“Бөлөк эч ким аны ошентип айталбас…”

АЛТЫН АРМАН

(Поэмадан)

Мен өзүңдү жоготуп алдым окшойт
Мен өзүңдү жоготуп алдым окшойт,
колдон кушун качырган мүнүшкөрдөй.
Тыптынч көңүл айдыңын кайгы копшойт,
жүргөм мурда убайдын муңун сезбей.

-Көрбөйсүң го!- деп кыйнап каптаган ой,
көз алдымдан кетпейт бир сүйкүм элес.
Сүйүү дагы согуштай – башташ оңой,
бүтүшү – оор, унутуш мүмкүн эмес.

Тагдыр салган тар, тайгак жолдон эптеп,
тынбай келем кайгымды жолдош кылып.
-Кыз бүткөн дал өзүңдөй болсо экен!- деп,
көрүнгөндү караймын окшоштуруп.

Келекелеп күлгөнсүйт баары журттун,
калаа дагы сен жоктон турат муздап.
Кусалыктан жаралган таарынычтын
көкүлүнөн жүрөмүн сылап-сыйпап.

Мен өзүңдү жоготуп алган окшойм,
табалбаймын билем, сен кабар бербей.
Чоң жарышта озо албай калып боздойм,
күлүк аты мүрт кеткен саяпкердей.
1983-жыл.

Бектуруш Салгамани

1957-жылы 31-декабрда туулган.

“Үчүнчү коңгуроодон кийин,” “Роман гезит,” анан да ”Алтын арман-I” аттуу поэтикалык китептердин автору. КР жазуучулар союзунун Алыкул Осмонов атындагы сыйлыгынын лауреаты.

Ар бир чыгармачыл инсандын жараткан эмгеги өзүнүн жан-дүйнөсүнө, табиятына мүнөздүү. Маселен Турар Кожомбердиевди сыртынан бир көргөн киши аны эл четинде, жоо бетинде жүргөн баатыр деп билип, эч качан табигат менен сырдана таасын талант экенин байкай алмак эмес. Аны эч ким, биздин коомдо “эки тоонун шиберин самап кеткен аяштар, үйүнөн чыкса аялын камап кеткен эркектер, сыйын көрүп үй ээсин сабап кеткен эргулдар” жашап жүргөнүн кылдат баамдап, жеткиликтүү чебер баяндаганын же “Ак гүлдөрдүн арасы баткак экенин, акылмандын баласы акмак экенин”-таамай айтканын, а болбосо “кызыл гүлдүн жанында тезек жатарын, аргымактын жанында эшек жатарын” окурман журтка эң жөнөкөй тил менен жеткирип бергенин, анан да“Көлчүктөгү айы,” “Оттон өскөн кызыл гүлү,” “Оту өчпөгөн коломтосу…” бар экенин окубай туруп билбейт эле…

Ошол сыяктуу КР жазуучулар союзунун Алыкул Осмонов атындагы сыйлыгынын лауреаты акын Бектуруш САЛГАМАНИнин “күлпөтүн көргөндөр да пай дубалдай бекем” экен деп тим болмок. “Сүйгөнүнөн алыстап, Алтыны да даректеп кабар бербей,  “-Көрбөйсүң го!- деп кыйнап каптаган ой, көз алдынан кетпей бир сүйкүм элес, сүйүү дагы согуштай – башташ оңой, бүтүшү – оор, унутуш мүмкүн эмес” экени анын жан дүйнөсүн жаралап, жоготууга тушугуп, унута албай  турганын биз байкамак эмеспиз. Аны билиш үчүн жети катмар жер астын жарып чыккан булактай акын табиятынан жаралган “Үчүнчү коңгуроодон кийин,” “Роман гезит,” анан да ”Алтын арман-I” аттуу ыр жыйнактарын барактап чыгуу зарыл.

Акындын пири секелек сары кыз болгондой, сүйүүнү даңктап ырдабаган акын жер шарында кездешпейт чыгар.  А бирок, сүйгөнүнө миңден ашык ыр арнап, алгачкы сүйүүсүн арзуу менен эстеп, эр ортону элүүдөн ашкан кезде, көөрүктүн күчү менен темирди көмүр эриткендей, сүйүүнүн күчү менен көңүлдү жүрөк эргитип, “Жүрөк кургур жаш баладай кудуңдап, жолдоруңдан тоскусу бар утурлап, өзүңдү ойлоп алып жыргай беремин –өзүмчө бир жалгыз калган учур таап…”-деп ашыглыктан арзыган адамы бар кишиге, жалгыз калуу мүмкүнчүлүгүнө жетип сүйгөнүн эстөө да жыргалга барабар экенин далилдеген акындар да сейрек болушу керек.

Албетте автордун ырларынын маанисин кылдат талдап көрсөк: окуя кууп реалдуулуктан алыстап кеткен учурлары да кездешет. Маселен, ”Алтын арман поэмасындагы” “Кандай жакшы сени ойлоо”- деген ырында:

“Капкара түн. Кыштак уктайт. Мен – ойгоо,-
кандай жакшы жалгыз жатып сени ойлоо.
Капысынан тартты “селт” деп оң көзүм,
келе жатат бекенсиң а же жолдо?!”.-деп бир кыштакта махабат отуна кабылган жалгыз улан түн күзөтүп, сүйгөнүн эстеп кирпиктүү көзүн ирмебей отурганы, капысынан оң көзүнүн тартканын жакшылыкка жооруп, жети түндө сүйгөн кызы жолдо келе жатабы-деп үмүттөнгөнү “…Айлыма ат бастырып келеби деп, азаптуу айлуу түндө уктамагым…”-деп обон созгон бийкечтин үзүлбөгөн үмүтүндөй болуп, селкилерге мүнөздүү ой берилип калган. Анүстүнө азыркы КМШ өлкөлөрүн, анан калса бүтүндөй ааламды ар тараптан багындырып жаткан Суверендүү Кыргыз Республикасынын кыздары жө­нүн­дө эмес, Советтик Кыргызстандын баё кызы тууралуу кеп болуп жатпайбы. Ал канча күткөн  менен баары бир жети түндө келбейт болчу… Стили жагынан да окурман Сагын Акматбековага (С. Акматбекова, “Күүгүмдөгү күү” ыр жыйнагындагы “Неберем Калмуратка”-деген баштан аяк бир адамдын бүтүндөй турмушу баткан  терең маанидеги чакан ырдын стилине) чаташтырып алып адашып калуусу да мүмкүн.

Ал эми “Жүгөрүлөр бышкан кездер”-деген ырын алсак эртели-кеч Кыргыз адабиятында махабат темасындагы чыгармаларда кездешпеген салыштырууга кабыласың. Буга чейин акындар сүйгөн жарларды, Айга, Күнгө, Ак-Кууга, Жылдызга, Булутка, Жаз гүлү, Жашыл бакка, Деңиздин түбүндөгү асыл ташка… салыштырып келсе Бектуруш Салгамани,

“…Окуу жылы жаңы ачылган убак да,
Сен 9да, мен 10-класста…
Жүгөрүлүү талаа бойлоп бараттың,-
силердин үй мектептен көп узакта.

Күз келсе да таптан түшпөй күн, аптап,
жүгөрүлөр ыңкыйт бала кучактап.
Силер жакта ишим бардай бир бастым,-
сен деп сыздап күйүп жүргөм жыл, айлап.

— Биз баш кошсок!
Ушул  жүгөрүлөрдөй
сен да бала кармап алсаң жыл өтпөй!..-
деп азилге салып кепти баштасам,
катуу кактың…
Калдым катып сүрөттөй.

…Шаарга – окууга кеттим бүтүп мектепти,
беш жыл бою турак кылдым чет жерди.
Агрономмун. Дале боймун. Күз. Талаа.
Жүгөрүлөр болду өткөндү эстетчү.

Беде орумун тескеп бүгүн адырдын,
бара жатсам кеңсесине айылдын
ошол жолдон калдың капыс кезигип,-
жүгөрүдөй бала кармап алыпсың…”-деп жүгөрүнүн жаратылыш тартуулаган өзгө­чө­лүгү аркылуу бала кучактап келе жаткан бир кездеги арзып сүйгөн, эч кимге окшошпогон Алтынынын образын абдан бир өзгөчөлүүлүк менен берген.

Бул “…Этегиң желге илинүү, Жыланбоор камчы салааңда. Кекилик болуп ким чуркап, келатат экен санааңда…”-деген Табылды Мукановдун “Атчан кызындагы,” Мукановго гана таандык оригиналдуу саптар сыяктуу “ЖҮГӨРҮЛӨР БЫШКАН КЕЗДЕР”-деген ырда, 10-класста сүйгөнүнөн сөз угуп “сүрөттөй катып калган” элеттик Салгамани менен бүгүнкү жарым жер шарын бүт айланып келген акын Салгаманинин гана жүзүн көрсөткөн оригиналдуулук бар.

“КУРСТАШ КЫЗ”-деген ырына токтолсок, “КПСС, Коммунизм, беш жылдык план”-деген калыпка салынган сөздөрдүн ашыглык ырында аралашып жүргөнү “…Бетиң бир кызыл жошодой, беш мүнөт колум бошобой, келбеди деп таарынба, беш жылдык план ошондой…”-деген сыяктуу аргасыз уйкаштык үчүн жаралган жеңил саптар эмес, карап багыңыз:

“…Айтат агай: — Коммунизм курулат,
КПСС токтом кабыл алды! — деп.
Анын сөзү мага калптай туюлат,
мен Кудайдан отурамын бак тилеп.

Ак сүйүүмдү жүрөм даап айталбай,
ай, айтсам да мүмкүн көнбөйт чыгарсың.
Көкүлүңдү – башкаларга байкатпай,
колум жетпей, көзүм менен сылаймын.

“ – Бул беш жылдык планда..!”- деп бакылдап,
эл чарбасын айтат агай тажабай.
Класс – муздак. Кар жаайт сыртта лапылдап,
КПССтин токтомуна карабай…

-Беш жылдыкта биз баш кошуп, перзенттүү
болуп калсак!-деп сени аста караймын.
Көксөйм сени менен басып кеткенди.
коммунизмди эмес, сени самаймын!..”-бул саптарды окуганда СССРдин убагында ким студент болсо эрксизден кайра ошол студенттик партага кайтып барып отуруп, курсташтарын, эже-агайын, сүйгөн жарынын “…көкүлүн – башкаларга байкатпай, колу жетпей, көзү менен сылаган” эң кымбат учурду бир эскерип алуу мүмкүнчүлүгүнө жетишет. СССРдин КПССи, Коммунизми, беш жылдык планы тарых барактарында кандай арип менен өчпөс болуп жазылып калган болсо, ошол студенттик күндөрдөгү аруу махабат да жүрөк түпкүрүндө андан алда канча бекем  сакталып калганынан кабар берет. Мындай мүмкүнчүлүктү ар бир акындын студенттик күндөрүн эскерген ыр саптарынан кезиктире бербейсиң.

Жолон Мамытов айткандай, курсташ кызына арнаган төрт куплет ыр менен бүтүндөй бир доорго кайра алып барып эскертчү сөздү Бектуруш Салгаманиден “бөлөк эч ким аны ошентип айта алмак” эмес…

Бакбурбек Аленов, “Жаңы ордо”, 12.03.2010-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий