Манасчылар

Улуу Манас — бул байыркыны, кечээкини, бүгүнкүнү, эртеңкини туюндурган бир бүтүндүк. Андыктан:

Алтындай сөздү куюлткан,
Айкөлдү айтып туюнткан,
Шекердей сөзүн куюлткан,
Шерлерди айтып туюнткан,
Элирип айтып киргенде,
Табиятты кубулткан,
Обондон жамгыр куюлткан,
Күн-түндөп айтып «Манасты»,
Айрандай элди уюткан

манасчылар жөнүндө сөз кылмакчыбыз.
Байыркы манасчылар: Ырамандын Ырчы уулу, Жайсаң ырчы, Токтогул ырчы, Келдибек Карбоз уулу, Балык Кумар уулу, Акылбек ж.б.

Манас бир өлгөндө, Балык бир көчкөндө Талас ичи ээнсиреди
Балык Кумар уулу
Өз мезгилинин эң күчтүү манасчыларынын бири Балык Кумар уулу 1799-жылы Талас өрөөнүндө туулган. Балык 1887-жылы 88 жаш курагында Чүйдө кайтыш болгон.

Түш көрүүсү
Талас өрөөнүнөн Кокон хандыгына салык, зекет үчүн төлөнгөн койлорду айдап баратып, бороон болуп Манастын күмбөзүнө конуп калышат. Ошондо Балык түш көрөт. Ага Манас чоролору менен жолугат. Бир аксакал киши:
— Ой, Бекмурат, бизди тааныбайсыңбы? — дейт.
— Көргөн жок элем, бирок болжоп турам, — дейт Балык.
— Эмесе, ошол болжогон кишиң бизбиз. Биздин турук кылган үйгө кирип калыпсың. Токтогул деген ырчы бизди айткан. Сен да бизди аныктап айтып көрсөт. Оозуң, көзүң балыктыкына окшош экен, сенин мындан кийинки атың Балык болсун. «Манасты көрдүм, сүйлөштүм, аныктан анык» деп айт. Эми биз кетебиз… Кабакка барсаң, бир тоголок тору бышты ээр-токуму менен бутунда чидер салынып турат. Биз ошону сага бердик.

Андан соң Бакай Манасты, кырк чорону тааныштырат. Ошондон кийин атчандар шарт коюп жүрүп кетишет. Ошентип Манас даарып кеткенден кийин Бекмурат Балык атка конот да, Манас айта баштайт.
Кадыр-баркы

Кумар уулу Балыкты Талас эли өтө баалаган. Ал өз кезегинде Ажыбек датка, Бүргө баатырлар менен эл бийлеген даражага да жеткен. Атагы таш жарып, кыргыз элинин булуң-бурчуна тараган. Солтонун манабы Байтик жигиттерине беш төө коштотуп, Ажыбек даткадан Балыктын Чүйгө көчүп келүүсүн өтүнгөн. Ошондо Балыктын ажырашаягы үч айга созулуп, эл менен ырдап коштошот. Анда да элди кыя албай, жүгүн түшүрүп бир жылга көчпөй токтоп калат. Байтик экинчи жолу беш төө жетелетип Ажыбек даткага тартуу кылат. Ошондон кийин гана Балык Чүйгө көчүп келет. Чүй эли Балыкты атынан айтпай, аба деп кадырлаган. Өргөөсү Байтиктин үйүнөн бийигирээк жерге тигилген. Ар кандай иштерди Байтик Балык менен кеңешип чечкен. Талас эли «Манас бир өлгөндө, Балык бир көчкөндө Таластын ичи ээнсиреди» деп айткан.
Кечээги манасчылар:
Сагынбай, Саякбай, Шапак, Молдобасан, Мамбет, Акмат, Дүңкана, Шаабай, Кааба ж.б.

Манасчылардын Манасы — Сагынбай
Сагынбай Орозбаков
Кыргыз элинин залкар манасчысы Сагынбай Орозбак уулу 1867-жылы Ысык-Көлдүн күңгөйүндөгү Кабырга деген жерде туулган. 1930-жылы ата-бабасы жашап өткөн Кочкордо кайтыш болгон.

Түш көрүүсү
Сагынбай козу кайтарып жүрүп түш көрөт. Бир аксакал карыя: «Ач оозуңду, балам, алтын шилекейимен чачыратайын. Мындан жаман болбойсуң» дейт. Бала коркуп оозун ачпайт. Карыя: «Манас айткың келеби?» дейт. Бала сүйүнүп кетип: «Ооба» дейт. Ошондо тиги аксакал кумга, шилекейге окшогон нерсени Сагынбайдын оозуна куюп жиберип көздөн кайым болот. Ошондон баштап Сагынбай Манас айта баштайт.
Сагынбай жөнүндөгү пикирлер:
Эл оозунан:
«Сагынбай «Манас» айтып кеткен жерден мал оорулары, адам оорулары жоголуп, төрөбөгөн аялдар төрөчү экен».
«Бир жылы Чүй өрөөнүндө «Манас» айтып жүрүп төрт жүз кер кашка жылкы айдап келиптир».
«Сары-Чүйдүн кум казактарынын ырчылары менен жолугушканда тигилер «биздин казак-кыргызда мындай олуя ырчы жок» дешкен экен».
«Сагынбай манасчылардын Манасы эле».
«Сагынбайдын ар бир сөзү — бир аттык»
Токтогул: «Кыргыздан мындай манасчыны эч көргөн эмесмин, эстен тандым».
Молдобасан: «Акындык жагынан ага тең келген күчтү көргөн эмесмин, биз анчейин анын баласы катарындабыз».
Ыбырайым Абдырахман уулу: «Семетейдин Коңурбайдан кун кууган урушун айтканда жөн эле эсим оогон».
Алыкул Осмонов: «Сагынбай Орозбаков-дуку болбосо анда калгандары бизди «Манас» эпосунун күчүнө мынчалык таң калтыра албас эле. Сагынбайдын сөздөрү башкалардыкынан бөлүнүп турат. Сагынбайды окуп туруп башкалардыкына келгенде, төрт катар үйдөн бир катар үйгө түшкөндөй ылдыйлайсың… Өзүбүздү көтөрбөй айтканда… Сагынбай Орозбаков да Пушкин, Толстой, Данте, Шекспир сыяктуу таң калтыруучу күч болуп эсептелет».
Чыңгыз Айтматов: «Сагынбай өзүнчө бийиктелген аскар тоо. Бул бир ааламда укмуш жаралган уникалдуу талант. Балким, эч убакта кайталанбас руханий көрүнүштүр».

Бүгүнкү манасчылар:
Уркаш, Назаркул, Асанкан, Талантаалы, Салимбай, Рыспай, Замирбек, Самат, Дөөлөт, Улан ж.б.

Манас — карарган эл болуп, бүркөлгөн кара жер болуп…
Дөөлөтбек Сыдыков
Манасчы, 1983-жылы Ысык-Көл облусуна караштуу Тоң районундагы Шор-Булак айылында төрөлгөн. Республикалык, эл аралык фестивалдардын лауреаты.

Түш көрүүсү
13 жашынан баштап «Манас» айта баштаган. Түшүндө Саякбай ата келип: «Минтип айтып жүр» деп, өзү айтып көрсөтүп берет. Ошондон кийин Саякбай түшүнө удаа-удаа кирет. Дөөлөт мал кайтарып жүрүп, ат үстүндө манас айта баштайт. Кийинки бир түшүндө чексиз мейкиндикте тоо-таш, карагайлуу жайлоодо турганын көрөт. Анан кулагына кандайдыр бир үн угулуп: «Кана, айтчы, Айкөл Манасты көрүп атасыңбы?» дейт. Айланасын караса эч ким көрүнбөйт. Баягы үн кайра кайрылып: «Жакшыраак карабайсыңбы, турбайбы!» дейт. Анда да эч кимди көрө албайт. Көрсө, Манас дүйнөсү көз алдында чагылдырылган мейкиндиктей керилген, көк асмандай кенен уч-кыйырсыз экен. Айкөл карарган эл болуп, бүркөлгөн кара жер болуп турган тура. Баатырдын турпаты айтылгандай эле бар экен. Колду аралап жалгыз баратыптыр. Жакындап келгенде бир көрөт, бирок бат эле узап кеткендиктен даана көрө албай калат.

Дагы бир түшүндө Тал-Чокудан төрт баатырды көрөт. Көлдүн тескей тарабында, Тоңдун тушунда калың эл тоонун боорунда жайылып отурушат. От жагылып, казан асылып, эт бышып жатат. Аңгыча кыбыла тараптан төрт баатыр келет. Астындагы минген тулпарлары тигил тоонун башынан бу тоонун башына бир өтүп, туяктары чокуларга тийип-тийбей келе жатты. Бир маалга аларга кошулуп, ал да жөнөйт. Ошентип отуруп, Тал-Чокунун башына чыгышат, төмөн жакта агып жаткан үч дайранын куймасын көрсөтүшөт. Дайранын аттарын да атап беришет. Дайралардын ар жагы түзөң болуп, майда бөксө тоолор мунарык тартып турат. Алар бир кыйлага Кытай тарапты карап турушат.

Даярдаган Бакыт АБЫЛОВ, «Көк Асаба» («Кыргыз гезиттер айылы»), 02.03.2010-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий