беттеп сапар жүрүүгө болбойт. Ушул күнү кандайдыр бир изги тилек менен үлгүлүү иш баштаса, үй тургузууну баштаса, чачын, тырмагын алдырса жакшы жышаан. Мейманкерчиликке баруу да жөндүү болот.

Шейшемби. Бул күнү кийим бычып-тигүүгө болот. Тигилген кийимди ошол күнү кийсе болбойт. Анткени ушул күнү тигип кийген кийим сөзсүз өрткө кабылат деген түшүнүк бар. Тырмакты, чачты алса да болбойт. Түрдүү ооруга чалдыгуусу мүмкүн. Кулак кычышса, көз тартса сөзсүз садага берүү керек. Бул күнү жуучу түшүүгө, нике кыйууга болбойт. Бир жакка сапар жүрсө шашкеде чыккан дурус. Түштүк багытына сапар жүрүүгө болбойт. Ата-энеден жалгыз туума болсо, ушул күнү сапарга чыкпоосу ийги.

Шаршемби. Бул күнү бир үйдөн экинчи үйгө көчүп кирүүгө болбойт. Ошол көчүп кирген үй кырсыктуу болуп кара жолтой аталып калуусу мүмкүн. Ушул күнү жаңы кийимди бычып тигип кийсе өтө жакшы. Чач, тырмактарды да алса болот. Ушул күнү кулак кычышса, да үйгө киреше кирет, оң көз тартса бөтөн жерге жалоочулап сапар тартат. Бул күнү сапарга таң супасында чыгып кеткен дурус. Жуучуга барып кудалашса, нике кыйса боло берет. Ушул күнү төрөлгөн перзентке каалагандай ысым койсо жараша берет. Төрт тараптан оомат келүүчү, ар кандай жакшылыктарга жарчы болоор жеңил күн деп саналат. Ошол себептүү, ушул күнү малды биттөө, түрлүү оорууларды тескеп кароо жагымдуу болот. Ушул күнү бойго жеткен кызды өз түгөйүнө узатуу салтанаты болсо андан жакшы.

Бейшемби. Бул күн ак төөнүн карды жарылган береке, молчулуктун, токчулуктун күнү. Ушул күнү ай дагы, күн дагы катуу тутулат. Түрдүү кырсык, оору, өлүм ушул күнү өтө көп болот. Ушуга карап азык-түлүк, сарамжалын шай кылуу зарыл. Жаан-чачын да орточо абалда болуп турат.

Жума. Бул күнү ободо Чолпон жылдызы ээлик кылат. Бул күнү жамгыр нөшөргө айланат. Бала-чаканын ден соолугу жакшы болот. Элде азык-оокат, кененчилик болот.

Ишемби. Бул күнү көчүп-конуу жакшы жышаан. Жаңы кийим кийген жакшы, көпкө турбай тез жыртылат. Кулактын ушул күнү кычышуусу — жылуу кабардын жышааны. Оң көздүн тартуусу да жакшылыктын белгиси. Дал ушул күнү чоң-чоң иштерди баштаса өнүмдүү болот. Анткени иштин башы ишемби деген сөз бекер жеринен айтылган эмес. Ушул күнү иш баштаса, соода-сатык жакшы жүрөт. Эгерде сапар жүрсө, бешимден кийин жолго чыксын.

Жекшемби. Жаңы кийим бычып-тигип кийсе жакшы жышаан. Кулак кычышса, конок күтүлөт. Оң көз тартса, чоң олжого туйтунат. Үйдүн ичин тазалоо зарыл. Арбактар ушул күнү үйгө байырлап, түрдүү кырсыктардан арылтат. Алыс сапар жолго чыкса, сарт бешимден кийин камынса дурус. Жаңы үйдүн жерпайын бул күнү түптөөгө болбойт. Бул күнү жан жыргатып эс алганга не жетсин!

Эмне үчүн кыргызча ай аттары жаныбарлардын атынан аталган? Кыргызча ай аттарынын бешөө: (март — жалган куран, апрель — чын куран, май — бугу, июнь — кулжа, июль — теке) жаныбарлардын аттары менен аталган. Куран — эликтин эркеги, ал эми ургаачысы телки делет. Курандын мүйүзү кышында түшүп, ала шалбырта кайрадан өсө баштайт. Мартта анын куран же телки экенин алыстан ажыратууга мүмкүн эмес болот. Апрелде болсо мүйүзү кадимкидей сороюп өсүп калгандыктан, ал алыстан эле таанылат. Ал эми май айында бугулардын, июнда кулжалардын, июлда текелердин эркектери ургаачыларынан бөлүнүшүп, өздөрүнчө үйүр курашат. Ошондуктан, кыргыз эли айларды жаратылыштын ошол өзгөчөлүктөрүнө жараша жогоркудай атап алышкан.

«Кыргыз Web» сайтынан алынды

Соц тармактар:

Добавить комментарий