Россияда Чыңгыз Айтматовду эскерүү

Чоң Москва шаарында,
Ала-Тоодон алыста.
Айтматовдун сөздөрү,
Жаңырып турду сахнада.

Ооба, Москва шаарынын дал ортосунда жайланышкан Улуттук Ассамблеясында улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун эскерүү кечеси болуп өттү. Ата журттан алыста жүрүп элим, жерим жөнүндө жазуу мен үчүн чоң бакыт эле. Мындай атактуу инсанды жазууга кудуретим жетеби? Бирок орус аялдары кино тартып жатса, биздин сырттан караганыбыз чындыкка жатпайт го? Ошентип кыргыздын нукура жашоо үрөйүн дүйнөлүк аренага алып чыгып тааныткан аалам инсаны Чыңгыз Айтматов жөнүндө жазууга кириштим.

Сахна ачылып «Жер шарынын уулу» аттуу кино тасма коюлду. Бул биздин жазуучуну баяндаган кино тасма болчу. Муну тартуу Айтматовдун 80 жылдыгына карата Россия Федерациясынын маданият министрлиги тарабынан тасманын продюссери Ольга Васильевна Чеполинанын жана режиссеру Ольга Николаевна Попованын демилгеси менен тартылган. Сахна ачылып, кино башталары менен көз алдыма Ала-Тоо элестей баштады. Жашыл килем жайылган жайлоолор, шибер чөптөр жайкалды. Туулган жеримдин жыты бур дей түштү го чиркин! Мөлтүрөп аккан тунук суулары, тоону аралай соккон салкын абасы, киносүйүүчүлөрдү каптап сүйкүмдүү аймагымдын арасына жетеледи. Шака-шак, шака-шак урулган поезддин жүрүшү, сааттын жебесиндей, жүрөктөй согулуп турду. «Кылым карытаар бир күн» романындай баштап Шекер айылында өткөн жазуучунун өмүр жолу тасмада баяндалып турду. Атты минип чаап бара жаткан кыргыз жигиттеринин арасында Чыңгыз да бар болчу. Таластын абасынан кере-кере дем алып, Ыссык-Көлдүн суусуна жүзүн жууп, өйүздөгү арчаларды аралай баскан, кереметтүү жердин кулуну Чыңгыз да бекеринен ааламга аты чыккан жазуучу болбосо керек.

Пейили кенен меймандос улуу журттун турмушун чагылдырылып турду. Ак калпакчан калкымдын күмүш сакалдуу абышкалары Шекер айылында Чыңгыздын балалык чагындагы окуяларды айтып берип жатышты.

Тасманын жүрүшүндө кинолордон үзүндүлөр чагылдырылды. Дүйшөндүн элет жеринде алгачкы мектепти уюштурганы. Согуш мезгилиндеги аял затынын абалы. Толгонай, Алимандын жер чапчып ыйлаганын көргөндө, көздөн жаш чыкпаган пенде калбады го? Төгөрөктүн төрт бурчунан келген көрүүчүлөрдүн эт жүрөгү эзилип, жүзүн жууп аккан жаштарын көрүп олтурдум. Дене бойду дүркүрөткөн турмуштун оош-кыйыштарын чагылдырган. Элеттик жашоонун маңызын ачкан, жаратылыштын сырларын чечкен, жаныбардын жан дүйнөсүн сезе билген, аалам, дүйнө адамды айкаштырып сыйкырдуу калемдин күчү менен кагаз бетине түшүргөн Айтматовдун өзгөчөлүгүн айта берсек сөз учугу үзүлгүдөй эмес. Жеке жазуучулук эмес, аалам алкагында элчиликтин тизгинин да теминтип турду. Чет өлкөлүк коомдук саясий ишмерлер менен сүйлөшүп маектешүүлөрү, жолугушуулары сюжете чагылдырылган. Тээ Европа, Америкада которулуп, окулуп жаткан китептер, дүйнө элдеринин сүймөнчүлүгүнө ээ болгон, Айтматовдун чыгармаларында, алакандай кыргыз элинин жашоосу камтылган эле. Кино тасма аяктагандан кийин кол чабуулар астында сахнага сценарист-режиссер менен продюсер чыкты. Ольга Попова болсо толкунданып, сүйлөй албай калчылдап турду.

— Биз кыргыз жергесине бардык. Чыңгыздын айылында эки жума болдук. Элдин меймандостугу мага аябай жакты. Мен муну эч качан унутпаймын. Үстүмдөгү жоолук, алардын мага берген белеги деп сүйүнүп желбегей жамынган түстүү жоолукту көрсөттү. Ал эми Ольга Чеполина мына буларга токтолду:

— Ч. Айтматов жеке кыргыз элинин эмес, орус элинин жана биз кинодо атагандай бүт жер шарынын уулу.

Толкуган элдин арасында мен да аларды кучагыма бекем кысып, эки бетинен өөп ыраазычылык билгизип жаттым. Эгер бул тасманы кантип атаар элең деген суроо берилсе мага «Жер эненин уулу» деп атамакмын. Кыргызстандан ат арытып келген акын эжебиз Салима Шарипова бир канча ырларын окуп берди. Сөзгө чыккан Украин, Молдован, Азербайжан, Казак, Америка өлкөлөрүнүн Москвадагы өкүлдөрү эскерүүлөрдү билдирди. Бөтөн элде, бөтөн жерде кыргыздын уулуна аталып айтылган алкоо сөздөрдү угуу адабиятка кадам таштаган мен үчүн бир жагы сыймыктануу болсо, бир жагы өкүнүчкө барып такалат. Арбагыңыз ыраазы болсун атаке! Сиздин көзүңүздүн нуру өткөнү менен, чыгармачылыгыңыз эч качан өчпөйт. Дүйнө жүзүндөгү окурмандардын жүрөгүндө орун алып, түбөлүккө жашай берет. Биз жаштар кыргыздын Чыңгызы бар экендигин сыймыктануу менен эскеребиз.

Жүрөктү тыз эткизе тилип кеткен,
Кылымдын кайталангыс уулу өткөн.
Кадалып сүрөтүңө жашып турам,
Өзү жок, кара жерге сиңип кеткен.

Улуу рух парасатын көкөлөткөн,
Жаралган чыгармалар көкүрөктөн.
Делебем жан дүйнөмө тынчтык бербей,
Керемет талантыңа таазим этем.

Анийпа Бектемирова, Москва шаары.,
“Нур реклама” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 16.03.2010-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий