КАСЫМ ТЫНЫСТАНОВ

(Уландысы. Башы бул жерде)

К.ТЫНЫСТАНОВДУН ӨМҮР-БАЯНЫНАН КЫСКАЧА ҮЗҮНДҮ
№99
Фрунзе ш.
10-июнь, 1935-жыл.
Өзүнүн адабияттык ишмердигин 1919-жылдын акырында баштап, Казак буржуазиялык интеллигенциянын таасиринде болот. Өз чыгармаларында буржуазиялык улутчулдук идеяны 1923-жылдын этегине чейин жүргүзөт. 1929-жылы улуттук буржуазиялык идеядан баш тартып, ВКП(Б)нын катарына өткөн. Кыргыз тил тармагындагы өзүнүн илимий ишмердигин 1922-жылдан баштап, бул тармактагы биринчи эмгектери 1924-жылдан Кыргыз илимий комиссиясынын илимий кызматкери болуп иштеген. 1925-27-жылдарда ушул комиссиянын төрагасы, 1928-30-жылдарда КыргАССРинин АЭКнын төрагасы, 1930-31-жылдарда ден соолугуна байланыштуу иштеген эмес.
1931-жылдары акыркыга чейин маданият курулушунун илимий изилдөө институтунун кыргыз тили боюнча улук илимий кызматкери.
Жаңы адабият тармагындагы өз ишмердигин 1924-жылдын этегинде баштаган. 1925-жылдын башында жаңы алфавитке өтүү жана кыргыз тили боюнча ушул алфавиттин долбоору боюнча бир катар макалаларды жарыялаган. 1925- 1927-жылдары «Жаңы алфавиттин досторунун Башкармасын», 1927-жылдан жаңы кыргыз алфавитинин борбордук комитетин эски алфавиттин акыр аягына чыккыча жетектеди. 1926-жылдарда латындаштырылган алфавиттин негизинде дуңгандар үчүн жазууну түзүү боюнча жетекчилик жумуштарына катышкан.
Кыргызпединституттун кыргыз адабиятын окутуучусунун өздүк көктөмүнөн
Өзүнүн педагогикалык ишмердигин 1924-жылдын июлунан баштагам, 1925-жылдын июлунан 1926-жылдын январына чейин Каракол шаарындагы мугалимдер курстарында тил жана адабият боюнча дарс окугам. 1925-27-жылга чейин Фрунзе шаарындагы мугалимдер курстарында дарс окугам (алмаштыруу менен). 1933-жылдын сентябрынан бүгүнкү күнгө чейин, профессордун милдетин аткаруу менен Кырпединститутунда азыркы кыргыз тили жана ушул тилдин өнүгүү тарыхы боюнча дарс окугам. Учурда илимий грамматика жана кыргыз тилинин өнүгүү тарыхы тармагында илимий-изилдөө ишими да улантып жүрөм.
Тил жана жазуулук боюнча негизги эмгектеримдин тизмеги төмөнкүчө:
1. Кыргыз тили боюнча хрестоматия (кыргыз тилинде) Түркмамбас, Ташкент, 1934-ж.
2. Чоңдор үчүн алиппе (кыргыз тилинде) Борбордук басма, Москва, 1926-ж.
3. Кыргыз тилинин грамматикасы (кыргыз тилинде) Кыргмамбас, Фрунзе ш.,1927-ж., I бөлүк.
4. Кыргыз тилинин грамматикасы (кыргыз тилинде)Борбордук басма, Москва, 1931-ж., II бөлүк.
5. Кыргыз тили боюнча окуу китеби (кыргыз тилинде) Кыргмамбас, Фрунзе ш.,1924-ж.
6. Балдар сөздүгүн өстүрүү боюнча китеп (кыргыз тилинде) ОАПМБ, Ташкент, 1932-ж.
7. Социалдык-экономикалык аталмалар (Аталмалар сөздүгү) Кыргмамбас, Фрунзе ш.,1933-ж.
8. Кыргыз адабий тилинин жаңы орфографиясынын долбоору (орус, кыргыз тилдеринде) Кыргмамбас, Фрунзе ш.,1934-ж.
9. Кыргыз тилинин морфологиясы (кыргыз тилинде) Кыргмамбас, Фрунзе ш., 1934-ж.
Макалалар жана баяндамалар
10. «Алфавитти алмаштыруу жөнүндөгү маселеге карата» «Эркин Тоо» гезити, 1925-жылдын май-июну.
11. «Алфавитти алмаштыруу зарылчылыгы тууралуу» (1925-жылдагы сьезддеги докладдын стенографиясы). «Эркин Тоо» гезити, 1925-жылдын июну.
12. «Жаңы алфавитти куруунун негизги тутумдары тууралуу» (Биринчи Түркологиялык Сьезддин баяндама тексттери. Баку, 1926-ж.)
13. «Чет өлкөлүк аталмалардын таасири жөнүндө» (Баяндама тезистери.) «Жаңы маданият» журналы. 1928-ж., Фрунзе ш.,
14. Кыргыз тилинин курулушу (ССР ИА конференциясындагы баяндаманын кыскартылган стенографиясы.) «Киргизия» жыйнагында. СССР ИАнын басмасы, Ленинград, 1934-ж.
Кол жазма эмгектери
15. «Эне тил — маданиятты көтөрүүдөгү кубаттуу рычаг»(Кыргыз адабий тилинин өнүгүшүнүн тарыхый обзору.)КыргАССРинин ИКАнын жыйнагында 1934-жылы басылган.
16. «Кыргыз тилинин синтаксиси» (Кол жазма басууга даяр). 1935-жыл.
17. «Кыргыз тилинин Лениндик көрөңгөсү» (100000 сөзгө жакын сандагы лексикалык сөздүк үчүн материалдар). 1935-ж.
10.5.1935-жыл
Фрунзе шаары.
Тыныстанов
КР БМА Ф, 869. Т.3. к.199 3-3 б. ул. Көчүрмөдөн

№100
Кыргыз макал жана лакаптарынын («Жомоктор») жыйнагын басып чыгаруу үчүн редколлегия түзүү зарылчылыгы тууралуу ВКП (Б)нын КыргОбкомунун бюросунун №126 отурумунун протоколунан
Фрунзе ш.
10-ноябрь, 1935-жыл.
1. Обком Кыргыз Институту менен Агартуу Эл Комиссары кыргыз макал жана лакаптарын басып чыгарууга ушул кезге чейин олуттуу иштешпеген, анын аркасында жомоктор жана макалдар тармагында эч нерсе жарыкка чыгарылбаган деп эсептейт.
2. Обком 1936-жылы жомоктор жана макалдар жыйнагын басып чыгаруу зарыл деп эсептеп, бул максатта редакциялык коллегияны: Аильчинов (төрага) жана Тыныстанов жолдоштор курамында түзүлсүн.
3. Редколлегияга токтоосуз материалдарды топтоо тапшырмасын (жазылган жана институтта жана жолдош Юдахинде болгондорду саясий карап чыгуу жүргүзүлүп жана кыргыз тилиндеги фольклордун (жомоктор жана макалдардын бир нече аталмасын обкомго карап чыгууга 15-ноябрдан кечиктирбей берүүгө жана редколлегияга орус тилине которуу жана басып чыгарууга Обкомдун кароосуна берүү сунушталсын.)
ВКП (Б)Кырг ОК катчысы М. Белоцкий
КР СД БМА Ф. 10. Т. 1. К. 639. 17 Б. түп нускадан.

«Манас» эпосунун биринчи жарым томдугунун орус тилиндеги кеңешчиси жана редактору сапатында беделдүү манастаануучу катары К.Тыныстановду Москвага тезинен жөнөтүү өтүнүчү менен ВКП (б)нын Кырг Обкому Жумабаевге, КыргССРинин ЭКК Исакеевге «Художественная литература» мамбасмасынын
КАТЫ
Москва ш., 5-май, 1937-жыл.
Мамлекеттик адабият басмасы кыргыздын «Манас» эпосунун биринчи жарым томдугу чукул убакытта аяктай турганын маалымдайт.
Бирок акын-котормочулар С.Липкин, Л.Пеньковский, М.Тарковский иштин жүрүшүндө тигил-бул түшүнбөгөн сөз айкаштарын билбегендиктен, кантип түшүнүп, кантип берсе боло турганын же тигил-бул түшүнүксүз жерлерди кантип чечмелеп берсе боло турганынан кыйналып жатышат. Китепти басмага бергенге чейин котормочуларга «Манастын» кыргызча редакция мүчөлөрүнөн белгилүү кеңешчи керек, ал ошону менен бирге орус тилин жакшы билген, иш үстүндө иштеген редактор болуусу тийиш.
Ошол эле учурда тезинен чечмелөөнү жана «Манастын» басмадан чыга турган бөлүмүнө конспект түзүү, орус тилиндеги текстин котормочу-авторлору түздөн-түз алакага чыгууга жана жекелик пикир алышууда зарыл.
Басылып чыга турган китепти көркөмдөө көйгөйү да беделдүү манастаануучулардын кишиси болсо да алдын ала тезинен кеңешүүсү керектелүүдө.
Басманын жана котормочулар жамаатынын пикири боюнча иш үстүндө мындай редактор-кеңешчи жана чечмелөөчү катары жол. Тыныстановдун болгону ылайыктуу, ал жакын аранын ичинде 15-майдан кечикпей биринчи жарым томдугунун жарыкка чыгуусун камсыздоо үчүн Москвага келүүгө тийиш1.
Басмага биринчи жарым томдукту бергенден кийин «Манас» редколлегиясынын бүткүл курамына жана кыргыз коомчулугунун кеңири чөйрөсүнө өз иштерин тааныштыруу үчүн жогоруда аталган котормочулар жамаатынын Фрунзеге берүүсү максатка ылайыктуу болмок. Мындай сунуш убагында котормочу жол. Исакеев тарабынан болгон.
«Манас» котормочуларынын Фрунзеге келишин «Чоң казаттын» экинчи жарым томдугунун сөзмө-сөз котормосунун алдында кеңеш берүүчү сунуштарын жүргүзүүнү колго алууда, биринчи жарым томдуктун котормосундагы жолуккан кыйынчылыктардан четтетүүгө мүмкүнчүлүк берген.
Мамадабиятбасмасы козголгон маселелер боюнча сиздердин кечиктирилбеген жообуңуздары күтөт.
Маданият басмасынын директору Накорянов,
ССР элдеринин чыгармачылык сектор
башчысы Мусаэлян
КР БМА Ф. 350. Т. 1. К. 51. 61-61 б. үл. Түпкү нускадан.

хх Кыргыз ССР ЭККнын төрагасы Б. Исакеев 1937-жылдын 7-июнунда «Художественная литература» Басмасынын директоруна «Манас» эпосунун котормосунун маселелери боюнча кеңешчи катары К.Тыныстановдун Москвага чыкканын мааалымдаган.
КР БМА Ф.350. Т.1. К. 51. 60-б.

Архивдик материалдарды которуп, даярдаган Түлөн АКМАТАЛИЕВ

ЖАҢЫ МАДАНИЯТЫБЫЗДЫН КӨЧ БАШЫ1
К.Тыныстанов тилчи-окумуштуу, мамлекеттик ишмер гана эмес, акын-жазуучу, котормочу да болгон. Ырас, анын адабий мурасы анчалык деле көп эмес, бирок идеялык-көркөмдүк, жанрдык-стилдик жактан кадыресе көңүл бурууга, окуп-үйрөнүүгө арзыйт. Алгачкы ырлары Ташкенде окуп жүргөн кезинде адегенде казак тилинде, анан кыргызча казак газета-журналдарында жарыялана баштаган. 1925- жылы «Касым ырларынын жыйнагы» деген ат менен Москвадан өзүнчө китеп болуп чыккан. Бул Совет доорунда эне тилибизде жарык көргөн алгачкы оригиналдуу ыр китеп экенин баса белгилеп кетишибиз керек. Ошол учурдун чен-влчөмү менен алганыбызда жыйнактын колөмү бир топ эле чоң, формалдык, жанрдык жана тематикалык жагынан ар түрдүү, көркөмдүүлүгү жагынан да бир топ өзгөчөлөнөт. Китепте отуз эки оригиналдуу ыр, бир котормо (И.Крыловдун «Ийнелик менен кумурска» аттуу тамсили) менен «Жаңыл Мырза» аттуу көлөмдүү поэма киргизилген.

Таң каларлык нерсе — «Касым ырларынын жыйнагы» жарык көргөн мезгилде калемдештеринин да, жаңыдан көз жара баштаган кыргыз адабий сынынын да назарына түшкөн эмес. Бул багытта алгачкы калыс сөзүн айткан, башкача туюнтканда, жыйнактын оң-терс жактарын бирдей баалап, авторунун жалпы жана кесиптик деңгээлин аныктаган Токчоро Жолдошев болгон. Мындай аракет анын 1927-жылы «Эркин Тоо» (анан соң «Кызыл Кыргызстан») газетасына өзүнчө түрмөк болуп жарыяланган «Көрктүү адабиятыбыз жана акын-жазуучуларыбыз» аттуу макаласында жасалган, Өмүрүнүн акыркы жылдарында К.Тыныстанов тил илими боюнча изденүүлөрүн улантуу менен бирге досу — атактуу тилчи Е.Поливанов менен бирдикте «Манас» эпосун орусчага которуу ишине катышат. Айтор, кайсы жагынан гана албайлы (мейли акындык, мейли жазуучу-журналисттик, мейли котормочулук, мейли театр өнөрү, мейли тил илими, мейли мамлекеттик иш), К.Тыныстанов бардык жерде бүткүл талантын, болгон илим-билимин жаңы заманга, жаңы бийликке, өзү акыл-эстүүлүк менен тандап кирген партиясына, акыры келип, бир боор элине, башка элдердин достугуна кызмат кылууга жумшаган.
Абдыганы Эркебаев
КР БМА Ф.№2869, Т. №1, К.№72, 5-9-б.
1Кыскартылып сунушталды

Тыныстан уулу Касым
Бул киши менен илгери падыша заманында жергиликтүү элдер үчүн ачылган «Тузем мектеби» дегенден бир жыл бирге окудук. Мени менен жашташ. 1901-жылы туулган болуу керек. Ал кезде анча тааныштыгым болгон эмес.

1916-жылдагы Үркүнгө Кытай жерине кеткенбиз. 1921-жылы гана өз мекеним — Ысык-Көлгө келдим. Касым ошол кезде Ташкендеги Кыргыз-Казак таалим-тарбия институтунда окуп жүргөн кези эле. Мен дагы ошол институтка 1923-жылы кирдим. Ал жогорку курста, мен төмөнкү курста болуп калдым. Ал маа караганда эчак аң-сезими ойгонуп, гезиттерге казак тилинде ыр жазып калган экен. Төкмө акын болчу. Өтө шайыр, чогулуп отурган жерде жигиттин гүлү эле. Адамга чукугандай ат коё турган. Анын койгон шылдың атына ошол кишинин өзү да маашыр болуп калар эле. Орус тилин мыкты билчү. Ошол институтту кыргыз өзүнчө облус болгондо бүтүрдү. Дароо эле ишке чегилди. Кыргыз мектептеринин 2-классы үчүн «Окуу китебин » түзүү иши жүктөлдү. Аны өз убагында бүтүрдү. Калп айтпасам 2 айдын ичинде бүтүрдү го. Ошол жылы «Эркин Тоо» гезити менен катар чыкты. Ишеналыдан кийин окуу куралын түзгөн биринчи адам. Китеби абдан жакшы түзүлгөн. Азыр да өзүнүн үлгүлүүлүгү жагынан биринчи орунда турат.

1925-жылы «Касым ырлар жыйнагы» аттуу чыгармасы Москвадан басылып чыкты, эл арасына тарады. Кыргыз өзүнчө бөлүнүп чыкканда Билим комиссиясынын башчысы болуп иштеп, андан кийин Эл Агартуу комиссары да болду.

Менин тагдырым да Касым менен тыгыз байланышта болуп калды. Бирге макала жаздык. Бирге латын алфавитине өткөндө анын долбоорун түздүк. Бирге Самаркандагы кеңешмеге бардык, бирге Бакудагы чоң кеңешмеде болдук…

…1934-жылы Караколдо каңгып, бир күнү иштесем эки күнү бош жүргөн чагым. Бир боорукер адам маа эски замандагы үйлөрдөн өзүнчө үй алып берген. Тап тартышы чыңалып, адамдар бири-бирин карышкырдай көрүп турган мезгил. Касым Бишкектен командировкага келиптир. Кыргызстандын он жылдыгына материал жыйнаганы келсе керек. Аны-муну арзан кез. Өзүбүзчө кошуналарыбыз менен бириктешип, кой союп, бөлүп алчубуз. Ошол Касым келерде кошуна кыргыз жигит экөөбүз кой сойгонбуз. Ошол жигит сойгон. Жада калса башты да жара экиге бөлүп салыптыр. Касымга ошол жарты башты салып бердим. Унчукпай мүлжүп жеп алган. Эртеси райкомдун секретары Тынаев Осмонкул деген биздикине келди. Касымдын келгенин укса керек. Осмон мени да жакшы көрө турган. «Этиң барбы» деп тамашалады. Анда Касым «Түндө мага жарты баш салып берди. Калган жартысын сен жейсиң» — деп тамашалады. Эки күндөн кийин Касым экөөбүз кечинде Тынаевдикине бардык. Мен мурда эшигин такылдаттым эле, Осмон жүгүрүп чыкты. Кир үйгө!- деди. Мен Касым да бар десем «экөөң тең киргиле, конокторум бар»- деди. Аңгыча аркы эшиктен бир нече каралжын кишилер өтүп кетти. Мен «Тигилериң ким?» десем, «Эмне кыласың? Кир, чоңдор»- деди. Мен «Кой кирбейм, мени көрсө жийиркенип ичкен-жегендери аш болбой калат. Улутчул, тескери адам менен кантип отурат, Касым калсын мен кетейин»- десем болбостон үйүнө киргизди.

Тынаев Осмонкулдун бир орус катыны бар болчу. Барып турган наадан неме эле. Анысы кетип калыптыр. Инабаттуу конокторго бир өзбек жигитти алып келип, тамак бышыртып жаткан кези экен. Келген адамдар Төрөкул Айтмат уулу, Эркинбек Эсенаман уулу, Саймасай Татыбек уулу экен. Бардыгын тааныйм. Таанымак турсун бирге да иштешкенмин. Жашыбыз да курбу. Ичтеринен мени жакшы көрүшөрүн билем. Арак-шарап болду. Мен эмнеден айныйын. Алар менен кошо мен да кызып калдым. Чоң табак эт келди. Бирден устукан алдык. Эт туураган киши жок. Бир кезде Касым: «Кусейин, сөөктү таштап эт туура, эт туурап жеген бийдин баласы эмессиңби»- деди. Анда мен: -Касым, бийдин баласы өзү эт туураган эмес, бирөөгө тууратып жеген. Сен батырак эмессиңби, сен туура дегенимде бардыгы күлүп калышты. Андай айтканым Касымдын атасы илгери «Жалгыз аттуу Тыныстан» деген лакап атка конгон адам эле. НЭПтин негизинде уулу тың чыгып, байып кетсе керек. Украинага айдалып кеткен .Касым да «жат элемент» деген атка конгон кези болчу. Ичкилик болгон жерде күлкү да көбөйөт эмеспи. Бир кезде кызып калган Саймасай Татыбеков Алаштын ырын ырдап кирди. Аны менен тээ Ташкентте окуп жүргөндө комсомол ишинде жүрүп таанышкамын. Азыр болсо ал МТСтин башчысы. Партияны тазалоо комиссиясынын башчысы. Кылычынан кан таамп турган кези. Бирок, ыры тиги. Оо, адамдардын ичи менен сырты эки башка боло баштаган кези турбайбы. Төрөкул ичпей жатып алды. Иши кылып жакшы отурдук, жакшы тарадык. Баардыгы бири-бирин сыйлайт.

Кайра артынан баштайын. 1932-жылы болуу керек. Тил-адабият институтунда Касым, мен, Ажыйман Шабдан уулу, Касымалы Жантөш уулу болуп иштейбиз, жайдын күнү шерине куруп алдык. Ал шеринеде Аалы Токомбай уулу, Абдылда Айылчы уулу, Турдаалы Токтобай уулу бар. Кээде Жайнак Саадай уулу да кошула калат. Асан Рыскелди уулу, Бөрү Кененсары уулу ж.б. бар. Касым, К.Жантөш уулу, мен үчөөбүз кошулганда, кайдагы күлкүлүү нерселерди чыгара берчүбүз. Оозеки «Майлуу таң» деген күлкүлүү пьеса да чыгардык. Бир күнү Касым: «Ой жигиттер, мага бир ой туулду. Искусствонун тапка кандай кызмат кылгандыгын, б.а. искусствону тап өзүнө кандай пайдаланганын элге көрсөтпөйлүбү»- деди. Бардыгыбыз көсөөдөй калем алып пьеса жазганга кириштик. Мен Үргөнчтүн /Аму дарыянын/ боюнда Айчүрөк кырк кызы менен жүргөндө Семетейдин келишин жаздым. Иши кылып ошо кечеге «Академиялык кече» деп ат койдук. Бир ай театрды алып, оюнду даярдадык. Обкомдун бюросунун мүчөлөрү келип көрүштү, жактырышты. Оюн коюлду. Ошондон кийин баарыбыздын тымтыракайыбыз чыкты… Иштеген ак ниет ишибиз карага айланды. Кыйкырыкчыларга күн тууду. Мени Жалал-Абадга айдады. Андагы бир амал «Районду чыңдоо» деген шылтоо. Касым ошол «Академиялык кечеде» мыктылыгын көрсөткөн. Жактырган бюролордун мүчөлөрү арты менен басып калды. Жалкоорлорго, кайырчыларга жол ачык. Ак ниеттерге тепки. Адамдын тагдыры чымынча жок болуп калды. «Турнадан бий койсоң, кыйкуу кетпес башыңдан» болду. Ак ниет адамдардын башынан «кыйкуу» кеткен жок. «Кайда барсаң Мамайдын көрү» болду да калды. Ошондой жагдай барган сайын күчөдү. Жок шылтоо менен адамдар күргүштөп партиядан чыгарылды. Ошол 1933-жылы Касым бир күнү маа мындай деди.:
— Ой, Кусейин! Заман бузулду го. Айла кетти. Мен Максим Горкийге кат жаздым. Ошону окуп берейинчи, -деп катты көрсөттү.

Катты жибердик, тилекке каршы, Горкийден жооп болгон жок. Ошол катты К.Юдахин экөөбүз ошол Горкийдин атындагы дүйнөлүк адабият институтунун директору Арфа Петросян деген аялга жибердик. Кийин ал кат табылды. Ал катты профессор Б.Юнусалиевге бердик. Азыр ошол кишинин архивинде болуу керек. Касымга бир топ адам жабышып алды.

Анын:
Ызгаар менен ышкырып,
Жетип келди кары кыш.
Жаздай бизде сайраган,
Отор кетти келгин куш.
Качан кетет кары кыш,
Качан гүлдөп жайнашат,
Отор кеткен кары куш,
Качан келип сайрашат — деген ырын «кары кыш» деген большевикти айтып жатат. «Качан келет келгин куш» деп, чет мамлекеттерде жүргөн актарды чакырып атат деп жабышты.

Касым окуу китебинин бирине «Даның болсо ороодо, Малың болсо короодо» деген макалды киргизген экен. Ошол макалга жабышып, «Тигини, даныңды өкмөткө бербей, ороого бек катып кой-деп атпайбы. Бул кулактын үгүтү» деп асылды. Касым жалаң эле эски турмушту көксөйт. Азыркы жаңы турмушту жазган ыры да жок»-деп жабышты. Булардын оозун басайынчы деп Касым: «Чү, көк кашка, аяк ташта. Быйыл мамлекетке эгинин көп берели!»-деп бир нече куплет ыр жазды. Сынчылар: «Касым жалаң эле эски Кер кашканы көрөт. Жаңыны көргүсү жок деп кине койду. Касым мен деле жаңыны жазам дегенсип, «Келет, кетет, трактор, келет, кетет» деп бир нече куплет ыр жазды. Сынчылар: «Тигини, келип, бурулдатып жер айдап аткан трактырды көрбөйт да, келет-келет деп кыкырап». Деги эле Касым оңолбойт» -деген тыянакка келишти. Мына ушинтип асыла берген соң, ошол кыйкырыкчы сынчылардын котормосуна Касым да жабышты. Анын жөнү мындай: Бир күнү Касым иштеп олтурган экен. Кептен кеп чыкты. Касым:
— Мен бир топ ушакчылардын котормосун-Сталиндин «Краткий курсун» карап чыктым. Котормодо толгон саясий каталар бар. Стиль, орфография дегендин дайыны жок. Эми мен буларга асылып көрөйүн. Асылгандын эмне экенин булар ошондо гана билет,-деди. Көп өтпөй Кыргыз компартиясынын башчысы Б.Исакеевге кат жазды. Бат эле Исакеев чогулуш чакырды. Касым котормо жөнүңдө баяндама жасады. Ошондо досканын бир жагына Сталиндин Ленинизмге берген корутундусун жазды. Бир жагына котормонун текстин жазды. Котормодо Марксизм-капитализм болуп калыптыр. Котормочулар ооз ача албады. Абдан башка да толгон стилдик каталарды, имла каталарын көрсөттү. Отургандар ооз ача алган жок. Анткени, Касым чыгаан тилчи, көркөм сөз чебери, орустун тилин суудай билген адам эле. Исакеевдин ачуусу келе түштү да:
— Котормо тескери, стили өтө жаман экен. Мындай чыгарманы элге сунуш кылууга болбойт. Котормо жараксыз деп табылсын. Бул ыйык китеп билген котормочуларга тапшырылсын,-деген сыяктуу тыянак чыгарды.

Андан кийин иш жүргүзүүнүн түрдүүчө иш кагаздарынын үлгүсүн иштеп чыгып, Калим Рахматулин деген адам баш болуп, кооз альбом даярдашыптыр. Жогорку өкмөткө бекиттирип алалы деп, Исакеевге көтөрүп барышат. Исакеев кеңешме чакырып, Касымды кошо чакырып, талкууга алышат. Касым иш кагаздарынын үлгүсүн ошол жерде окуп чыгып:
— Бул иш кагаздарынын үлгүсү боло албайт. Элдин тили эмес эле молдонун тили болуп калыптыр, — деп далилдеп кетет. Эмне үчүн тилчилер менен акылдашпай мындай иш кыласыңар, кайрадан оңдоп, тилчилер менен биргелешип иштегиле деп тыянак чыгарышат. Ал кездеги тилчи: мен, Шатманов, Касым. Бизди бай-манап тукуму деп андай ишке жолотпой салган кез. «Жер ээн болсо суур дөбөгө чыгат» болуп турган мезгил. Мына, эрегиштен ушундай зыяндуу иштер болуп келген. Ошентип, Касым да ыгы келген жерде «Кодура» котормочуларды букача «челип» салар эле. Эмне үчүн эптеп торолуп келе жаткан бир ууч кыргыз адамдары ыркырашпай биргелешип иштеген жок? Аларды ыркыраштырган тап тартышы. Тегинде кичине ала кеги бар адамды коомчулук ишинен коммунист партиясы четтетип салды. Ал тургай атайы кагыштырды.Касым Бишкек шаарында 1924-жылдан баштап тура баштады. Кошунасы Адамкалый деген ооз комузду мыкты каккан адам эле. Мен көп барчумун. Дайыма барганымда эле Касымдын үйүнөн атактуу комузчу Карамолдонун комуз чертип отурганын көрөр элем. Дайыма эле ал киши комузун чертип атканда, Касым:
— Черт, молдоке, черт. Илгери манаптарга чертип берчү эмес белең, эми маа чертип бересиң,- деп үн салар эле. Көрсө, Касым комуздун күүсүнө жетик түшүнгөн адам экен. Ал тургай Ташкенде окуп жүргөндө казак элинин чыгаан акыны Магжан Жумабай уулу да сабак бере турган. Ошол акын Касымдын мандалин чертип жүргөнүн көрүп:
— Касым, сен акынсың. Мандалин шертпе. Соган оуп кетесин. Искусство деген аяктагы ас болады,- деп акыл айтканы эсимде.
Касымга ысык боткодой жабышкан сынчылар: «Касым эскичил адам. Ал кеңеш өкмөтүн жактырбайт. Аны даңазалап ыр да жазбайт»-деп коюшту. Бул кыпкызыл эле калп.

Кыргыз баласынан кеңеш өкмөтүн биринчи мактаган Касым болчу. Сөзүмдү ырастоо үчүн далил келтирейин: төмөнкү мен келтирген ырды 1920-жылы 20 жашында жазды. Ал кезде кыргыздын өз тилдерине ылайыктап, энчилеп алган алфавити жок болчу. Бүткүл түрк элдери арабдын 28 тамгасын жана фарсылар, түрктөр кошумчалаган 3-4 тамга менен жазышып, биринин адабиятын бири окуй ала турган. Ошолордун ичинен бизге тил жагынан жакыны эле казак тили болчу. Кыргыздар жапырт казак тили алган араб тамгасын колдондук. Казак тилинде жазылган Байтурсуновдун «Тил куралын» мектептерде окутту. Эң алгачкы акын Касым да ырды казак тилинде жазды. Алгачкы окуп жүргөн кыргыз жаштары казак туугандардын мугалимдеринен окушту. Ошондуктан казак тилин өзүнүн эне тилиндей сүйлөй турган. Касымдын ырын да казак тилинде бердим.

Бүгүнкү күн
Саулеси даркыраган куннин бу күн,
Үмити чорт кесилген түннин бу күн.
Кан толган дыбыс шыкпай, ава ким эй,
Кези осы айгайлайтын үннин бу күн.

Телеген максат колга тийген бу күн,
Ар адам өз эншисин кийген бу күн.
Кубанып, канга баткан бейнеткорго,
Табийгат басын жерге ийген бу күн.

Өсимдик, жан-жаныбар күлген бу күн,
Эзилип, кара жүрек алган бу күн.
Нешен жыл кан ишинде кайнагандар,
Эсен-соу бирин бири көргөн бу күн.
Жолдастар туу көтерип, тур, алга бас.
«Тек жатпай бекер үйдө журт пен жанас».
Макал бар карыялар айтып кеткен.
Шет болган көпшиликтен асла онбас.
1920-жыл

Так ушул сыяктуу «Таң» деген төрт куплет ырын да жарыялады. Оо, укмуш! Көз көрүнө жалаа жабуу, калпты чындай айтуу мезгили да туулду го. Калпты чындай айтканда чындык чычая качты го. Ошол досум, калемдешим, пикирлешип тирүү болгондо, аны атып салбаганда эмнелерди гана иштебейт элек.

1933-жылы биринчи камак, атуу иши жүргүзүлдү. Ошондо Кыргыздын өсүп келе жаткан асыл адамдары жок болду. Мен да ошондо камалдым. Окуумду жаңы эле бүтүргөн чагым. Ошондо Касым да камалмак. Бирок, ошол кездеги секретарь Беловский Касымды камактан алып калды.

1936-жылы сталиндик конституция жарыяланды. Тегеле, тап тартышы жоголуп эле, адамдар кучакташып калды. Бирин бири «Улутчул, жат элемент» деп жамандап жүргөндөр, шарт ошондой болуп атпадыбы дешип, бажакташып калды. Так ошо мезгилде мени «Орусча-кыргызча сөздүк» түзүүгө Москвага чакырып кетти. Үй-бүлөм менен кеттим. Бат эле 1937-каардуу жыл да келди. Касым да «Манас» дастанына «Башкы сөз» жазамын деп бир айга аялы менен Москвага келди. Ал ошол кездеги Москвадагы кыргыз өкүлү Жамансариев Асанбай дегендин үйүнө турактады. Менин түзүп аткан «Сөздүгүмө» да жалаа жабыла баштаган. Бир күнү аялым экөөбүз Жамансариевдикине барсак Касым жок экен. Бир аздан кийин келди. Кабагы салыңкы. Эмне болду десем:
— Оо, заман бузулган турат окшойт. Сен Москвадан чыкпа- деди, — Мен дагы Москвада калайын дедим эле, Исакеев мени чакырып алып, Беловскийден дилгерам келди. Касымды ала кел дептир. Айла барбы. Кожайының алып кетем деп атса кайда калмак элем. Кетем да- деп үшкүрүндү. Андан бир нече күн мурун эле мен убактылуу турган квартирама келген, конок болгон. Эмнегедир: -Кусейин! Сенин үйүңдө бир мас болоюнчу. Көп санаага баттым- деп кобураган. Кептин кыскасы Касымды Исакеев алып кетти. Келери менен камап коюптур. Ошентип, бул жандай көргөн калемдешим менен акыркы жолукканым болду…
Ысык-Көл облмамархивинен алынды.
Академик Карасаевдин фонду.
Ф-1041, түзүм №1, 63-68-беттер

“Тарыхый мурас” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 16.03.2010-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий