БАТКЕНДИН БАЙЫРКЫСЫ ТУУРАЛУУ ТАРЫХЫЙ МААЛЫМАТТАР

«Тарыхы жок эл болбос, өткөнү жок жер болбос» дегендей, Баткендин байыркысы тууралуу маалыматтарды издей баштаганыбызда анын байыркы доордон башталгандыгына күбө болдук.

«Кожо-Гөрдөгү жүз миңдеген жылдардан бери жер астынан чыгып жаткан булактын жанынан мустьер дооруна таандык таш куралдар табылган» (Кыргыз ССР тарыхы. 1 том. Фрунзе — 1968. 44-бет).

Мындан 40 -10 миң жыл мурда соңку палеолит мезгилине таандык таш куралдардын Баткендин аймагынан табылышы ошол кездеги адамдардын дүйнөгө болгон көз карашын, ошол доордо искусствонун пайда болушун айгинелеп, биздин жерде т.а. Ак-Сай айыл округунун аймагындагы тоолордо алгачкы адамдардын жашоосу болгондугун далилдейт.

КАН -И — ГУТ
«Кан-и-Гут жөнүндө алгачкы маалымат Авиценнанын эмгектеринде кездешет. Анда: «Акылмандар бардык алтындарын жана асыл таштарын дүйнөнүн ар кайсы жерлерине жашырышкан, ага ээлик кылуу оңой эмес. Мисалы, Мавереннахр өлкөсүндө шаар бар, тоолордун арасында жайгашкан, Исфара деп аталат. Анын аймагында Гут деген аталыштагы жай бар. Акылмандар казынасын ошол жерге калтырышкан жана ага каргышты кошо коюшкан. Бул жөнүндө жазууга жана айтууга так сан жок» (С.Дудашвили.Пещера Кан-и-Гут).

Ал жөнүндө орто кылымдардагы араб-парс булактарында Ал-Истахринин «Китаб масалик аль-мамалик» аттуу эмгегинде минтип жазылган: «Фергана тоолорунан асбест, бирюза,темир, жез, алтын жана коргошун казылып алынат. Асбарада (кийин Испара, Исфара болуп калган, В.Бартольд. Туркестан 217-бет) кара таштуу тоо бар, бул таштар (жыгач) көмүр сыяктуу күйөт; ал жерден үч капты (ушундай көмүрдүн үч кабын) бир дирхемге сатышат жана анын күлү кездемелерди агартат»( «Кыргыздардын жана Кыргызстандын тарыхый булактары» Бишкек-2002. 33-бет).

Ал эми Биздин Кыргызстан: популярдуу тарыхый энциклопедиясында: (Бишкек-2004. 56-бет.) «-…археологиялык казуулар I-V кылымдарда бул жерде чарбалык жана маданий жогорулоо болуп, көптөгөн жаңы шаарлар жана кыштактар пайда болгондугун, сымап (азыркы Хайдаркан шаарында), алтын (Касансай суусунун жогорку жагында), бирюза (азыркы Баткен районундагы Самаркандек айылында) кендерин жана башка пайдалуу казылмаларды казып алуу кеңейгендигин айтууга мүмкүнчүлүк берет», -деп жазылып, аны дагы бир жолу далилдеген.

Орто кылымдарда легендага айланып, казына издөөчүлөрдүн көзүн кызарткан, Кан-и-Гут кениндеги «укмуштуу» байлыктар, алмаз көздүү төө, күмүш кирпичтерден согулган дубал, кызыл суу көлү ж.б. мифтер эл арасында аңызга айланып, канчалаган дүнүйөкорлордун сугун арттырган.

Бир жагынан табигый үңкүрдөн мындай баалуу кендин казылышы таң калууну жаратса, экинчи жагынан кол менен жүргүзүлгөн казуу иштери ага шайкеш келип, экөөнү айырмалоо көптөгөн изилдөөчүлөрдүн башын катырган. Ошондуктан, изилдөөчү В.Цибанов:- «Бул жөнөкөй эле карстык үңкүр эмес, кен менен үңкүрдүн гибриди»- деп атаган (В.Цибанов. Вспоминания Кан-и-Гут).

Байыркы жана орто кылымдарда байлыкка сугун арткан канчалаган падышаларды согуштуруп, талаштырып, канчалаган пенделердин канына сабын болгон болсо, акыркы жүз жылдан ашык мезгилден бери дагы эле канчалаган изилдөөчүлөрдүн башын маң кылып, «өлүм кени» же «барса-келбес» деген атка конуп, канчалаган пенделер байлык издеп, түбөлүккө ошол жерде калышкан бул табышмактуу үңкүрдүн сыры эмнеде?

«1850-жылы үңкүргө бир канча жумушчу менен кокондук корбашы келип, үңкүрдүн оозундагы ага түшүнүксүз тилдеги жазууну көрөт. Кийин үңкүрдүн оозу талкаланып, жазуу жоголот. Кан-и-Гут (Өлүм кени) аталышы Кокон ханы Кудаяр менен байланышат. Жергиликтүү аты Заук-Кур» (Кыргызстан боюнча туристтик маршруттар).

1976 жана 1984-жылы Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын болочок академиги, археолог В.Плоских бул үңкүрдү изилдеген.

«Калдыктардын арасынан төрт бурчтук формасындагы ройдж («жүрүүчү» монета) деген жазуусу бар 23 даана ферганалык монетанын табылышы ХVIII кылымдын аягында ХIХ кылымдын башында кокондуктардын кен казууну улантышкандыгын далилдейт» (Плоских В.М. Пояснителңная записка к паспорту памятнике всесоюзного значения «Рудник Кан-и-Гут»).

1881-жылы Кан-и-Гуттун жогорку катмарын Вилькинс карап чыккан. 1896-жылы археологияны сүйүүчүлөрдүн Түркстан кружогунун тапшыруусу боюнча «Өлүм кенине» Н.Г.Малицкий жана М.С.Андреев келишет.

«1920-жылы бул үңкүргө жергиликтүү басмачылардын тобу жашынышкан. Түркстан Республикасынын өкмөтү Р.И.Бокиянын демилгеси боюнча комплекстүү Кан-и-Гут экспедициясын уюштуруу долбоорун бекиткен.

Мына ушуга байланыштуу геологдордун биринчи экспедициясы жөнөтүлгөн. Инженер Беловдун 20 күндүк ишинин натыйжасында үңкүрдүн башкы кирүү жолунун жана негизги аянттарынын планы түшүрүлгөн (Ал бизге жеткен эмес). 43 метр биринчи чуңкурдун тереңдиги, 49 метр анын узундугу аныкталган. Андан да таң калыштуусу экинчи чуңкурдун чыгыш жагындагы жол өтө татаал, көп фигуралуу коридорлор, үңкүрдүн ичиндеги үңкүрлөр аркылуу жүрүп отуруп, негизги үңкүрдөн түштүк-батышка карай 600 мертден сыртка алып чыгат» (Максимов Г.М. Кан-и-Гут-Миф и реальность).

«Алгачкы изилдөөчү Н.Г.Малицкий үкүрдөгү жалпы жүрүүнүн узундугу 3 км.ден 100 км.ге чейин деген. Ал эми дагы бир изилдөөчү М.С.Андреев бир күндө бир метрден казылганда деле 300 км. болуш керек»- деп белгилеген (С.Дудашвили. Пещера Кан-и-Гут).

«Жер астындагы боштукту далилдеген суук шамал чуңкурдун оозунан чыгып турат.Үңкүрдөгү жүрүүнүн жалпы узундугу (чыгуу жолун кошбогондо) бир маалымат боюнча 20 км.ге жакын, башка маалыматта 80 км. тереңдиги төмөнкү үңкүрдөн 150 м. Түбүндө суу бар.

Кан-и-Гут жөнүндө билдирүүнү Е.Алексеева Орто Азияга экспедиция даярдаган учурда изилдеп,кендүү үңкүр жөнүндө «Россия геология коомунун Туркестан филиалынын кабарларында» макала жарыялаган. Анда:-«Мен үңкүрдүн схематикалык планынын көчүрмөсүн көрүп, канчалаган ой-пикирлердин алдында ал эч нерсеге турбастыгын сездим. Жер алдындагы залдардын, баш айлантуучу жолдордун лабиринти планда да, тик жүрүштөрдү чагылдырууда да өтө окшош. Схемадагы белгилер каракчылык романтикага негизделип, төмөнкүдөй аталган: Скелет № 1, Скелет № 2, Ажыдаардын лабиринти, Таң калуу көпүрөсү, Кызыл суу бассейни, Төө үңкүрү, Биринчи чуңкурдун түбү, Экинчи чуңкурдун түбү,ж.б».

Кайсы жолду тандабагын ал төмөн карай лабиринт аркылуу жүрүп олтуруп, акырында «Төө үңкүрүнө» алып барат» (В.Цибанов. Вспоминания Кан-и-Гут).

«Башкы үңкүр алыстан көрүнүп турат, биз кирүүнүн тогуз жолун таптык, анын ичинен үчөө жасалма жана бирөөсү табигый кудук» ( Г.М.Максимов. Кан-и-Гут-Миф и реальность).

«Адамдар мурдатан эле бул жерден күмүш, сурьма, цинк, коргошун казып алып турушкан. Анын так мезгили дайынсыз, болжолу биздин эранын башталышында. Мындан ХIV к.таандык эмгек куралдары, идиш-аяктар табылган. ХVIII к.жергиликтүү кыргыздар кээде ок жасоо үчүн руда алып турушкан.

Үңкүрдү изилдөөчүлөр 4 этапта: (1.1914-жылдан) пайдалуу табылгаларды көздөгөн изилдөөчүлөрдү баяндоо; (2.1920-жылдан) үңкүрдүн ички геологиялык, топографиялык абалын, казына издөөчүлөрдүн сөөктөрүнүн калдыктарын; (3.1942-жылдан) согуштук максатка пайдалануу үчүн; (4.1955-жылдан) спеологдор тарыхый-үңкүр-кен катары изилдешкен» (В.Цибанов.»Рудник погибели» ждёт исследователей).

«1949-жылдан 1951-жылга чейин кен казуу иштери үч горизонтто заманбап усулдар менен жүргүзүлө баштайт. Бирок, жер астындагы суунун деңгээлинин чукул көтөрүлүп кетишинин натыйжасында иш токтоп калган. Мына ушул мезгилде Кан-и-Гут кени жарым металлдарды экономикалык жактан эң ыңгайлуу өндүрүүчү обьект катары бааланып, андагы бир тонна рудадан 0,3 төн 15 кг.га чейин күмүш алынат»- деп белгиленген (Г.М.Максимов. Кан-и-Гут-Миф и реальность).

«Кан-и-Гут үңкүрү абдан татаал, кээ бир жерлери өтө коркунучтуу болгондугуна карабастан өтө кызыктуу. Мындан ары аны изилдөөнү улантуу зарыл» ( Отчет об экспедиции в Западный Тянь-Шань группы под руководством В.Галактионова. Москва-1965).

Миң жылдан ашык тарыхы бар бул үңкүрдү жүз жылдан ашык мезгилден бери изилдеп жаткан изилдөөчүлөр да анын сырын ача алышкан жок. Аны изилдөө спеологдордун, геологдордун, археологдордун иши болсо, кен казуу ишин жандандыруу мамлекеттин иши болууга тийиш.

РАБАТ
«Рабат — биздин замандын I кылымында, — деп жазылат «Кыргыз тарыхы» Энциклопедиясында (Бишкек-2003. 303-бет), — кен казуучулардын тургун жайы. Баткен районундагы Рабат кыштагынын түштүк тарабында. Үч дөбөдөн турат.Үстүңкү катмарында калыңдыгы 1 м.дей шлак жатат. Тургун жайдан металл жана руда эритилүүчү меш, ошондой эле металл куур жана карапалар табылган».

Бул дата ошол мезгилде Кан-и-Гут кени менен бир мезгилде болгондугунан кабар берет. Бирок, бул жердеги чала эритилген руданын калдыктарынан бул аймакта мындай руданын жоктугу таң калтырат. Археологдор тарабынан өткөн кылымдын 60-жылдарында аталган үч дөбөнүн бирөө гана казылып изилденген. Ал эми жергиликтүү элдин айтуусу боюнча үч дөбөнүн бири болгон Коргон-Дөбөдөгү суу атайын куур менен алынып келинген, бул да өзүнчө кызыгууну жаратат жана изилдөөнү талап кылат.

Рабат — чек араларда,-деп жазат Д.Исаев «Жер -суу аттарынын сыры» деген китебинде (Фрунзе-1977. 76-бет),- соода жолдорунда курулуп, эс алып баш калкалоочу жай, кербен сарай, чыңдоо пункту катарында кызмат кылуучу жай»,- деп чечмелейт.

Муну В.А.Радкевич да «Великий шелковый путь»(Москва-1990. 74-бет) деген китебинде мындайча далилдейт: «Дарыялар жээгинде, кудук, булактары бар аймактарда караван сарайлар (чакан калаалар) курулган. Бул жерде каравандар, жолоочулар алыс жолдон чаалыкканда, эс алууга токтоп, төө унааларын эс алдырып, суу запастарын толуктап, талаа каракчыларынан коргонууга мүмкүн эле».

«Орто кылымдарда чыгышты (Кытайдан баштап) Батыш менен байланыштырган эл аралык Улуу жибек жолунун бир кичине тырмакчасы (Фергана аркылуу өтүүчү) Исфана болгон. Ал жол Кытай-Ош-Андижан-Маргалаң-Исфара-Рават-Лейлек-Исфана-Аксуу-Орто-Төбө аркылуу Самарканд андан ары Бухарага өтүп кеткен» ( Г.Мадаминов. Лейлек жана лейлектиктер тарыхы. Бишкек-1998. 42-бет).

Жалаң бышкан кирпичтен курулуп, үч бөлмө жана узун залдан турган, үстү купол формасында болуп, орто кылымдарга таандык бул имарат жол боюна салынган. Жергиликтүү жашоочулар да жалаң ушул имаратты гана Рабат деп аташып, кийинчерээк кыштак да ушул аталышка өткөн. Орто кылымдардагы Улуу жибек жолунан кабар берген бул имараттын сүрөтү Ленинградда бар, мен аны калыбына келтиремин деген оюн ишке ашыра албай калды раматылык академик Ю.Заднепетровский.

МЫКТЫН ГӨРҮ
Мыктын гөрү деп аталган мүрзөлөр Рабаттын күңгөй тарабындагы тоолордо, Андигендин кире беришинде өтө көп. Бул мүрзөлөр тегиз эмес б.а. айдоого жарактуу жерлерден тышкары дөңсөө жерлерге жайгашкан. Ошол эле мезгилде алакандай жерди да бош калтырбастан тегиздеп, арык салып, сугат жер катары иштетишкендиги, дыйканчылыктын өнүккөндүгүнөн, сууну өтө натыйжалуу пайдалангандыгынан кабар берет. Кара-Мойноктун суусун Рабатка алып өтүп, андан Коросонго, Каракчынын өрөөнүнө алып өткөн арыктары азыр да сакталуу. Бул ошол кезде дыйканчылыктын өнүккөндүгү менен кошо калктын көптүгүнөн айдоо жерлеринин өтө баркталгандыгын мүнөздөйт.

КАРА-БУЛАК КӨРҮСТӨНҮ
Кара-Булак көрүстөнү Баткен районунда. Байыркы көчмөн урууларга таандык. Археолог Ю.Д.Баруздин 1954-жылы ачкан. 900 дөн ашык мүрзөдөн жана таш корумчалардан турат. Алар — казанактуу жарма жана төрт бурчтуу жөнөкөй көрлөр. Жарма көрлөргө коюлган өлүктөрдү баштарына саман же арча бүчүрлөрүнөн «жаздык» жаздап, табытка салып көмүшкөн. Кара-Булак көрүстөнү СССР аймагындагы аздыр-көптүр уурдалбай сакталган көрүстөн. Анда кайыштан өтө чеберчилик менен токулган баштыктар, коло күзгүлөр, жебелер, шамшарлар, жаалар ж.б. буюмдар көп кездешет. Көрүстөн б. з. II-IV кылымына таандык» ( КСЭ. 3-том. Фрунзе-1978.145-бет).

Жергиликтүү эл мыктын гөрү деп аташкан бул мүрзөлөрдө өлгөндөрдү көмүү үчүн төрт чарчы аңгек казышып, андан кийин бир капталынан үңүп кирип казанак жасашкан, ал жерге өлгөн адамдын сөөгүн же сөөктү арча табытка салып коюшкан. Бул жерден табылган арча табыттагы кыздын сөөгү азыр да Борбордук тарых музейинде турат.

«Улуу жибек жолунун негизги бир бөлүгүндө жайгашкан көрүстөн, анын конструкциясы жана андан табылган буюмдар жергиликтүү калктын III-IV к. Чыгыш Туркестан, Согди, Иран, Индия менен активдүү байланышта болгондугун далилдейт. Кытайдан коло күзгүлөрдү жана жибек кездемелерди сатып алышкан. Кездемелерди «көйнөк» түрүндө керектешип, өлгөндөрдүн беттерине жабышкан. Карабулактагы материалдардын арасынан эки токулма тибиндеги, эки сайма тибиндеги кездеме табылган» (Путь шелковой ткани. Интернет сайт: copyright 2008).

«Кытайдан импорттолуп келинген күзгүлөр, алардын сыныктары өзгөчө кызыгуу жаратат. Алар Ворух, Карабулак, Каражар ж.б. көрүстөндөрдөн табылган. Күзгүнү көрүстөнгө коюу салты көп элдердин өлүк көмүү салтында кеңири кездешет» ( Е.Б.Баринова. «Китайское влияние материальную культуры земледельческих государств Средней Азии II в д.н.э. нач. ХIII в.н.э.» Интернет сайт: www hymanites. ru/db 44568).

«Кара-Булак көрүстөнүнөн өтө кызыктуу материалдар казылып алынды. Бул жерден Орто Азиядагы жападан-жалгыз өлүктөрдү мумиялап көмүү, курал-жарактардын, турмуш-тиричиликтин, жасалгалардын ж.б. көптөгөн буюмдары табылды. Бул материалдар көчмөн элдердин маданиятынын жогорку деңгээлде өнүккөндүгүн, б.з. I кылымдарында жакынкы өлкөлөр менен кеңири карым-катнашта болгондугун далилдейт» («История Киргизской ССР.» т.1.Фрунзе-1968. 25-бет).

Бул тарыхый далилдер ошол доорлордо дыйканчылык, мал чарбачылык менен кошо өнөр жайы анын ичинде кен казуу иштери өнүккөндүгүнөн кабар берип, элдер мына ушул аймактарга көчүп келип отурукташа баштаган.

«Фергананын түздүктөрүнөн келген элдер Кожо-Бакырган-Сай, Исфана, Баткен өрөөндөрүнө (аймак) жайланышкан» (Г.А.Брыкина. «Юго-Западная Фергана в первой половины I тысячилетия нашей эры.» Москва-1982. стр.10).

КУДАЯР ХАНДЫН ЧЕБИ
Кудаяр хандын чеби. XVIII-кылымдын аягы, XIX-кылымдын орто чегинде кытайдын чек арасына жакын бийик дөңсөөгө (азыркы Баткен районунун аймагында) тургузулган. Сакталып калган дубалдарынын бийиктиги 2-2,7 метрге (алгачкы бийиктиги 3,2 м.) жетет. Бажыкана жана айланасындагы көчмөн калктан зекет чогултуучу жер катары кызмат кылган. Анда Кокон хандыгына каршы кыргыздардын көтөрүлүштөрүн басуу үчүн гарнизон турган. Кыргызстан Россияга кошулгандан кийин бул чеп пайдаланылбай калган» (Б.Урстанбеков. Т.Чороев. «Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк.» Бишкек-1990. 72-бет).

Чептин негизгиси — жогорку бөлүгү, 4,9 гектар аянтты ээлейт. Ал эми экинчи коргон 1 гектар аянтты тегерете курчаган. Эки коргондун бири-бирине өтмө жолу да курчоо аркылуу туташкан.

«Орто Азияга гана эмес дүйнөлүк мааниге ээ болгон эстеликтер областыбызда төрт жерде , Шах-Фазил мавзолейи Ала-Бука районунун Сафед Буланн кыштагынын чыгыш тарабынан орун алган. Өзгөн мунарасынын архитектуралык түзүлүшү, Баткен районундагы Кудаяр хан жана Алай районундагы Дараот-Коргон чептеринин курулуштары бири-бири менен үндөшүп турат»-деп белгилеген Ош областтык «Ленин жолу» гезити 1985-жылдын 10-августундагы баш макаласында.

Мунун өзү, айылдагы элдин айтуусу боюнча жергиликтүү айрым тарыхый инсандардын жашаган мезгилин сүрүштүрө келгенде так ошол ХIХ кылымдын орто ченине дал келиши жана чептин эл оозунда Кудаяр кандын коргону деп аталышы чептин Кудаяр канга таандык экендигин ырастайт» ( Т.Жумаев.М.Орозбаев «Байыркы бабалар жеринде.» Бишкек-2004. 24-бет).

Тарыхый мурастарды сактоо, үйрөнүү жана аны келечек муундарга аздектеп калтыруу ар бир инсандын парзы болууга тийиш.

АХМЕДОВ Камалидин,
Баткен областынын мамлекеттик архивинин директору.
КАДЫРОВ Абдинаби,
Баткен Мамлекеттик университетинин
гуманитардык — педагогикалык
факультетинин деканы.

Пайдаланылган илимий, адабий булактар:
1. Кыргыз ССР тарыхы.1 том.Фрунзе-1968
2. КСЭ. 3-том. Фрунзе-1978
3. Кыргыз тарыхы. Энциклопедия. Бишкек-2003
4. Биздин Кыргызстан: Популярдуу тарыхый энциклопедия. Бишкек-2004
5.Б.Урстанбеков. Т.Чороев. Кыргыз тарыхы: Кыскача
энциклопедиялык сөздүк. Бишкек-1990
6. Кыргыздардын жана Кыргызстандын тарыхый булактары. Бишкек-2002
7. Кыргызстан боюнча туристтик маршруттар.Бишкек -2002
8. Плоских В.М. Пояснителңная записка к паспорту памятнике всесоюзного
значения «Рудник Кан-и-Гут». . Интернет сайт: http:// kani-gut.narod. ru/
9. Д.Исаев. Жер -суу аттарынын сыры. Фрунзе-1977
10. Б.Урстанбеков. Т.Чороев. Кыргыз тарыхы боюнча кыскача
энциклопедиялык сөздүк. Бишкек-2004
11. Г.Мадаминов.Лейлек жана лейлектиктер тарыхы. Бишкек-1998
12. Т.Жумаев.М.Орозбаев. Байыркы бабалар жеринде.Бишкек-2004
13. Г.А.Брыкина. Юго-Западная Фергана в первой половины I тысячилетия нашей
эры. Москва-1982
14. В.А.Радкевич Великий шелковый путь. Москва-1990
15. Е.Б.Баринова. Китайское влияние материалңную кулңтуры земледелңческих
государств Средней Азии II в д.н.э. нач. ХIII в.н.э.Интернет сайт: www.
hymanites. ru/db 44568
16. Путь шелковой ткани.Интернет сайт: copyright 2008
17. Г.М.Максимов. Кан-и-Гут-Миф и реальность. Интернет сайт: http:// kani-
gut.narod. ru/
18.В.Цибанов.»Рудник погибели» ждөт исследователей.Интернет сайт: http:// kani-
gut.narod. ru/
19. В.Цибанов. Вспоминания Кан-и-Гут. Интернет сайт: http:// kani-gut.narod. ru/
20. С.Дудашвили. Пещера Кан-и-Гут. . Интернет сайт: http:// kani-gut.narod. ru/
21. Отчет об экспедиции в Западный Тянь-Шань группы под руководством
В.Галактионова. Москва-1965. Интернет сайт: http:// kani-gut.narod. ru/

“Тарыхый мурас” («Кыргыз гезиттер айылы»), 16.03.2010-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий