Тилдеги жаңы-эски сөздөр

Биз журналист Эсенбай Нурушев менен кыргыз тили жөнүндө талкууну улантабыз. Маектин буга чейин бөлүгүн мына бул жерден окуңуз:

Анан төмөндө маектин уландысын окугандан кийин, өзүңүздүн пикириңизди да калтырууну унутпаңыз. Кыргыз журналистикасында кыргыз тили кандай колдонулуп жатканы жөнүндө Эсенбай агайга суроо болсо, жазгыла. Келеркисинде жооп алганга аракет кылам.

* * *
— Бирок эски сөздүктөрдүн азыркы практикага пайдасы тиеби? Азыр заман башка, доор башка, алардан көрө учурга ылайык сөздүктөрдү чыгарышпайбы деп айтчулар да табылышы ыктымал.
Буларда баарыдан мурда сөз жатат, сөздү аңтарсаң тарых чыгат. Кашгариде, маселен, отуз чакты элдин аты аталган, алардын арасында башгирт, хыргыз, уйгур, хытай бар, калгандары азыр жок. Ал эми орхон-енисей жазмаларында азыркы биздин тилдеги сөздөр жайнап жүрөт, айрым сөздөр, атүгүл айтымдар ошол формасынан бузулган эмес: түн, күндүз, үчүн, кара теримди төктүм, кызыл канымды жүгүрттүм ж.б. Ушундан улам аларга салыштырып, кыргыз сөздөрү кантип өзгөргөнүн, бир түшүнүктү экинчи түшүнүк кантип сүрүп салганын, кыскасы, бери жагы үч, ар жагы он кылым ичинде тилде кандай процесстер болуп өткөнүн байкаса болот.

Маселен, «китеп» деген сөздү алалы, аны Радлов менен Томсен чечмелеген орхон-енисей тексттеринен таппайсың, «Манаста», атүгүл Белек Солтоноевде деле сейрек кезигет. Радлов менен Кашгариде «битик» деп жүрөт, бу сөз азыркы тилде да бар. Буга караганда «битиктин» ордуна «китеп» деген түшүнүк өткөн кылымдын башталашында кыргыздар арап алфавитине өткөндөн кийин гана активдүү колдонула баштаган көрүнөт.

Мындай мисалдар көп. «Нанды» көк түрктөр «чурек» дешкен экен, бу сөз ушу маанисинде жана формасында, Төрөкул, мына силер жакта – Лейлек, Баткен тарапта ушу күндө да айтылат турбайбы. Демек, «нан» да бизге Кашгаринин заманынан кийинчерээк кирген болуу керек. «Улут» деген сөз жөнүндө да ушуну айтса болот, бу сөз да орхон-енисей тексттеринде жок, бирок элдик дастандарда, «Манаста» жакшы эле жолугат. Орхон-енисей жазмаларында «будун» деп жүрөт, бизде бу сөз азырга чейин айтылат. Мындан улам «улут», «улус» (улс) деген түшүнүк монгол жапырыгынан кийин кирген сыяктанат. Дегеле азыркы кыргыз тилиндеги монгол сөздөрү «тарыхый курагы» жагынан өзүбүздүн көп көөнө сөздөргө, айталы, ошол эле «будунга» караганда кыйла эле жаштык кылат. «Будундун» онтогенезин болсо шумерлердин «удун» – орун-очок деген сөзүнөн чыгаргандар бар.

Мынча болуп калды, Төрөкул, ушул темага байланыштуу азын-оолак кеп: биздеги «эмне» деген сөздүн түпкү тегин да териштирип көрсөк, аны «не ме» деген сөздөн тапкан пикирлердин негизи бардай сыяктанат. Азыр деле кыргыздар «не-мне», «не-мине» деп көп айтышат. «Эмне» — ошонун адабий нормага салынган эле түрү. «Не ме» деп болсо байыркы шумерлер айтышкан экен.

Кыргызда «үт» деген да сөз бар, жарыкты, күндүн шооласын билдирет. «Үйгө үт киргенде, желинге сүт кирет» деп коюшат. Мылтыктын ок чыккан тешигин да «үт» дешет. Мындан тышкары илгери колго түшкөн душманды үтүнө кыл сойлотуп кыйнаганы эпостордо айтылат. Ушул «үт» да шумерлердин «уд» деген сөзүнөн калган дешет, күндү, жарыкты алар «уд» дешкен экен. Кыргыздын «уй», «үй» деген сөздөрүнүн түпкү уюгу да ошол замандарга кетет деген жосмол бар. Же «урук» дегенди алсак, шумерлердин негизги шаары Урук аталган. «Манаста»: «Кезиккен жерин кент кылган, кездешкен жоосун мерт кылган», — деген саптар бар. «Кент» (шаар) дегенди кээ бирөөлөр байыркы фарсы сөзү, айрымдары көөнө түрк сөзү дешет. Бирок мындан үч миң жыл мурда «хенти» деген эл болгон, бу сөздү ирандыктар ошолордон алып, алардан түрк элдерине өткөн болуу керек деген божомол бар.

Албетте, жанында турбаган соң мунун баары так ушундай деп тарс эткизе бүтүм чыгара салганга болбойт, бизди түз эле шумерлердин урпактары кылып көрсөткөн да осолдук болмок. Ошол эле учурда биздин көп сөздөрдө тээ байыркы доорлордун шоорат-шобурту жатканы талашсыз. Анын үстүнө мындай окшоштуктар өтө эле көп. Илимде айтылгандай, окшоштуктар көп болгон жерде мыйзамченемдүүлүк башталат.

— Көөнө сөздөр кыргыз тилинде канчага барат?
Аларды санжаптап санап чыккан эч ким жок, улуттук тилдеги бардык сөз эки жүз миң, эки жүз элүү миңге барат деп жүрүшөт. Ошонун баары эле активдүү колдонулбайт. Анын үстүнө көөнө сөз менен эскирген сөздөрдү айрымалап билгендер аз. Түшүнбөгөн сөздүн баарын эле эски, керектен чыккан деп эсептей беришет. Тигил же бул сөз эскириш үчүн биринчи кезекте ошол сөз туюнткан буюм, зат, көрүнүш, кубулуш же түшүнүк өзү жоголушу керек. Мисалы, кайра эле «Манаска» келели. «Сакалат менен тарсасы, келген экен бул колго ынды менен калчасы». Бу жерде тарса – христиандар, несториандар; ынды-индустар, калча болсо тоодо жашаган фарсылар, ал эми «сакалат» деген «саклаб» дегендин өзгөрүп калган түрү дешет. «Саклаб» Гардизиде (XI кылым), андан эки-үч кылым илгерки арап жазмаларында жүрөт, ошолордун баарында кыргыздардын башчысы саклаб деп көрсөтүлөт, саклаб — славян дегени.

Булардын баарын лексикалык активдүү айлампага салыш кыйын, бирок айрымдары, мисалы, «тарса» колдонула баштады. Дегеле кайсы эл болбосун, жаңы түшүнүктөрдүн баарын асмандан албайт, мисалы, компьютер деген түбү барып computo деген эски латын сөзүнөн алынган, Оксфорд сөздүгүндө анын жаңы түшүндүрмөсү 1897-жылы, ал эми азыркы мааниси мындан 60 жылдай мурда эле катталган.

Ошол эле «Манастан» дагы бир үзүм сөз: «Көк күбө соот тон кийген, көгала сындуу ат минген», -деген бар. «Күбө» дегенди азыр көбү түшүнбөйт, а чындыгында бул азыркы «бронжилеттин» эски замандагы үлгүсү болгон. Урушка кийе турган этеги узун сырт кийимди айтышкан экен. Фирдоусинин Шах-Намесинде ал «каба» болуп жүрөт.

— Ошондо «бронежилетти» кыргызча «күбө» деп алсак болобу?
Менимче, болот. А эгер болбойт десе, анда аны «окжелет» деп алганга эмнеге болбосун. «Көк баркыттан желеткең, көп бозойду дегдеткен», — деп элдик секетпайларда ырдалат. Желетке – жеңи жок чыптама, бешмант. Бул сөз өзү деле орустарга чыгыштан кирген.

— Азыр жаңы сөздөр жамгырдан кийинки козу карындай эле жамырап кетти. Айрымдары жөндүү көрүнөт, бирок көбү, орустар айткандай, «дешевый креатизмдей» таасир калтырат. Сизге кандай бу жагы?

Сенин сөзүңө толук кошулам, тил деген азыр арзан атак алуунун каражаты болуп калды. Өзгөчө өз атын жөндөп жаза албаган кээ бир депутаттардын демилгелерин угуп отуруп, астапылда деп жакаңды кармайсың. Калган жазмакерлер журту деле алардан калышпайт. Жакында бир-эки гезит келип калган экен, карап көрсөм «азиат улутундагы адам» деген айтым үч-төрт жерде жүрөт. «Азиатской национальности» деген азиялык улуттардан деген эле кеп да, андан «азиат» деген жаңы улут жасагандын кереги жок, андай улут жок.

Мындан да кызыктар бар. Орустарда «опорочить честь» деген бар, ошону биздин кээ бир чилистендер сөзмө сөз которуп, баланча чиновник абийирин булгаганы үчүн бастанча гезитти же журналистти сотко берди деп айтып, жазып жүрүшпөдүбү. Кыргызда «абийирин булгоо» дегенде ургаачы бирөөнү ыдыктап койгон ишти айтат. Гезит же журналист тигил же бул аткаминердин абийирин булгап койгудай, эмне, орустар айткан «сексуальный маньяк» беле?!

Же мына азыр «цивилизациялардын баарлашуусу» дегенди көп айтып, көп колдонушат. «Баарлашуу» деп кыргыз чечилип сүйлөшүүнү айтат, орусчасы «интимный разговор». Эгер «диалог» баарлашуу болсо, анда бул идеяны сунуш кылгандар (экс-президент Хатами, мисалы) цивилизацияларды интимдүү мамилеге чакырып жаткан турбайбы?! «Баарлашуу» дегенди «доверительная беседа», «чистосердечный разговор» деген өңдүү мааниде колдонсо болот. Кыргыз агынан жарылган кеп, сыр төгүү, ыйман алдындагы сөз деп да коет, башка түрлөрү да бар. «Диалог» болсо бизче алака, карым-катнаш түзүү, сүйлөшүү, жакындашуу деген эле кеп эмеспи.

(Уландысы бар…)

Төрөкул Дооровдун блогунан алынды

Соц тармактар:

Добавить комментарий