Кооздукка бөлөп көрктөгөн,/Кол өнөрчү, зергерлер…

Кыргыз сүрөт искусствосунун бир тармагы болгон жасалга кол өнөрү элибиздин эзелтен берки көчмөндүү турмушуна терең сиңип, калыптанган. Алардын көпчүлүгүнүн орду бүгүнкү күндө музейлерде экспонат катары гана сакталып калган. Бул жаатагы искусствону жаңы турмуштун талабына ылайыктап, улуттук колоритин бузбай кайрадан иштеп чыгуу милдети ар кимдин эле колунан келе берчү нерсе эмес. Шаарыбызда бул тармакта чыныгы улутман сезимге ээ «Келдике» зергерлер жеке ишканасы жана «Беш күрөң», «Тумар» кол өнөрчүлөр ишканасы алектенип келет.

Сапара Мамбетова, «Беш күрөң» кол өнөрчүлүк коомунун жетекчиси: «Отуздан ашык сайма коллекциям бар»

Сапара айым, кол өнөрчүлүктү аркалооңузга ким түрткү берди?
Бала кезимен эле курак куроо менен кызыкчумун. Тайэнем өзүнүн убагында чебер, уз адам болгон. Ал аркылуу мага кол өнөрчүлүккө, курак менен алектенүүгө болгон кызыгуу, сүйүү келди.

Бул тармакта атайын ишканаңыз бар экен, аны неге «Беш күрөң»- деп атадыңыз?
Мен «беш күрөң» уруусунун кызы болом. Ата-тегим ошол беш күрөң уруусунан, ошол себептен ушул аталышты тандадым. Ал эми «Беш күрөң» коому тууралуу айта турган болсом, унутулуп келе жаткан кыргыз кол өнөрчүлүгүн кайрадан жандандыруу үчүн ачылган.

Кийиз, жүн, кездеме ушул өңдүү сырьёлорду кайдан аласыздар?
Негизинен айылдан алып келебиз. Аял заты колунан бардык нерсе келген керемет жан болот эмеспи. Биздин сырьёлорду айылдагы чебер, уз кыз-келиндер жасап беришет.

Оймо- чиймелерге кандайдыр бир жаңылануу киргиздиңиздерби же ошол боюнча өзгөртүүсүз колдоносуздарбы?
Илгерки оймо чиймелерге таянабыз. Ошол жактан негизги идеяны алып, учур талабына ылайыктап, жаңыча түс, өң берип келебиз. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып,баарынан да Чочунбаева Динара эжеге чоң ыраазычылыгыбызды билдиришибиз керек. Себеби, ал эң биринчилерден болуп кыргыз кол өнөрчүлүгүн изилдеп баштаган. Аны менен бирге «Кыял» бирикмесинин негиздөөчүсү болгон Клавдия Антиплинага да чоң рахмат. Орус улутунан болгонуна карабастан кыргыздын унутулуп келе жаткан үлгүсүн кайрадан жандандырды. Мындан 10-15 жыл мурда кыргыздын улуттук кийимдерин кийгенден уялып, алтургай кыргыз үрп-адаты такыр эле жоголуп бара жатпады беле. Ал эми учурда, кайрадан акырындык менен калыптанып келатат.

Дегеле кол өнөрчүлүктүн кай тарабы сизге жакын?
Мен өзүм курак боюнча устатмын. Эл аралык көргөзмөлөргө катышып келгем. Учурда сайманы изилдейм. Сайма коллекциям отуздан ашып калды.

Кыргызстандан тышкары кайсы өлкөлөрдө көргөзмөлөргө катышып келдиңиз?
Америка, Сауд- Аравия, Франция, Италия өлкөлөрүндө болуп өткөн көргөзмөлөргө катышып, кыргыздын буюмдарынын өкүлү болуп келдим. Сауд- Аравия мамлекетинде болуп өткөн конгресске катышып, «Кыргыз саймасы» тууралуу доклад окуп, сыйлыкка ээ болуп кайткам.

«Ачык саясат» («Кыргыз гезиттер айылы»), 16.03.2010-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий