Жусуев Сооронбай

(1925-2016)

1925-жылы 15-майда Кара-Кулжа районундагы Алай-Куу өрөөнүндө жайгашкан Кызыл-Жар кыштагында туулган. Айыл мектебин бүтөрү менен 18 жашында армияга алынып, 1943–1945-жж. Панфилов атындагы 8-гвардиялык дивизяда байланышчы болуп кызмат өтөп, майданда эки жолу жарадар болгон.

Согуштан кайтып келип, 1946–1947-жж. Совет райондук «Коммунизм үчүн» гезитинде жооптуу катчы болуп иштеп, 1947–1949-жж. Ош Мамлекеттик мугалимдер институтунда окуп, анын кыргыз тил жана адабият факультетин артыкчылык диплому менен бүтүргөн. 1951-жж. Ош облустук «Ленин жолу» гезитинин редакциясында бөлүм башчы болуп иштеп, 1951–1956-жж. Москвадагы М.Горький атындагы Адабият инсти-тутунда окуган.

С.Жусуев 1957–1959-жж. «Ала-Тоо» адабий көркөм журналынын башкы редактору, «Чалкан» журналында жооптуу катчы, 1960–1986-жж. Кыргызстан Жазуучулар союзунун аппаратында адабий кеңешчи болуп иштеген.

С.Жусуевдин алгачкы «Алдыга жүргүн, кыргыздар!» деген ыры 1943-жылы «Советтик Кыргызстан» (кийинки «Ала-Тоо») журналына жарыяланган.

Алгачкы «Эмгек күүсү» аттуу ыр жыйнагы 1950-жылы басмадан чыккан. Андан бери акындын 30дан ашык китеби өз эне тилинде, 14 китеби орус тилинде жарык көргөн. Ыр китептери казак, өзбек, украин, азербайжан, тажик тилдеринде басылган жана ырлары алыскы жана жа-кынкы чет өлкө тилдерине которулган.

Анын 70тен ашык ырларына музыка жазылган. 2003-жылы чыккан «Канат менен Зарина» махабат дастаны орус, тажик, түрк, өзбек, кытай ж.б. тилдерге которулуп өзүнчө китеп болуп чыккан.

С.Жусуев Шекспирдин, Пушкиндин, Лермонтовдун, Шевченконун, Абайдын, Мактымкулинин, Исаакяндын, Омар Хайамдын, Маяковскийдин, Есениндин, Тычинанын, Гамзатовдун, Кулиевдин, Магжандын ж.б. акындардын ырларын чебер которгон.

Кыргыз адабиятын өнүктүрүүдө сиңирген зор эмгеги үчүн 1981-жылы С.Жусуевге «Кыргызстандын Эл акыны» деген ардактуу наам берилип, 1986-жылы персоналдык пенсия дайындалган. 1990-жылы Москвадагы Воениздаттан чыккан «Моя жизнь» деген ыр китеби үчүн Бүткүл союздук А.Фадеев атындагы сыйлыктын лауреаты болуп, алтын медаль алган. 1998-жылы «Кыргызстандын Эл агартуусунун отличниги», ошол эле жылы «Казакстандын эмгек сиңирген кайраткери» деген наамга татыктуу болгон.

С.Жусуевдин 1994-жылы басмадан чыккан «Курманжан датка» аттуу ыр менен жазылган романы үчүн 1998-жылы Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлык ыйгарылган.

Уикипедия

 

Сооронбай Жусуев жана анын чыгармачылыгы тууралуу

Оо анда мындан башка элем, /Он сегиз гана жашта элем…

Сооронбай Жусуев, КРнын Баатыры: «Бүгүнкүдөй жапайы маңкурттуктан дароо арылмакпыз…»

Сооронбай ЖУСУЕВ, КР эл жазуучусу: «Сүйүү дептеримди 44 жылдан соң таптым»

Сооронбай Жусуев 85 жашта

КР баатыры, эл акыны Сооронбай ЖУСУЕВ: «Эл мажүрөө, эл маңыроо дебеңер,Такыр күч жок эл күчүнө теңелер»

Акын жана Алай-Куу

«Улуттун руху турган жерде калп айтуу кыйын»

 

Ырлар

МАМИЛЕ

Сонеттер алкагы
1
Адам деген адам менен адам да,
Акыл, иши бир-бирине айкалат.
Адам пейли да бир башка адамга
Ал жагынан мамиледен байкалат.

А мамиле–өнөрлөрдүн татаалы,
Ар бир адам алалбаган үйрөнүп.
Мамиленин болот пайда, азабы,
Шартка карай турат улам түрдөнүп.

Аргымактай алкынса да намысы,
Максатынан мүмкүн өксүп калышы
Мамиленин маңыз, баркын билбеген.

Кээ бирөөлөр окчун ою, санаасы
Кала берет алыс бойдон арасы
Дидарлашып, сүйлөшсө да тил менен.

2
Дидарлашып, сүйлөшсө да тил менен,
Эки адамдын сыры толук айтылбайт.
Адам менен пейлин талдап-иргеген
Адам гана сырдашуудан тартынбайт.

Мейлиң күндө он жолугуп, кол алыш–
Андан такыр адам билбейт бир-бирин.
Бир жол тартсаң, болсо ошондо жол алыс,
Жол айкындайт анык кимдин кимдигин.

Адам жолдо ар кыл шартка кезигет,
Мамилеси кандайлыгы сезилет
Ак, карага, арам менен адалга.

Сөз гана эмес, ишине да жараша
Көңүлдөрү болуп кылдат тараза,
Бир-бирине сынап берет адам баа.

3
Бир-бирине сынап берет адам баа,
Ага карап жакындап же алыстайт.
Сындан өтсө, кадам кошуп кадамга
Бир жол менен келечекке арыштайт.

Көргөн ишке, уккан сөзгө ынанып
Мамиле да мүмкүн кескин өзгөрүү.
Ал өзгөргөн мамилеге ылайык
Кошо өзгөрөт адамдардын сөздөрү.

Жүрөгүндө берчке айлаиып из калат,
Өтө кымбат өмүрлөрү кыскарат
Көп адамдар көңүлдөрү кирдеген.

Көңүлдөрү ачык күндөй жайдагы
Жаркын мүнөз жакшы адамдар жайдары
Бир-бирине жагат ынак дил менен.

4
Бир-бирине жагат ынак дил менен
Сүйүшкөндөр жүрөктөрү дүкүлдөп.
Сезим жанып ким сүйүшсө ким менен
Бир-биринин ыйык сырын түшүнмөк.

Таза сүйүү турат сонун жарашып
Таалайы мол татынакай жаштарга,
Таң аткандан көңүл бугун таратып,
Адам жанын алып чыгат асманга.

Жалаң жарык, шаттык дебе сүйүүнү,
Чырмалышса татаалданып түйүнү,
Андай сүйүү башка салат кайгыны.

Адамдар бар сүйүү баркын сезбеген,
Аны кордоп, аны жерге тепсеген –
Бирдей эмес адамдардын бардыгы.

5
Бирдей эмес адамдардын бардыгы –
Ар биринин ою, жолу ар башка.
Ар биринин башкача өтөт ай, жылы,
Бири дуулайт, бири эптеп жан бакса.

Мамиленин толуп жаткан бар түрү
Башка-башка: койго, кушка, жолборско.
Жасалышы зарыл анын ар түрү
Кары, жашка, каска, доско, жолдошко.

Жигит сүйүп, бирок, даабай айбыгат –
Кээ бир сулуу тикенегин сайдырат
Болуп туруп кызыл роза гүл өзү.

Жупуну эле, бирок, жыттуу гүл болот,
Ыгын тапсаң, ал нур чачкан күн болот –
Ар биринин башка-башка мүнөзү.

6
Ар биринин башка-башка мүнөзү –
Ошондуктан кызык адам дүйнөсү.
Кандай сонун дилдин дилди сүрөшү,
Жүрөктөрдүн бирин-бири үндөшү.

Антпегенде адам дени салкындап,
Сезим кургап не сонундар кур калат.
Адам кылган мамиледен жаркылдап
Адам жайнап сургулт жүзү нурданат.

Бирөөлөрдүн зээнин узак кейитет,
Бирөөлөрдүн ырыскысын кемитет
Кээ адамдын пейилинин тардыгы.

Кай бир адам мактагын же мактаба,
Өз бактысын бөлүп берет башкага –
Ар кыл, ар кыл ар адамдын тагдыры.

7
Ар кыл, ар кыл ар адамдын тагдыры –
Бири чынчыл, бири айлакер купшуңдап.
Дүйнөкору көктөн карайт жардыны,
Момун–баео, бузук турат чукчуңдап.

Ар жерде бар досу, касы, таанышы
Ар бир адам өзүнчө бир мамлекет.
Мамилесин андан үзсө баарысы,
Арга түгөп, андан кубат ал кетет.

Мамлекетче ал жүргүзөт саясат,
Такаандашып, өз укугун талашат
Жолукса адам-мамлекеттин күрөзү.

Ким кемсинтсе, чыдай албай арданат,
Касты доско айлантууга арналат
Өмүрдөгү ой, максаты, күрөшү.

8
Өмүрдөгү ой, максаты, күрөшү
Ар кимдики жеке арналбайт өзү үчүн,
Болгондуктан бир Мекендин бүлөсү,
Ойлошу эп анын гүлдөп өсүшүн.

Айткан сөздөн, кылган иштен байкалат
Мамилеңдин кандайлыгы Мекенге.
Мээрин төгүп, жакшылыгын кайтарат –

Мекен менен мамилең бек экенде.
Ардак, урмат–кызмат кылуу Мекенге,
Сонун ишиң, бирок, кетет бекерге
Ал иш үчүн ооз көптүрүп мактансаң.

Өмүрүңдө сенин эрдик кылганың,
Туура бойдон, таза бойдон ыйманың
Адам болуп адам парзын аткарсаң.

9
Адам болуп адам парзын аткарсаң –
Абдан бййик максатыңа жеткениң.
Түркүн-түркүн калпыс иштен сактансаң –
Бүтүргөнүң адамдыктын мектебин.

Мамиле эмне–баары билет капкачан,
Мамиле эмес: “Сен–мага да, мен–сага!”
Ар ким менен ачык соода баштасаң,
Абийир кайда? Кантип карайт эл сага?..

Мындай ойду дилден кууп чыгарсаң,
Мамиленин асылына ынансаң,
Нөшөр төгүп, кеткен окшойт бактан чаң.

Таза мамиле күмөн ойду азайтат,
Көңүлүңдө кир калтырбай тазартат
Караңгыны сүргөн өңдүү аткан таң.

10
Караңгыны сүргөн өңдүү аткан таң
Дароо ачат кабагыңды жакшы адам.
Ичтен сызып кыйналып же шаттансаң,
Кылдат сезет абалыңды жакшы адам.

“Жок!” деген сөз аткан октой угулат
Копол адам катуу айтса кайталап.
Муздак сөздү жылуулап да, сулуулап,
Сылык адам “жокту” “бардай” айта алат.

Сылык адам улам арбын төрөлсө,
Сылыктардын улам саны көбөйсө,
Бардыгыбыз кубанычка тунабыз.

Кубанычты дарыга эп теңеген,
Дары дартты сүргөн өңдүү денеден
Кайгы-муңду сүрүп чыгат кубаныч.

11
Кайгы-муңду сүрүп чыгат кубаныч,
А кубаныч адамга өтөт адамдан.
Абалтан биз адам парзын туябыз –
Адамды адам кубантууга жаралган.

Күч жеткенче ушул парзды аткарып
Келатабыз кубантууну улантып.
Келатабыз кээде куру мактанып
Кубанттык деп алдап-соолоп жубантып.

Жубантуу эмес, басынтууга жарайбыз,
Ардантууга, шылдыңдоого даярбыз
Биз аларды уулап тилдин заарына.

Бул мамиле мамиленин начары,
Кессе дагы көкөйдү анын азабы,
Адам бекем, адам чыдайт баарына.

12
Адам бекем, адам чыдайт баарына:
Башка түшкөн азапка да, мазакка,
Табияттын кырсыгына, жаалына,
Таймашууга, уруш-талаш, чатакка.

Биз адамды ушулардан куткарбай,
Ушуларга кайра түртүп жатабыз.
Антпегенде көккө кептер учкандай
Учуп кетмек көңүлдөгү капабыз.

Мамилебиз калат тура жарабай
Биз жасасак сезбей, билбей, карабай,
Ар адамдын зээни менен баамына.

Ак болоттон көк темирге айланбайт,
Адам өжөр–максатынан тайманбайт
Алса дагы тагдыр аны каарына.

13
Алса дагы тагдыр аны каарына,
Ал түк үзбөйт келечектен үмүтүн.
Ою, иши окшоп кадим аарыга,
Жаны тынбай эмгек кылат күнү-түн.

Кантип адам максат менен коштошуп,
Кайдыгерче камырабай жай жатат.
Кыймыл менен, жумуш менен достошуп,
Кыйын күндө тагдыр менен таймашат.

Жакшы болсо мамилебиз иш менен,
Туура таап биз багытты издеген.
Өмүр жолун кенен, бекем курабыз.

Эрктүү адам кыйын кезде басынбайт,
Кайышпаса, майышпаса, жакындайт –
Максаты анын чептей бийик, урагыс.

14
Максаты анын чептей бийик, урагыс
Болгон үчүн улам алга умтулат.
Күндө таңда үмүт менен турабыз
Тийген күндөн касиеттүү нур сурап.

Ар бир адам бул дүйнөгө бир келген
Нечен татаал, кыйын шартка кезигет.
Мамилесин туура кура билгенден
Көп маселе адил, калыс чечилет.

Мамиленин түрлөрү көп экен да:
Кээси терең, солгун дагы, бекем да,
Жакшы дагы, орто дагы, жаман да.

Алымсынып туура өткөрмөк өмүрүн
Адам тапса бир-биринин көңүлүн –
Адам деген адам менен адам да.

15
Адам деген адам менен адам да,
Дидарлашып, сүйлөшсө да тил менен,
Бир-бирине сынап берет адам баа,
Бир-бирине жагат ынак дил менен.

Бирдей эмес адамдардын бардыгы,
Ар биринин башка-башка мүнөзү.
Ар кыл, ар кыл адамдардын тагдыры,
Өмүрдөгү ой, максаты, күрөшү.

Адам болуп адам парзын аткарсаң,
Караңгыны сүргөн өңдүү аткан таң,
Кайгы-муңду сүрүп чыгат кубаныч.

Адам бекем, адам чыдайт баарына,
Алса дагы тагдыр аны каарына,
Максаты анын чептен бийик, урагыс.

 

АЛАКАН

Балам мына төшөгүнөн турду бат,
Моюнумдан кучактады булдурап.
Алаканын өптүм дагы баламдын,
Те согушту эстеп турдум тунжурап.

…Самак эле ынак досум сырдашкан,
Укмуш болчу күлкү менен ыр жактан.
Ызылдаган октор тына калганда
Ыр, күлкүгө бизди бөлөп жыргаткан.

Самак айтты: –Кайда жүрдүң жанатан?
Мына балам! Сен баламды карасаң…
Ал бала эмес. Турду кагаз үстүндө
Беш манжалуу кичинекей алакан.

Самак өөп, кагаз бетин жапты да,
Улутунду: –Бала кандай жакшына!
Ошол түнү алакандуу кагазды
Коюп жатты жаагынын астына.

Далай өөп Самак ошол сүрөттү.
Далай жолу алмаштырдык түнөктү.
Бир кыштакка кирип бардык жоо сүрүп,
Дүкүлдөтүп үмүтү жок жүрөктү.

Бир короодо бала турат байлануу,
Бул не шумдук?! Таппай калдык айланы.
Жардам сурап бала колу эрбеңдеп,
Бала көзү бизден өтүп жайнады.

Баланы биз аң-таң калып карасак,
Баарыбыздан Самак тура баласак–
Наристени бошотууга байлоодон
Аттап-буттап чуркап кетип баратат.

Ыйлап турган ал балага таңылып,
Жеткен кезде атасындай сагынып,
Кара түтүн, боз топурак бурк этти
Коюп койгон жоо минасы жарылып…

Андан ары мен айталбай баратам,
Айткан сайын жүрөгүмдү канатам:
Экөө тең жок… Жерде жатты бир гана
Купкуу болгон кичинекей алакан…

Кээде түшүп мен торуна санаанын,
Көргөнүмдүн көбүн эске саламын.
Согуш десе, көз алдыма көрүнөт
Ошондогу алаканы баланын…

 

КОШ ЖЫЛДЫЗ

Эстечи андай чак кайда,
Экөөбүз бакта басканда.
Коңур жел жортуп таң эрте,
Кош жылдыз турган асманда.

Жылдыздай сүйүү мен тилеп,
Жылдыздай сүйүү сен тилеп.
Ал экөө биздин жылдыз деп,
Албадык беле энчилеп.

Кош жылдыз өңдүү жанашып,
Кош жылдыз өңдүү жарашып.
Эрмектеш болуп экөөбүз,
Калбадык беле энчилеп.

Жаз сайын булак шыңгырап,
Жашка жаш кошуп жылжылдап.
Көргөндө көктөн кош жылдыз,
Көзүмдүн жашы кылгырат.

 

ЖЕРДИ САТКАН ЭЛ САТКАНГА БАРАБАР

Кайда бурса, ал жакка аккан суудайбыз,
Качангача биз башканы туурайбыз?
Өз башыбыз ойлонбосо өзүнчө,
Өсмөк тургай, өбөктөйбүз куурайбыз.

Ар кимдерди туурап көнгөн пендебиз,
Акимдикти таңууладык элге биз.
Акимдиктин түп мааниси — өкүмдүк,
Анан биздин демократ эмнебиз?

Жери көптөр кенен жерин сатышса,
Жерден пайда табабыз деп ашыкса.
Биз да дүрбөп жер сатууга умтулдук,
Көнгөнбүз да көз акыйтып Батышка.

Башкалар бай, а биз жерге жардыбыз,
Жер жетишсе, ачпайт болчу кардыбыз.
Жерди саткан – эл сатканга барабар,
Эл ажалы — өз жеринен айрылыш.

Өктөм бийлик өжөрдүгүн тыйганда,
Жерге ээ болуп эл өкүлү тынганда.
Жерин сатуу – жанын сатуу кыргыздын,
Болмок беле өткөн кордук мындан да?

Жерди сатпай, берсе болот карызга,
Сатсаң, кайра алалбасың анык да.
Кыңыр ишти бергиле деп түзөтүп
Кыргыз кийин кимге бармак арызга?
Жетекчилер үмүт үзүп койгула –
Жер саткандан калбайсыңар тарыхта.

Кененирээк, тереңирээк ойлойлу,
Келечекке кылмыш кылып койбойлу.
Кырк байталга сатып ийген Кордойду
Кыйшык баштуу бабалардай болбойлу!..

 

АК КУУ

Ак куу! Ак Куу!
Апакай куу!
Аппак куу!
Ак канаттуу,
жаш канаттуу,
жапжаш куу!
Табигаттын көркүн ачып жанданткан
Таза кушсуң жаркын мүнөз, жакшы аттуу.
Сени көрсөм — көл да сулуу көрүнөт,
Сени көрсөм — боло калам максаттуу.
Сургулт иңир таң көрүнөт көзүмө,
Сууну ууртасам бал көрүнөт таптаттуу.

Ак куу! Ак куу!
аппак акак канаттуу!
Асмандагы, көл дагы өзүңө талаптуу.
Көктө учсаң да, көлдө эркелеп сүзсөң да
Көркөм кушсуң баары сага жарашчу.
Колум таза —
канатыңдан сылайын
Корунбастан сүзүп келчи мага, ак куу!..
Тентек кылсам дүңкүлдөтчү жонумду
Апакемдин кандай жумшак муштуму.

 

ТООЛУК ЭЛ

Эл мажүрөө, эл маңыроо дебеңер,
Такыр күч жок эл күчүнө теңелер.
Томолотот тогуз катар тоскоолду,
Тогуз баллдай толкуп кетсе эл эгер.

Элет элин кемсинтишет өңгөлөр,
Энөө дешсе, момун дешсе, көнбөңөр.
Токтоо мүнөз, тоо пейилдүү, топуктуу
Тоонун элин түркөй жоош көрбөңөр.

 

ЭЛ МАКСАТЫ — БИРИМДИК

Биз байыртан биримдүү элбиз кош канат,
Бир эле эмес бактыбыз бар кош кабат.
Түк бөлүнбөйт кең Чүй, Нарын, Ысык-Көл,
Жалал- Абад, Баткен, Талас, Ош тарап.

Айтылса да алдоо сөздөр ар кандай,
Бекем туруп, ишенбей да алданбай,
Келечекке түз баратат элибиз,
Эл намыска, эл акылга абдан бай.

 

КЫМБАТЫМ

Суу жаңыртып Ала-Тоонун жылгасын,
Талаа тыңшап торгойлордун ырдашын.
Жаз жадырап, мен турамын сумсайып,
Жазда неге келбей койдуң, кымбатым?

Жаркын гүлдөр жасалгалап кыр башын,
Жай чыгарып табигаттын сымбатын.
Жер жапжашыл, менин өңүм керсары,
Жайда неге келбей койдуң, кымбатым?

Дарак тагып түркүн мөмө-сыргасын,
Суктандырды адамдардын кыйласын.
Күтүп жүрсөм жүзүм камдап өзүңө,
Күздө неге келбей койдуң, кымбатым?

Эки жүрөк бирин-бири тыңдасын,
Эзилишип, элжирешип жыргасын.
Керемет бар сенде кышты жай кылар,
Келчи, келчи кыш чилдеде, кымбатым.

 

О, АНДА КӨКТӨМ ЭЛЕ

О, анда көктөм эле, көктөм эле,
Жаңы эле жамгыр төгүп өткөн эле.
Капкара карагаттай көзүң менен
Карадың кирпик какпай көпкө неге?

Сейилдеп бакта жүрсөк, ай тамагым,
Сен ошол көз карашың кайталадың.
Мээримиң төгүп турган көз нуруңдан,
Мен неге байкабадым, байкабадым?

Болгондур байкабастык тагдырыман,
Тагдырдын тайыздык же тардыгынан.
Сезимге от тутантып да карасаң,
Сен үчүн кечээр элем бардыгынан.

Негедир ошол кезди эстей берем,
Эстейм да, андай жазга жетпей келем.
Алиге сеникиндей көз карашты
Аттиң-ай, мен эч кимден сезбей келем…

 

СЕН ЖАЗ БОЙДОН ЖҮРӨ БЕР

Жаралган жан экенсиң асыл заттан,
Жаныма жакшынакай атың жаккан.
Өзгөдөн көрктүү кылып, барктуу кылып,
Өзүңдү тагдыр мага жакындаткан.

Ырдасам көккө чыккан үнүмдөйсүң,
Ыргалып жыпар чачкан гүлүмдөйсүң.
Ойлосом келе калып көз алдыма,
Ошотонуп жазгы күндөй күлүңдөйсүң.

Ар күнү жайнап аткан таңым сенсиң,
Ар түнү жүз жарыткан шамым сенсиң.
Күлкүм да, шаттыгым да, шаңым сенсиң,
Күңкүгөн саябандуу багым сенсиң.

Өмүрдү өргө сүрөр максат болгон
Өзүңдүн ысмың дилге сактап койгом.
Жүрөктүн кумар отун тутандырып,
Жүрө бер сен жаз бойдон, жапжаш бойдон.

 

АЙТСАҢ БОЛО

Кайда барсам, ошондо сен болосуң,
Өр таянсам гүлү көп бел болосуң.
Суусап кетсем, көк кашка булак болуп,
Ысып кетсем, айдарым жел болосуң.

Түйшүк келсе, жолотпой ала качып,
Жумуш кылсам, турасың каралашып.
Сен келесиң оюма күн нуруна,
Аппак тыбыт карларга аралашып.

Китеп ачсам, карайсың тамга болуп,
Бакка кирсем, карайсың алма болуп.
Комуз алсам күү болуп көк токойдо
Булбул болуп сайрайсың бакка конуп.

Тереземден киресиң аба болуп,
Дартты айдайсың денемден даба болуп.
Канат болуп күүлөйсүн үмүтүмдү,
Сагынтасың чеги жок санаа болуп.

Сууну көрсөм, ак мөлтүр шар болосуң,
Дайым жоктон жаралып, бар болосуң.
Баары болуп жүрөсүң, бирок, айтсаң:
Качан мага өмүрлүк жар болосуң?

 

Соц тармактар:

Жусуев Сооронбай: 5 комментариев

Добавить комментарий