«КЫРГЫЗ ЖЫЛКЫСЫ – УЛУТТУК БАЙЛЫГЫБЫЗ»

26-002Кыргыз элинин жашоосун жылкысыз элестетип болбойт. Көчүп-конууда, мал кайтарганда, жортуулга чыкканда, кыскасы, азыркы унаанын ролун аткарган. Кыргыз жылкысын аздектеп, дүйнөгө таанытууну максат кылган Алмазбек Акунов асыл тукумдарды сактап калуу тууралуу айтып берет.

«КЫРГЫЗ ЖЫЛКЫЛАРЫ ТАРЫХТА…»
– Жылкы баласы кыргыздардын турмушунун ажырагыс бир бөлүгү болуп эсептелинет. Бардык малдардын ичинен кыргыздар жылкыга чоң көңүл бурушкан. Минсе унаа, ичсе кымызы баа жеткис суусундук, жесе эти пайдалуу азык. Жоокердик заманда кыргыз жоону кууса жетип, жоодон качса жанын аман сактаган. Көчмөн кыргыз жөө баскан эмес.

Элибиздин бардык оозеки чыгармаларында сөзсүз жылкы жөнүндө сөз болот. Мисалы, “Манас” эпосун алсак, баштан-аяк баатырлардын эрдиги менен тулпар аттардын күлүктүгү, чаалыкпастыгы баяндалат. Чоң казатта Аккула окко учканда Манас атабыздын жаны кейип, дүнүйөсү тарыганын билебиз.

Илгери аламан байге сайылган чоң ат чабыштар болуп келгенин көптөгөн маалыматтар айгинелеп келет. Аздектеп баккан кыйын чыкма күлүктөр ээлерин маңдайларын жарылта сүйүнтө алышкан десек туура болот. Кийинки эле жүз жылдыкты алсак, Байтик баатырдын ашында ат чабышка 100 төө, 1000 кой, 25 жылкы сайылган экен. Кеминде өткөн Шабдан баатырдын ашында 5000дей мал, атагы чыккан Ысык-Көлдөгү бай Муратаалынын ашында баш байгеге 1000 жылкы сайылыптыр.

«КЕЗЕГИНДЕ ДҮЙНӨГӨ АТЫ ЧЫККАН»
– Кыргыз жылкысы көптөгөн башка жылкы породаларынын ичинен өтө чыдамкайлыгы, чаалыкпастыгы, айрыкча туягынын бекемдиги жана катаал шарттарда да тукумун улап кеткендиги менен айырмаланат. Мисалы, тоют тартыш болгон мезгилде көпчүлүк породалар көтөрүм болуп баспай калышат. Ал эми кыргыз жылкылары мындай учурду күчтүүлүгү, чыдамкайлыгы менен талаадан оттоп болсо да жеңип чыгат.

Айрыкча тоонун өр, тик жана кыя беттеринде тез, ташыркабай жакшы басат. Кыргыз жылкысы кезегинде дүйнөгө аты чыккандыгын айтпасак болбойт. Бул маалыматты чет элдик интернет булактарында кыргыз жылкысы жөнүндө жазылган жакшы сөздөр тастыктайт.

1913-жылы Николай падышанын уба­гында Алматыда айыл чарба көргөзмөсү болуп, ар кайсы элдин кү­лүктөрүн сынаган ат чабышта биринчи болуп Көк­кашка кыргыз күлүгү келген.

Бүгүнкү күнү Кыргызстандын аймагында ошол байыркы жылкыларга окшош жылкылардын азы эле калган.

26-003«ЖОГОТУУЛАР»
– Биринчи жоготуу.
1898-жыл­дары орустар кыр­гыз жылкысынын жаңы породасын алып чыгабыз деп, башка жалакай англис, дон, орус таскактуу жылкылары менен аргындаштырышкан. Ал жаңы кыргыз жылкыларынын дайыны кыска убакыттын ичинде эле чыкпай калган. Башкача айтканда, туруксуз порода экени далилденди. Убагында жаңы кыргыз жылкылары бойлуу, сымбаттуу күлүк болуп, жакшы ийгиликтерди жараткан. Бирок бул көрүнүш Советтер Союзунун учурунда көп каражат жумшоонун күчү менен кармалып турган. Союз кулагандан кийин бул порода жоголуп кеткен.

Экинчи жоготуу. 1916-жылга туш келет. Үркүн убагында кыргыз жылкыларынын көбү ачкадан кырылган. Колго тийгени, аман калганы менен эл Кытайга барып келген.

Үчүнчү жоготуу. Ата Мекендик согуш учурунда элден жалы төгүлүп, куйруктары кучак болгон мыкты айгырларды тандашып согушка алып кетишкен.

Төртүнчү жоготуу. Советтер Союзу тарап, эл эмне кыларын билбей далбастап калганда, жакшы жылкылардын баары союлуп сатылып кеткен. Мына ушул өңдүү окуялар менен кыргыз нукура жылкысы чоң жоготууга учураган.

26-004«АЛЫСКА ЧУРКООДО БИЗДИН ЖЫЛКЫЛАР АЛДЫҢКЫ ОРУНДА»
– Мен кыргыз жылкыларын издөө максатында Кыргызстандын Чүй, Ысык-Көл, Талас, Нарын аймактарында болуп, анализ жасаганымда кыргыз жылкылардын сапаты абдан төмөндөгөнүнө күбө болдум. Бирок алардын тышкы белгилери сакталып калган. Бул жылкылар айрыкча Нарын облусунун тоолуу аймактарында кездешет.

Учурда Кытайдагы, Тажикстандагы жылкы баккан кыргыздар менен байланыш түзүп, өзүбүздүн миң жылдардан бери келе жаткан жылкыбыздын сапатын жакшыртууга толук мүмкүнчүлүк бар. Керек болсо нукура кыргыз жылкыларын асыраган мамлекеттик завод түзсө болот. Анткени кыргыз жылкысы – улуттук байлыгыбыз. Азыр англис, араб, түркмөн, орус жылкыларын багып башканы таң калтыра албайбыз. Жогоруда аты аталган жылкылар аз чакырымга чуркап биринчи чыкканы менен, алыска чуркоодо кыргыз жылкыларынан калып калат.

1939-40-жылдары чоң атамдын Сарала жоргосун колхоз кызматтык ат кылып алган. Бир жолу колхоздун бир милиция кызматкери Сарала менен Ысык-Көл районунун Чоң-Сары-Ой айылынан чыгып, кеч бешимде Тоңдогу Бүркүт айылына эл жатарда келген. Бул аралык 160-165 чакырымды түзөт. Буга окшогон фактылар санай берсек абдан көп. Кийин согуш башталганда жогоруда саналган аттарга окшогон кыйын чыкма жылкылардын баарын аскерге колдонгону алып кетишкен.

«АСЫЛ ТУКУМДАРДЫ ОЙЛОГОН ЖАКЛИН РИПАР»
– Кыргызстанда көп жылдардан бери кыргыз жылкыларына изилдөө жүргүзүп иштеп жаткан француз айымы Жаклин Рипар бар. Бүгүнкү күнү асыл тукумдун келечегине кам көрүп, аны популярдуулукка алып чыгам деп көп аракеттерди кылып жүрөт. Бирок бир аялдын колунан эмне келмекчи? Ал киши кыргыздарга жана кыргыз өкмөтүнө абдан нааразы болуп жүргөн чагы. Биздин кыргызды кыргыз кылып миң жылдан бери жонуна көтөрүп жүргөн асыл жаныбарды коргоп калбаганыбызга ичи ачышып жатат. Мен дагы бул ишке күйүп-бышып аракет кылып, Нарын, Ысык-Көл аймактарынан тандалма кыргыз бээлерин бир үйүргө топтоп, аларды Тоңдун сыртында табигый шартта асырап жаткан учурум. Алайлык, кытайлык кыргыздар менен байланыш түзүп, жылкылардын канын алмашууну көздөөдөмүн. Эң башкы максатым – илгерки жоого минген жылкыларды алып чыгуу. Аталарыбыз минген атты тирилтүү. Эми бул ишти өкмөт ойгонуп колдосо жакшы.

26-005КЫРГЫЗ ЖЫЛКЫСЫ

  • Жал-куйругу өтө узун эмес.
  • Моюну жоон.
  • Башы чоң жана салмактуу.
  • Буттары кыска, булчуңдуу, туяктары бекем.
  • Көкүрөгү кең.
  • Айгырларынын бою 140-155 сантиметр болсо, бээлердики 138-142 сантиметр.
  • Өңү буурул, кара, тору, сарала, карала, чабдар, көк, ак-боз болот.

КЫРГЫЗ ЖЫЛКЫСЫ ҮЧҮН КҮЙГӨНДӨР
Белгилеп кетүүчү нерсе, жылкы боюнча чет элдик адистер Гардер 1873-жылы, Фирсов 1895-жылы, Безвуглый 1914-жылдары «нукура кыргыз жылкыларынын породасын сактайлы. Кыргыз жылкыларын жакшы шартта баксак, аскердик согушта минүүгө жарачулар чыгат» деп иш башташкан. Бирок бул адистердин пикирин башка жылкы адистери четке кагып, аргындаштыруу жолуна өтүшкөн.

Сүйүн Кулматова, koom@super.kg, №384 12-18-март, 2010-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий